Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июну № 298
Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоодо коопсуздукту күчөтүү жана авариялык кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлунда N 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |