Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 311
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев, И.И.Матраимов, А.А.Алтынбеков, А.К.Назаров, А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, Жунус у. А., Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Т.У.Шайназаров, А.Л.Юсуров, И.Т.Гайпкулов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 311 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, Б.Э.Төрөбаев, И.И.Матраимов, А.А.Алтынбеков, А.К.Назаров, А.М.Эргешов, Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, З.И.Жамалдинов, Жунус у. А., Г.К.Асылбаева, А.М.Султанов, А.О.Узакбаев, Т.У.Шайназаров, А.Л.Юсуров, И.Т.Гаипкулов, Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган корутунду аткаруу бийлигинин системасына кирген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) позицияларын эске алуу менен даярдалды.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын долбоорунун концепциясы талапкерлерге жана саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн эмес, талапкерликке көрсөтүлгөн күндөн тартып уруксат берүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдын долбоорун төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) 1-беренесинин 1-пунктунун "г" пунктчасы жана 4-пунктунун "а" жана "в" пунктчалары менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 9-бөлүгүнө жана 26-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына массалык үгүт иш-чараларын жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү жоопкерчилиги жүктөлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине жана конституциялык Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.
Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоону өткөрүүгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча иш аракеттери.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерине кирет деп белгиленген.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, ошондой эле үгүт иш-чаралары жана шайлоочулар менен жолугушуулар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун түрү болуп саналгандыктан, иш-чараларды уюштурууга тең эмес мамилелер жөнүндө шайлоо талаштарын болтурбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "г" пунктчасында жана 4-пунктунун "а", "в" пунктчаларында "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдү алып салуу сунушталат.
2. БШК Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "в" пунктчасында каралган шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялоо (чагылдыруу) жагында киргизилип жаткан жоболорду үгүт иштерин жүргүзүү категориясына аныктоону максатка ылайыксыз деп эсептейт, анткени конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен коомдук пикирди сурамжылоо, жарыялоо шайлоочулардын арасында ар кандай талапкерлердин жана партиялардын колдоосун баалоого мүмкүндүк берет, шайлоо кампаниясындагы маалыматтык жагдайды көрсөтөт жана шайлоо процессинин ачык-айкындуулугуна шарт түзөт. Мындан тышкары, сунушталган жоболорду киргизүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын коомдук пикирди сурамжылоо жана жарыялоо (чагылдыруу) аркылуу жарандарга маалымат берүүсүн чектеп коюшу мүмкүн.
3. Үгүт иштерин өткөрүү тартибин регламенттеген жоболор жагында "диний ишмер" деген түшүнүк киргизилүүдө (Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин "з" пунктчасы). Ушуга байланыштуу, аталган түшүнүктүн аныктамасын конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинде каралган түшүнүктөрдүн аппаратына киргизүү сунушталууда.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык конституциялык Мыйзамдын 23-беренесине түзөтүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоо мөөнөтүн талапкерлер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып аныктоо сунушталууда.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгүнө шилтеме менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна каттоо шайлоо күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбей жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөн, ошондуктан талапкерлер өз каалоосу боюнча каттоо датасын аныктай алышат, бул тең эмес шарттарга алып келет жана алардын үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктарын чектейт.
Бирок конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 1-бөлүгү талапкерлерди каттоо мөөнөтүн эмес, Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди БШКга тапшыруу тартибин жөнгө сала тургандыгын белгилейбиз.
Мында, аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күндө аяктайт.
Белгилей кетүүчү нерсе, конституциялык Мыйзамдын 52-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүнө ылайык кол чогултуу Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат, ал эми мындай талапкерди колдоого кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 күндөн кечиктирилбей БШКга өткөрүлүп берилет, ал 10 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерип чыгат.
Муну менен бирге конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин талаптары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге да жайылтылат, алардын талапкерлигин коюу жана каттоо тартиби конституциялык Мыйзамдын 60 жана 61-беренелеринде белгиленген.
Мындан сырткары, конституциялык Мыйзамдын 53 жана 61-беренелеринде каралган негиздер болгон учурда талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартылышы мүмкүн, мында алар үгүт иштерине сарпталган негизсиз чыгымдарды тартат.
Талапкер, талапкерлердин тизмеси ар кандай күндөрү көрсөтүлүшү мүмкүн жана аларды көрсөткөн учурдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери жөнүндө сунуш мындай үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтүнүн узактыгында тең эмес шарттарды түзөт.
Баяндалгандарды эске алуу менен, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтүнөн тартып шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоо жөнүндө ченем максатка ылайыксыз деп белгилейбиз. Талапкерлерди каттоо аяктаган күндөн тартып шайлоо алдындагы үгүт иштерин баштоо мөөнөтү жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясы алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыздайт.
5. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасы менен берилген акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмү катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын санына көбөйтүлгөн 120 мүнөттү түзөт.
Мында БШКнын пикири боюнча колдонуудагы ченем бир нече талапкерлердин катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чаралардын форматын (фрагменттелбеген иш-чаралар) аныктайт, ага ылайык шайлоодо үгүт иштерин өткөрүү үчүн мамлекеттик телерадиоуюм тарабынан бөлүнүп берилген бир сааттан кем эмес акысыз эфирдик убакыт берүү белгиленген. Ушуга байланыштуу, БШК акысыз эфирдик убакытты берүүнүн азыркы тартибин жана көлөмүн жетиштүү деп эсептейт.
6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинин 8-бөлүгүн БШК тарабынан биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн тематикасын бекитүү жобосу менен толуктоо каралууда. Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу. Ушуга байланыштуу, БШК талапкерлер менен биргеликте телерадиоуюмдар тарабынан өткөрүлүүчү үгүт иштеринин тематикасын аныктоонун азыркы тартибин калтырууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн тематикасы БШКнын кийлигишүүсүз аныкталышы керек.
7. Мыйзамдын долбоорунун 27-беренесинин 4-бөлүгү менен үгүт материалдарын мамыларга, аялдамаларга, эстеликтерге, обелисктерге, имараттарга (шайлоо алдындагы штабдардан сырткары) жана курулмаларга, шайлоо комиссияларынын имараттарына, алардын кире беришине жана добуш берүү жайларына жайгаштырууга тыюу салуу сунушталууда. БШК Мыйзамдын долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү алып салууну сунуштайт, анткени ченемдин мааниси бурмаланууда. Ошондой эле колдонуудагы тыюу салуу шайлоо алдындагы штабдарга жана курулмаларга тиешелүү эмес.