Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 308
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселесин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 2-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарынын, ошондой эле ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын:";
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "кварталдан" деген сөз "жарым жылдыктан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине" деген сөздөр "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү жергиликтүү реестрлерине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктунун а) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестриндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары, главалары жана кызмат көрсөтүүнүн номери;";
- 10-пунктунун 4-пунктчасы "долбоорун" деген сөздөн кийин "макулдашууга жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укугунун алкагында тийиштүү кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын буйругу же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен макулдашылууга тийиш.";
- 25-пунктундагы "Тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти __________________________ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомунун же жергиликтүү кеңештин токтомунун реквизиттери көрсөтүлөт) менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.";
3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Форма
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө МААЛЫМАТТАР 20__-жылдын "___" ____________ карата
1. Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы _____________________________________.
2. Мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрине ылайык кызмат көрсөтүүнүн аталышы: ____________________.
3. Административдик регламент мамлекеттик органдын 20___-ж. "___" __________________ № ____________ буйругу/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын 20___-ж. "___" ____________ № __________________ чечими менен бекитилген.
4. Административдик регламентке өзгөртүүлөр мамлекеттик органдын 20__-ж."___" ______________ № _____________ буйругу/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын 20__-ж. "___" ___________ № ______________ чечими менен киргизилген (эгерде өзгөртүүлөр киргизилбесе: "Административдик регламентке өзгөртүүлөр киргизилген эмес" деп көрсөтүү керек).
№ | Кызмат көрсөтүүнүн параметри | Мурунку жарым жылдык | Отчёттук жарым жылдык |
1 | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы узактыгы | ||
2 | Кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасына жетүү үчүн аткарылуучу жол-жоболордун саны, анын ичинде: | ||
- административдик жол-жоболор; |
|
| |
- уюштуруу-башкаруу жол-жоболору; |
|
| |
- көмөкчү жол-жоболор; |
|
| |
- атайын жол-жоболор |
|
| |
3 | Аткарылуучу аракеттердин саны | ||
4 | Электрондук форматта аткарылуучу жол-жоболордун жана аракеттердин саны: | ||
- жол-жоболор; |
|
| |
- аракеттер |
|
| |
5 | Керектөөчүлөрдөн суралуучу документтердин саны | ||
6 | Кызмат көрсөтүүгө катышуучу бөлөк уюмдардын саны, анын ичинде: | ||
- ички ведомстволук өз ара иштешүүдө; |
|
| |
- ведомстволор аралык өз ара иштешүүдө |
|
| |
7 | Кызмат көрсөтүүгө катышуучу жактардын саны | ||
8 | Кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуучу документтердин саны | ||
9 | Башкалар |
_____________________________ |
| ______________________ |
(мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын тескөөчү жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы) |
| (колу) |
|
|
|
20____-жылдын "___" ________ |
|
|