Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 28-марты № 53
Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик тутумундагы Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органынын (мындан ары - баңги заттарды контролдоо боюнча орган) ордун жана ролун аныктайт, негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктерин, аларды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу тартибин белгилейт.
1-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган
Баңги заттарды контролдоо боюнча органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына кирбеген, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшү жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзгөн, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруучу укук коргоочу, аткаруучу орган.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жетекчилигин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу баңги заттарды контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Агентствосунун директору жүзөгө ашырат. Директор баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иши үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жекече жооп берет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
2-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу иш-чараларын жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө караштуу кылмыштарды табуу, алдын алуу, жол бербөө, ачуу жана тергөө;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен эриш-аркак иштешүүнү жана маалымат менен алмашууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле эл аралык уюмдарда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү;
- белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында эл аралык келишимдерди түзүү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүкчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат.
3-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иши жана адам менен жарандын укуктары
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адам менен жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана алардын жарандыгынан, социалдык, мүлк жагындагы жана дагы башка абалына, расасына жана улутуна, жынысына, жашына, билимине жана тилине, динге таандуулугуна карата мамилесине, саясий жана башка көз караштарына, анын ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан, аларды коргоону жүзөгө ашырат.
Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ар кандай чектөөгө мыйзамда каралган негизде жана тартипте гана жол берилет.
Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишине байланыштуу түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Алардын аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептешкен жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин аракеттерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган кылмыш жасоо жагынан шектүү деп кармалган жана камакка алынган жарандарга юридикалык коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүндүк берет, туугандарына, иштеген же окуган жеринин администрациясына алардын турган жери жөнүндө билдирет.
Зарыл учурда баңги заттарды контролдоо боюнча орган аларга ошол замат медициналык жана башка жардам көрсөтүү, ошондой эле аталган адамдарды кармоо, камакка алуу же соттоонун кесепетинен келип чыккан анын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүү боюнча чараларын көрөт.
4-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттерин аткарышына мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөк көрсөтүүсү
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерин мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен эриш-аркак аткарат.
Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер баңги заттарды контролдоо боюнча органга алардын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт.
5-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизи
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен макулдашуулары түзөт.
6-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө
Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жобо менен регламенттелет.
Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон адамдар баңги заттарга контролдук жүргүзүү боюнча органдын кызматкерлери боло алышпайт.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу жана өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюу үчүн тартыла алышат. Мында кызмат өтөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү эрежелер боюнча эсептелинет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине иш таштоолорго, митингдерге, пикеттерге катышууга, педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган тарабынан саясий максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелердин түзүлүшүнө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иш-милдеттери
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууга тиешелүү болгон маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде изин суутпай издөө ишин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги заттарды Контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө караштуу кылмыш иштери боюнча тергөөнү;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн субъекттеринин Мамлекеттик реестрин алып барууну;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде дары-дармек баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө контролду;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн мониторингин, алардын кыймылы боюнча баңги заттарды контролдоо боюнча Эл аралык комитеттин алдында дайыма отчет берип турууну;
- бөлөк укук коргоо органдары тарабынын баңги каражаттарын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жок кылуу тартибинин сакталышына контролду;
- ички контролду жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жана органдын өзүнүн коопсуздугун;
- өзүнүн кызматкерлерин, көмөк көрсөткөн адамдарды, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө караштуу иштер боюнча жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын жана алардын жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна кылмыштык кол салуу болгондо коргоону;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароону;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда курал-жарак жана ок-дарыларды жүгүртүү тартибин сактоо боюнча белгиленген тартипте чараларды;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын мыйзам менен коргоого алынган мамлекеттик жана башка маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды, анын ичинде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине, кызматчылары менен жумушчуларына аталган маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн берүү менен, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жарандарды кызматка алуу менен байланышкан чараларды;
- кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоону, ошондой эле аларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органды шайма-шай даярдоону жана шайма-шай даярдыгын;
- белгиленген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органдын аскерге милдеттүү кызматкерлеринин, кызматчыларынын жана жумушчуларынын атайын эсебин алууну;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин материалдык-техникалык жана финансы жагынан камсыз кылууну;
- баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин, кызматчыларынын жана жумушчуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды;
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмелерин, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигине алып келүүчү критерийлерин жана өлчөмдөрүн иштеп чыгууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жиберүүнү;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен дарылык баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жеке адамдарга берүү тартибин макулдашууну;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтер жана ведомстволору менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду керектөөлөрдү макулдашуу жана баңги каражаттарына, психотроптук заттарга тиешелүү квоталарды алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана баңги заттарды контролдоо боюнча Эл аралык комитетке жиберүүнү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөрдү уюштурат:
- баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди;
- наркотизмдин профилактикасы, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо жаатындагы, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну.
8-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктары
Баңги заттарды контролдоо боюнча органга (баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине) аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөндөгүдөй укуктар берилет:
1) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган жарандардан жана кызмат адамдарынан укук бузууларды же аракеттерди токтотууну талап кылат; мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
2) эгерде жарандарды кылмыш жасоо жагынан шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, алардын инсандыгын ырастаган документтерди, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн эрежелерди сактоону контролдоого керек болгон дагы башка документтерди да текшерүүгө;
3) баңги заттарды контролдоо боюнча органга караштуу кылмыштарды жасоо жагынан шек туудургандарды жана айыпталуучуларды мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кылмыш жасоо жагынан шек туудуруу боюнча кармалган адамдарды же кылмыш жасады деп камакка алынган айыпталуучуларды каттоого, врачтык кароого, күбөлөндүрүүгө, экспертизага, дактилоскопия кылууга, эсте тутуп калууга, биологиялык таандыгына карата (кандын, адамдын денесинен чыккан нерселердин) үлгүлөрүн алууга;
5) белгиленген тартипте укук бузууларга жол берген адамдардын баңги каражаттарын, психотроптук же башты деңгиреткен заттарды колдонгонун күбөлөндүрүүгө болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүүгө медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;
6) алардын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча кызмат адамдарын жана жеке жактарды чакырып алууга, алардан түшүнүктөрдү, маалымдамаларды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, жеке адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте күч колдонуп алдырып келүүгө;
7) жазык иштери боюнча криминалисттик жана дагы башка экспертизаларды, ревизияларды, текшерүүлөрдүн материалдары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, тергөө иштерине жана оперативдик иш-чараларга катыштыруу үчүн адистерди тартууга;
8) эксперттик, окуу, илимий жана изин суутпай издөө иштеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен;
10) белгиленген тартипте атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгууга, даярдоого, сатып алууга жана пайдаланууга;
11) маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын түзүүгө жана пайдаланууга, өзүнүн ведомствосуна караштуу уюмдардын иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга бирдей талаптарды коюуга, оперативдүү, тергөө, архив жана башка материалдарды сактоону жана колдонууну уюштурууга;
12) баңги заттарды контролдоо боюнча органда шифрлөө иштерин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
13) бажы органдары менен бирдикте кол жүктөрүн, багажды жана автомобиль, темир жол жана аба транспортторунун жүргүнчүлөрүн кароону жүзөгө ашырууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгондо, баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана имараттарына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка), ошондой эле жеке адамдар менен жекече жана эмгектенүү үчүн пайдалануучу жайларга кирүүгө, менчик ээсинин болбосо анын өкүлү же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен өндүрүш, кампа, соода, кызматтык бөлмөлөрүн, транспорттук каражаттарын, башка товарларды жана мүлктү сактоочу жана пайдалануучу жерлерин кароону жүргүзүүгө; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан өзүнүн компетенциясынын чегинде, зарыл маалыматты, билдирмелерди, документтерди, жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алууга;
15) изин суутпай издөө иш-чараларын жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү максатында айрым участкаларга, объекттерге жана аймактарга кирүүнү чектөөгө же убактылуу тыюу салууга;
16) баңги зат катары пайдаланылуучу жапайы өсүмдүктөрдүн жапырт өскөн жерлеринде иш-чараларды өткөргөндө дагы башка мамлекеттик органдар менен бирге убактылуу контролдоо-өткөрмө пункттарды орнотууга;
17) белгиленген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча орган тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн конфискацияланган же алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун сакталышын, ташып жеткирилишин жана жок кылынышын жүзөгө ашырууга;
18) мыйзамда белгиленген тартипте козголгон жазык иштери боюнча, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча акысыз түрдө менчигинин түрүнө карабастан финансы-кредит мекемелеринен, ошондой эле мамлекеттик статистика мекемелеринен статистикалык, оперативдик жана отчеттук, анын ичинде компьютердик, жеке жана юридикалык жактардын кредиттик-акча операциялары жөнүндө, маалыматтарды суратып алууга; кассаларга, акча, товардык-материалдык баалуулуктар жана документтер сакталган башка жерлерге мөөр басып жабууга, алардын сакталышын камсыз кылуучу бөлөк чараларды көрүүгө; чийки заттын, жарымфабрикаттардын жана продукциянын үлгүлөрүн алып коюуга;
19) тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жекече же дагы башка иш менен эмгектенген жана ишкердиктин башка түрлөрү менен алек болгон адамдарга баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө кылмыш жана башка укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн шарттарды жана себептерин жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштама киргизүүгө;
20) окуялар жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге мыйзамдарда белгиленген тартипте өтүү, медициналык шашылыш жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдарды кууп жана аларды укук коргоо органдарга жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон дагы башка учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык жана атайын милдеттерди аткаруучу уюмдардын транспорт каражаттарынан башка) тоскоолдуксуз пайдаланууга;
21) кызматтык максаттарда юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарынан пайдаланууга;
22) кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу, укук тартибин чыңдоо, кылмыштын жагдайларын жана аларды жасаган адамдарды аныктоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынан пайдаланууга;
23) баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда юридикалык жактарды жоюу жөнүндө сотко доо берүүгө;
24) Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшү менен алектенген ишкердиктин субъекттеринин ишин өзүнүн компетенциясынын чегинде контролдоого, алардан тиешелүү отчетторду талап кылууга;
25) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелерине тиешелүү болгон жалпы маалымат банктарын түзүүгө жана алып барууга;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте редакциялык-басма ишин жүзөгө ашырууга;
27) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жана кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак жайларды жана жатаканаларды ижарага алууга;
28) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө;
29) белгиленген тартипте баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүүгө;
30) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен эриш-аркак иштөөнү жана маалымат менен алмашууну жүзөгө ашырууга.
9-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин укуктук абалы
Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматкери болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин атайын наамы аскер наамына теңештирилет.
Атайын наамдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, ал эми аларды ыйгаруу тартиби - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана беделине доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттери жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана пенсионерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерине жана Куралдуу Күчтөрдүн пенсионерлерине каралган бардык жеңилдиктер жайылтылат.
10-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматкерге мыйзамга карама-каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда мыйзам бузулду деп табылбашы мүмкүн, эгерде алар өзүн актаган кесиптик тобокелге салуу абалында жасалса. Эгерде жасалган иш-аракет объективдүү түзүлгөн жагдайдан келип чыкса, ал эми мындай иш-аракетти жасамайын мыйзамдуу максатка жетүү мүмкүн болбосо жана мындай тобокелге салууга жол берген баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилүүчү зыянды болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелге салуу өзүн актаган деп таанылат.
11-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу укугу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуу укугу берилет.
12-статья. Күч колдонуу чаралары
Эгерде күч колдонбой турган ыкмалар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруусун камсыз кылбаса, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери кылмыштарды жана башка укук бузууларды болтурбай коюу жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, мыйзамдуу талаптарына каршы жасалган аракеттерди жокко чыгаруу үчүн күч колдонушат, анын ичинде мушташтын атайын аскердик ыктарын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.
13-статья. Атайын каражаттарды колдонуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери алардын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда колдонушат:
1) жеке адамдарга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын "кызматкерлерине баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, кармалгандарды жана - камакка алынгандарды коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.
Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан болбосо куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
Атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
14-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине табелдик ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин табелдик ок атуучу куралды алып жүрүшүнүн жана сакташынын тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда колдонулат:
1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн дагы башка адамдарга, топтошкон же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кайтаруудагы объектилерине, имарат жайларына жана имараттарына топтошкон же куралдуу кол салуунун, укук коргоо органдарынын аскердик же кызматтык тобуна кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды болбосо кылмыш үстүнөн кармалгандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан тышкарыларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн.
Куралды колдоноордун алдында, эреже катары аны колдоно тургандыгы тууралу эскертилүүгө тийиш.
Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, кемелерди пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражаттарынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) айгай салуу белгисин берүү, жардам чакыруу үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн.
Аялдарга жана жашы жете электерге карата курал колдонууга алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, адамдарды, транспорт каражаттарын барымталагандан болбосо өмүргө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда тыюу салынат.
Эгерде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укугу бар.
Курал колдонулган жана пайдаланылган бардык учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык шашылыш жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери ок атуучу куралды колдонгон ар бир учур жөнүндө ал колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн тике начальнигине рапорт берүүгө милдеттүү.
15-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин социалдык укуктарынын кепилдиктери
Курагы, кызмат өтөгөн мөөнөтү же оорусу боюнча кызматтан бошотулган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын өздүк курамы үчүн каралган жеңилдиктерден пайдалануу укугу сакталат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыз кылынат.
Башка кызмат (окуган) ордуна которулгандыгына байланыштуу көчкөндө баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иштеген жеринен бошотулгандан баштап 6 ай бою үзгүлтүккө учурабайт.
16-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматкерлери үчүн турак жай сатып алууга укуктуу.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана кызматтан курагына, ден соолугуна, штаттарды кыскартууга байланыштуу бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак-жай фондусунан ээлеп турган турак-жайлары менчикке бекер берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин кызмат өтөө мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган мезгилине карабастан, үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине мыйзамда белгиленген тартипте ссудаларды тындыруу менен өзүмдүк, кооперативдик жана дачалык үй курууга пайызсыз же жеңилдетилген ссудалар берилиши мүмкүн.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана алардын чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн турак жайдын кайсы фондго (анын ичинде менчиктештирилген) таандык экендигине карабастан, турак жай аянты, коммуналдык тейлөө, отун (электр энергиясы) жана турак жайды кармоого эксплуатациялык чыгымдарды төлөө боюнча белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет.
Жарандардын менчигине таандык болгон турак үйлөрдү келишим боюнча жалдап турушкан баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тиешелүү сметаларынын эсебинен белгиленген өлчөмдөгү компенсация төлөнүп берилет.
Офицердик курамдагы полковник жана андан жогорку наамдагы кызматта турган жана запаска же отставкага бошотулган адамдарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча турак жай берилет.
17-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерин мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон же мертинген учурда зыяндын ордун толтуруу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле дагы башка каражаттардын эсебинен милдеттүү түрдө жекече камсыздандырууга алынышат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык милдетин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгондо же кызмат өтөө мезгилинде алган жараатынын, мертинүүсүнүн, оорусунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлөсүнө жана багуусундагы адамдарга курман болгон (өлгөн) адамдын акыркы иштеген кызмат орунундагы милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруу каражатынан жыйырма жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө коммуналдык тейлөө, отун (электр энергиясы), эксплуатациялык чыгымдар үчүн акы төлөөнү жеңилдетүү укугу сакталат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагыларга баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу анын бир айлык маянасынын өлчөмүнө барабар болгон пенсия (өмүр бою) чектелип берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинсе, жаракат алса же ден соолугуна башка бир залал келтирилсе, майыптык боюнча чектелген пенсиянын суммасынан ашык өлчөмүндөгү акчалай компенсация баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу денесине залал келтирилгендигинен улам андан ары кызмат өтөөгө жараксыз болуп калса, ага милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруу каражатынан он жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызмат өтөө учурунда алган жарааттын, денесине залал келүүнүн, оорунун айынан кызматынан төмөндөгөн мезгилде акыркы кызматынан төмөндөй электеги маянасы (компенсация) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет.
18-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин, анын үй бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын мүлкүнө анын кызматтык ишти аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыяндын орду мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө толтурулат.
19-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин медициналык-санитардык жана санатордук-курорттук жактан тейлөөнү уюштуруу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык-санитардык жана санатордук-курорттук жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү медициналык-санитардык жардам боюнча мамлекеттин кепилдигинин программасынын алкагында акысыз медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт.
20-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине иш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Кызматкерлердин акчалай каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми гранттар берилген учурларда - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык укуктук актылар менен белгиленет.
21-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген пенсия менен камсыз болууга укугу бар.
22-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун кошумча кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, дагы башка аткаруу жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин социалдык жактан кошумча коргоонун кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу.
23-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо
Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо борборлоштурулган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык укуктук актыларда белгиленген башка булактар аркылуу жүзөгө ашырылат.
24-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органды материалдык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу тартиби менен ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми зарыл учурларда - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык укуктук актылар менен белгиленет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык имараттары жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бекер берилет.
25-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинде мыйзамдардын так жана бир беткей сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана "Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырышат.
26-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам кабыл алынган күн баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин күнү деп эсептелсин.
Президент Кыргызской Республики | А.Акаев
|