Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 301
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев, И.И.Матраимов, А.А.Алтынбеков, А.К.Назаров, А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, Жунус у. А., Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Т.У.Шайназаров, А.Л.Юсуров, И.Т.Гайпкулов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 301 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев, И.И.Матраимов, А.А.Алтынбеков, А.К.Назаров, А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, Жунус у. А., Г.К.Асылбаева, А.А.Султанов, А.О.Узакбаев, Т.У.Шайназаров, А.Л.Юсуров, И.Т.Гайпкулов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - конституциялык Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул корутунду аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) позицияларын эске алуу менен даярдалды.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын долбоорунун концепциясы бирдиктүү шайлоо округун 13 шайлоо округуна бөлүү жолу менен учурдагы шайлоо системасынан баш тартууну карайт, алардын чек арасы административдик-аймактык бирдиктин чегине дал келет. Ошондой эле ар бир региондук шайлоо округуна саясий партиялар шайлоочулардын санына жараша ушул округга бөлүнгөн мандаттардын тийиштүү санына жараша талапкерлердин региондук тизмелерин бере тургандыгы каралууда.
1. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2 жана 3-пункттарында байкоочулардын ишинин тартибин регламенттеген 9 жана 10-1-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, атап айтканда коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларына бардык шайлоо участкаларында эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссияларына катышууга, өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укук берүү сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине ылайык, эгерде шайлоо комиссияларынын чечимдери менен макул болбосо, саясий партиялар өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын коргоо үчүн аларга даттанууга укуктуу. Бирок коммерциялык эмес уюмдарга мындай укуктун берилгендиги жетиштүү негизделбегендигин белгилеп кетүү керек, ошондой эле бузуулардын ойдон чыгарылган фактылары боюнча көп сандагы даттануулардын демилгеленүү кооптуулугун алып келиши мүмкүн. Ошондой эле демилгеленген даттануулар алардын негизсиздигине карабастан шайлоо органдарынын ишин, шайлоонун жыйынтыгын, анын ичинде утулуп калган талапкерлердин жана/же саясий партиялардын кызыкчылыктарын көздөшкөн байкоочулар тарабынан эл аралык коомчулуктун алдында дискредитациялоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
2. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда Кыргыз Республикасында 13 шайлоо округу түзүлөөрү, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашап жаткан шайлоочулар үчүн - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын чек арасында бирдиктүү шайлоо округу, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан шайлоочулар үчүн - административдик-аймактык бирдиктин чек араларында 12 шайлоо округу түзүлө тургандыгы каралган.
Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда 12 шайлоо округунун ортосундагы мандаттар шайлоолорду дайындоо күнүнө чейин 15 күн мурда БШК тарабынан бөлүштүрүлө тургандыгын белгилөө сунушталууда. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) 120 мандаты жаңы чакырылышка чейин 12 шайлоо округуна бекитилет.
Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин мандаттарын 13 (бирдиктүү шайлоо округунда) округга бекитүүгө тиешелүү маселе келип чыгууда. Мындан тышкары бул маалымат мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалым катта да жок экендигин белгилейбиз.
Ошону менен бирге мындай жаңы эреже шайлоо системасынын төмөнкүдөй кооптуулуктарына алып келиши мүмкүн:
- татаал жол-жоболор жана шайлоочулардын добуштарын саноо шайлоочулардын көпчүлүгүнүн түшүнүшү жана шайлоо системасынын принциптерин өздөштүрүүсү үчүн кыйла тоскоолдук жаратышы мүмкүн;
- өлкөнү округдар боюнча бөлүүнү караштырган, сунушталып жаткан шайлоо модели калктын региондук, кландык белгилер боюнча бөлүнүп кетишине себеп болушу мүмкүн, бул натыйжада айрым деструктивдүү маанайдагы күчтөрдүн кызыкчылыгы менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын туруксуз абалына алып келиши мүмкүн;
- парламентке талапкердин финансылык мүмкүнчүлүгүнө гана жараша адамдардын жана криминалдык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн шайланып калышынын жогорку ыктымалдуулугу (мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катынын жыйырма төртүнчү абзацында чагылдырылган);
- жаштардын арасынан депутаттардын санынын кыскаруусунун жогорку ыктымалдуулугу, бул мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катынын 13-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келбейт.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу округдарга бөлүү пропорционалдуу системадан баш тартуу дегенди билдирерин белгилейт, анткени пропорционалдуу өкүлчүлүк системасы ар бир саясий партияга шайлоочулардын добуштарынын санына жараша мандаттарды алуу мүмкүндүгүн берет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешке шайлоо пропорционалдуу система боюнча өткөрүлөт. Бул ченемге ылайык шайлоо процессинин субъекти болуп саясий партиялар эсептелет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери тарабынан жоболорду киргизүү сунушталган, аларга ылайык ар бир региондук округга талапкерлердин региондук тизмеси сунуш кылынат.
Саясий партиялардын демократиялык коомдун институту жана партиялык курулуш үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы катары саясий партияларды түзүү шарттарында жогоруда көрсөтүлгөн жоболорду киргизүү - анын жалпысынан позитивдүү багытына карабастан аталган институттун өнүгүшүнө түрткү бербейт.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участоктун шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Бирок конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктуна ылайык бул ченемди Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо гана колдонуу сунушталууда, башкача айтканда сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык шайлоочулар катталган жери боюнча шайлоо округдарында гана добуш бере алышат.
Бул ченемди кабыл алуу жарандардын нааразычылыгын пайда кылуусу мүмкүн, ички жана тышкы миграцияны эске алуу менен № 2 формадагы арыз боюнча шайлоочулардын шайлоо дарегин алмаштыруу активдүү шайлоо укугун жүзөгө ашыруусун начарлатат. Ошол эле учурда № 2 форма боюнча арызды колдонуу жарандарга кайсы жер ыңгайлуу болсо, ошол жерден добуш берүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө арызы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 106 миңден ашуун, ап эми Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо - 98 миңден ашуун жаран кайрылган.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө түзөтүүлөрдү киргизүүнү жогоруда аталган кооптуулуктарды эске алуу менен кайра кароону сунуштайбыз.
4. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүн экинчи абзац менен толуктоо каралган, ага ылайык Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүнө баа берүүнү уюштуруу боюнча милдет БШКга жүктөлөт.
Негиздеме-маалым катка ылайык бул ченем шектелүүчү катары камоодо турган же кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү болгон Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо жол-жобосун уюштуруу жагындагы боштуктарды жоюу максатында толукталууда.
Бирок негиздеме-маалым катта баяндалган жогоруда аталган максат Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунда толугу менен ачылган эмес жана ар башка түшүнүүгө алып келет.
Сунушталган редакциядагы ушул акты кабыл алынган учурда БШК шектелүүчү катары камоодо турган же кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү болгон Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин гана эмес, Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна бардык талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоону уюштурат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Шектелүүчү катары камоодо турган же кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү болгон Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүүнү уюштуруу Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлөт.".
5. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 18-пунктунун "б" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо каралган. Ушул ченем менен саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин түзүүнүн тартиби каралган.
Жогоруда аталган тизмени түзүүдө адамдын тиешелүү укуктарын ишке ашыруу, коргоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келтирүү боюнча натыйжалуу жол-жобону жүзөгө ашыруу максатында ар кандай этностук, ар кайсы курактагы, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирүүсүн карап чыгууну сунуштайбыз.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 18-пунктунун "в" пункчасында "эгерде шайлоо округундагы талапкерлердин рейтингинин негизинде жана Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү арыз берилгенде жана партиянын жогорку органы тарабынан бекитилген ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен тизмеге талапкерлерди жайгаштыруу жөнүндө саясий партия тарабынан чечим кабыл алынса", депутаттык мандат алуу укугуна ээ болгон талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин жана БШК белгилеген мөөнөттө саясий партиянын жогорку органы тарабынан талапкерлердин тизмесинин кезеги бекитилгенден кийин жүргүзүлө тургандыгы каралган. Ушуга байланыштуу бул түзөтүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинде жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 5-беренелеринде белгиленген жарандардын тикелей шайлоо укугун бузат, тактап айтканда шайлоочу шайлоодо талапкерлердин белгиленген тизмеси үчүн добуш берет, сунушталган түзөтүү жогоруда аталган тийиштүү округдагы талапкерлердин рейтингинин негизинде саясий партияларга шайлоочулар добуш берген талапкерлердин тизмесинин курамын жана тартибин өз алдынча өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, тизмеге кирген талапкерлердин тизмеден чыгуусу добуш берүүдөн кийин шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүн олуттуу бурмалоого жана "талапкерлердин тизмесинин өзгөртүлбөгөндүк проблемасын чечүү үчүн" демилгечилер билдирген сунуш кылынган түзөтүүлөрдүн максатын бузат. Сунушталган ченем дайыма коомдук сындын объектиси болуп саналган талапкерлердин тизмесин өзгөртүү практикасын мыйзамдаштырат.
Эскерилген түзөтүүлөр ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди БШКга берүү мөөнөттөрүн сактоо жана андан ары аяктоо жагында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1, 5 жана 8-бөлүктөрүндө белгиленген парламенттин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоонун принцибине жана тартибине таасирин тийгизет.
Мыйзам долбоорунда "шайлоо округундагы талапкерлердин рейтинги", негиздеме-маалым катта "добуш берүү рейтинги" деген түшүнүк колдонулгандыгын, ошондой эле бул түшүнүктөр мыйзам долбоорунун өзүндө да, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында да жоктугун эске алуу менен мыйзам долбоорунда алардын так аныктамаларын кароо максатка ылайыктуу.
6. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнө сунушталган түзөтүүлөргө ылайык конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 20-пунктунун "б" пунктчасында баяндалган, округга бекитилген талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүдө партиядан талапкерлер үчүн алынган бардык добуштар суммаланат жана жалпы сумма чыгарылат. Бул сумма боюнча жети пайыздык барьерден өтө албаган партиялар чыгарылат.
Шайлоодон кийин тизме өзгөрөрүн (түзүлөрүн) белгилөө маанилүү. Парламентке жалпы улуттук колдоого ээ болгон партия өтөт, мында биринчи орундарда башка партиялаштарына салыштырмалуу көп колдоого ээ болгон талапкерлер болушат.
Ошол эле учурда БШК демилгечилер билдирген максатка (региондордун парламенттеги өкүлчүлүгүн жакшыртуу) партия ичинде тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу, партиялык тартипти бекемдөө, саясий партиялардын региондор менен байланышын жакшыртуу жолу менен жетүүгө болорун белгилейт.
7. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин талаптарын, ошондой эле бул мыйзам долбоору юридикалык күчүнө кирген учурда мүмкүн болуучу кесепеттерди эске алуу менен анын күчүнө кирүү шарттарын кайра карап чыгуу зарыл.
8. Жалпысынан конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин VII жыйынында жактырылган 2018-2020-жылдарга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору иштелип чыкканын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, У.О.Самаев, У.Б.Примов, А.С.Токторов, Т.И.Икрамов тарабынан демилгеленгендигин белгилейбиз. Мында сунуш кылынган конституциялык Мыйзамдын долбоору жана жогоруда аталган иштелип чыккан конституциялык Мыйзамдын долбоору шайлоо системасын өркүндөтүүнүн ар кандай жолдорун карай тургандыгын белгилөө керек.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган конституциялык Мыйзамдын долбоору олуттуу түрдө толуктап иштеп чыгууну талап кылат деп эсептейт.