Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 115
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 7-мартындагы № 101, 2024-жылдын 11-мартындагы № 103 , 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207, 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210, 2024-жылдын 13-июнундагы № 306, 2024-жылдын 1-июлундагы № 341 , 2024-жылдын 23-июлундагы № 416, 2024-жылдын 14-августундагы № 467, 2024-жылдын 14-августундагы № 471, 2024-жылдын 27-августундагы № 530, 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 632, 2024-жылдын 24-октябрындагы № 642, 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 672, 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 686, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819, 2025-жылдын 16-январындагы № 16, 2025-жылдын 18-февралындагы № 79, 2025-жылдын 26-мартындагы № 153, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325, 2025-жылдын 9-июнундагы № 327, 2025-жылдын 21-июлундагы № 432, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 25-сентябры № 615, 2025-жылдын 6-октябрындагы № 641, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 653 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 700, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 , 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 762, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 850 , 2026-жылдын 30-мартындагы № 201, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 274 , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308, 2026-жылдын 14-августундагы № 546 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү мөөнөтсүз мүнөздө болору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү чечимдери же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери кабыл алынганга чейин колдонулары.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашырууда:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун сакталышын камсыз кылсын;
2) алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 1-пунктчасында:
"Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
", буга ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын веб-сайттары кирбейт" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-пункттагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 546-пункттагы "административдик регламенттерин" деген сөздөр "стандарттарын жана административдик регламенттерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-майындагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 26-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-майындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
30) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 6-пункту;
31) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
32) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
33) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
34) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
35) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
36) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
37) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
38) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-мартындагы № 19 (3468) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына
өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын
тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293, 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 , 2024-жылдын 7-мартындагы № 101, 2024-жылдын 11-мартындагы № 103, 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207, 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 210, 2024-жылдын 13-июнундагы 306, 2024-жылдын 1-июлундагы № 341, 2024-жылдын 23-июлундагы № 416, 2024-жылдын 14-августундагы № 467, 2024-жылдын 14-августундагы № 471, 2024-жылдын 27-августундагы № 530, 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 632, 2024-жылдын 24-октябрындагы № 642, 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 672, 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 686, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819, 2025-жылдын 16-январындагы № 16, 2025-жылдын 18-февралындагы № 79, 2025-жылдын 26-мартындагы № 153, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325, 2025-жылдын 9-июнундагы № 327 , 2025-жылдын 21-июлундагы № 432, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 577, 2025-жылдын 25-сентябры № 615, 2025-жылдын 6-октябрындагы № 641, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 653 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 700, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 , 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 762, 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 850 , 2026-жылдын 30-мартындагы № 201, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 274 , 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308, 2026-жылдын 14-августундагы № 546 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбаган бөлүгүндө) өткөрүп берилсин:
1. Кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кийим формасын (аскердик, атайын (укук коргоо органдары), ведомстволук) кийүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына кийим формасынын сүрөттөлүшүн, айырмалоо белгилеринин үлгүлөрүн жана кийим формасынын фурнитураларын, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бекитүү чөйрөсүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-иартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Мамлекеттик органдарга жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү боюнча.
22. Бишкек шаарынын мэриясына мамлекеттик менчикте турган, Бишкек шаарынын мэриясына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берилген суу фондунун жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын бекитүү боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 13-беренелеринде каралган сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бекитүү боюнча.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү чөйрөсүндө.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жол, автомобиль, темир жол тармактары жана суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, концепцияларды бекитүү боюнча.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары боюнча, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү адистиктери, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы предметтер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын (жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерин, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын кошпогондо).
3) мамлекеттик органдардын карамагында турган мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар үчүн типтүү эмгек келишимдерин;
4) Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү мамлекеттик системасынын билим берүү уюмдарынын тизмегин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 819 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелерин;
2) ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону;
3) нотариустар болбогон калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (айыл өкмөтүнүн) кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобону;
5) укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин;
Караңыз:
КР Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (актыларды) тариздөө жана берүү тартибин бекитүү тууралуу" буйругу
6) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы;
7) пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгаруу эрежелерин;
8) пробация органдарына волонтерлорду тандоонун жана алардын иштөөсүнүн тартибин;
9) Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштыруу жана коомдук талкуулоо жол-жоболорунан өткөрүү тартибин;
10) Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин;
11) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзамен өткөрүү тартибин;
12) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун баалоо методикасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясын;
2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө талаптарды;
3) мамлекеттик сектордо финансылык башкаруу, ички контролдоо жана ички аудит боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди;
4) преференцияларды колдонуу боюнча методикалык нускаманы, даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формаларын;
5) ички аудит боюнча колдонмону;
6) кепилдик программаларын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;
7) ички аудиторлорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программаларын жана материалдарын;
8) мамлекеттик сектордун ички аудиторлорун сертификациялоону;
9) мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын тобокелдиктерин баалоо жана башкаруу боюнча колдонмону;
10) салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун формаларын;
11) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускамаларды;
12) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктары менен иштөө жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде эсепке алуу тартиби жөнүндө нускамаларды.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
2) адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмегин, аларды даярдоого жана оңдоого чыгымдалган материалдардын жана убакыттын ченемин;
3) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү жана пассивдүү чараларын жүзөгө ашыруу жана ал боюнча төлөмдөрдү берүү тартибин;
4) бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Майыптыкты баалоодо дене-боюнун иштешинин, жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясын колдонуу боюнча пландын жана церебралдык шал оорусу бар балдардын реабилитациялоо программаларын;
6) Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобону;
7) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жана анын курамына кирген мамлекеттик мекемелердин уставдарын, түзүмдөрүн;
8) өргүү жөнүндө каттын формаларын;
9) орточо эмгек акыны эсептөө тартибин;
10) эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмегин;
11) эмгек китепчелеринин формаларын, жүргүзүү жана сактоо тартибин, ошондой эле эмгек китепчелеринин бланктарын даярдоо жана иш берүүчүлөрдү алар менен камсыз кылуу тартибин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) маданият, искусство, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекемелердин уставдарын;
2) маалымат жана жаштар саясаты, маданият жана искусство, анын ичинде, музей иши, китепкана иши, театр иши, тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу, тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, жоболорду, стандарттарды жана эрежелерди.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) экономикалык болжолдоо боюнча методологиялык документтерди;
2) республиканы, региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон формаларды жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин;
3) стратегиялык пландоону жана ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди иштеп чыгууга карата бирдей ыкманы ишке киргизүү боюнча методологияны;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы;
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында мамлекеттик ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды;
8) шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештиги жана берилген шайкештик тастыктамалары жөнүндө катталган декларациялардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин.
9) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү тартибин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-мартындагы № 103, токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) медициналык жана фармацевтика кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевтикалык билим алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга медициналык же фармацевтикалык ишке уруксат берүү жөнүндө жобону;
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) саламаттык сактоо уюмдарында кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө тартибин жана шарттарын;
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) базистик бааларды эсептөө методикасынын негизинде дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программалары жаатындагы жүргүзүлүүчү дары-дармек каражаттарына базистик бааларды;
7) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн критерийлерин жана эрежесин;
8) Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмесин түзүүнүн критерийлерин жана эрежесин;
9) сүт жана башка бирдей баалуу тамак-аш азыктарын, ошондой эле дарылоо-профилактикалык тамак-аш берүү ченемдерин жана эрежелерин аныктоо тартибин;
10) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге каршы эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү тартибин;
12) социалдык маанилүү оорулардын тизмесин;
13) жактырылган дары препараттары менен дарылануусу натыйжасыз болуп саналган, өмүргө коркунуч туудурган оорулардан жапа чеккен бейтаптар үчүн эксперименттик дары каражаттарын пайдалануу программаларынын (боорукердик менен пайдалануу программаларынын) алкагында көмөк көрсөтүү тартибин;
14) эрте диагностикалоону жана скринингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү тартибин;
15) Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобону;
16) санаториялык-курорттук дарылоо үчүн көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү, ошондой эле жарандарды санаториялык-курорттук дарылоого тандап алуу жана жиберүү тартибин;
17) сейрек оорулардын катарына киргизүү критерийлерин жана тартибин, ошондой эле сейрек ооруларга чалдыккан жарандарды медициналык-санитардык жардам, анын ичинде дары менен камсыз кылуу тартибин;
18) адам каза болгон учурду аныктоонун, реанимациялык иш- чараларды токтотуунун критерийлерин жана тартибин;
19) Кыргыз Республикасынын аймагында инфекциялык эмес оорулардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин жана ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө таасир этүү системасын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 577 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 700 , 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 762 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобону;
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин узак мөөнөттө чет өлкөгө иш сапарында болгон кызматкерине кошумча акчалай акы төлөнбөгөн өзгөчө учурлардын тизмегин;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке коюунун жана консулдук эсептен чыгаруунун тартибин;
7) эки же андан көп чет тилин билгендиги үчүн үстөк акы төлөөнүн тартибин.
13. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобону;
2) айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону;
3) жер кадастрын жүргүзүүдө кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү тартибин;
4) кыртыштын абалын баалоо ченемдери жана аларды аныктоо методдору;
5) геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын корректировкалоо методикасын;
6) балык запастарын жасалма көбөйтүү жана суу объекттеринде балык чарба мелиорациясы боюнча иштерди жүргүзүү тартибин;
7) аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн берүү тартибин жана шарттарын, пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмүн, ошондой эле көлмөлөрдү пайдалануу укугун токтотуунун негиздерин;
8) көлмөлөрдө кармалган же көл, садок жана көлмө балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктарды жана балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартибин;
9) балык чарбаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүүнүн балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана эрежелерин;
10) балык өндүрмөлүгүн, ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүнү жана балык запастарын көбөйтүүнү уюштуруу тартибин;
11) илимий жана контролдук максаттарда балык уулоо тартибин;
12) балык чарбаларын өздөштүрүү жана балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо максатында пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегин;
13) өндүрмөлүк балык уулоо үчүн көлмөлөрдүн балык уулоочу участокторун берүү үчүн конкурс өткөрүү тартибин;
14) балык уулоо жана балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда егердик кызматты уюштуруу жана иштетүү тартибин;
15) балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык иштерди жүргүзүү жана балыкты контролдук уулоо тартибин;
16) балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарбалык потенциалы жөнүндө балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүү тартибин;
17) Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициттердин жана агрохимикаттардын каталогун;
18) карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу методдоруна жана ыкмаларына карата көрсөтүлгөн жугушсуздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу талаптарды, алардын натыйжаларын тариздөө тартибин;
19) карантиндик фитосанитардык жугушсуздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн;
20) жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аны түшүрүү ыкмаларын;
21) зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
22) жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди табуу жана карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөө үчүн карантинге алынуучу объекттерге карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
23) карантинге алынган продукцияларды жана объекттерди текшерип кароо боюнча нускамаларды;
24) органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүү эрежелерин;
25) аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;
26) көлмө жана бассейндик балык өстүрүүчү чарбалар үчүн пландоого жана буфердик зоналарга карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды;
27) товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү боюнча жаңы балык өстүрүүчү чарбаларды долбоорлоого жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого карата балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды;
28) токой чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду;
29) жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана талаптарды;
30) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мамлекеттик ишканалар үчүн Типтүү уставга ылайык асыл тукум мал чарбасы, балык чарбасы, дыйканчылык, сорттук жана себүү сапаттары чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын уставдарын;
31) суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ведомстволук бөлүмдүн карамагындагы мамлекеттик ишканалардын уставдарын;
32) сууну жеткирүүгө типтүү контрактты, сууну жеткирүүгө ар жылдык типтүү келишими, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу жана суу чарбасы, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди жана ченемдерди;
33) ачык акционердик коомдордун уставдарын;
34) мамлекеттик текшерүүдөн өткөн Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмектерин;
35) каттоодон өткөн үрөн чарбаларынын тизмегин;
36) асылдандыруу ишин жүргүзүүчү мамлекеттик ишканаларга айыл чарба багытындагы мамлекеттик жерлерди берүү тартибин;
37) азык-түлүк кризиси же болбосо анын коркунучу пайда болгон учурда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин сунушу боюнча белгилүү бир мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин;
38) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик балык чарбасынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
39) аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегин;
40) балыкты акклиматизациялоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартибин;
41) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартибин;
42) балык уулоо эрежелерин жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмегин;
43) органикалык өндүрүштүн жалпы жана негизги эрежелеринен тышкары, органикалык аквакультурага, балчылыкка, иштетилбеген аймактардан продукцияны жыйноого, ошондой эле тамак-аш же тоют катары керектөө үчүн арналбаган органикалык продукцияга карата кошумча эрежелерди;
44) органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдарды каттоо тартиби жана органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүү тартибин;
45) органикалык өндүрүштү сертификациялоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү өткөрүп берүү тартибин;
46) органикалык продукцияны ташып келүү эрежелерин;
47) органикалык өндүрүш, органикалык продукцияны жүгүртүү жана башка өлкөлөр менен сертификациялоо системасынын жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануу тартибин.
14. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) топторго киргизилүүчү аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилүүчү уюмдардын тизмесин;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү методикалык документтерди;
4) материалдык-техникалык каражаттарды тынчтык мезгилинде чыгымдоо (жабдуу) ченеми (буюм кызматы боюнча);
5) Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү методикалык көрсөтмөлөрдү, сунуштамаларды, нускамаларды, эрежелерди, ченемдерди, талаптарды, жоболорду, регламенттерди, программаларды, концепцияларды, тартиптерди, колдонмолорду жана методикаларды.
15. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү эрежелерди, нускамаларды, жоболорду, прейскуранттарды, ченемдерди, тартиптерди, талаптарды, методикаларды, жетектөөчү жана методикалык көрсөтмөлөрдү, технологиялык карталарды, маалымдамаларды бекитүү боюнча.
16. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар же кырдаалдар болгондо аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин;
2) чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча алынуучу (келүүчү) курал-жаракты жана аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн тартибин;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыздоонун тартибин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлерине аттестация өткөрүүнүн жана категорияларды ыйгаруунун тартибин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде аскер кызматчыларын дарылоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) куралдарды жана аскердик техниканы, коргонуу объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү, ижарага тапшыруу, сатуу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин;
7) куралдардын, аскердик техниканын, башка продукциянын жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тизмесин;
8) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техникалар менен жабдуунун, аларды материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуунун тартибин.
17. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) кен казуу тармагындагы геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, колдонмолорду жана коопсуздук эрежелерин;
2) кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамаларды, колдонмолорду, жоболорду жана эрежелерди;
3) конкурска чыгарууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун, анын ичинде жер казыналарын пайдалануу укугу берилген объекттердин реестрин;
4) Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону;
5) пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин;
6) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна геологиялык отчетторду, географиясына байланыштыруу менен сынамык маалыматтар базасын берүү формасын;
7) Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жайларында геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөө тартибин;
8) жер астындагы сууларды каттоо жана мамлекеттик эсепке коюу тартибин;
9) жер казыналарын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында техникалык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартибин;
10) көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөөнүн тартибин;
11) мергенчилик чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды;
12) аттракциондорду эксплуатациялоодо нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, сунуштарды, ченемдерди, талаптарды, жоболорду, тартиптерди жана/же колдонмолорду;
13) өнөр жай коопсуздугу боюнча эрежелерди, нускамаларды жана илимий-техникалык документтерди;
14) "Эко Оператор" МИнин уставын.
15) ченемдик-укуктук мүнөзгө ээ болгон атмосфералык абаны жана озон катмарын коргоо чөйрөсүндөгү тартиптерди, стандарттарды, ченемдерди жана методикаларды.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 686, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 850 токтомдорунун редакциясына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасындагы радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктардын ыйгарылышын Эл аралык электр байланышы союзуна маалымдоо жана каттоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону;
2) тармактар аралык биригүү боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин;
3) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эксплуатациялоого киргизилүүчү электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүү тартибин;
4) аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу электрондук колтамгалардын түрлөрүн, ошондой эле мындай электрондук колтамгалардын шайкештигин камсыздоо боюнча талаптарды;
5) почта байланышы жаатындагы ченемдик укуктук мүнөздөгү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди;
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын иш процессинде түзүлүүчү типтүү башкаруу архивдик документтеринин тизмегин.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн тартибин;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде буюм мүлкүнүн, курал-жарактын (анын ичинде атайын каражаттардын), аскердик (күжүрмөн) техниканын, ок-дарылардын жана материалдык-техникалык каражаттардын белгиленген запастарын түзүүнүн, топтоонун жана чыгымдоонун ченемдерин.
20. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, атап айтканда:
- кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана өзгөртүүгө уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- техникалык шарттарды алуу, инженердик-техникалык тармактарга кошулуу тартибин жана жол-жоболорун, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө эрежелерин;
- долбоордук документтерди макулдашуунун тартибин жана жол-жоболорун;
- долбоордук документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- мамлекеттик архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо тартибин жана жол-жоболорун;
- курулуш объекттеринин классификациясын;
- эксплуатациялоого киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоонун тартибин жана жол-жоболорун;
- долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоодо жана курууда чет өлкөлүк ченемдик документтерди колдонуу жөнүндө жобону;
- эксперименталдык объекттерди ишке ашыруунун тартиби жана жол-жобосу жөнүндө жобону;
- чет мамлекеттер тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу таанылуучу шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү лицензиялардын тизмегин;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда аткарылган иштерди орто аралык кабыл алуунун тартибин жана жол-жоболорун;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда аткарылган иштерди эксплуатациялоого кабыл алуунун тартибин жана жол-жоболорун;
2) курулуштагы ченемдик техникалык документтерди, атап айтканда:
- курулуштагы ченемдик документтердин системасы жөнүндө жоболорду;
- курулуштагы ченемдик документтерди иштеп чыгуунун, макулдашуунун жана бекитүүнүн тартибин жана жол-жоболорун;
- курулуш ченемдерин жана эрежелерин;
- эрежелердин жыйындысын;
- нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү;
- техникалык чечимдердин каталогдорун;
- ченемдик документтердин тизмектерин жана көрсөткүчтөрүн;
- архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жаатындагы коэффициенттерди жана ченемдерди;
- атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;
- курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндөгү сметалык ченемдөөнүн индекстерин түзөтүүчү жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү.
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү регламентин;
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) аксакалдар сотторунун типтүү регламентин;
5) аксакалдар сотторунун кеңештери жөнүндө жобону жана аларды түзүү тартибин;
6) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамааттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында каттоо тартибин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 471 , 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 672 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын бөлүмү жөнүндө жобону;
2) соттолгондорду кесипкөй даярдоону уюштуруу тартибин;
3) түзөтүү мекемелеринин аймагына келген жана чыгып жаткан адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына, ошондой эле анын жанындагы режимдик талаптар белгиленген аймактарда текшерип кароо жүргүзүү тартибин.
23. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн адамдардын документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек араны контролдоо органдары тарабынан текшерүү боюнча нускаманы;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн адамдардын документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек араны контролдоо органдары тарабынан жалпы жана атайын текшерүү жүргүзүү боюнча колдонмону;
3) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек араны контролдоо органдары тарабынан транспорт каражаттарын кароо (текшерүү) боюнча колдонмону;
4) атайын каражаттар менен камсыздоо ченемдерин, аларды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, берүүнүн, эсептен чыгаруунун жана жокко чыгаруунун, аскер кызматчыларын атайын каражаттарды колдонууга жана аларды колдонууда зарыл болгон коопсуздук чараларына байланыштуу аракеттерге даярдоону уюштуруунун тартибин;
5) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну уюштуруу боюнча колдонмосун. 1-бөлүк (жашыруун);
6) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар жана чек ара отряддары боюнча аймактык башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоону уюштуруу боюнча колдонмону. 2-бөлүк (жашыруун);
7) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча колдонмону. 3-бөлүк (жашыруун);
8) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мамлекеттик коргоо боюнча чек ара наряддардын кызматын уюштуруу жана өтөө боюнча колдонмону.
24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук мүнөздөгү жоболорду жана колдонмолорду.
25. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан ташып өткөрүлүүчү товарларды жеке пайдалануу үчүн товарларга киргизүү критерийлерин белгилөө боюнча.
26. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук мүнөздөгү колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, эрежелерди, жоболорду, нускамаларды, стандарттарды, регламенттерди бекитүү боюнча.
27. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, анын жеке, анын ичинде электрондук документ формасындагы маалыматтарын топтоого жана текшерүүгө жеке маалыматтар субъекттин макулдугун алуу тартибин;
2) үчүнчү тарапка, анын жеке маалыматтарын берүү фактысы жөнүндө, жеке маалыматтар субъектке билдирүүнүн тартибин жана формасын;
3) тарыхый, социологиялык, медициналык жана башка илимий максаттар үчүн айрым субъекттердин жеке маалыматтарын ээсинен ажыратуу тартибин.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктү сатуунун тартиби жөнүндө жобо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү жөнүндө жобону;
2) аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону;
3) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө отчётту берүүнүн тартибин;
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) медициналык, ветеринардык жана башка максаттар үчүн этил спиртин сатып алуунун тартибин;
2) биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин;
3) компаундаштыруу тартибин;
4) биоэтанолду жана аралашма мотордук отунду өндүрүүнүн, колдонуунун ченемдик аныкталган үлүшүн этап-этап менен көбөйтүү тартибин;
5) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуулардын кубаттуулугун эсептөө тартибин;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан 1000 декалитр продукцияга чийки заттын жана материалдардын чыгымдарынын ченемдерин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
7) алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо жана бекитүү тартибин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жобону;
2) жердин мониторингин жүзөгө ашыруу, жер кадастрын жүргүзүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу тартибин;
3) кыймылсыз мүлккө укуктарды, оорчулуктарды (чектөөлөрдү) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин;
4) Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби тууралуу жобону;
5) кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону;
6) кадастрдык пландын формасын;
7) республикалык жана ведомстволук картографиялык-геодезиялык фонддор жөнүндө жоболорду жана аларга киргизилген материалдардын тизмелерин;
8) геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө жобону.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619, 2025-жылдын 25-сентябры № 615 токтомдорунун редакциялырана ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке юридикалык жактын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмегин жана аларды пайдалануу тартибин бекитүү боюнча.
33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;
2) спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;
3) окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери тарабынан спорт жабдуулары жана инвентарлары менен камсыздоонун минималдуу социалдык стандарттарын;
4) Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү тартибин;
5) мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдардын ишин координациялоо тартибин;
6) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүнүн тизмегин;
7) спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүн үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстардан өтүү тартибин;
8) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерацияларды таануу тартибин;
9) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча ардактуу спорттук наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды ыйгаруу тартибин жана шарттарын;
10) паралимпиадалык спорттун уюмдарында судьялардын атайын даярдыктан же кайра даярдыктан өтүү тартибин;
11) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окутуу-машыктыруунун типтүү программаларын;
12) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер тартибин;
13) Кыргыз Республикасынын антидопинг эрежелерин.
34. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан тобокелдикти азайтууга багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарын сактоо боюнча банктардын рейтингин түзүү жана жаңылоо боюнча.
35. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча потенциалдуу инвесторлор менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берүү формасын;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке календарлык жыл аяктагандан кийин инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйынтыктоочу маалыматты берүү формасын;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына календарлык жыл аяктагандан кийин инвестициялык климаттын талдоосун жана Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты берүү формасын.
4) инвестор тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, ошондой эле инвестициялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берүү тартибин жана мөөнөттөрүн.