Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 330
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамада:
- 9-пунктундагы "3 иш күндөн" деген сөздөр "5 иш күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 42-пунктунун биринчи абзацындагы "2" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлундагы N 57 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |