Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 21-июлу № 161
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 24, 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьянын 1-пунктундагы "алардын соттолгону алына элек же тындырыла элек болсо" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьянын 1-пунктундагы "алардын акталбаган соттуулугу болгон, же соттуулугу жоюлбаган" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене. (КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статьяда:
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон адамдар ички иштер органдарынын кызматкерлери боло алышпайт.";
тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-бөлүктөр 3 жана 4-бөлүктөр деп эсептелсин.
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |