Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген Нускаманын колдонуусу токтолду
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2023-жылдын 10-октябры № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөдөгү мекемелери), алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларын) (мындан ары - виза) тариздөө тартибин аныктайт.
2. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү, анын ичинде өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө визасы болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.
4. Ушул Нускамада колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин (мындан ары - ККД) же ТИМдин Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү) түзүмдүк бөлүмү;
визалык пункт - чет мамлекеттин тийиштүү аймагынын чегинде визаларды тариздөө боюнча функцияларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
визалык анкета - кагаз же электрондук түрдө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;
визалык чаптама - ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык таризделген, арыз ээсинин жарактуу документине чапталуучу визалык бланк;
кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгып кетүү үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кайра кирүү үчүн таризделүүчү виза;
визалык колдоо - чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча ТИМ тарабынан таризделген чакыруу;
арыз ээси - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), анын канцеляриялары (бөлүмдөрү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункт;
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирген/чыккан адамдарды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө визаларды жана уруксаттарды, туруктуу же убактылуу жашап турууга уруксаттарды берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында болгон (жашаган) жери аркылуу каттоо боюнча маалыматтык система;
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;
ТИМ органдары - ККД, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - ТИМдин ЫУӨ), мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери;
визаны тариздөө - ТИМ органдары жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларын) документтик тариздөө жана берүү жол жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттер;
"Электрондук виза" порталы - расмий интернет-сайт, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө өтүнмөлөр берилет;
жарактуу документ - бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдар тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө таризделген жана ага ыйгарым укук берилген органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок, ким экендигин ырастоочу документ;
чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар;
өз ара түшүнүү принциби - макулдашуунун негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды тариздөө учурунда эки жакка бирдей берилүүчү шарттар;
жумушка уруксат - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүүгө укугун далилдей турган белгиленген үлгүдөгү документ;
визаны колдонуу мөөнөтү - визаны колдонуунун башталган жана бүткөн датасы, ушул мезгил ичинде чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына(н) келүүгө/кетүүгө укугу бар;
жүрүү мөөнөтү - колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында виза боюнча Кыргыз Республикасында жүрүүгө мүмкүн болгон күндөрдүн саны;
электрондук виза - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок жактарга ККД тарабынан электрондук тартипте берилүүчү, ошондой эле Интернет электрондук тармагы аркылуу алынган, атайын окула турган коду бар, статусу боюнча визага теңдештирилген Кыргыз Республикасы тааныган документтик ырастама, анын колдо болушу жарактуу документ менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүгө жана транзиттик өтүүгө уруксат берет.
QR - код - машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Визалар төмөнкүдөй категорияларга жана типтерге бөлүнөт:
- дипломатиялык виза ("diplomatic visa") - "D" тиби;
- кызматтык виза ("official visa") - "О" тиби;
- инвестициялык виза ("investment visa") - "I" тиби;
- эмгек визасы ("employment visa") - "W" тиби;
- атайын эмгек визасы ("special working visa") - "SW" тиби;
- окуу визасы ("study visa") - "S" тиби;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- айдоочулук виза ("driver's visa") - "Т" тиби;
- атайын мейман визасы ("special guest visa") - "SG" тиби;
- туугандар визасы ("relatives visa") - "RL" тиби;
- мекен визасы ("meken visa") - "М" тиби;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- диний виза ("religion visa") - "R" тиби;
- чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("foreigners family visa") - "FF" тиби;
- транзиттик виза ("transit visa") - "TR" тиби;
- чыгуу визасы ("leave visa") - "L" тиби;
- "Санарип көчмөн "Digital nomad" виза - "DN" тиби;
- сапар виза ("sapar visa") - "J" тиби.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Канча жолу сапар тартышына жараша визалар төмөнкүдөй бөлүнөт:
- бир жолку (Бир жолку/Single), Кыргыз Республикасына бир жолу келип-кетүү үчүн берилүүчү визалар;
- көп жолку (Көп жолку/Multiple), Кыргыз Республикасына бир нече жолу келип кетүү үчүн берилүүчү визалар.
7. Визаларды жана визалык колдоону тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акча каражаттары алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Визаларды тариздөө мөөнөтү бул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтер алынган күндөн тартып 7 иш күндөн жана электрондук визалар үчүн 5 иш күндөн ашпайт.
9. Визалык колдоонун мөөнөтү, аны кайрадан колдонуу укугу каралбаган негизде, таризделген күндөн тартып 30 күндү түзөт.
Визаны тариздөө орду өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу визалык колдоо кайра жиберилген учурда бул мөөнөт жаңыртылбайт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган арыз ээсине төмөнкүдөй категориядагы жана типтеги визалар таризделет:
- дипломатиялык виза ("diplomatic visa") - "D" тиби;
- кызматтык виза ("official visa") - "О" тиби;
- инвестициялык виза ("investment visa") - "I" тиби;
- эмгек визасы ("employment visa") - "W" тиби;
- атайын эмгек визасы ("special working visa") - "SW" тиби;
- атайын мейман визасы ("special guest visa") - "SG" тиби;
- окуу визасы ("study visa") - "S" тиби;
- туугандар визасы ("relatives visa") - "RL" тиби;
- мекен визасы ("meken visa") - "М" тиби;
- диний виза ("religion visa") - "R" тиби;
- чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("foreigners family visa") - "FF" тиби;
- чыгуу визасы ("leave visa") - "L" тиби;
- "Санарип көчмөн "Digital nomad" виза - "DN" тиби;
- транзиттик виза ("transit visa") - "TR" тиби;
- сапар виза ("sapar visa") - "J" тиби;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын аймагында туулган арыз ээсине өлкөдөн чыгуу талабысыз жогоруда аталган категориядагы визалардын бири таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2023-жылдын 10-октябры № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасында жүрүүнүн мөөнөтүн жана эрежелерин бузган жактарга ТИМ ККД жана ТИМдин ЫӨ тарабынан чыгуу визасы таризделет.
Мындай арыз ээлерине карата эреже бузуучулар тууралуу маалымат базасы түзүлөт.
Маалымат ТМЭБС аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан эреже бузуучулар тууралуу маалымат базасына киргизилет.
Ошондой эле маалымат базасына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө уруксат берилбеген арыз ээлери жөнүндө маалымат киргизилет.
12. ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери визага кол коюу укугуна ээ.
ТИМдин бардык тийиштүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол коюлган үлгүлөрү жана басылган мөөрлөрү Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны коргоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.
2. Визалардын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү
13. Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.
Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:
- чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - виза 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык;
- чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктарды колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин виза берилет;
- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык;
Эгерде дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык дипломатиялык статусу таанылса, анда ага дипломатиялык виза таризделет.
Визаны тариздөө аккредитациянын мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт.
14. Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет.
Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет;
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылга чейинки мөөнөткө виза берилет;
- дипломатиялык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет.
Эгерде кызматтык/расмий паспорту болбогон чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан анын расмий статусу таанылса, ага кызматтык виза таризделет.
Визаны тариздөө аккредитация мөөнөтүнө же бир жылга, же өз ара түшүнүү принцибинде жүргүзүлөт.
15. Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүш, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай же материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын ырастоочу керектүү документтерди берген инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына таризделет.
Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөткө берилет:
- 5 жыл, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошсо;
- 10 жыл, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошсо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эмгек визасы ("W" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине таризделет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 60 күндүк мөөнөткө кирүүгө укук берет.
Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ЫӨ тарабынан эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө, бирок 1 жылдан ашпаган эмгек визасы ("W" тиби) таризделет.
Эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө берилген эмгек визасы ("W" тиби) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттик мекемелеринде таризделиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке уруксат алуусуз, эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлерине 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) ККД, Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан миграция же аккредитация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын (журналисттер жана кабарчылар үчүн) же мамлекеттик органдардын кайрылуусунун (Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруучу кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн) негизинде, бирок 1 жылдан ашпаган мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.
Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелеринде окуган учурда 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык жүк ташуу үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга таризделет.
Айдоочулук виза, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкасы каралбаса, же өз ара жактыруучулук принциптеринде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Атайын мейман визасы ("SG" тиби) Кыргыз Республикасына ар кандай ишкердик же жеке мүнөздөгү максаттар менен келген арыз ээсине Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин тапшырмасы боюнча 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Туугандар визасы ("RL" тиби) жакын туугандарына келүү жана үй-бүлөсү менен кошулуу учурунда арыз ээсине 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
Зарылчылык болсо, качкын деп таанылган жакка ырастаган документтери болгон учурда, улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча Туугандар бир жолку чыгуу-кирүү визасы ("RL" тиби) 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
23. Мекен визасы ("М" тиби) этностук кыргыздарга, кийинчерээк "кайрылман" статусун алуу мүмкүнчүлүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келип кетүүгө же кайтып келүүгө 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
Зарыл учурларда "кайрылман" статусуна ээ болгон адамга Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү мекен визасы 1 жылга чейинки мөөнөткө ("М" тиби) таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Сапар виза ("J" тиби) Кыргыз Республикасына туризм максатында, жеке мүнөздөгү ар кандай максаттар, анын ичинде досторуна баруу, медициналык кызматтарды алуу, ошондой эле ишкердик максаттары менен: мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери экономикалык дипломатия боюнча долбоорлордун алкагында эмгектик же жеке ишкердик ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда табуу менен байланышкан башка аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз 90 күнгө чейинки мөөнөткө уюштуруучу сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келүүгө ниеттенген арыз ээсине таризделет.
Визасыз режим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө бир жолку сапар виза ("J" тиби) таризделет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана/же уставдык капиталга мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбалык коомдордун жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча арыз ээсине сапар виза ("J" тиби) 6 айга чейин таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Диний виза ("R" тиби) диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.
27. Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тиби) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына кызматтык ("О" тиби), инвестициялык ("I" тиби), эмгек ("W" тиби), атайын эмгек ("SW" тиби), туугандар визасы ("RL" тиби), окуу ("S" тиби), "Санариптик көчмөн "Digital nomad" визасы ("DN" тиби) ошондой эле жашап турууга уруксаттын же жашаган жери боюнча каттоонун негизинде (Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүүгө тийиш болгон мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде келген үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майып балдар жана багууда болгон ата-энелер) эмгектенүү же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
Инвестициялык визанын ("I" тиби) негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө инвестициялык виза ("I" тиби) берилген мөөнөткө консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тиби) таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
28. Транзиттик виза ("ТR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө баруучу арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.
29. Чыгуу визасы ("L" тиби) арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн өтүп кеткен жүрүү мөөнөтүн толуктоону эске алуу менен 10 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө төмөнкү учурларда берилет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза менен же визасыз режимде аныкталган жүрүү мөөнөтүн жана эрежелерин бузган учурда;
- жумушка болгон уруксатын тариздөөдөн баш тартууда же жокко чыгарууда;
- убактылуу же туруктуу жашоого уруксатты тариздөөдөн, узартуудан же жокко чыгаруудан баш тартууда жана аны жокко чыгарууда;
- визаны тариздөөдөн баш тартууда;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелериндеги окуусун токтоткондо же окуудан чыгарылганда, окуусун аяктаганда;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишин токтоткондо;
- улуттук коопсуздук маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүүнү каалаган учурда, "кайрылман" статусу бар баш калка издеген же, же качкын деп таанылган адам кайрылганда;
Саламаттык сактоо уюмдары, улуттук коопсуздук/ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген ырастоочу документтер болгон учурда, төмөнкү учурларда чыгуу визасын кайрадан тариздөөгө жол берилет:
- арыз ээси оорусуна, жаракат алгандыгына же жабыр тарткандыгына байланыштуу өз алдынча кыймылдаганга мүмкүнчүлүгү болбогондо;
- арыз ээсинин териштирүү жана соттук иш-чараларга катышуу зарылчылыгы болгондо.
Чыгуу визасын тариздөө менен бир эле убакта арыз ээсинин колдонуудагы визасы болсо, ал жокко чыгарылат.
Дипломатиялык же кызматтык категориядагы визанын ээсине, анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда өлкөдөн чыгып кетүү үчүн ушул сыяктуу категориядагы (дипломатиялык же кызматтык) виза чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнмөсү боюнча акысыз негизде, 10 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
291. "Санариптик көчмөн "Digital nomad" визасы ("DN" тиби) санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча же "Санариптик көчмөн "Digital nomad" статусуна ээ болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө алектенген чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга ККД тарабынан 1 жылга чейинки и мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 , 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. "Электрондук виза" порталы аркылуу визаларды тариздөө тартиби
30. Арыз ээси расмий интернет сайтында жайгашкан "Электрондук виза" порталы аркылуу ККДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет.
Келүү максаттарына жараша визаны тариздөө үчүн арызды чакырган тарап дагы бериши мүмкүн.
31. "Электрондук виза" порталы төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт:
- электрондук виза алуунун шарттары;
- "Электрондук виза" порталы аркылуу санариптик форматта бериле турган керектүү документтер;
- консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу акча каражаттары (мындан ары - каражаттар);
- каражаттарды төлөөнүн ыкмалары (электрондук банктык төлөө системасы);
- Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби;
- электрондук визаларды алуу үчүн арыздарды кароонун мөөнөтү;
- кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алуу үчүн арыздарды кайрадан карап чыгуу тартиби;
- каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
- электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары;
- визаларды тариздөө боюнча кошумча маалыматтар.
32. Арыз ээси "Электрондук виза" порталында визалык анкетаны ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурат жана ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтерди түстүү фото (ак фондогу) менен берет. Адамдын жүзү даана болууга тийиш, бети жана далысынын жогору жагы сүрөткө толук батышы керек, сүрөткө түшүп жаткан адам камерага түз кароосу зарыл.
33. Визаны алуу үчүн арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС тарабынан ырасталат.
Арыз ээсинин визалык анкетасында ката же тийиштүү категориядагы визаны тариздөө үчүн ушул Нускамада каралган зарыл документтердин жоктугу белгиленген учурда, виза алууга арыз каталарды жоюу же арызды зарыл болгон бардык документтер менен толуктоо үчүн арыз берүүчүгө кайтарылат.
Визаны тариздөөгө өтүнмө толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде оңдолууга тийиш, аталган мөөнөт аяктагандан кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
Жокко чыгарылган өтүнмө үчүн акча каражаттары кайтарылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Электрондук визаны баш тарткан учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт.
35. Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда арыз ээсине визаны тариздөөдөн баш тартылат. Визаны тариздөөдөн баш тартуу тууралуу чечим арыз ээсине түшүндүрүлбөйт.
36. Визанын категориясына жана тибине жараша визаны тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеги:
1) дипломатиялык виза үчүн ("D" тиби):
- дипломатиялык паспорттун көчүрмөсү;
- аккредитациялык картанын көчүрмөсү (ККД же ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн узак мөөнөттүү визасы таризделген учурда);
- чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
2) кызматтык виза үчүн ("О" тиби):
- кызматтык паспорттун көчүрмөсү;
- аккредитациялык карточканын көчүрмөсү (ККД же ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн узак мөөнөттүү визасы таризделген учурда);
- чет мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
3) инвестициялык виза үчүн ("I" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- арыз ээсинин инвестор статусуна шайкештигин ырастаган инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ушул мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
4) эмгек визасы үчүн ("W" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо);
- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө ниеттенген арыз ээсинин жеке кайрылуусу;
- иштөөгө уруксат (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
5) атайын эмгек визасы үчүн ("SW" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо);
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты же журналисттерди/корреспонденттерди аккредитациялоо жөнүндө документ (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
- арыз ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкери статусуна шайкештигин ырастаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
6) окуу визасы үчүн ("S" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо);
- арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун (окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен) ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
7) КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) айдоочулук виза үчүн ("Т" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- транспорттук компаниянын, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкасы каралбаса, арыз ээсинин кызматын жана жүк ташуучу автотранспорт каражатынын маалыматтарын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы;
- автотранспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу укугун берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
9) атайын мейман визасы үчүн ("SG" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жазуу жүзүндөгү тапшырмасы;
10) туугандар визасы үчүн ("RL" үчүн):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү;
- чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаганын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- никени каттоо жөнүндө күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон туугандык мамилесин ырастоочу башка документтер;
- иштеген жеринен эмгек акы жөнүндө маалымкат же чакыруучу тараптын же арыз берүүчүнүн материалдык мүмкүнчүлүгү жөнүндө башка документ;
- арыз ээсинин жашоого уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо тууралуу документ (арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү жана качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы берилген учурда);
11) мекен визасы үчүн ("М" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- арыз ээсинин өтүнүчү;
- кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);
- арыз ээсинин жашоого уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ (арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- "кайрылман" статусу бар адамдардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы таризделген учурда);
12) КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) диний виза үчүн ("R" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат болгон учурда диний уюмдун кайрылуусу;
15) чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөсүнүн визасы үчүн ("FF" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы;
- кабыл алуучу уюмдун өтүнүчү (юридикалык жактар үчүн);
- арыз берүүчү менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандык мамилелерди күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында уруксат алып жүргөнүн ырастоочу документтердин көчүрмөсү;
16) транзиттик виза үчүн ("TR" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- үчүнчү өлкөгө баруунун акыркы пунктуна чейин жолдо жүрүү билетинин көчүрмөсү же бара турган өлкөнүн визасынын көчүрмөсү, же барып виза алган учурда үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;
17) чыгуу визасы үчүн ("L" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- улуттук коопсуздук органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттары;
18) "Санарип көчмөн "Digital nomad" визасы үчүн ("DN" тиби):
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү, салыктык карыздардын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан маалымкатты тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (эгерде ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн эмес болсо).
Эгерде арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилде берсе, аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостиль коюлат же эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, алар боюнча мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу өткөрүлүүгө тийиш).
19) Сапар виза ("J" тиби) үчүн:
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу (Кыргыз Республикасына туристтик максатта келген учурда);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (Кыргыз Республикасына ишкердик максаттар менен келген учурда);
- чет өлкөлүк жаран өлкөдө болгон мезгилде аны камсыз кылуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (жеке мүнөздөгү ар кандай максаттар менен келген учурда, анын ичинде досторуна келүүдө);
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин ошол мекемеде медициналык дарылануудан өткөндүгүн ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (Кыргыз Республикасына медициналык максатта келген учурда);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана/же уставдык капиталга мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбакер коомдордун чет өлкөлүк жарандын тартылган долбоорлорго катышуу деңгээлин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же башка жүйөлүү негиздеме (визаны тариздөөгө өтүнүч берилген учурда 6 айга чейин).
Эгерде арыз ээлери ушул пунктта каралган документтерди чет тилде берсе, аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек (документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостиль коюлат же эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, алар боюнча мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу өткөрүлүүгө тийиш).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
37. Визалык анкета, санариптик сүрөттөр жана арызга кошумча документтер ТМЭБСте сакталат.
38. ККД тапшырылган документтердин ушул Нускаманын талаптарына шайкештигин текшерет. Каталар же шайкешсиздиктер аныкталган учурда арыз ээсине оңдоолордун зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилет.
39. Визаны тариздөөгө өтүнмө ТМЭБС аркылуу 4 жумуш күндүн ичинде улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат.Мөөнөттүү тариф боюнча акы төлөнгөн учурда визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 1 жумуш күнгө чейин макулдашылат.
Жөнөкөйтүлгөн виза режимине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн, 14 жашка чыга элек адамдар үчүн визаны тариздөөгө, ошондой эле визаны арыз ээсинин башка жарактуу документине тариздөөдө өтүнмөлөр макулдашылбайт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы арыз ээсинин электрондук виза алуусу үчүн тоскоол боло турган негиздердин жоктугу же электрондук виза берүүнүн максатка ылайыксыздыгы тууралуу ККДга электрондук билдирүү жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы көрсөтүлгөн мөөнөттө жообун бербесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
40. ККД улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык арыз ээсинин визалык анкетасында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук визаны жиберет.
Электрондук виза берилгендиги тууралуу маалымат тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө белгилүү болот.
41. Арыз ээси Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар расмий өткөрүп жаткан эл аралык, экономикалык, илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышканда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөткөндө же Кыргыз Республикасында жашаган (каза болгон) жакын тууганы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алгандары, багып алуучулары, уялаш жана уялаш эмес ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, чоң энеси, неберелери) катуу ооруп же каза болгондо жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына келүүсү жөнүндө маселени тез арада чечүү керек болгондо ККД/чет өлкөдөгү мекеме мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү өтүнүч катынын, берилген ырастоочу документтердин жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тоскоолдуктардын жоктугунун негизинде улуттук коопсуздук органына милдеттүү түрдө билдирүү менен 3 иш күндүн ичинде визалык колдоону тариздөөгө укуктуу.
42. Арыз ээси электрондук визаны алгандан кийин зарылдыкка жараша аны кагазга чыгарат.
43. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келгенде арыз ээси мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине электрондук виза таризделген жарактуу документин көрсөтөт. Виза таризделбеген башка жарактуу документин көрсөтүү анын ээсине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугун бербейт.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери электрондук визанын бар экендигин ТМЭБС системасында текшерет.
44. Эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү шарттарына туура келсе, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ТМЭБС системасына киргендигин каттайт жана киргендиги жөнүндө жарактуу документиндеги мөөр менен электрондук визанын бар экендигин ырастайт.
45. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасы арыз ээсинин электрондук визасынын болгонуна карабастан, төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнөн баш тартуу укугуна ээ:
- арыз ээсинин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө укук берүүчү жарактуу документи жок болсо;
- арыз ээсинин жарактуу документин окууга мүмкүн болбосо же анын механикалык бузуулары болсо;
- арыз ээси мамлекеттик чек аранын режимин же өткөрүү пункттарындагы режимди бузса;
- арыз ээси мамлекеттик чек арадан өтөөрдө өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдирсе.
46. ККД визаны тариздөө өтүнмөсүн карап чыгууда арыз ээсин же чакыруучу тарапты тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн чакырууга укуктуу.
47. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда узак мөөнөттүү визаларды тариздөө тууралуу өтүнүч кат ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтерди тиркөө менен колдонуудагы визанын мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирбей тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Визаны тариздөө тууралуу өтүнүч катты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, мурда тийиштүү визаны тариздеген чакыруучу тарап бере алат.
49. Колдонуудагы визанын мөөнөтү ККД жана ТИМ ЫӨ тарабынан кыскартылышы же токтотулушу мүмкүн.
50. Улуттук коопсуздук органы тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси (мындан ары - Тизме), ошондой эле визасын тариздөөгө уруксат берилбеген адамдардын тизмеси ТМЭБСте жаңыланып турат, ошондой эле электрондук форматта ККДга берилет.
Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү (латын транскрипциясы менен);
- туулган датасы;
- жарактуу документинин реквизиттери (бар болсо);
- жарандыгы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Визанын суралган колдонуу мөөнөтүн, анын кайталанышын кыскартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- Кыргыз Республикасында конференциянын/жыйналыштын/спорттук мелдештердин/сүйлөшүүлөрдүн/көргөзмөлөрдүн иш жүзүндөгү өтүү мөөнөттөрү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында окуунун, медициналык же санаториялык-курорттук дарылануудан өтүүнүн узактыгы;
- эгерде арыз ээси же чакырган тарап Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү зарылдыгын жетиштүү негиздей албаса;
- эгерде арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилинде жашоого, ошондой эле жашаган өлкөсүнө кайтып кетүүгө жетиштүү каражаты жок болсо.
4. Визаларды альтернативдүү (кагаз түрүндө) тариздөө тартиби
52. Чакыруучу тарап ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган зарыл болгон документтерди тиркөө менен ККДга визалык колдоону тариздөө үчүн жазуу жүзүндөгү өтүнмө берет.
Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн визалык колдоону тариздөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Нускаманын 36-пунктунда аталган документтерди тиркеп, арыз менен ККДга кайрылышат.
Жеке ишкердикти жүргүзүү үчүн же туристтик максатта Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жарандар ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган документтер менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышат.
Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч кат ККД тарабынан документтерди тапшырган күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде каралат.
Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 4 иш күндүн ичинде макулдашылат. Улуттук коопсуздук органы көрсөтүлгөн мөөнөттө жообун бербесе, өтүнмө оң жагына макулдашылды деп эсептелет.
Жеңилдетилген визалык режим колдонулуучу чет мамлекеттердин жарандары үчүн, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактарга визаларды тариздөө үчүн өтүнмөлөр макулдашуудан өтпөйт.
Жарактуу документтин барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган учурда визаны арыз ээсинин жаңы жарактуу документине визанын калган жарактуу мөөнөтүнө тариздөөгө болот.
Визаны тариздөө "Электрондук виза" порталы аркылуу жолдо жүрүү документин өзгөртүүнүн себебин көрсөтүү менен ишке ашырылат.
Барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган документ жөнүндө маалыматтар ТМЭБСте "Жараксыз документтер" базасына документти жараксыз деп таануунун себеби жөнүндө тиешелүү белги коюлуп киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Визанын категориясына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн ККДга төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
жеке максаттар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы;
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;
- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо;
- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер.
башка максаттар үчүн:
- чакыруучу тараптын өтүнүч каты;
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;
- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо;
- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Визалык колдоо таризделет жана ККД тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине, ошондой эле эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Чет мамлекеттердин жарандарына визаларды тариздөө ККДнын визалык колдоосунун негизинде чет өлкөлүк мекемелер же ТИМ виза пункту тарабынан мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктунда жүргүзүлөт. Визалык колдоо жок болгон учурда, визаны тариздөө ККД менен макулдашуудан кийин ТМЭБС аркылуу ишке ашырылат.
Жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулуп жаткан чет мамлекеттердин жарандарына, ошондой эле 14 жашка чыга элек адамдарга виза тариздөө алардын жеке кайрылууларын кароонун натыйжалары боюнча ишке ашырылат.
Эгерде арыз ээсинин объективдүү себептерден улам алмаштырылган же жокко чыгарылган (барактардын бүтүшү, бузулушу ж.б.) эски жол жүрүү документине жарактуу визасы бар экендиги аныкталса, ТИМдин эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункту тарабынан визаны консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан жана улуттук коопсуздук органы менен кошумча макулдашуусуз жарактуу документке которуу жүргүзүлөт. Визанын мөөнөтү жана категориясы мурда берилген визанын маалыматтарына дал келиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомдорунун редакциясына ылайык)
56. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;
- ак фондогу 35x45 мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт;
- каражаттардын төлөгөндүгүн ырастоочу документ (төлөнүүгө тийиш болсо);
- Ушул Нускаманын 36-пунктунда каралган башка документтер (визалык колдоо жок болгон учурда).
57. Арыз ээси мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;
- жарактуу документинин көчүрмөсү;
- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо.
58. Документтерди кабыл алууда консулдук кызмат адамы алардын толуктугун жана туура толтурулганын текшерет, аларда баяндалган маалыматтардын аныктыгына шектенүү пайда болсо, арыз ээсинен же чакырган тараптан тактап сурайт.
Арыз ээсинин визалык тарыхын (виза тариздөөдөн баш тартуу же тыюу салуу болгонун) консулдук кызмат адамы ТМЭБС аркылуу текшерет.
Зарылдыкка жараша консулдук кызмат адамы арыз ээси же чакырган тарап берген маалыматтарды ырастоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди талап кылат.
Ар бир айдын 5ине чейин ар айлык негизде консулдук кызмат адамы ведомстволук буйрук менен белгиленген формага ылайык чет өлкөлүк мекеме тарабынан берилген визалар жөнүндө отчетту жиберет (отчетту ТМЭБС аркылуу түзүү мүмкүн болбогон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466, 2025-жылдын 10-январындагы № 3 токтомдорунун редакциясына ылайык)
59. Арыз ээси сүрөтү жана жарактуу документинин маалыматтары камтылган жарактуу документинин беттеринин көчүрмөлөрүн жана визаларды тариздөө жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди тапшырат. Аталган документтердин талабы төмөнкүлөрдү ырастоо максатында ишке ашырылат:
- визалык анкетада, визалык анкетанын тиркемесинде баяндалган маалыматтарды;
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган виза берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин жоктугун;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүрүүсү жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү үчүн чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон каражаттарды (арыз ээсинин Кыргыз Республикасында болуусу жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү боюнча бардык чыгымдарды төлөгөндүгү жөнүндө арыз ээсин кабыл алган жеке же юридикалык жактын кепилдик каты).
60. Визалык анкета арыз ээси тарабынан мамлекеттик/расмий же англис тилдеринде толтурулат (аты-жөнү, жарактуу документинин маалыматтары латын тамгалары менен толтурулат).
Визалык анкетанын бардык пункттары милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш жана арыз ээсинин өз колу менен ырасталат.
18 жашка чыга элек арыз ээси ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдүн колу коюлган визалык анкетаны тапшырат.
ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде, мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин виза пунктунда таризделген визалар тууралуу маалымат ТМЭБС аркылуу бирдиктүү маалымат базасына киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Арыз ээси жарактуу документинин түп нускасын берет, ал төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:
- визаны тариздөө үчүн бирден кем эмес таза барактын болуусу;
- тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн белгилер, жазуулар, кырып өчүрүүлөр жана оңдоолор болбошу керек. Жарактуу документте айрылган, чапталган жана бузулган барактар болбошу керек.
62. Визаны, визалык колдоону тариздөөгө өтүнүч кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш күнүндө жана убакытта, бекитилген кабыл алуу графигине ылайык кабыл алынат.
63. Визаны тариздөө жөнүндө өтүнүч Консулдук кызматка же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгүнө визанын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө кеминде 5 күн калганда берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Визаны тариздөө тууралуу өтүнүч кат менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, Кыргыз Республикасына кирген визаны мурун тариздеген чакыруучу тарап гана кайрыла алат.
65. Визаны берүүдөн баш тарткан учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн акча каражаттары кайтарылып берилбейт.
6. ТМЭБС техникалык башкаруусу
66. Визаны тариздөөгө арыздарды ТИМдин органдары тарабынан кароо процесси ТМЭБС менен башкарылат жана контролдонот.
67 ТМЭБС менен пайдалануу чектелүү болушу керек. ТМЭБСке санкцияланбаган пайдалануунун алдын алуу үчүн улуттук коопсуздук органы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт. ТМЭБС операторлорунда ККД тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын деңгээлине жараша жеке пайдалануу коду болот.
"Электрондук виза" подкомпонентине кирүү операторлордун ыйгарым укуктуу деңгээлине жараша ККД тарабынан аныкталат.
68. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары маалыматтарды синхрондоштуруу жана алмашуу үчүн ТМЭБСке интеграциялануу укугуна ээ.
69. Визаны тариздөө жөнүндө арызды берүүдө арыз ээсине ТМЭБСте катталгандыгы боюнча жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
70. Чакыруучу тарап үчүн "Электрондук виза" порталында "жеке кабинетти" колдонуу мүмкүндүгү каралган, анда визаларды тариздөө үчүн мурда тапшырылган уставдык жана башка документтер, ошондой эле чакыруучу тараптын өтүнүч каты боюнча мурда алынган визалар жөнүндө маалыматтар сакталат.
71. Визаны тариздөө процессине катышкан мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруу чараларын көрүшөт.
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси |
Визалык чаптаманын негизги маалыматтары
КР Герби | ВИЗА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | VISA KYRGYZ REPUBLIC |
ВИЗАНЫН КАТЕГОРИЯСЫ/CATEGORY OF VISA ВИЗАНЫН ТҮРҮ/TYPE OF VISA БАШТАП/FROM ЧЕЙИН/ТО ATЫ-ЖӨHҮ/SURNAME AND NAME
ПАСПОРТТУН №/PASSPORT NO КОШУМЧА МААЛЫМАТ/ADDITIONAL INFORMATION |
КИРҮҮЛӨРДҮН САНЫ/NUMBER OF ENTRIES КОЛДОНУЛУУ МӨӨНӨТҮ/VALID КИРИШ/ ЧЫГЫШ/ КИРИШ/ ENTRY EXIT ENTRY БЕРИЛГЕН ДАТАСЫ/DATE OF ISSUE ЧАКЫРУУЧУ ТАРАП/INVITING PARTY | |
КЫЗМАТКЕРДИН КОЛУ, АТЫ-ЖӨНҮ/SIGNATURE AND NAME OF OFFICER IN CHARGE | ||
| QR-КОД | |
| IA XXXXXX | |
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын 2-тиркемеси |
Визалык анкета/Визовая анкета/Visa application form
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship |
|
Документтин түрү/Тип документа/Type of document: |
|
Визанын категориясы жана түрү/Категория и тип визы/Category and type of visa |
|
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name |
|
Туулган күнү/Дата рождения/Date of birth |
|
Документтин №/№ документа/Document No. |
|
Жынысы/Пол/Gender |
|
Электрондук почтанын дареги/Адрес электронной почты/e-mail |
|
Байланыш телефону/Контактный телефон/Contact phone number |
|
Чакыруучу тараптын байланыш маалыматтары/Контактные данные приглашающей стороны/Contact details of the inviting party: |
|
Кыргыз Республикасында жашай турган дареги/Адрес проживания в Кыргызской Республике/Place of stay in the Kyrgyz Republic |
|
Баруу максаты/Цель визита/Purpose of visit |
|
Кирүү датасы/Дата въезда/Planning date of entry |
|
Чакыруучу тарап боюнча маалымат* | |
Расмий аталышы/Официальное название/Official name |
|
Лицензиясынын №/№ лицензии/License no. |
|
Юридикалык дареги/Юридический адрес/Address |
|
Байланыш телефону/Контактный телефон/Contact phone number |
|
Төлөө/Payment | |
Төлөө түрү/Способ оплаты/Туре of payment: |
|
Төлөө статусу/Статус оплаты/Payment status: |
|
Төлөө суммасы/Сумма оплаты/Payment amount: |
|
Төлөөдөн бошотуу үчүн негиз/Основание для освобождения от оплаты/Grounds for exemption from payment: |
|
(*) туристтик жана транзиттик визаларга кереги жок/not required for tourist and transit visas.
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманын 3-тиркемеси |
КР Герби | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИЛИГИ | |
| ||
| MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC | |
| ||
| Электрондук виза - "E-visa" | |
| ||
Сүрөт/Photo |
| Визанын номери/ Visa number: XXXXXXXX |
|
|
|
|
| QR код |
|
|
|
Толук аты-жөнү/Full name: |
| |
Туулган датасы/Date of birth: | XX/XX/XXXX | |
Жарандыгы/Citizenship: |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) номери/ |
| |
Number of Travel document (passport): |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) берилген датасы/ | XX/XX/XXXX | |
Date of issue of the travelling document (passport): |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) бүткөн датасы/ | XX/XX/XXXX | |
Date of expiry of the travelling document (passport): |
| |
Визанын категориясы/Category of visa: |
| |
Визанын түрү/Туре of visa: |
| |
Визанын колдонулуу мөөнөтү/Validity of visa: |
| |
Кирүүлөрдүн саны/Number of entries: |
| |
Жүрүү мөөнөтү/Period of stay: |
| |
Чакыруучу/Invitation: |
| |
Визанын берилген датасы/Date of issue: | XX/XX/XXXX". | |