Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 312
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ишканалардын иштерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы "жана пайдалануу" деген сөздөр "реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунда:
үчүнчү абзацы "жактардан" деген сөздөн кийин анын ичинде чет өлкөлүк жактардан" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацындагы "Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн" жана "подряд келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн, сатып алынуучу товарлардын конкреттүү сандык, сапаттык жана нарктык параметрлерин көрсөтүү менен подряд келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө.";
- 15-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Ишкананын башкы директорунун бир орун басары болот.";
экинчи абзацындагы "Башкы директордун орун басарлары" деген сөздөр "Башкы директордун орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Ишкананын башкы бухгалтери жана башкы инженери Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалат, алар башкы директорго түздөн-түз баш ийишет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат жана укуктарды колдонушат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |