Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2004-жылдын 28-марты № 50
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-статья.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,1998-ж, N 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "кеңсенин" деген сөз "жеке нотариустун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 24-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары ал нотариалдык аракеттер жасагандыгы жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызматтар көрсөткөндүгү үчүн алган каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төгүмдөр болуп саналат.
Жекече нотариус салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин алган акча каражаттары анын менчигине келип түшөт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 13-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |