Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата КОНЦЕПЦИЯСЫ
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы (мындан ары - Жарлык) менен 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилип, анда республиканын адам үчүн ыңгайлуу табигый чөйрөсү бар, жаратылыш менен гармонияда өнүгүүчү, өзгөчөлүү экосистемасын сактоочу жана табигый ресурстарын сарамжалдуу пайдалануучу өлкө катары өнүгүүсү узак мөөнөттүк мүдөө катары белгиленген.
Ал Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана пландарын 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайыкташтыруу сунушталган.
Бул, Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки мезгилге карата концепциясы (мындан ары - Концепция) токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жаратуу, токойлорду системалуу башкарууну өркүндөтүү жана цифралык инфраструктураны киргизүү жолу менен токой экосистемаларын сактоого жана токой аянттарын көбөйтүүгө багытталган.
Бул Концепция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясынын (мындан ары - 2004-жылдагы концепция) стратегиялык багыттарын ишке ашырууну баалоонун жыйынтыктары боюнча жана глобалдуу жана улуттук деңгээлдердеги өзгөрүүлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.
Концепция БУУнун № 15 "Кургак жерлердин экосистемаларын коргоо, калыбына келтирүү жана алардын сарамжалдуу пайдаланылышына көмөктөшүү, токойлорду сарамжалдуу пайдалануу, чөлгө айланууга каршы күрөшүү, жерлердин бузулуу процессин токтотуу жана калыбына келтирүү, биологиялык түрлөрдүн жок болуу процессин токтотуу"(1) деп аталган Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 12 маселесине негизделген.
Концепция баардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен "ылдыйдан - жогору карай" принциби боюнча иштелип чыккан жана узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мүдөөлөрдүн максаттарын, маселелерин жана стратегиялык багыттарын, ошондой эле Концепцияны ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга карата иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) да камтыйт.
Иш-чаралар планында токой тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга карата приоритеттүү багыттары жана коюлган маселелерди аткаруунун этаптары көрсөтүлгөн. Иш-чаралардын комплекстүү мүнөзү токойлорду туруктуу башкаруунун ыкмаларын киргизүү үчүн мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн болушунча координациялоого шарт түзөт.
1-глава. Учурдагы абалга жалпы баа
1-§. Кыргыз Республикасынын токой ресурстары
Кыргыз Республикасы токою аз аймактарга кирет, токойлор негизинен тоолордогу бак-дарактардан турат жана алар абдан ар түрдүү, баалуу породалар көп. Кыргыз Республикасынын токойлорунун 90% жакыны деңиз деңгээлинен 700дөн 3500 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык республиканын жер фонду 8 категориядан турат жана токойлордун улуттук инвентаризациясынын маалыматы боюнча (2008-2010) ушул баардык категориялардагы аймактарда токойлор өсөт.
Токойлордун көбү токой фондунун (МТФ) жерлеринде, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда өсөт. Бул жерлер: токойлордон жана токой эмес жерлерден турат, алар жалпысынан токойлор менен биригип, айыл чарбалык жана башка жерлердин жаратылыштык комплексин түзүшөт.
Токой фондун эсепке алуунун 2013-жылдагы маалыматтары боюнча мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жана ушул эки категорияга кирбеген токойлордун жалпы аянты 3766058,3 га түзөт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин оперативдүү башкаруусунда 3474073,8 га турат, алардын ичинен: мамлекеттик токой фонду - 2619675,5 га, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар - 870882,8 га.
Токойлордун улуттук инвентаризациясы боюнча (2008-2010-жылдар) Кыргыз Республикасынын токойлорунун аянты 1116,56 миң га, же өлкөнүн жалпы аянтынын 5,6% түзөт. Облустардагы токойлордун аянттары жөнүндө маалымат 1-таблицада берилди.
1-таблица
Токой баскан жерлер
№ | Облустардын аталышы | Токой баскан жалпы аянт | анын ичинде: | ||||
миң га | % | Токой баскан МТФ жана ӨКЖА аянттары | МТФ жана ӨКЖА кирбеген токойлордун аянты | ||||
миң га | % | миң га | % | ||||
1 | Баткен | 166,5 | 0,83 | 138,77 | 0,69 | 27,73 | 0,14 |
2 | Ош | 186,31 | 0,93 | 110,55 | 0,55 | 75,76 | 0,38 |
3 | Жалал-Абад | 380,25 | 1,9 | 324,8 | 1,62 | 55,45 | 0,28 |
4 | Талас | 61,01 | 0,33 | 28,06 | 0,16 | 32,95 | 0,16 |
5 | Чүй | 44,53 | 0,22 | 30,96 | 0,15 | 13,57 | 0,07 |
6 | Ысык-Көл | 142,36 | 0,71 | 102,8 | 0,51 | 39,56 | 0,2 |
7 | Нарын | 135,6 | 0,68 | 103,62 | 0,52 | 31,98 | 0,16 |
| Республика боюнча баардыгы: | 1116,56 | 5,6 | 839,56 | 4,2 | 277 | 1,39 |
2-§. Токой чарбасынын Кыргыз Республикасынын экономикасына салымы
Кыргыз Республикасынын экономикасында токой чарбасы аныктоочу тармак эмес. Анын өлкөнүн экономикасына салымы анча эмес, мергенчиликтен жана токой чарбадан продукциянын дүң чыгарылышы ИДПнын 0,05% түзөт(2).
Кыргыз Республикасынын токойлорунун жаратылышты коргоочу ролу, бийик тоолуу рельеф, кескин континенттик климат жана ариддик зоналардын жакындыгынан улам токойлор жай калыбына келет жана бул жыгач камдоонун көлөмү аз болушун шарттагандыктан, республиканы жумушка жарактуу жыгачтын жана тактай материалдардын 90%ын сырттан импорттоого муктаж кылат.
Ошондой болсо да Кыргыз Республикасынын токой чарбасында жыгач продукциядан тышкары токойду пайдалануунун эсебинен өлкөнүн экономикасына салымын көбөйтүүгө потенциалы бар, алар: токой экосистемаларында туризмди өнүктүрүү жана токойдун жыгач эмес продукциясынын (жаңгак, бадам, мисте, бал, дары чөптөр ж.б.) маркетингин өнүктүрүү.
3-§. Токой чарбасынын Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүүсүнө салымы
Республиканын токойлору көбүнчө калктуу конуштардын жанында өсөт жана 283 айылдык аймактын 2 миллиондон ашык элеттик калкы (62,5%) токойлордун жанында же мамлекеттик токой фондунун аймагында жашашат, алардын социалдык өнүгүүсү токой ресурстарынан орчундуу көз каранды (2-таблица).
2-таблица
Токойлордун жанында же мамлекеттик токой фондунун аймагында жайгашкан айылдык аймактар(3)
№ | Аталышы | Баардык айылдык аймактар | анын ичинде токойлордун жанында же мамлекеттик токой фондунун аймагында | |
айылдык аймактар | % | |||
1 | Баткен облусу | 31 | 25 | 80,6 |
2 | Жалал-Абад облусу | 68 | 63 | 92,6 |
3 | Ысык-Көл облусу | 61 | 38 | 62,3 |
4 | Нарын облусу | 63 | 36 | 57,1 |
5 | Ош облусу | 88 | 53 | 60,2 |
6 | Талас облусу | 37 | 24 | 64,9 |
7 | Чүй облусу | 105 | 44 | 41,9 |
| Баардыгы: | 453 | 283 | 62,5 |
Жаңгактын кошумча наркынын удаалаштыгы боюнча жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары төмөнкүлөрдү көрсөттү(4):
- 546862 киши (109372 үй чарба) карагай токойлорго жакын жашашат. Карагай токойлор негизинен өлкөнүн түндүк-батыш жана борбордук бөлүктөрүндө, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн бийик тоолуу зоналарында өсөт;
- 1279081 киши (255816 үй чарба) өлкөнүн түштүгүндө жаңгак-жемиш токойлордун ичинде же жанында жашашат;
- өлкөнүн ар кайсы жактарында арча токойлордун арасында же жанында жашаган эл да бир топ, бул 546862 киши (109372 үй чарба);
- 150 миңден ашуун киши (30000 үй чарба) суу каптап туруучу токойлордун районунда жашашат.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө токойлордун аймактарында же жанында жашаган элдин кирешесинин приоритеттүү булактары төмөнкүдөй экени көрүндү:
- мал жана токой продуктулары (37%),
- айыл чарба (20%),
- мамлекеттик эмгек акы жана пенсиялар (15%).
Токойлорго жакын жерде жашаган сурамжыланган жамааттардын 80% жакынынын экономикалык абалы токой ресурстарына көз каранды.
4-§. Токой чарбасынын Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугуна кошкон салымы
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык Кыргыз Республикасындагы токойлор көмүртектин диоксидин жутуп алуу менен жаратылышты коргоочу, топуракты сактоочу, сууну сактоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепеттерин тосуучу функцияларды аткарышат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Токой институтунун ар түрдүү жаратылыштык-климаттык шарттарда жасалган көптөгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары токойлордун сууну жөнгө салуучу мааниси чоң экенин көрсөтүүдө.
Борбордук Азиядагы гидрологиянын негиз салуучусу В.Л.Шульц айткандай, Борбордук Азиядагы дарыялардын жалпы агымында мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар 6% бир аз ашат. Борбордук Азияда дарыялардын негизги суу башаты болуп жер үстүндөгү агын суулардын негизги массасын түзүүчү эриген кардын суусу эсептелет(5).
Кыргыз Республикасынын УИА Токой институтунун илимпоздорунун байкоолору боюнча(6), бирдей эле бийиктикте жана экспозицияларда болгон карагай токойлордо, токой ичиндеги айдыңдарда жана башка токой өсүмдүктөрү өскөн жерлерде кардын эриши ачык аянттарга салыштырганда 20-40 күнгө чейин узарат.
Токой жерлерде кар жай эригендиктен, токойлордо кыртыш азыраак тоңгондуктан жана батыраак эригендиктен эриген суунун баары кыртыш топуракка сиңип, кыртышта суулардын топтолушуна алып келет, ал суулар болсо акырындык менен булактар түрүндө агып чыгып, өзөн сууларга кошулат да аларды жыл бою суу менен камсыздайт. Токойсуз жайдак беттерде кар өзгөчө ылдам эригендиктен кардын суусунун көбү жаздын алгачкы күндөрүндө эле өрөөндөргө агып кетет да, айыл чарбада пайдаланылбайт.
Жаңгак-жемиш токойлордо жалпы агым болжол менен 100 м3/га түзөт, ал эми кыртыштын ичиндеги агымдын үлүшү жалпы агымдын 85-90% барабар. Жаңгак-жемиш токойлор эрозия процесстерин кыйла өлчөмдө азайтат, өзөн суулардын жаралышына башат болот, жазгы суу каптоолорду азайтат жана жай мезгилинде суунун агымын бир калыпта бөлүштүрүп турат(7).
Тоолордогу токойлор жер үстүндөгү агымдардын жаралышынан эле тоспостон, эрозияны токтотуучу зор мааниге ээ. Изилдөөлөрдө эрозиянын негизги себеби жер үстүндөгү агын суулар экени аныкталган. Эрозия жаан катуу жааган же кардын суусу бат эриген жерлерде болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Токой институтунун илимпоздору да токойлор Тянь-Шань тоолорунда атмосферада жаан-чачындан көбөйүшүнө орчундуу таасир этпестигин, бирок анын жөнгө салуучу ролу, айрыкча бактардын арасында жаандын суусун кармап туруудагы, кардын катмарын бөлүштүрүүдөгү, кардын эрүү режимин акырындатуудагы ролу бийик экенин айтып жатышат. Мисалы, Тянь-Шандын 80 жылдык карагай токойлорунун аралыгы 1.0 болсо жаандын суусун 65,9%, ал эми орто аралыгы болсо 0.5 - 33%(8) кармайт.
Токой өсүмдүктөрү табигый кырсыктарды, Кыргызстанда айрыкча көп болуучу жер көчкүлөрдү, селдерди, таш көчкүлөрдү, уроолорду, кар көчкүлөрдү, эрозияны (геологиялык экзогендүү кубулуштарды), кыртыштагы суулардын деңгээлинин жогорулашын (гидрогеологиялык коркунучтуу кубулуштарды) болтурбоочу, анын опурталын азайтуучу жана (же) кесепеттерин жеңилдетүүчү каражат катары пайдаланылса болот.
П.А.Ган өзүнүн эмгектеринде тоодогу токойлордун кыртышты сактоочу ролу канчалык зор экенин көрсөткөн. Анын маалыматтары боюнча, 20-30° жайдак беттерде кыртыштын жыл сайын жуулушу 2500 м3/га түзөт, ал эми ошондой эле тик, арча өскөн беттерде толуктугу 0,4 болсо да жууп кетүү дээрлик токтолот(9).
Дүйнөлүк коомчулук токойлордун экосистемасы климаттын өзгөрүүсүн болтурбоодо өтө маанилүү ролду аткараарын моюнга алышты, Токойлор көмүртекти сиңирип алуу жана аны көпкө чейин өзүнө топтоп кармап туруу масштабы боюнча парник газдарынын агымынын жана аларды кармап туруунун айрыкча ишеничтүү табигый системасы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын токойлорундагы көмүртектин запасы жөнүндө маалыматтар 3-таблицада берилген.
3-таблица
Кыргыз Республикасынын токойлорундагы көмүртектин запасы(10)
№ | Аталышы | Токойлор | Токойлуу башка жерлер | Баардыгы |
1 | Жер үстүндөгү көмүртектин запасы, млн. тонна | 13,3 | 0,3 | 13,6 |
2 | Жер астындагы көмүртектин запасы, млн тонна | 4 | 0,4 | 4,4 |
3 | Куурап калган өсүмдүктөрдөгү көмүртектин запасы, млн. тонна | 0,071 | 0,001 | 0,072 |
4 | Чымдагы көмүртектин запасы, млн. тонна | 16,5 | 8,6 | 25,1 |
5 | Кыртыштагы көмүртектин запасы, млн. тонна | 1161 | 967 | 2128 |
| Баардыгы: | 1194,9 | 976,3 | 2171,2 |
3-таблицадан Кыргыз Республикасынын токойлорундагы көмүртектин запасы 2171,2 млн. тонна экени көрүнүп турат.
2-глава. Жетишкендиктер жана проблемалар
2004-жылдагы Концепцияда он негизги стратегиялык багыт аныкталган, алар: токой тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо; элди жана жергиликтүү жамааттарды токойлорду биргеликте башкарууга тартууга; токой тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу ж.б.
2004-жылдагы Концепциянын ишке ашырылышын баалаганда жетишкендиктер, ийгиликсиз иштер аныкталды, ошондой эле иш-чаралардын актуалдуулугуна инвентаризация жүргүзүлдү. Баалоонун жалпыланган жыйынтыктары 4-таблицада көрсөтүлгөн.
4-таблица
2004-жылдагы Концепцияны баалоонун жыйынтыктары
№ | Жетишкендиктер | Проблемалар |
| 1-стратегиялык багыт: "Өлкөдөгү баардык токойлордун жана биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо" | |
1 | Токойлорду сактоо маселеси аткаруучу жана жергиликтүү бийликтин бардык деңгээлдерине интеграцияланды | Токойлорду сактоо жана көбөйтүү боюнча министрликтер жана ведомстволор менен сектор аралык кызматташуу жетишсиз деңгээлде; - башкаруунун интеграцияланган пландары бардык эле токойлорго иштелип чыккан эмес жана арчалуу токойлор үчүн гана бар |
2 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы 4,3%дөн 6,3%га чейин көбөйдү, жаңы жаратылыш коруктары жана парктары түзүлдү | ӨКЖАТты түзүүдө социалдык жана экономикалык өңүттөр дайыма эле эске алына бербейт |
| 2-стратегиялык багыт: "Токойду туруктуу башкаруунун техникалык ченемдерин аныктоо" | |
3 | Токойду эсепке алуу иштеринин системасы өркүндөтүлдү жана ал өзүнө токой жайгаштырууну, токойлорду улуттук инвентаризациялоону жана токой фондун мамлекеттик эсепке алууну камтыйт. Кыргыз Республикасынын токой сектору токой ресурстарын глобалдуу баалоого жигердүү катышат | Токойду улуттук инвентаризациялоо, токой жайгаштыруу жана токой фондун мамлекеттик эсепке алуу боюнча маалымат тармактарды жана аймактарды оперативдүү башкарууда жана өнүктүрүүнү пландоодо толугу менен пайдаланылбайт, кызыкдар тараптарга дайыма эле жеткиликтүү эмес |
4 | Токой жайгаштыруу методдору кайра каралып чыкты жана тоолуу токойлор үчүн ыңгайлаштырылды. Токой жайгаштыруунун биринчи цикли аяктады: баардык токой чарбалары менен токойчулуктар үчүн токой жайгаштыруу долбоорлору жана картографиялык материалдар иштелип чыкты | Ыңгайлаштырылган метод илимий рекомендациялар менен бышыкталган эмес; - топографиялык карталар космостон алынган сүрөттөр менен байлаштырылган эмес; - аралыктан изилдөө методдору колдонулбайт |
5 | Токойлорду улуттук инвентаризациялоо киргизилди, республиканын, облустун деңгээлинде токой ресурстары жөнүндө маалымат алынды, ошондой эле мамлекеттик токой фондунан сыртта өскөн токойлордун аянты аныкталды | Токойлорду улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктары токойлорду оперативдүү башкарууда жана аймактарды өнүктүрүүнү пландоодо пайдаланылбайт; - токой ресурстары жөнүндө райондордун жана айыл өкмөттөрүнүн деңгээлиндеги маалымат жок |
|
| Арыктатпастан пайдалануу ченемдери изилденбеген, илимий аныкталган эмес жана ченемдик укуктук актыларда бекитилген эмес |
| 3-стратегиялык багыт: "Өндүрүштүк иштин айрым бөлүгүн жеке секторго өткөрүп берүү" | |
6 | Токой пайдалануучулар тарабынан токой чарбалык иш-чараларды аткаруу механизмдери иштелип чыкты (токойду кыюу, плантацияларды, токой питомниктерин түзүү ж.б.) | Жеке сектор тарабынан токой чарбалык иш-чараларды аткаруу мыйзамдуу түрдө регламенттелген эмес |
| 4-стратегиялык багыт: "Токойлорду биргеликте башкаруу жана ижаралык мамиле системаларын жакшыртуу" | |
7 | Токойлорду биргеликте башкаруу токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү жана ижаралык мамилелер аркылуу өнүктүрүлөт | Ченемдик-укуктук актыларда белгиленген токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү ченемдери жамааттардын катышуу принцибин толугу менен ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт; - токойду пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө методикасы жок |
| 5-стратегиялык багыт: "Токой кызматынын түзүмүн улуттук жана аймактык деңгээлдерде сарамжалдаштыруу" | |
8 | Токой чарбасынын системасы сакталуу бойдон калды жана токойду эсепке алуу, коргоо, сактоо жана токой ресурстарын кайра калыбына келтирүү функцияларын аткарат | Токойду башкаруу системасы токойлорду туруктуу башкаруунун талаптарына жооп бербейт |
| 6-стратегиялык багыт: "Түзүмдүк бөлүмдөрдө экономикалык реформа жүргүзүү" | |
9 | "Токой экосистемасынын экономикалык баалуулугу" түшүнүгү активдүү талкууланууда жана токой фондунун участокторун токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган пайдалануу учурларында токой өндүрүшүнүн тарткан зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда эске алынат | Азыркы учурда токой чарбасын өнүктүрүү токойлорду туруктуу башкаруунун экономикалык жактарын эске албастан жүрүп жатат; - токой ресурстарына мамлекеттик жаратылыштык капитал катары экономикалык баалоо жүргүзүлбөйт; - токой пайдалануучулар өндүргөн товарлардын жана көрсөткөн кызматтардын ИДПга кошкон салымын эсепке алуу жүргүзүлбөйт |
| 7-стратегиялык багыт: "Токой тармагынын кызматкерлеринин статусун жогорулатуу" | |
10 | Кыргызстанда мамлекеттик кызматчылардын институту мыйзамдуу аныкталган, токой секторунун борбордук аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын статусуна ээ | Токой чарбаларынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын реестрине кирбейт |
| 8-стратегиялык багыт: "Токой илимин жана билим берүүнү өркүндөтүү" | |
11 | Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларында токой чарбасынын инженерлерин жана токой мастерлерин даярдап чыгарышат | Токой секторунун кесипкөй кадрларга болгон керектөөлөрү эске алынбайт, ЖОЖдун жана ООЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн токой секторуна жумушка орношуу пайызы төмөн; ЖОЖдордо токой чарбасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасы түзүлгөн эмес |
12 | Илимий иштеп чыгуулар (методика, сунуштар, ченемдер) токой чарбасын жүргүзүүнүн негизи болуп саналат | Илимий изилдөөлөргө мамлекеттик заказ берүүнүн механизми иштелип чыккан эмес |
| 9-стратегиялык багыт: "Токой тармагын каржылоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу" | |
13 | Жаңы Бюджеттик кодекс кабыл алынды, ал токой чарбасын каржылоо системасын реформалоонун негизи болуп саналат | Программалык бюджеттөнүн чараларын каржылоо механизми иштелип чыккан эмес. Программалык бюджеттөө үчүн талаа бөлүмдөрүнүн кадрдык потенциалы жетишсиз |
| 10-стратегиялык багыт: "Токой тармагы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу" | |
14 | Токой ресурстарынын маалымат базасы жана картографиялык материалдардын санариптик модели бардык токой чарбасы жана токойчулук үчүн түзүлгөн | Кызыкдар тараптардын токой ресурстары жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү дайыма эле камсыздалган эмес. Токой экосистемасынын экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүнүн маанилүүлүгүнүн түшүнүгү жок |
2004-жылдагы Концепцияны ишке ашырууну баалоо бүгүнкү күндө анын стратегиялык багыттарынын актуалдуу экендигин көрсөттү.
3-глава. Максат, артыкчылыктар, милдеттер жана чаралар
2040-жылга чейин токой тармагын өнүктүрүүнүн максаты болуп калктын экономикалык бакубаттыгын, социалдык бейпилдигин, экологиялык коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосуна жагымдуу чөйрөнү камсыздоо үчүн токойлорду туруктуу башкаруу эсептелет.
Жогоруда аталган максаттарга жетүү үчүн республиканын токой чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздаган, туруктуулуктун бардык компоненттерин: экономиканы, социалдык мамилелерди, экологияны жана институционалдык алкакты чагылдырган артыкчылыктар аныкталды.
1-§. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары
Кыргыз Республикасынын токой чарбасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын көбөйтүү потенциалына ээ. Токой ресурстары экосистемалуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жана токой ресурстарынын жыйындысы катары каралуучу жаратылыш капиталы болуп саналат.
Экосистемалуу кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкү учурларда экономикалык баалоо колдонулушу мүмкүн:
1) токой экосистемаларынын республиканын экономикасына кошкон салымын аныктоо;
2) токой экосистемаларынын абалын өзгөртүүчү иш-аракеттерден/кийлигишүүлөрдөн болгон пайданы аныктоо;
3) токой экосистемалары менен байланышкан чыгымдардын жана пайданын бөлүштүрүлүшүн талдоо;
4) токой экосистемаларын сактоо үчүн потенциалдуу каржылоо булактарын аныктоо.
Токой пайдалануудагы токой ресурстарын начар эсепке алуудан, токой ресурстарын пайдалануунун кошумча наркынын тизмегинин жетишсиз өнүгүшүнөн, техникалык начар жабдылышынан жана башкаруунун тиешелүү экономикалык инструменттеринин жоктугунан улам, токой чарбасын өнүктүрүүдө экономикалык басымдын жоктугу токой экономикасынын жетишсиз бааланышына алып келди.
2040-жылга чейин токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктуу максаты - токой чарбасынын ИДПга салымын 1 %га чейин жогорулатуу болуп саналат.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер аныкталды:
1. Экологиялык-экономикалык эсепке алуу (токой эсептери) системасын киргизүү.
2. Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.
3. Токой ресурстарынын кошумча наркынын тизмегин киргизүү.
4. Токой экосистемаларынын рекреациялык потенциалын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо.
1-милдет. Экологиялык-экономикалык эсепке алуу (токой эсептери) системасын киргизүү
Экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасы - экономика менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эсепке алуунун көп максаттуу концептуалдык негизин билдирген эл аралык статистикалык стандарт, ал өзүнө суу, энергетикалык, минералдык, жер, биологиялык, токой жана башка ресурстарды камтыйт.
Токой ресурстарын экологиялык-экономикалык эсепке алуу системасы токой эсептери деп да аталат жана алар токойлорду башкаруунун маанилүү инструменти болуп саналат, бул өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө токой чарбасынын салымын баалоого мүмкүндүк берет.
2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте токой эсептерин киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө, токой эсептеринин эксперименталдык эсептөөлөрү аяктады жана токой пайдалануудагы статистикалык отчетторду туруктуу негизде жүргүзүү сунушталды.
Иш-чаралардын багыты, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруунун индикаторлору 5-таблицада көрсөтүлгөн.
5-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалар | Индикаторлор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ЭЭЭСти (токой эсептерин) киргизүү боюнча ченемдик-укуктук акты түзүлдү | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | Токой пайдалануучулардын токой ресурстары эске алынды | Маалымат базасы, токой эсептери |
3 | Илимий-изилдөө иштери | Токой ресурстарынын ЭЭЭСин өткөрүү методологиясы адаптацияланды | КР УИАнын Токой институтунун Окумуштуулар кеңешинде каралган методикалар, сунуштар |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой агенттигинин жана УСКнын адистери, ЭЭЭсти (токой эсептерин) киргизүү боюнча токой пайдалануучулар окутулду | Окутулган адистердин жана токой пайдалануучулардын саны, окуу материалдары |
5 | Маалыматты жайылтуу | Токой эсептеринин маалыматтары бардык кызыкдар тараптарга жеткиликтүү | Жарыяланган материалдар, токой чарбасынын маалыматтык порталындагы маалымат |
2-милдет. Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Токой чарбасын башкарууну экономикалык ыкманын негизинде түптөө зарыл. Токойду башкаруу системасында мамлекет, токой фондунун менчик ээси жана токой пайдалануу чөйрөсүндөгү бизнестин ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди калыптандыруунун жаңы проблемалары жаралууда.
Токой чарбасынын экономикасы башкаруунун принциптерине жана уюшулушуна, өндүрүштү пландоо жана экономикалык дем берүү методдоруна негизденип, токой чарбасын өнүктүрүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн жана анын материалдык-техникалык базасын чагылдырууга, жана жыйынтыгында токой чарбалык иш-чараларга инвестициялардын натыйжалуулугун аныктоого тийиш.
Азыркы мезгилде токой чарбасынын экономикасы сенек абалда турууда, бул токой экономикасын өнүктүрүү боюнча концептуалдык пландын жоктугуна, токой ресурстарына экономикалык баа берилбегендигине, натыйжасыз каржылоо системасына жана инвестициялардын жетишсиздигине, экономикалык пландоонун, болжолдоонун жана токой пайдаланууну эсепке алуунун заманбап инструменттеринин жоктугуна, ошондой эле кадрлардын экономикалык төмөн потенциалына байланыштуу. Токой чарбасынын экономикалык туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Иш-чаралардын багыты, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруунун индикаторлору 6-таблицада көрсөтүлгөн.
6-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалар | Индикаторлор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1. Ченемдик укуктук базага зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. 2. КР УИАнын Токой институту иштеп чыккан методикалар бекитилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору, методикалык колдонмолор |
2 | Техникалык чаралар | 1. Токой чарбасын жүргүзүүнүн экономикалык натыйжалуулугу эсептелди. 2. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык болжолу эсептелди. 3. Токой чарбасын каржылоо системасы өркүндөтүлдү. 4. Токой чарбасын каржылоо булактарын диверсификациялоо иштелип чыкты | 1. Эсептердин натыйжалары. 2. Бюджеттик кодекс менен шайкеш келтирилген каржылоо системасы. 3. Түрдүү булактардан каржылоо боюнча иштелип чыккан механизмдер |
3 | Илимий-изилдөө иштери | 1. Токой чарбасын экономикалык уюштуруу методологиясы иштелип чыкты 2. Токой экосистемалуу кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо методикасы иштелип чыкты | КР УИАнын Токой институтунун Окумуштуулар кеңешинде каралган методикалар |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой чарбасынын экономисттери билим алышты | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
5 | Маалыматты жайылтуу | Экономикалык натыйжалар жана болжолдоо жыйынтыктары жарыяланды | Жарыяланган материалдар |
3-милдет. Токой ресурстарынын кошумча наркынын тизмегин киргизүү
Кыргыз Республикасындагы токойлор жаратылышты коргоого багытталгандыгына карабастан, токой чарбасы өлкөнүн экономикасына кошкон салымын көбөйтүү потенциалына ээ. Жаңгак, бал, дары-дармек чөптөрү, мөмө-жемиштер токойдун жыгач эмес продуктуларына кирет, алардын жеке сектордун инвестицияларын тартууга жана аларды кайра иштетүүдөгү кошумча нарктын эсебинен экономикалык пайда табууга потенциалы бар.
Азыркы мезгилде республикада жаңгактын кошумча наркынын тизмеги бар. Жаңгак базарда данек жана чагылбаган түрдө сатылууда.
Данектин жана чагылбаган түрдөгү жаңгактын кошумча наркынын тизмеги узун жана татаал. Анда кызмат көрсөтүү боюнча иштерге катышкан адамдар көп. Тизмекте алып сатарлар, соодагерлер, жаңгак чаккычтар, кайра иштетүүчүлөр, экспортёрлор, чекене сатуучулар жана чектелген сандагы кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүчүлөр бар.
Жаңгак данегинин көбүн экспортёрлор андан ары кайра иштетүү, сорттоо жана көбүнчө Түркияга, Иранга, Иракка жана Сирияга экспорттоо үчүн сатып алышат. Легалдуу эмес ташып чыгарылган жаңгактын данегинин көлөмү жалпы түшүмдүн 10% түзөт. Бул данектер Кыргызстандын эмес, башка өлкөлөрдүн продукциясы катары экспорттолот.
Орто жана ири 20га жакын жаңгак данегинин экспортёрлору бар, алар Жалал-Абад облусунун дүң базарларында жаңгакты ири көлөмдө сатып алышат, сорттоп, экспортко таңгакташат жана Түркияга, Иранга, Иракка, Сирияга жиберишет(11).
Экспорттолуучу жаңгактын көлөмү экспорттолуучу жаңгак данегинин көлөмүнө салыштырмалуу азыраак үлүштү түзөт. 2006, 2007, 2010 жана 2011-жылдары жаңгактын көлөмү экспорттолгон данектин жалпы көлөмүнүн 7-12%нын ортосунда өзгөрүлүп турган. 2008 жана 2009-жылдары бул көрсөткүчтөр 23 жана 32%га өтө жогорулаган(12).
Жаңгактын кошумча наркынын тизмегин натыйжалуу өнүктүрүү анын көптөгөн катышуучуларынын кирешелерин, ошондой эле наркты кошуу аркылуу калктын жумуш менен камсыз болуусун жогорулатат жана экспорт аркылуу улуттук ИДПга карата салымды көбөйтөт.
Кыргыз Республикасынын токой чарбасы үчүн инвестицияларды тартуу, токой продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу үчүн шарттарды түзүү жана мүмкүндүктөрдү кеңейтүү абдан маанилүү.
Иш-чаралардын багыттары, алардын жыйынтыктары жана бул маселелерди аткаруунун индикаторлору 7-таблицада көрсөтүлгөн.
7-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалар | Индикатор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кайра карап чыгууга карата ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери өркүндөтүлдү. 2. Кошумча нарктын тизмектерин түзүү үчүн токойлордун потенциалы жөнүндө маалымат актуалдаштырылды жана жаңыланды. 3. Финансылык институттар ишке тартылды. 4. Токой ресурстарынын кошумча наркынын тизмегинин мониторинги түзүлдү | 1. Токойдун жыгач эмес продуктуларын кайра иштетүү боюнча жеке ишканалардын саны. 2. Картографиялык материалдардын маалымат базасы жана санариптик моделдери. 3. Финансылык мекемелер менен кызматташтык. 4. Мониторингдин иштелип чыккан системасы |
3 | Илимий колдоо | Токой ресурстарын пайдалануунун кошумча наркынын тизмегинин өнүгүүсү изилденди | КР УИА Токой институтунун Окумуштуулар кеңешинде каралган сунуштамалар |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой ресурстарынын кошумча наркынын тизмегин өнүктүрүү боюнча окуу өткөрүлдү | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
5 | Маалыматты жайылтуу | Маалымат токой чарбасынын порталына жайгаштырылды | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматына жетүү |
4-милдет. Токой экосистемаларынын рекреациялык потенциалын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо
Туризм Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп эсептелет. Токой экосистемалары ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн ири рекреациялык потенциалга ээ.
Кыргыз Республикасында туризм тармагын өнүктүрүүнүн башкы максаты болуп экологиялык жактан туруктуу жана социалдык-багытталган, жогорку рентабелдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик тармакты түзүү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-декабрындагы № 810 "Ысык-Көл облусундагы "Тоо лыжа кластери" сынамык долбоору жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы "Тоо лыжа кластери" долбоорун ишке ашырууга жана тоо лыжа базаларын, анын ичинде тоо экосистемалардын аймагында курууга чоң маани берет, бул өлкөдө кыш мезгилинде эс алуучу туристтердин санын көбөйтүүгө, өлкөнүн бюджетине салык жана башка түшүүлөрдүн жогорулашына, региондун инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө мүмкүндүк берет.
Мында долбоорго экологиялык туруктуулуктун көрсөткүчтөрүн, ал эми токой аймактарында объекттерди пайдаланууга бергенден кийин алынган кирешелерди токой чарбасына компенсациялык реинвестициялоонун механизмдерин киргизүүнү караштыруу зарыл.
Иш-чаралар, алардын жыйынтыктары жана бул маселелерди аткаруунун индикаторлору 8-таблицада көрсөтүлгөн.
8-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалар | Индикатор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Рекреациялык потенциалды өнүктүрүүнү жана бузулган экосистемалар үчүн компенсациялоо механизмдерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдери өркүндөтүлдү. 2. Туризмди өнүктүрүү үчүн токой экосистемасынын потенциалы жөнүндө маалымат актуалдаштырылды жана жаңыланды. 3. Рекреациялык токой пайдаланууга мониторинг жүргүзүү системасы түзүлдү. 4. Туристтик кирешелерди токой экосистемаларына реинвестициялоонун компенсациялык механизми иштелип чыкты | 1. Туристтик индустрия. 2. Маалымат базасы жана картографиялык материалдардын санариптик моделдери. 3. Мониторингдин иштелип чыккан системасы. 4. Иштелип чыккан компенсациялык механизм |
3 | Илимий колдоо | Токой экосистемаларына рекреациялык оорчулуктун ченемдери иштелип чыкты | КР УИА Токой институтунун Окумуштуулар кеңешинде каралган ченемдер |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой туризмин өнүктүрүү боюнча окуу өткөрүлдү | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
5 | Маалыматты жайылтуу | Рекреациялык маалымат токой чарбасынын порталына жайгаштырылды | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматына жетүү |
2-§. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык артыкчылыктары
283 айыл аймагынын калкы токойго жакын жайгашкан райондордо жашайт, алардын социалдык абалы кыйла деңгээлде токой ресурстарына көз каранды.
Бул райондордо жашаган элдин киреше деңгээли жана жумуш менен камсыз болуусу төмөн. Мамлекеттик токой фондунун аймагында жашаган эл жер үлүштөрүн алышкан эмес, бул токой экосистемаларына болгон терс антропогендик басымдын күчөшү, токой пайдаланууну натыйжасыз уюштуруу жана чечимдерди кабыл алууга жамааттардын чектелген катышуусу менен байланышкан токой эрежелерин бузууларга жана чыр-чатактарга алып келүүдө.
2014-2016-жылдагы региондор боюнча калктын жакырчылык деңгээлинин маалыматтары 9-таблицада көрсөтүлгөн.
9-таблица
Региондор боюнча калктын жакырдык деңгээли (керектөө боюнча) (пайыз менен)(13)
№ | Облустар | 2014-жыл | 2015-жыл | 2016-жыл |
1 | Баткен | 47,5 | 46,6 | 41,9 |
2 | Жалал-Абад | 43,3 | 43,8 | 30,9 |
3 | Ысык-Көл | 30,0 | 32,9 | 28,6 |
4 | Нарын | 31,2 | 39,7 | 39,5 |
5 | Ош | 30,6 | 27,2 | 21,0 |
6 | Талас | 20,4 | 23,3 | 19,1 |
7 | Чүй | 22,2 | 26,9 | 33,4 |
Токойлорго же мамлекеттик токой фондунун аймагына жакын жашаган айыл калкынын жакырдык деңгээлин үй чарбасынын жан башына бөлүнгөн орточо кирешесин көбөйтүүнүн эсебинен төмөндөтүү зарыл.
Токойлорго же мамлекеттик токой фондунун аймагына жакын жашаган айыл калкынын жакырдык деңгээлин 10%га кыскартуу 2040-жылга чейинки токой чарбасынын социалдык артыкчылыгынын максаты болуп калат.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:
1. Токойду биргелешип башкарууну камсыздоо.
2. Киреше булактарын диверсификациялоо.
3. Жаратылыш ресурстарын интеграциялык башкарууну киргизүү.
1-милдет. Токойду биргелешип башкарууну камсыздоо
Учурда токойлорго болгон негизги коркунуч жагымсыз экономикалык шарттардан жана демографиялык өсүштөн пайда болгон жаратылыш ресурстарына карата терс антропогендик басымга негизделет. Мындай шарттарда токойлорду сактоо максатында жергиликтүү калкты жана жамааттарды токойлорду биргелешип башкарууга тартуу маанилүү милдеттердин бири болуп эсептелет.
Токойлорду биргелешип башкаруу - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана жергиликтүү жамааттардын катышуусунда токойлорго таасир этүүнү жөнгө салуучу жана токойлорду туруктуу башкарууга жетишүүгө багытталган иш-чараларды пландоо жана ишке ашыруу.
Токойду биргелешип башкаруунун инструменттери болуп токой фондунун жерлерин ижарага алуу жана токой чарбасын жамааттык жүргүзүү аркылуу токой пайдалануу эсептелет.
1997-жылдан тартып мамлекеттик токой фондунун аймагында ижаралык мамилелер киргизилүүдө. Токой фондунун жерлери токой пайдалануунун ар кандай түрлөрү үчүн ижарага берилиши мүмкүн. Учурда ижара жөнүндө келишимдердин негизинде 20,0 миңден ашуун үй-бүлө токой чарбалары менен кызматташат.
Токой пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча талдоо жүргүзүлүп, бааланды, анын жыйынтыгы боюнча ченемдер кайрадан каралып, ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр киргизилди.
2001-жылдан тартып токой чарбасын жамааттык жүргүзүү киргизилүүдө, ал Кыргыз-Швейцария Токой чарбасын колдоо программасы аркылуу сунушталган Кыргыз Республикасында эмгекти уюштуруунун эң жаңы формасы болуп саналат.
Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү - токойдун аймагында же ага жакын жерде жашаган жергиликтүү жамааттын токой чарбасын жүргүзүүсү. Туруктуу жашаган калк белгилүү бир деңгээлде токой ресурстарына көз каранды жана бул ресурстарды коргоого жана башкарууга өтө кызыкдар болушат.
Учурда жаңгак токойлорунда токой чарбасын жамааттык жүргүзүүнү өнүктүрүүдө өзүнүн жетишкендиктери жана кемчиликтери да бар, анын механизмдери кайрадан каралып чыгып, ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр киргизилген.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруунун индикаторлору 10-таблицада берилген.
10-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалар | Индикатор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Токой пайдаланууну өнүктүрүү боюнча токой фондунун потенциалы жөнүндө маалымат актуалдаштырылды жана жаңыланды. 2. Токой пайдалануу механизмдери өркүндөтүлдү. 3. Токой пайдаланууга мониторинг киргизилди | 1. Маалымат базасы жана картографиялык материалдардын санариптик моделдери. 2. Токой пайдалануу системасы. 3. Мониторинг системасы |
3 | Илимий колдоо | 1. Токой пайдалануу ченемдери иштелип чыкты. 2. Токой пайдалануу үчүн акы төлөө методикасы иштелип чыкты | КР УИА Токой институтунун окумуштуулар кеңешинде каралган ченемдер жана методикалар |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой чарбасынын адистерине токой пайдаланууга мониторинг жүргүзүү боюнча окуу өткөрүлдү | Окутулган адистердин саны, окуу материалдары |
5 | Маалыматты жайылтуу | Маалымат токой чарбасынын порталында жайгаштырылды | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматка жетүүсү |
2-милдет. Киреше булактарын диверсификациялоо
Токойдун аймагында же ага жакын жерде жашаган жергиликтүү жамааттардын калкы көпчүлүк учурда бир эле булактан же болбосо токойдун жыйналган жыгач эмес продуктуларын сатуудан же рекреациялоо максатында токой пайдалануудан, же токой фондунун жерлеринде өстүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуудан түшкөн кирешени алышат.
Токой кирешелеринин бир булагына болгон көз карандылык калктын жашоо деңгээлине кыйла эле таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени токой ресурстарынын өндүрүмдүүлүгү климаттык экстримумдар, табигый кырсыктар, зыянкечтер жана илдеттер, токойлордун деградациясы жана токой өндүрүмдүүлүгүнүн табигый өзгөрүлмөлүүлүгү сыяктуу көптөгөн тышкы кооптуулук факторлоруна дуушар болот.
Киреше булактарын диверсификациялоого токой плантацияларын түзүүнү кошууга болот, ал кайра иштетүү базасынын өнүгүүсүнө мүмкүндүк түзөт жана табигый токой экосистемасына болгон антропогендик таасирди азайтат.
Кирешенин бир эле булагына болгон көз карандылыкты азайтуу максатында токойдун аймагында же ага жакын жашаган жергиликтүү жамааттар жана калк киреше булактарын диверсификациялашы мүмкүн, тактап айтканда токой ресурстарын пайдаланууга мультифункциялык мамилени сактоолору зарыл. Токойлор бир эле учурда токой фондунун бир эле участогунда бир нече функцияны аткарышат жана алардын белгилүү бир ыңгайлашуусунда бир катар максаттарга жетишүүнү камсыздашат.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдеттерди аткаруунун индикаторлору 11-таблицада берилген.
11-таблица
№ | Иш-чаралардын багыттары | Натыйжалар | Индикаторлор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Токой пайдаланууга мультифункциялык мамиленин механизмдери иштелип чыккан. 2. Мультифункциялык токой пайдаланууга мониторинг киргизилген | 1. Иштелип чыккан механизмдер 2. Мониторингдин иштелип чыккан системасы |
3 | Илимий колдоо | Мультифункциялык токой пайдалануунун ченемдери иштелип чыккан | КР УИА Токой институтунун окумуштуулар кеңешинде каралган ченемдер |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой чарбасынын адистерине токой пайдаланууга мониторинг жүргүзүү боюнча окуу өткөрүлдү | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
5 | Маалыматты жайылтуу | Маалымат токой чарбасынын порталына жайгаштырылган | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматка жетүүсү |
3-милдет. Жаратылыш ресурстарын интеграциялык башкарууну киргизүү
Жаратылыш ресурстарын интеграциялык башкаруу - бул токой, жер, суу жана биологиялык ресурстарды туруктуу башкаруу концепцияларын ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын биригүүсү, мында токой ресурстарын пайдалануу конкреттүү өндүрүмдүү ландшафтты түзүүчү башка ресурстарды пайдалануу менен интеграцияланат. Мында ресурстар, кызыкчылыктар жана максаттар туруктуулук принциптеринин негизинде интеграцияланат.
Мамлекеттик токой фондунун жаратылыш ресурстарын интеграциялык башкарууну башкаруунун интеграцияланган пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу аркылуу, ошондой эле бардык деңгээлдеги секторлор аралык кызматташтыкты күчөтүү жолу менен киргизүү пландалууда.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруунун индикаторлору 12-таблицада берилген.
12-таблица
№ | Иш-чаралардын багыттары | Натыйжалар | Индикатор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базага интеграциялык башкаруу механизмдерине карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Пилоттук токой чарбалары үчүн интеграцияланган башкаруу пландары иштелип чыкты жана жүзөгө ашырылды. 2. Секторлор аралык кызматташтыктын механизмдери өркүндөтүлдү | 1. Пилоттук токой чарбаларынын интеграцияланган пландары. 2. Мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча кол коюлган регламенттер. 3. Токой чарбаларынын деңгээлинде токойду биргелешип башкаруу кеңештерин түзүү |
3 | Потенциалды жогорулатуу | Бардык кызыкдар тараптарга токойлорду туруктуу башкаруу принциптери боюнча окуу өткөрүлдү | Сертификаттар, окутулган адистердин саны, окуу материалдары |
4 | Маалыматты жайылтуу | Маалымат токой чарбасынын порталына жайгаштырылган | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматка жетүүсү |
3-§. Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экологиялык приоритеттери
Токойлордун өзгөчө климаттын ысышына каршы күрөшүүдө өтө чоң экологиялык мааниси бар, алар парниктин таасирин алдын алуунун өтө ишенимдүү табигый системасы болуп эсептелишет.
Планеталык температуранын 1,5-2,5 °C жогору болушу токой аянттарын токой эмес аянттарга жана тескерисинче жапырт трансформациялоо коркунучу менен байланышкан жана бул коркунуч 3 °C14 жогору ысыган учурда мурдагыдан да тереңдеп кетет.
Кыргыз Республикасынын аймагында Борбордук Азиядагы бардык мөңгүлөрдүн 45%ына жакыны орун алган, алар дарыялардын толуусунун негизги булактарынын бири болуп эсептелет жана алардын абалынын божомолу климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн кесепеттерине байланыштуу өзгөчө кооптонууну жаратат.
Эксперттик баалоолор боюнча учурда мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жаткандыгы байкалууда. Бул тоо беттериндеги токойлордун кыйылышы жана айлана-чөйрөнүн локалдык өзгөрүүсү менен байланышкан. Токойсуз тоодогу абанын температурасы токойлуу тоо бетиндеги абага караганда төмөн жана өтө нымдуу болот. Мындан сырткары, токойлор температуранын тез-тез өзгөрүшүн жөнгө салып турат.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын аймагында тоодогу токойлордун мөңгүлөргө тийгизген таасирин иликтөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл, анткени мындай иштер келечекте токой экосистемасынын тоо мөңгүлөрүнүн динамикасына тийгизген таасири боюнча толук маалыматтарды берет.
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экологиялык приоритетинин максаты - 2040-жылга токойлорду сактоо жана өлкөнүн токой каптаган аянтын 6%га чейин көбөйтүү аркылуу токойлордун климатты жөнгө салуучу жана сууну жөнгө салуучу касиетин күчөтүү.
Милдеттер:
1. Токойлорду эсепке алуу системасын өркүндөтүү.
2. Токой эрежелерин бузуулардан жана өрт кырсыгынан токойду сактоону күчөтүү.
3. Токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоону күчөтүү.
4. Токой аянттарын көбөйтүү жана токой ресурстарын жаңылоону өркүндөтүү.
1-милдет. Токойлорду эсепке алуу системасын өркүндөтүү
Кыргызстандын токойлорун эсепке алуу системасы эки деңгээлдүү жана көз карандысыз, бирин-бири толуктап туруучу төмөнкүдөй иш-чаралардан турат: токойлорду улуттук инвентаризациялоо жана токой жайгаштыруу.
Токойлорду улуттук инвентаризациялоо - токойлорду эсепке алуу системасынын алгачкы деңгээли, ал мамлекеттин муктаждыгын аныктайт. Анын максаты - токойлордун абалы жана алардын биологиялык өндүрүмдүүлүгү жөнүндө актуалдуу маалыматты алуу болуп эсептелет, бул улуттук токой саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда негиз катары кызмат кылат.
Токой жайгаштыруу - токойлорду эсепке алуу системасынын экинчи деңгээли, ал оперативдүү чарбалык пландоонун (токой жайгаштыруу долбоорлорун түзүүнүн) муктаждыктарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын токойлорун мамлекеттик башкаруу токой жайгаштыруунун, токойлорду улуттук инвентаризациялоонун, токой өсүмдүктөрүн түзүүнүн мониторингин, токой фондунун жерлерин пайдалануунун маалыматтарын толук эмес пайдаланышкандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Токой чарбасынын маалыматтык системасынын жоктугу токой чарба маалыматтарын түзүү, топтоо жана иштеп чыгуу жол-жоболорунун заманбап деңгээлин колдоого, республикалык деңгээлде стратегиялык башкаруу, моделдөө жана болжолдоо боюнча натыйжалуу, сапаттуу чечимдерди динамикалык түрдө иштеп чыгуу үчүн аналитикалык маалыматтарды ыкчам берүүгө мүмкүндүк түзө албайт. Ошондуктан токой чарбасынын санариптик инфраструктурасын киргизүү зарыл.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруунун индикаторлору 13-таблицада берилген.
13-таблица
№ | Иш-чаралардын багыттары | Натыйжалары | Индикаторлор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1. Токой жайгаштыруу жана токойлорду улуттук инвентаризациялоо боюнча колдонмого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | КР Өкмөтүнүн токтомдору, Токой агенттигинин буйруктары |
2 | Техникалык чаралар | 1. Мамлекеттик токой фондунун (МТФ), ӨКЖА (өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары) жерлерине жана МТФ кирбеген токойлордо токой жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү. 2. Токойлорду экинчи улуттук инвентаризациялоо жүргүзүлдү | 1. Маалымат базасы, картографиялык материалдардын санариптик моделдери, токой жайгаштыруу долбоорлорунун саны. 2. Маалымат базасы жана токойлорду улуттук инвентаризациялоо (ТУИ) боюнча картографиялык материалдар |
3 | Илимий-изилдөө иштери | Токойлорду пландоону жана инвентаризациялоону өркүндөтүү боюнча илимий сунуштамалар алынды | КР УИА Токой институтунун окумуштуулар кеңешинде каралган илимий сунуштамалар |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токой жайгаштыруу адистерине ТУИ жана токой жайгаштыруу боюнча окуу өткөрүлдү | Окутулган адистердин саны, окуу материалдары |
5 | Маалыматты жайылтуу | Маалымат токой чарбасынын порталына жайгаштырылды | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматка жетүүсү |
2-милдет. Токой эрежелерин бузуулардан жана өрт кырсыгынан токойду сактоону күчөтүү
Токой эрежесин бузуулардан жана өрт кырсыгынан токойду сактоо токойлорду туруктуу башкаруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Токой эрежесин бузуу токой экосистемасына жана токойдун биологиялык түрдүүлүгүнө тиешеси бар бардык мыйзамсыз иш-аракеттерди камтыйт. Мыйзам бузуулардын диапазону абдан кеңири, ага төмөнкүлөр кирет: токойду мыйзамсыз кыюу, мыйзамсыз чыгарылган токой продукцияларын жана өзгөчө баалуу жыгач породаларын сатуу, токой жерлерин мыйзамсыз ээлеп алуу (басып алуу), өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө карата браконьердик, чарбалык жана башка ишти аткарууда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактабагандык ж.б.
Токой секторундагы мыйзам бузуулардын негизги себептери төмөнкүлөр:
- калктын жакырдыгы жана мыйзамсыз даярдалган токой продукциясын пайдалануу жана сатуу жолу менен жакырдыкты жеңүүгө болгон аракети;
- криминалдык бизнес үчүн мыйзамсыз токой материалдарынын ийкемдүүлүгү, анткени мындай иштер такыр эле кылмыштык жазага кириптер кылбайт жана коопсуз шартта киреше берет;
- мыйзамсыз продукцияларды сатуучу рыноктордун иштеши, токойдун жыгач жана жыгач эмес мыйзамсыз даярдалган продукцияларына оңой эле, кыйынчылыксыз жетүү;
- мыйзамдардагы карама-каршылыктар жана ишке ашырылбагандык;
- токой фондун башкаруу системасындагы кемчиликтер;
- коррупция;
- токой ресурстарынын пайдаланылышын натыйжалуу эсепке алуунун, контролдоонун жана коргоонун жоктугу.
Токой өртү - токой аянтында башаламан, контролдоого мүмкүн болбогудай өрттүн жайылышы. Токойдогу өрттүн чыгышынын себептери табигый жана антропогендик деп бөлүнөт. Ошондой болсо да, көпчүлүк учурларда токой өртүнүн чыгышынын негизги себеби - адамдардын ишине байланыштуу.
Токой өртүнүн интенсивдүүлүгүн азайтуу, келип чыгышынын жана жайылышынын алдын алуу, республиканын токой чарбаларынын токойлорду уруксатсыз кыюуларын жана башка токой эрежелерин бузууларын болтурбоо максатында жыл сайын алдын алуучу иш-чаралардан тартып кесепеттери менен түздөн-түз күрөшүүгө чейинки токойду коргоо иштеринин олуттуу көлөмү аткарылууда. Өрткө каршы иш-чаралар каралган: өрткө каршы жолдорду, көпүрөлөрдү, минерализацияланган тилкелерди куруу.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруу индикатору 14-таблицада берилген.
14-таблица
№ | Иш-чаралар | Натыйжалары | Индикаторлор |
1 | Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн токойду коргоо боюнча ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
2 | Техникалык чаралар | 1. Токой эрежелерин бузууларга мониторинг жүргүзүлүүдө. 2. Токой өртүнө мониторинг жүргүзүлүүдө | 1. Маалыматтар базасы, картографиялык материалдардын санариптик моделдери. 2. Өндүрүлгөн биологиялык препаттардын саны |
3 | Илимий-изилдөө иштери | Токойду коргоонун ченемдери иштелип чыкты | КР УИАнын Токой институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан каралган ченемдер |
4 | Потенциалды жогорулатуу | Токойду коргоо адистерин окутуу жүргүзүлдү | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
5 | Маалыматтарды жайылтуу | Маалыматтар токой чарбасынын порталына жайгаштырылды | Бардык кызыкдар тараптардын маалыматына жетүү |
3-милдет. Токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоону күчөтүү
Республиканын токойлорунун санитардык абалы канааттандырарлык эмес. 2016-жылга карата жаңгак токойлорунун өтө коркунучтуу зыянкечтери болуп 20,0 миң гектарга жайылган түгөйсүз жибек көпөлөк, 10,0 миң гектарды жабыркаткан кара өрүк курту, мисте шайтан көпөлөгү - 0,7 миң гектар, былжырак таарыгыч - 4,6 миң гектар, арча уругун жегич - 20,0 миң гектар ж.б. эсептелет.
Мындан тышкары, көк карагайдын ценангиев рагынан Авлетим токой чарбасынын аймагындагы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген 230 гектарга жакын Семенов көк карагайлары жабыркаган. Кара-Кулжа токой чарбасында 650 гектар аянттагы Тянь-Шань карагайы алалуу өзөк чириги же карагай губкасы менен жабыркаган.
Токойду коргоо иш-чараларына көп каражат талап кылынат. Бул зыянкечтер менен күрөшүүгө заманбап технологияларды, уулуу химикаттарды, КММ, аба каражаттарын сатып алуу ж.б.
Өтө кымбат уулу химикаттардан принциптүү баш тартуудан улам негизги көңүл биопрепараттарды пайдаланууга бурулат. Бул үчүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан Токойэкосистемаларын өнүктүрүү департаментинин Токойду коргоо жана сактоо станциясында "Вирин-Энш" вирустук препараты чыгарылат, аны менен түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн очокторун биотазалоо жүргүзүлөт.
Түгөйсүз жибек көпөлөгү менен күрөшүүнүн негизги иш-чараларынын бири болуп оору жуккан очоктордогу уруктарын механикалык чогултуу саналат. Алсак, 2016-жылы 1538 кг урук чогултулган, ал эми 18,0 миң гектар аянтта "Вирин-Энш" препараты менен биотазалоо иштери жүргүзүлгөн, 4,0 гектар аянтта энтомофагдар чыгарылган.
Кара өрүк курту менен жабыркаган аянттарда кошумча санитардык кыюулар жүргүзүлүүдө. Бак-дарактардын бузулушунун алдын алуу максатында көк карагайлар жана карагайлар да кыюлууда.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруу индикатору 15-таблицада берилген.
15-таблица
Иш-чара | Натыйжалар | Индикаторлор |
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Токойду коргоо боюнча ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
Техникалык чаралар | 1. Токой патологиялык мониторинг жүргүзүү өркүндөтүлдү. 2. Биологиялык препараттарды чыгаруу кеңейтилди | 1. Маалыматтар базасы, мониторинг жүргүзүүнүн картографиялык материалдарынын санариптик моделдери. 2. Чыгарылган биологиялык препараттардын саны |
Илимий-изилдөө иштери | Зыянкечтер жана илдеттер менен күрөшүү ченемдери, методикалары кайра каралды | КР УИАнын Токой институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан каралган ченемдер, методикалар |
Потенциалды жогорулатуу | Адистер токойду зыянкечтерден коргоо маселелери боюнча окутулду | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
Маалыматтарды жайылтуу | Маалыматтар токой чарбасынын порталында жайгаштырылды | Маалыматтарды бардык кызыкдар тараптардын алуусу |
4-милдет. Токой ресурстарынын аянттарын көбөйтүү жана калыбына келтирүүнү өркүндөтүү
Токойлордун деңиз деңгээлинен салыштырмалуу бийиктиктен жогору жылышы генетикалык жана экологиялык таасирдин натыйжасында өсүмдүктөрдүн көпчүлүк түрүнүн өсүшүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн. Бак-дарактардын көп түрү климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында адаптациялана албайт жана жоголот. Жакынкы жүз жылда климаттын өзгөрүү ылдамдыгы токой экосистемаларынын жаңы, кыйла жылуу климатка ыңгайлашуусу үчүн зарыл болгон ылдамдыктан ашат. Бул бүт өсүмдүктөрдүн жана токойлордун жоголушуна алып келет, ошондуктан токойлорду сактоо үчүн токой өсүмдүктөрүн өстүрүү, ошондой эле токой чарбалык иш-чаралары сыяктуу бардык токойчулук иштерин күчөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институту тарабынан болжолдонгон климаттык өзгөрүүлөрдүн белгиленген варианттары үчүн негизги токойду түзүүчү породалардын климаттык оптимумунун реалдарынын оптималдуу шарттарын жана мүмкүн болгон эволюциясын баалоо модели иштелип чыккан.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн бардык иштелип чыккан моделдеринде арчанын, карагайдын жана жаңгактын деңиз деңгээлинен өсүп чыгышынын минималдуу бийиктиги жылышы мүмкүн. Температуранын 1,5 °Cга өзгөрүшүндө жылуу жарым-жартылай, ал эми 4 °Cда жана андан жогоруда кыйла толук болот, бул токойлордун жана алардын экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрүнүн экологиялык функцияларынын жоголушуна алып келет.
Жогоруда баяндалгандардан улам токойлорду сактап калуу жана көбөйтүү өлкөнүн токой чарбасынын негизги артыкчылыгы болот.
Токой ресурстарын калыбына келтирүү табигый жаңыланууга, токойлорду калыбына келтирүүгө, токойлорду өстүрүүгө жана токой плантацияларын түзүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды камтыйт.
Токой өсүмдүктөрүн өстүрүү иш-чараларын аткаруу үчүн токой чарбаларында жалпы 180 гектар аянтка токой питомниктери түзүлгөн, аларда 15 млн. ар кандай жыгач-бадал породаларынын көчөттөрү өстүрүлүүдө.
Жыл сайын токой чарбалары тарабынан 1000 га жакын аянтка токой өсүмдүктөрү отургузулат.
Буга карабастан токой өсүмдүктөрүнүн өсүшү жана токой аянттарына көчүрүү боюнча проблемалар бар.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруу индикатору 16-таблицада берилген.
16-таблица
Иш-чара | Натыйжалар | Индикаторлор |
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
Техникалык чаралар | 1. Токой өсүмдүктөрү отургузулду. 2. Токой плантациялары түзүлдү | Отургузулган токой өсүмдүктөрүнүн жана түзүлгөн плантациялардын аянты |
Илимий-изилдөө иштери | Токой ресурстарын калыбына келтирүү боюнча ченемдер, методикалар, сунуштар кайра каралды | КР УИАнын Токой институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан каралган ченемдер, методикалар, сунуштар |
Потенциалды жогорулатуу | Адистер токой ресурстарын калыбына келтирүү маселелери боюнча окутулду | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
Маалыматтарды жайылтуу | Маалыматтар токой чарбасынын порталында жайгаштырылды | Маалыматтарды бардык кызыкдар тараптардын алуусу |
4-§. Токой чарбасын реформалоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык токойлор жана токой фонду мамлекеттин менчигинде гана болот жана токойлорду башкаруу мамлекет тарабынан жүргүзүлөт.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын токойлорун башкаруу системасы төрт деңгээлдүү башкарууга ээ - республикалык, облустук, токой чарбалары жана токойчулук, алар вертикалдуу баш ийүүдө турат.
Акыркы 17 жылда токой чарбасынын системасы республикалык жана облустук деңгээлдерде гана болгон бир канча кайра өзгөртүп түзүүлөргө туш болду, бирок мындай кайра өзгөртүп түзүүлөр токой чарбасын жүргүзүүнүн сапатына оң таасирин тийгизген жок.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоо механизмдерин иштеп чыгуу жана технологиясын апробациялоо процесси башталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Жобо бекитилген, анда токой тармагын этап-этап менен реформалоо максаттары жана милдеттери жазылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдында Консультациялык-координациялык кеңеш түзүлгөн, анын мүчөлөрү болуп мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, жарандык сектор жана эл аралык уюмдар саналат. Жогоруда аталган кеңештин функциялары болуп токой секторун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.
Бул артыкчылыктын максаты токойлорду туруктуу башкаруу жана токой секторунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Милдеттер:
1. Токой секторун институттук реформалоо.
2. Токой чарбасын жүргүзүүнүн инновациялык технологияларын өркүндөтүү жана киргизүү.
1-милдет. Токой секторун институттук реформалоо
Институттук түзүм советтик мезгилден тартып эле бар. Токой секторунун ишин баалоо акыркы он жылда токой чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуулугу начарлап баратканын көрсөттү, токой өсүмдүктөрүнүн өсүп кетүүсүнүн төмөн пайызы байкалууда, жыл сайын токой аянттарына көчүрүү азаюуда, жергиликтүү калк тарабынан антропогендик оорчулук көбөйүүдө, токойлордун жаш курактык структуралары туура эмес бөлүштүрүлгөн.
Азыркы учурда институттук реформа жүргүзүү зарылдыгы жетилди, ал токойлорду туруктуу өнүктүрүүнү, токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүүнү, токой чарбасындагы коррупциянын жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууну камсыздайт:
Институттук реформалоо негизи токой чарбасынын функцияларын токой чарбаларынын деңгээлинде бөлүштүрүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык токой чарбаларынын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) токойлорду эсепке алуу;
2) токойлорду токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн коргоо;
3) токойду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо;
4) токой ресурстарын калыбына келтирүү;
5) токойду пайдаланууну жөнгө салуу;
6) токой ресурстарынын пайдаланылышын контролдоо.
Бүгүнкү күндө токой чарбалары жогору аталган бардык алты функцияны тең аткарышат. Токой ресурстарын калыбына келтирүү функциясы токой үрөнчүлүк чарбасын, питомник чарбасын жүргүзүү, токой өсүмдүктөрүн отургузуу, токой өсүмдүктөрүн багуу жана токой кыюу иш-чараларын өзүнө камтыйт.
Токой ресурстарын калыбына келтирүү иш-чараларын аткарууда контролдоо-жөнгө салуу функцияларынын жана финансы-чарбалык иштердин конфлиги байкалууда, бул коррупция тобокелдигине жана токой чарбасын жүргүзүү ченемдеринин бузулушуна алып келет.
Ушуга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр катары каралуучу токой ресурстарын калыбына келтирүү, токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо сыяктуу чарбалык функцияларды жеке секторго берүү зарыл. Бул кызмат көрсөтүүлөр бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан каржыланат.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруу индикатору 17-таблицада берилген.
17-таблица
Иш-чара | Натыйжалар | Индикаторлор |
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
Техникалык чаралар | 1. Токой чарбасынын системасына ар тараптуу функциялык талдоо жүргүзүлдү. 2. Токой чарбасынын системасы оптималдаштырылды | КРӨнүн Токой чарбасын башкаруунун жаңы схемасын бекитүү жөнүндө токтому |
Потенциалды жогорулатуу | Адистер окутулду | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
Маалыматтарды жайылтуу | Маалыматтар токой чарбасынын порталында жайгаштырылды | Маалыматтарды бардык кызыкдар тараптардын алуусу |
2-милдет. Токой чарбасын жүргүзүүнү өркүндөтүү жана жаңы инновациялык технологияларды киргизүү
Токой чарбасын жүргүзүү - бул токойлорду эсепке алуу, токойлорду токой эрежелерин бузуудан жана өрттөн коргоо, токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жана токой ресурстарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу.
Токойлорго улуттук инвентаризация жүргүзүү жана токойлорду түзүү токойлорду туруктуу башкаруунун заманбап инструменттери болуп саналган жаңы технологияларды: жерди аралыктан байкаштыруу методдорун, гео-маалыматтык системаларды ж.б. пайдалануу менен коштолот.
Токойлорду коргоо, сактоо жана токой ресурстарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу технологияларды жаңылоону жана инновациялык ыкмаларды киргизүүнү талап кылат, ошондой эле ведомстволук контролдоо жана актуалдык маалыматтын негизинде чечимдерди кабыл алуу механизмдерин кайра карап чыгуу зарыл.
Иш-чаралар, алардын натыйжалары жана бул милдетти аткаруу индикатору 18-таблицада берилген.
18-таблица
Иш-чара | Натыйжалар | Индикаторлор |
Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | Мыйзамдар, КР Өкмөтүнүн токтомдору |
Техникалык чаралар | 1. Жерди аралыктан байкаштыруу методу пайдаланылды. 2. Жаңы технологиялар жана инновациялык ыкмалар колдонулду | 1. Картографиялык материалдардын санариптик модели, маалыматтар базасы. 2. Актуалдуу жана анык маалыматтар |
Потенциалды жогорулатуу | Адистер жаңы технологияларды пайдалануу боюнча окутулду | Сертификаттар, окутулган адистердин саны |
Маалыматтарды жайылтуу | Маалыматтар токой чарбасынын порталында жайгаштырылды | Маалыматтарды бардык кызыкдар тараптардын алуусу |
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
2040-жылга чейин жетүүгө тийиш болгон орто аралык жана акыркы натыйжаларга байкоо жүргүзүү үчүн ушул Концепциянын мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы сандык жана сапаттык индикаторлордун базасында түзүлгөн. Бул индикаторлорго туруктуу негизде байкоо жүргүзүлөт.
Артыкчылыктардын максаттарына жетүү боюнча индикаторлор түрүндө көрсөтүлгөн күтүлүүчү натыйжалар 19-таблицада берилген.
19-таблица
Артыкчылыктар | Максат | Күтүлүүчү натыйжалар | |||
2023-ж. | 2028-ж. | 2033-ж. | 2040-ж. | ||
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары | Токой чарбасынын ИДПга салымын 1%га чейин көбөйтүү | 0,1% | 0,3% | 0,7% | 1% |
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык артыкчылыктары | Токойго өтө жакын же мамлекеттик токой фондунун аймагында жашаган айыл калкынын жакырчылык деңгээлин 10%га кыскартуу | 3% | 3% | 4% | 10% |
Токой чарбасын өнүктүрүүнүн экологиялык артыкчылыктары | Өлкөнүн токойлорун сактоо жана 2040-жылга карата токой жайгашкан аянттарды 6%га көбөйтүү | 5,7% | 5,8% | 5,9% | 6% |
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салымды көбөйтүү үчүн токой чарбасынын ресурстук потенциалы;
- токойду пайдаланууга жеке сектордун кызыкчылыгы;
- токой ресурстарын пайдаланууга калктын дайыма өсүп туруучу суроо-талабы;
- өлкөдөгү туруктуу макроэкономикалык кырдаал.
Ушул Концепцияны ишке ашырууда Концепцияны ишке ашыруу процессинин олуттуу начарлашына алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктер бар. Мындай тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн солгундашы;
- калктын кирешесинин төмөн деңгээли, бул токойлорду туруктуу башкаруунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүнү начарлатат;
- табигый кырсыктар, техногендик катастрофалар;
- Иш-чаралар планын аткаруу үчүн мамлекеттик каржылоонун төмөндөшү же толук каржыланбашы;
- токой саясатынын программалык документтеринин ишке ашырылышына мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн жетишсиздиги же жоктугу;
- токой чарбасы маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдык базанын начарлыгы;
- улуттук экономиканын башка тармактарынын мүмкүн болгон терс таасири.
7-глава. Мониторинг жана баалоо
7.1. Мониторинг
Концепцияны ишке ашыруунун сапатын башкаруу мониторинг жүргүзүү жана баалоо инструменттери аркылуу ишке ашырылат.
Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн аны ишке ашыруунун милдеттүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо инструменттеринин жардамы менен Концепцияны ишке ашырууда жетишилген прогресс, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу аныкталат, ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугу бааланат.
Мониторинг жүргүзүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- 2019-2023-жылдарга иш-аракеттер планынын иш-чараларынын аткарылышын контролдоо, Концепциянын күтүлүүчү натыйжаларына жетүү;
- толук жана өз убагында каржыланышын контролдоо.
Иш-аракеттер планынын иш-чараларынын аткарылышын, күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнү, толук жана өз убагында каржыланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.2. Иш-чаралардын аткарылышын баалоо
Иш-аракеттер планынын иш-чараларынын аткарылышын баалоо натыйжаларга жетүү прогрессин аныктоо жана кийинки иш-чараларды пландоо, ошондой эле зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.
Ишке ашырууну баалоо белгиленген тартипте эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этап. Иш-аракеттер планын орто аралык баалоо бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун биринчи эки жылына мониторинг жүргүзүү маалыматтарына негизделет, алардын базасында Иш-аракеттер планынын тандап алынган максаттарынын жана инструменттеринин тууралыгына, өткөн жылда Иш-аракеттер планынын иш-чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлөт жана кийинки үч жылга Иш-аракеттер планынын иш-чараларына айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштар иштелип чыгат.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мезгилге аныкталган көрсөткүчтөргө жетүү боюнча иш жүзүндөгү прогрессти жана пландуу максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү үчүн зарыл болгон коррективдерди аныктоочу орто аралык отчет түзүлөт.
Экинчи этап. Иш-аракеттер планын толук баалоо көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлөт жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун бүткүл беш жылдык мезгилине мониторинг жүргүзүү маалыматтарына негизделет, алардын базасында Иш-аракеттер планынын иш-чараларынын күтүлүүчү натыйжалары жана иш жүзүндө жетишилген натыйжалар бааланат жана кийинки Иш-аракеттер планын пландоо үчүн сунуштар иштелип чыгат.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча пландуу көрсөткүчтөргө жетүүнүн натыйжаларын жана кийинки мезгилге Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды берүү менен, алган тыянактарын сыпаттоо аркылуу тиешелүү отчет түзүлөт.
Иш-аракеттер планын баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берилет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин сайтына жана токой чарбасынын маалыматтык системасына жайгаштырылат.
№ | Аталышы | Мөөнөттөрү | Баалоо жүргүзүүчүлөр |
1 | Орто аралык баалоо | 2021-жылдын январы | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
2 | Толук баалоо | 2024-жылдын январы | Көз карандысыз эксперттер |
Кыскартуулардын тизмеси
КРТЖПА | - | Кыргыз Республикасынын токой пайдалануучуларынын жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
МТФ | - | Мамлекеттик токой фонду |
ТЖП | - | токойдун жыгач продукциясы |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ТУИ | - | Токойлорду улуттук инвентаризациялоо |
ТЖЭП | - | токойдун жыгач эмес продукциясы |
ӨКЖА | - | өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары |
ДГИ | - | долбоордук гранттык инвестициялар |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
КНЧ | - | кошумча нарк чынжырчасы |
(1) Туруктуу өнүктүрүү максаттары БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Биздин дүйнөнү өзгөртүү: 2030-жылга чейинки мезгилге карата туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартиби" деп аталган 70-сессиясында кабыл алынган.
(2) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, 2016.
(3) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары, 2016;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматтары.
(4) Жаңгактын кошумча наркынын удаалаштыгы, PROFOR, RDF, 2011.
(5) Реки Средней Азии, 1949 г.
(6) Ган П.А. Леса Киргизии. Леса СССР, V том , Москва, 1970.
(7) Венгловский Б.И. Биоэкологические особенностм восстановления и развития ореховых лесов Кыргызстана. - Бишкек: 2006.
(8) Матвеев П.Н. Гидрологическая и защитная роль горных лесов Киргизии, Фрунзе, 1984.
(9) Ган П.А. Леса Киргизии. Леса СССР, V том , Москва, 1970.
(10) КР токойлоруна улуттук инвентаризация, 2008-2010-жылдар.
(11, 10) Жаңгактын кошумча наркынын тизмеги, PROFOR, RDF, 2011.