Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 325
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарды комплекттөө маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) кызмат өтөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (финансы полициясы) кызмат өтөө жөнүндө жободо:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Жетондун" деген сөз "Кызматтык жетондун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунда:
расмий тилдеги текстинин биринчи абзацындагы "владеющим" деген сөз "владеющие" деген сез менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Анкеталык маалыматтар өзгөрүлгөндө кызматкерлер 10 иш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кадр бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.";
он үчүнчү-он бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- юридикалык же экономикалык, журналистикалык жана/же филологиялык - басма сөз кызматы бөлүмүнө;
- ички аудит жөнүндө мыйзамдарга ылайык - ички аудит бөлүмүнө;
- юридикалык же экономикалык жана/же "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча - эл аралык мамилелер маселелерин тейлеген бөлүмгө;";
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- юридикалык - алгачкы текшерүү боюнча бөлүм.";
- 7-пунктунун үчүнчү абзацындагы "пайыздан кем эмес өлчөмдө" деген сөздөр "пайыз өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун "б)" пунктчасынын экинчи абзацындагы "адистиги боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пунктунда:
- онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- он экинчи абзацы "кылмыш иши" деген сөздөрдөн кийин "жана/же жорук жөнүндө иш" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот органдары кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимин чыгарса;";
- 15-пунктунун он төртүнчү абзацы "кылмыш-жаза иши" деген сөздөрдөн кийин "жана/же жорук жөнүндө иш" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пунктунун бешинчи абзацындагы "убактылуу ишке жарамсыздыгы," деген сөздөр алып салынсын;
- 24-пунктундагы "бир жылдын" деген сөздөр "он эки айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пунктунун м) пунктчасындагы "4 айлык" деген сөздөр алып салынсын;
2) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тийиштүү жылдарга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде сарпталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-июлундагы N 56 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |