Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 332
"2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 332 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюуга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 23-б буйругу менен жактырылган.
Кол коюлган Макулдашууга ылайык Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясы Кыргыз Республикасына "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 380000,00 (үч жүз сексен миң) АКШ долларынан ашпаган суммада гранттык каражат берүүгө милдеттенет.
Белгилей кетчү нерсе, долбоорду иштеп чыгууга кыргыз тараптын салымы 50000,00 (элүү миң) АКШ долларын түзөт. Бул каражаттар изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Ушундан улам, Макулдашуу тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин каражаттарынын алкагында ишке ашырылат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу ратификациялоону талап кылат.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.