Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 11-майы № 64
1981-жылдын 26-сентябрында Найробиде кабыл алынган Олимпия символун коргоо жөнүндө Найроби келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралу
1-статья.
1981-жылдын 26-сентябрында Найробиде кабыл алынган олимпия символун коргоо жөнүндө Найроби келишимине кошулсун.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1981-жылдын 26-сентябрында Найробиде кабыл алынган олимпия символун коргоо жөнүндө Найроби келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы директорунда депонирлесин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А. Акаев