Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 токтомуна) |
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн кызмат адамдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуунун негизги милдеттерин, багыттарын, формаларын, ыкмаларын жана тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын (мындан ары - уюмдар) менчигинин түрүнө карабай тиешелүү функцияларын, анын ичинде Жарандык коргоону жаатындагы окуп жаткандардын категориясын, окутуу көлөмүн, жерин, мезгилин аныктайт.
Окутуу күндүзгү жана сырттан (аралыктан) окутуу формаларында уюштурулат. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда окутуу жумуш убагында жүргүзүлөт. Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формаларда жүргүзүлөт. Окуу милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан жарандардын иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Калктын көп ар кандай топторун камтуу максатында окутуу Борбордун окутуучуларынын калктуу конуштарга жана уюмдарга барып келиши менен окутулуучу адамдарды чогултуу методу аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Уюмдардын жетекчилеринин, Жарандык коргонуу тармагындагы кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсунун, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу жаатында иш милдетин аткарууга байланыштуу кызматтарга жаңыдан дайындалган адамдар үчүн иштин биринчи жылында Жарандык коргонуу жаатында окуудан өтүү милдеттүү болуп саналат.
Калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдан келип чыгуучу коркунучтардан сактануу ыкмаларын билүү, кабарлоо сигналдары боюнча аракеттердин тартибине, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларына, жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу эрежелерине үйрөтүү;
б) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн көндүмдөрүн өркүндөтүү;
в) авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу үчүн ыкмаларды жана көндүмдөрдү иштеп чыгуу;
г) штаттан тышкаркы авариялык-куткаруу түзүмдөрдүн жана куткаруу кызматтарынын өздүк курамдарынын (мындан ары - түзүмдөр жана кызматтар) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо боюнча аракеттердин ыкмаларын жана жолдорун билүүсү;
д) адамдарды суу объектилериндеги коопсуздук эрежелерине үйрөтүү.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызмат адамдары окууну ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык Борбордон өтүшөт.
4. Окутуу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:
а) тынчтык жана согуш убагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;
б) өрт, радиациялык коопсуздукту жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу.
5. Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну уюштуруу жана ишке ашыруу максатында:
а) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Жарандык коргонуу тармагындагы кызмат адамдарын жана адистерин, ошондой эле борбордук аппараттардын башка кызматкерлерин окутуу боюнча иш-чараларды пландаштырышат жана ишке ашырат;
- карамагында турган уюмдардын түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерин, кызматкерлерин жана өздүк курамын окутууну уюштуруу-методикалык жактан жетектешет жана контролдошот;
- "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсунун жана "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын, болжолдуу негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
- ушул органдардын карамагындагы кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагы боюнча окутууну уюштурат;
- өз кызматкерлеринин Жарандык коргоону боюнча иш-чаралар пландарына ылайык жылдык жыйындарына, окууларына жана машыгууларына катышуусун камсыз кылышат;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну пландашат;
- башталгыч жалпы, негизги жана орто (толук) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарында "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсун, аталган органдардын карамагындагы кесиптик билим берүү уюмдарында "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагын окутууну уюштурат;
- Жарандык коргоону жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирге аракеттенип, облустардын, шаарлардын, райондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу программаларын иштеп чыгат;
- Жарандык коргоону боюнча иш-чаралардын планына ылайык өткөрүлүүчү ар жылдык жыйындарга, окууларга жана машыгууларга катышууну камсыз кылат;
- коомчулукка Жарандык коргонуу тармагында маалымдоону, билимдерин жайылтууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Жарандык коргонуу боюнча окуу адабиятын, көргөзмө куралдарын басып чыгарууну жана алар менен калкты камсыз кылууну уюштурат;
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуунун жүрүшүн жана анын сапатын контролдойт;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан коркунучтардан коргоо ыкмаларына окутууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн өздүк курамын окутат;
- Жарандык коргонуу боюнча окууларды жана машыгууларды өткөрөт;
- тиешелүү аймактардагы жумушчуларды, Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн өздүк курамын, уюмдарды окутууну контролдойт жана жетектейт;
- зарыл болгон учурларда иштеген жана жумушсуз калктын, кызмат адамдардын жана Жарандык коргоону түзүмдөрүнүн өздүк курамын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программасына жердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен толуктоолорду киргизе алат.
г) уюмдар:
- зарыл болгон учурларда Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программаларына уюмдардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен толуктоолорду киргизе алат;
- уюмдардын жумушчуларын Жарандык коргонуу тармагында окутат;
- тиешелүү окуу-материалдык базаны түзөт жана аны иш абалында кармайт;
д) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасынын иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу-методикалык жактан жетектейт;
- Жарандык коргонуу боюнча милдеттерин аткаруучу жетекчи жана командалык-башкаруучу курамды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин, кызмат адамдарын (мындан ары - угуучулар) пландуу, анын ичинде келишимдик негизде даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу маселелерин чечүүдө методикалык жетектөөнү жана контролду, окуу процессин илимий-методикалык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну, окуу жана методикалык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча семинарларды, конференцияларды жана изилдөөлөрдү өткөрүүнү, жогорку окуу жайларынын профилдүү кафедраларына методикалык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат;
- Борбордо жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында даярдоодон өтүүчү Жарандык коргонуунун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин тизмесин иштеп чыгат жана аныктайт;
- жалпы билим берүү уюмдарын тартуу аркылуу калкты Жарандык коргонуу жаатында маалымдоону уюштурат.
6. Окутула турган адамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
а) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын жетекчилери (мындан ары - жетекчилер);
б) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызмат адамдары жана кызматкерлери, Жарандык коргонууну башкаруучу органдардын кызматкерлери (мындан ары - Жарандык коргонуунун кызмат адамдары жана кызматкерлери);
в) Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн, кызматтарынын жана күчтөрүнүн өздүк курамдары;
г) жалпы билим берүү уюмдарында, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган адамдар (мектепке чейинки жана балдарга кошумча билим берүү уюмдарынан тышкары) (мындан ары - окуучулар);
д) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын башкаруу органдарынын түзүмдөрүнө кирбеген өндүрүш жана тейлөө чөйрөсүндө иштеген адамдар (мындан ары - иштеген калк);
е) Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн курамына кирбеген, өндүрүш жана тейлөө чөйрөсүндө иштебеген адамдар (мындан ары - иштебеген калк);
7. ушул Жобонун 6-пунктунун "а", "б", "в" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Борбордо окуудан өтүшөт жана окутуунун жыйынтыгында:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн ченемдик укуктук документтеринин талаптарын, радиациялык, өрт коопсуздугу жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу боюнча эрежелерди;
- Жарандык коргонуунун түзүмүн жана милдеттерин, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларын иштеп чыгуунун жана пландоонун методикасын, мазмунун;
- Жарандык коргонуунун курамын, милдеттерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана күчтөрүн колдонуу тартибин, алардын дайыма даяр болушун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууну;
- өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүн, алардын келип чыгуу себептерин, негизги мүнөздөмөсүн, региондогу жана аймактагы экологиялык жана техногендик жагдайларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн;
- Жарандык коргонуу максатында финансылык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүү тартибин, алардын өлчөмдөрүн, күтүү жана толуктоо шарттарын;
- Жарандык коргонуунун күчтөрү менен аймактык жана объектилик башкаруу органдарынын ортосунда аракеттенүүнүн тартибин жана аны уюштурууну;
- тынчтык жана согуш мезгилинде болгон өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү тартибин жана аларды уюштурууну;
- калк арасында Жарандык коргонуу тармагындагы билимди үгүттөө формаларын жана методдорун, аларды уюштурууну;
- атайын жана санитардык тазалоону, дозиметриялык жана химиялык контролду өткөрүү тартибин;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ишин уюштуруу маселелерин, алардын түрдүү режимдеги даярдыгынын мөөнөттөрүн, жабдуусун жана Жарандык коргонуунун даярдык даражасын;
- нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын жумушун башкаруу, байланыш жана кабарлоо системасынын иштөө жана түзүү принциптерин;
- Жарандык коргонуунун милдеттерин чечүү үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жана бөлүнүштөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, алардан келтирилген зыянды азайтууга, калкты коргоого багытталган мамлекеттик жана аймактык максаттуу программаларды ишке ашыруунун тартибин.
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- Жарандык коргонуу тармагындагы уюштуруу документтерин иштеп чыгууну;
- ээлеген кызматынын деңгээлинде Жарандык коргонуу тармагындагы кырдаалды талдоону, баалоону жана чечим кабыл алууну;
- авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурууну, иштерди аткарууда баш ийген күчтөрдү башкарууну;
- радиациялык, өрт коопсуздугунун эрежелерин ишке ашыруу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу боюнча иш-чараларын жүргүзүү тартибин камсыздоону;
- калкка баш калкалоочу жай, жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууну, ошондой эле калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз жерге көчүрүүнү, жабыркаган калктын биринчи кезектеги муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууну;
- кооптуу өндүрүштүк системалардын жана объектилердин коопсуз иштешин уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
Жарандык коргоону тармагындагы баш ийген башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын, Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн даярдыгын уюштурууну жана өткөрүүнү, ошондой эле калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну;
- Жарандык коргонуу тармагындагы мобилизациялык пландын тапшырмаларын аткаруу боюнча чара көрүүнү.
8. Ушул жобонун 6-пунктунун "г", "д", "е" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формалар боюнча окуудан өтүшөт.
9. 6-пункттун "г", "д" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар окутуунун жыйынтыгы боюнча:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- Жарандык коргонуунун маселелери боюнча жетекчи документтердин негизги талаптарын;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же анын кесепетинен келип чыккан коркунучтардан жарандарды коргоону камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуунун милдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан уюмдардын жумушчуларын коргоону камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын милдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн;
- согуш аракеттерин жүргүзүүдө же анын кесепеттеринен келип чыккан коркунучтардан, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты коргоо боюнча Жарандык коргонуунун негизги иш-чараларын;
- тынч жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардан коргоонун негизги принциптерин, каражаттарын жана ыкмаларын, ошондой эле өзгөчө кырдаал келип чыкканда өзүнүн милдеттерин жана жүрүм-турум эрежелерин;
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- аскердик аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан жаралган коркунучтардан коргоо боюнча негизги иш-чараларды иш жүзүндө аткарууну, кабарлоо сигналдары боюнча так аракет жасоону;
- тынч жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардан өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону, объектиде өндүрүштүк авария болгон учурда так жана ишенимдүү аракет кылууну;
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын, радиациялык жана химиялык чалгындоо приборлорун колдонууну;
- имараттарды, аймакты, техниканы, кийимди жана өздүк коргонуу каражаттарын дезактивизациялоо, дегазациялоо, дезинфекциялоо, жарым-жартылай санитардык тазалоо, жаныбарларды ветеринардык тазалоо иштерин, керектүү агрохимиялык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- травмаларда жана жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү.
10. Ушул Жобонун 6-пунктунун "е"-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар окутуунун жыйынтыгы боюнча:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан, заманбап кыйратуучу каражаттардан, табигый кырсыктардын таасирлеринен, авариялардын жана апааттардын кесепеттеринен коргонуучу негизги каражаттарын жана ыкмаларын;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын табигый кырсык, авария жана апаат болгон шартта "Баарыңар көңүл бургула" сигналы боюнча жана башка оозеки кулактандыруу учурундагы аракет кылуунун тартибин;
- тынч жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда убактылуу көчүрүү жана эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүүдөгү жүрүм-турум эрежелерин.
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдаланууну, дем алуу органдарынын жана терини коргоочу жөнөкөй каражаттарды даярдоону;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын табигый кырсыктар, авариялар жана апаат шартында "Баарыңар көңүл бургула!" сигналы боюнча жана сөз аркылуу башка билдирүүлөр аркылуу аракет кылуунун тартибине ылайык аракеттенүү;
- жаракат алууда, күйүктө, ууланууда, электр тогу тийгенде, үшүк жана ысык алууда өз алдынча жана өз ара жардам кылуу;
- Жарандык коргонуунун иш-чараларын аткарууда балдарды коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу.
11. Калктын Жарандык коргонуу тармагындагы билимин, көндүмүн жана ыкмаларын өркүндөтүү Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык, тактикалык-атайын комплекстүү окууларды жана машыгууларды өткөрүүдө жүзөгө ашырылат.
Облустарда, шаарларда, райондордо жана айыл аймактарында командалык-штабдык окууларды өткөрүүгө белгиленген тартипте, макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик курамдарынын башкаруу органдарынын, биримдиктеринин, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ыкчам топтору тартылат.
12. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун Бирдиктүү системасынын адамдарын даярдоону жана окутууну каржылоо, ошондой эле облустарда, шаарларда, райондордо жана айыл аймактарында Жарандык коргонуу тармагындагы окутууну жана машыгууларды өткөрүү ушул максаттар үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан ишке ашырылат.
Иштеген калкты Жарандык коргонуу тармагына даярдоону, түзүмдөрдү даярдоону жана аларды аттестациядан өткөрүүнү каржылоо мамлекеттик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
|
| Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жарандык коргонуу тармагында окутуунун формалары (окутула турган адамдардын топтору боюнча)
1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, калк күндүзгү жана сырттан (анын ичинен аралыктан) окуу формасында окутулат. Органдарда жана уюмдарда окутуу жумуш убагында жүргүзүлөт.
Окутуу төмөнкүдөй формада ишке ашырылат:
а) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелери боюнча ченемдик документтер менен өз алдынча иштөө;
б) Жарандык коргонуу боюнча өзүнүн функционалдык милдеттерин окуп үйрөнүү;
в) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу;
г) Жарандык коргонуу боюнча окуу-методикалык жыйындарга, окууларга, машыгууларга жана башка пландуу иш-чараларга жеке катышуу.
2. Түзүмдөрдүн жана кызматтардын өздүк курамын окутуу формалары:
а) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда түзүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу;
б) иштеген жери боюнча түзүмдөрдүн жана кызматтардын өздүк курамы менен сабактарды өткөрүү;
в) Жарандык коргонуу боюнча окууларга жана машыгууларга катышуу.
3. Окуучуларды (студенттерди) окутуу формалары:
а) "Тиричилик коопсуздугунун негиздери" курсу жана "Тиричилик коопсуздугу" окуу сабагы боюнча окутуу (окуу убагында);
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга жана машыгууларга катышуу;
в) Жарандык коргонуу тематикасы боюнча эскертмелерди, баракчаларды жана окуу куралдарды окуу, радио берүүлөрдү угуу жана телепрограммаларды көрүү.
4. Иштеген калкты окутуу формалары:
а) иштеген жеринде окууларды өткөрүү;
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга, машыгууларга жана башка пландуу иш-чараларга катышуу;
в) тынч жана согуш убагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча программаларды жекече үйрөнүү.
5. Иштебеген калкты (жашаган жеринен) окутуу формалары:
а) Жарандык коргонуу тематикасы боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга (сүйлөшүүлөргө, лекцияларга, суроо-жооп кечелерине, консультацияларга, окуу фильмдерин көрсөтүүгө ж.у.с.) катышуу;
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга катышуу;

| Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Окутулууга тийиш кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызмат адамдарынын тизмеси | Узактыгы (саат) | Мезгили |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жарандык коргонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары | 5 | жылына 1 жолу |
2 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары | 5 | жылына 1 жолу |
3 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун Жарандык коргонуу боюнча милдеттерди аткаруучу (кызмат ордуна дайындалганда) башкы жана жетектөөчү адистери | 21 | Кызматка дайындалган учурда, кийин жылына 1 жолу |
4 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
5 | Облустардын, райондордун (шаарлардын) эвакуациялык комиссияларынын төрагалары | 6 | жылына 1 жолу |
6 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
7 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
8 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
9 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
10 | Облустук маанидеги шаарлардын Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
11 | Райондук маанидеги шаарлардын жана райондордун Жарандык коргонуунун начальниктери (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
12 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
13 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
14 | Айыл аймактарынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
15 | Уюмдардын Жарандык коргонуунун начальниктери, бириктирилген командалардын жана механизацияланган отряддардын командирлери | 7 | жылына 1 жолу |
16 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башкы жана жетектөөчү адистери | 21 | жылына 1 жолу |
17 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустардагы башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрүнүн башкы жана жетектөөчү адистери | 21 | жылына 1 жолу |
18 | Жалпы багыттагы (анын ичинде жогорку даярдыктагы) Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрүнүн командирлери | 21 | жылына 1 жолу |
19 | Лабораториялык контролдоо жана байкоо тармактарынын республикалык, облустук мекемелеринин начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
20 | Жарандык коргонуунун атайын мүлкүн узак убакытка сактоочу кампаларынын башчылары жана химиялык, өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар чарба объекттеринин диспетчерлери | 7 | жылына 1 жолу |
21 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери | 7 | жылына 1 жолу |
22 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн (бөлүкчөлөрүнүн) жана облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери (аскер кызматчылары) | 21 | жылына 1 жолу |
23 | 81497 жана 86123 аскер бөлүктөрүнүн кызматтарынын начальниктери, отряддардын командирлери жана куткаруу кызматынын начальниктери, алардын орун басарлары | 21 | жылына 1 жолу |
24 | Жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын окутуучулары, жалпы билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери" курсунун окутуучулары методисттери | 21 | жылына 1 жолу |
25 | Жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөттүн башчылары, айыл башчылары | 14 | жылына 1 жолу |
26 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн кароол башчылары | 36 | жылына 1 жолу |
27 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн командаларынын начальниктери | 36 | жылына 1 жолу |
28 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн айдоочу техниктери | 36 | жылына 1 жолу |
29 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү-куткаруучулар | 36 | жылына 1 жолу |
30 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн газ-түтүндөн коргоочулары | 36 | жылына 1 жолу |
31 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн радиотелефонисттери | 36 | жылына 1 жолу |
| Сааттар бардыгы: | 568 |
|
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 токтомуна) |
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн кызмат адамдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуунун негизги милдеттерин, багыттарын, формаларын, ыкмаларын жана тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын (мындан ары - уюмдар) менчигинин түрүнө карабай тиешелүү функцияларын, анын ичинде Жарандык коргоону жаатындагы окуп жаткандардын категориясын, окутуу көлөмүн, жерин, мезгилин аныктайт.
Окутуу күндүзгү жана сырттан (аралыктан) окутуу формаларында уюштурулат. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда окутуу жумуш убагында жүргүзүлөт. Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формаларда жүргүзүлөт. Окуу милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) тарабынан жарандардын иштеген, окуган жана жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Калктын көп ар кандай топторун камтуу максатында окутуу Борбордун окутуучуларынын калктуу конуштарга жана уюмдарга барып келиши менен окутулуучу адамдарды чогултуу методу аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.
Уюмдардын жетекчилеринин, Жарандык коргонуу тармагындагы кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсунун, жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Жарандык коргонуу жаатында иш милдетин аткарууга байланыштуу кызматтарга жаңыдан дайындалган адамдар үчүн иштин биринчи жылында Жарандык коргонуу жаатында окуудан өтүү милдеттүү болуп саналат.
Калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген программалар боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарын жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдан келип чыгуучу коркунучтардан сактануу ыкмаларын билүү, кабарлоо сигналдары боюнча аракеттердин тартибине, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларына, жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу эрежелерине үйрөтүү;
б) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн көндүмдөрүн өркүндөтүү;
в) авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу үчүн ыкмаларды жана көндүмдөрдү иштеп чыгуу;
г) штаттан тышкаркы авариялык-куткаруу түзүмдөрдүн жана куткаруу кызматтарынын өздүк курамдарынын (мындан ары - түзүмдөр жана кызматтар) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо боюнча аракеттердин ыкмаларын жана жолдорун билүүсү;
д) адамдарды суу объектилериндеги коопсуздук эрежелерине үйрөтүү.
3. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызмат адамдары окууну ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык Борбордон өтүшөт.
4. Окутуу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт:
а) тынчтык жана согуш убагында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;
б) өрт, радиациялык коопсуздукту жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу.
5. Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну уюштуруу жана ишке ашыруу максатында:
а) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Жарандык коргонуу тармагындагы кызмат адамдарын жана адистерин, ошондой эле борбордук аппараттардын башка кызматкерлерин окутуу боюнча иш-чараларды пландаштырышат жана ишке ашырат;
- карамагында турган уюмдардын түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилерин, кызматкерлерин жана өздүк курамын окутууну уюштуруу-методикалык жактан жетектешет жана контролдошот;
- "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсунун жана "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын, болжолдуу негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
- ушул органдардын карамагындагы кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерин "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагы боюнча окутууну уюштурат;
- өз кызматкерлеринин Жарандык коргоону боюнча иш-чаралар пландарына ылайык жылдык жыйындарына, окууларына жана машыгууларына катышуусун камсыз кылышат;
б) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну пландашат;
- башталгыч жалпы, негизги жана орто (толук) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарында "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" окуу курсун, аталган органдардын карамагындагы кесиптик билим берүү уюмдарында "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" сабагын окутууну уюштурат;
- Жарандык коргоону жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирге аракеттенип, облустардын, шаарлардын, райондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу программаларын иштеп чыгат;
- Жарандык коргоону боюнча иш-чаралардын планына ылайык өткөрүлүүчү ар жылдык жыйындарга, окууларга жана машыгууларга катышууну камсыз кылат;
- коомчулукка Жарандык коргонуу тармагында маалымдоону, билимдерин жайылтууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Жарандык коргонуу боюнча окуу адабиятын, көргөзмө куралдарын басып чыгарууну жана алар менен калкты камсыз кылууну уюштурат;
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуунун жүрүшүн жана анын сапатын контролдойт;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн шарттарды түзөт;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан коркунучтардан коргоо ыкмаларына окутууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;
- Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн өздүк курамын окутат;
- Жарандык коргонуу боюнча окууларды жана машыгууларды өткөрөт;
- тиешелүү аймактардагы жумушчуларды, Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн өздүк курамын, уюмдарды окутууну контролдойт жана жетектейт;
- зарыл болгон учурларда иштеген жана жумушсуз калктын, кызмат адамдардын жана Жарандык коргоону түзүмдөрүнүн өздүк курамын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программасына жердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен толуктоолорду киргизе алат.
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн шарттарды түзөт;
г) уюмдар:
- зарыл болгон учурларда Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген окуу программаларына уюмдардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен толуктоолорду киргизе алат;
- уюмдардын жумушчуларын Жарандык коргонуу тармагында окутат;
- тиешелүү окуу-материалдык базаны түзөт жана аны иш абалында кармайт;
д) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасынын иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу-методикалык жактан жетектейт;
- Жарандык коргонуу боюнча милдеттерин аткаруучу жетекчи жана командалык-башкаруучу курамды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин, кызмат адамдарын (мындан ары - угуучулар) пландуу, анын ичинде келишимдик негизде даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу маселелерин чечүүдө методикалык жетектөөнү жана контролду, окуу процессин илимий-методикалык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну, окуу жана методикалык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча семинарларды, конференцияларды жана изилдөөлөрдү өткөрүүнү, жогорку окуу жайларынын профилдүү кафедраларына методикалык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат;
- Борбордо жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында даярдоодон өтүүчү Жарандык коргонуунун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин тизмесин иштеп чыгат жана аныктайт;
- жалпы билим берүү уюмдарын тартуу аркылуу калкты Жарандык коргонуу жаатында маалымдоону уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Окутула турган адамдар төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
а) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, уюмдардын жетекчилери (мындан ары - жетекчилер);
б) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын кызмат адамдары жана кызматкерлери, Жарандык коргонууну башкаруучу органдардын кызматкерлери (мындан ары - Жарандык коргонуунун кызмат адамдары жана кызматкерлери);
в) Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн, кызматтарынын жана күчтөрүнүн өздүк курамдары;
г) жалпы билим берүү уюмдарында, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган адамдар (мектепке чейинки жана балдарга кошумча билим берүү уюмдарынан тышкары) (мындан ары - окуучулар);
д) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын башкаруу органдарынын түзүмдөрүнө кирбеген өндүрүш жана тейлөө чөйрөсүндө иштеген адамдар (мындан ары - иштеген калк);
е) Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн курамына кирбеген, өндүрүш жана тейлөө чөйрөсүндө иштебеген адамдар (мындан ары - иштебеген калк);
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ушул Жобонун 6-пунктунун "а", "б", "в" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Борбордо окуудан өтүшөт жана окутуунун жыйынтыгында:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн ченемдик укуктук документтеринин талаптарын, радиациялык, өрт коопсуздугу жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу боюнча эрежелерди;
- Жарандык коргонуунун түзүмүн жана милдеттерин, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларын иштеп чыгуунун жана пландоонун методикасын, мазмунун;
- Жарандык коргонуунун курамын, милдеттерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана күчтөрүн колдонуу тартибин, алардын дайыма даяр болушун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууну;
- өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүн, алардын келип чыгуу себептерин, негизги мүнөздөмөсүн, региондогу жана аймактагы экологиялык жана техногендик жагдайларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн;
- Жарандык коргонуу максатында финансылык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын запастарын түзүү тартибин, алардын өлчөмдөрүн, күтүү жана толуктоо шарттарын;
- Жарандык коргонуунун күчтөрү менен аймактык жана объектилик башкаруу органдарынын ортосунда аракеттенүүнүн тартибин жана аны уюштурууну;
- тынчтык жана согуш мезгилинде болгон өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү тартибин жана аларды уюштурууну;
- калк арасында Жарандык коргонуу тармагындагы билимди үгүттөө формаларын жана методдорун, аларды уюштурууну;
- атайын жана санитардык тазалоону, дозиметриялык жана химиялык контролду өткөрүү тартибин;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ишин уюштуруу маселелерин, алардын түрдүү режимдеги даярдыгынын мөөнөттөрүн, жабдуусун жана Жарандык коргонуунун даярдык даражасын;
- нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын жумушун башкаруу, байланыш жана кабарлоо системасынын иштөө жана түзүү принциптерин;
- Жарандык коргонуунун милдеттерин чечүү үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жана бөлүнүштөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, алардан келтирилген зыянды азайтууга, калкты коргоого багытталган мамлекеттик жана аймактык максаттуу программаларды ишке ашыруунун тартибин.
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- Жарандык коргонуу тармагындагы уюштуруу документтерин иштеп чыгууну;
- ээлеген кызматынын деңгээлинде Жарандык коргонуу тармагындагы кырдаалды талдоону, баалоону жана чечим кабыл алууну;
- авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурууну, иштерди аткарууда баш ийген күчтөрдү башкарууну;
- радиациялык, өрт коопсуздугунун эрежелерин ишке ашыруу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу боюнча иш-чараларын жүргүзүү тартибин камсыздоону;
- калкка баш калкалоочу жай, жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууну, ошондой эле калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз жерге көчүрүүнү, жабыркаган калктын биринчи кезектеги муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууну;
- кооптуу өндүрүштүк системалардын жана объектилердин коопсуз иштешин уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;
Жарандык коргоону тармагындагы баш ийген башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын, Жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн даярдыгын уюштурууну жана өткөрүүнү, ошондой эле калкты Жарандык коргонуу тармагында окутууну;
- Жарандык коргонуу тармагындагы мобилизациялык пландын тапшырмаларын аткаруу боюнча чара көрүүнү.
8. Ушул жобонун 6-пунктунун "г", "д", "е" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формалар боюнча окуудан өтүшөт.
9. 6-пункттун "г", "д" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар окутуунун жыйынтыгы боюнча:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- Жарандык коргонуунун маселелери боюнча жетекчи документтердин негизги талаптарын;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же анын кесепетинен келип чыккан коркунучтардан жарандарды коргоону камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуунун милдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан уюмдардын жумушчуларын коргоону камсыз кылуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын милдеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн;
- согуш аракеттерин жүргүзүүдө же анын кесепеттеринен келип чыккан коркунучтардан, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты коргоо боюнча Жарандык коргонуунун негизги иш-чараларын;
- тынч жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардан коргоонун негизги принциптерин, каражаттарын жана ыкмаларын, ошондой эле өзгөчө кырдаал келип чыкканда өзүнүн милдеттерин жана жүрүм-турум эрежелерин;
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- аскердик аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан жаралган коркунучтардан коргоо боюнча негизги иш-чараларды иш жүзүндө аткарууну, кабарлоо сигналдары боюнча так аракет жасоону;
- тынч жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардан өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону, объектиде өндүрүштүк авария болгон учурда так жана ишенимдүү аракет кылууну;
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын, радиациялык жана химиялык чалгындоо приборлорун колдонууну;
- имараттарды, аймакты, техниканы, кийимди жана өздүк коргонуу каражаттарын дезактивизациялоо, дегазациялоо, дезинфекциялоо, жарым-жартылай санитардык тазалоо, жаныбарларды ветеринардык тазалоо иштерин, керектүү агрохимиялык иш-чараларды жүргүзүүнү;
- травмаларда жана жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү.
10. Ушул Жобонун 6-пунктунун "е"-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар окутуунун жыйынтыгы боюнча:
а) төмөнкүлөрдү билиши керек:
- күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан, заманбап кыйратуучу каражаттардан, табигый кырсыктардын таасирлеринен, авариялардын жана апааттардын кесепеттеринен коргонуучу негизги каражаттарын жана ыкмаларын;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын табигый кырсык, авария жана апаат болгон шартта "Баарыңар көңүл бургула" сигналы боюнча жана башка оозеки кулактандыруу учурундагы аракет кылуунун тартибин;
- тынч жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда убактылуу көчүрүү жана эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүүдөгү жүрүм-турум эрежелерин.
б) төмөнкүлөрдү аткара билиши керек:
- жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарын пайдаланууну, дем алуу органдарынын жана терини коргоочу жөнөкөй каражаттарды даярдоону;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын табигый кырсыктар, авариялар жана апаат шартында "Баарыңар көңүл бургула!" сигналы боюнча жана сөз аркылуу башка билдирүүлөр аркылуу аракет кылуунун тартибине ылайык аракеттенүү;
- жаракат алууда, күйүктө, ууланууда, электр тогу тийгенде, үшүк жана ысык алууда өз алдынча жана өз ара жардам кылуу;
- Жарандык коргонуунун иш-чараларын аткарууда балдарды коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу.
11. Калктын Жарандык коргонуу тармагындагы билимин, көндүмүн жана ыкмаларын өркүндөтүү Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык, тактикалык-атайын комплекстүү окууларды жана машыгууларды өткөрүүдө жүзөгө ашырылат.
Облустарда, шаарларда, райондордо жана айыл аймактарында командалык-штабдык окууларды өткөрүүгө белгиленген тартипте, макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик курамдарынын башкаруу органдарынын, биримдиктеринин, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ыкчам топтору тартылат.
12. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун Бирдиктүү системасынын адамдарын даярдоону жана окутууну каржылоо, ошондой эле облустарда, шаарларда, райондордо жана айыл аймактарында Жарандык коргонуу тармагындагы окутууну жана машыгууларды өткөрүү ушул максаттар үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан ишке ашырылат.
Иштеген калкты Жарандык коргонуу тармагына даярдоону, түзүмдөрдү даярдоону жана аларды аттестациядан өткөрүүнү каржылоо мамлекеттик аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
|
| Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Жарандык коргонуу тармагында окутуунун формалары (окутула турган адамдардын топтору боюнча)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, калк күндүзгү жана сырттан (анын ичинен аралыктан) окуу формасында окутулат. Органдарда жана уюмдарда окутуу жумуш убагында жүргүзүлөт.
Окутуу төмөнкүдөй формада ишке ашырылат:
а) Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, пландаштыруу жана өткөрүү маселелери боюнча ченемдик документтер менен өз алдынча иштөө;
б) Жарандык коргонуу боюнча өзүнүн функционалдык милдеттерин окуп үйрөнүү;
в) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу;
г) Жарандык коргонуу боюнча окуу-методикалык жыйындарга, окууларга, машыгууларга жана башка пландуу иш-чараларга жеке катышуу.
2. Түзүмдөрдүн жана кызматтардын өздүк курамын окутуу формалары:
а) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда түзүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу;
б) иштеген жери боюнча түзүмдөрдүн жана кызматтардын өздүк курамы менен сабактарды өткөрүү;
в) Жарандык коргонуу боюнча окууларга жана машыгууларга катышуу.
3. Окуучуларды (студенттерди) окутуу формалары:
а) "Тиричилик коопсуздугунун негиздери" курсу жана "Тиричилик коопсуздугу" окуу сабагы боюнча окутуу (окуу убагында);
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга жана машыгууларга катышуу;
в) Жарандык коргонуу тематикасы боюнча эскертмелерди, баракчаларды жана окуу куралдарды окуу, радио берүүлөрдү угуу жана телепрограммаларды көрүү.
4. Иштеген калкты окутуу формалары:
а) иштеген жеринде окууларды өткөрүү;
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга, машыгууларга жана башка пландуу иш-чараларга катышуу;
в) тынч жана согуш убагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча программаларды жекече үйрөнүү.
5. Иштебеген калкты (жашаган жеринен) окутуу формалары:
а) Жарандык коргонуу тематикасы боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга (сүйлөшүүлөргө, лекцияларга, суроо-жооп кечелерине, консультацияларга, окуу фильмдерин көрсөтүүгө ж.у.с.) катышуу;
б) Жарандык коргонуу боюнча окууларга катышуу;
в) Жарандык коргонуу тематикасы боюнча эскертмелерди, баракчаларды жана окуу куралдарды окуу, радио берүүлөрдү угуу жана телепрограммаларды көрүү.
Тиркеме |
|
| "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Окутулууга тийиш болгон кызмат адамдарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат адамдарынын тизмеги | Узактыгы (саат) | Мезгилдүүлүгү |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык коргонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары | 5 | жылына 1 жолу |
2 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары | 5 | жылына 1 жолу |
3 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун Жарандык коргонуу боюнча милдеттерди аткарган (кызмат ордуна дайындалганда) башкы жана жетектөөчү адистери | 21 | жылына 1 жолу |
4 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
5 | Облустардын, райондордун (шаарлардын) эвакуациялык комиссияларынын төрагалары | 6 | жылына 1 жолу |
6 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
7 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
8 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
9 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
10 | Облустук маанидеги шаарлардын Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
11 | Райондук маанидеги шаарлардын жана райондордун Жарандык коргонуунун начальниктери (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
12 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
13 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
14 | Айыл аймактарынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
15 | Уюмдардын Жарандык коргонуунун начальниктери, бириктирилген командалардын жана механизацияланган отряддардын командирлери | 7 | жылына 1 жолу |
16 | Жалпы багыттагы (анын ичинде жогорку даярдыктагы) Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрүнүн командирлери | 21 | жылына 1 жолу |
17 | Лабораториялык контролдоо жана байкоо тармактарынын республикалык, облустук, шаардык мекемелеринин начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
18 | Жарандык коргонуунун атайын мүлкүн узакка сактоочу кампаларынын башчылары жана химиялык, өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар чарба объекттеринин диспетчерлери | 7 | жылына 1 жолу |
19 | Жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" дисциплинасынын окутуучулары, жалпы билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери" курсунун окутуучулары методисттери | 21 | жылына 1 жолу |
20 | Жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттары, айыл башчылары | 14 | жылына 1 жолу |
21 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аппаратынын Жарандык коргонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары | 14 | жылына 1 жолу |
22 | Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчилери | 7 | жылына 1 жолу |
23 | Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчилеринин орун басарлары | 14 | жылына 1 жолу |
24 | Облустардын, шаарлардын жана райондордун Жарандык коргонуу боюнча комиссияларынын катчылары | 21 | жылына 1 жолу |
25 | Облустардын, шаарлардын жана райондордун эвакуациялоо комиссияларынын катчылары | 21 | жылына 1 жолу |
26 | Айыл аймактарындагы Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу кызматкерлер | 21 | жылына 1 жолу |
27 | Жогорку окуу жайларынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан) | 7 | жылына 1 жолу |
28 | Орто атайын окуу жайларынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан) | 7 | жылына 1 жолу |
29 | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат өтөө белгиленген мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары | 7 | жылына 1 жолу |
Эскертүү:
Жарандык коргонуу жаатында иш милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат ордуна жаңыдан дайындалган адамдар үчүн иштин биринчи жылында Жарандык коргонуу жаатында окуудан өтүү милдеттүү болуп саналат.".