Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы N 176 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө (финансы полициясы) ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 746, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча (финансы полициясы) (мындан ары - Финансы полициясы) органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсүнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарында кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарында кызматтарда турган, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын өзгөчө түрү болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары жана ушул Жобо түзөт.
3. Финансы полициясында кызмат өтөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда белгиленген принциптерге ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Финансы полициясынын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгиленген тартипте Финансы полициясынын аттестацияланган курамынын штаттык кызматтарын ээлеген, Финансы полициясынын катардагы жана башкаруучу курамынын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет.
Финансы полициясынын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетондор берилет.
Кызматтык жетондун жана күбөлүктүн баяндалышы Финансы полициясынын төрагасы тарабынан бекитилет.
Финансы полициясынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү белгиленген тартипте атайын каражаттарды жана табелдик куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүчү жана Финансы полициясы органдарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий документ болуп эсептелет.
Кадрдык бөлүмдүн жетекчиси кызматка жаңы алынган Финансы полициясы кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби боюнча нускама өткөрөт.
Кызмат боюнча кийин иштен жылдырылганда, кезектеги атайын наам ыйгарылганда, Финансы полициясынан иштен бошогондо жана мурда берилген күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө ал алган жерге кайтарылып берилет.
Финансы полициясынын кызматкерлерине тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укук берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Финансы полициясына кызматка 35 жаштан ашпаган, мыйзамдарда каралган учурларда кызматкердин ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билген, өзүнүн жеке, иштиктүү, кесиптик сапаттары, билим деңгээли жана ден-соолугунун абалы боюнча кызматтык милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан, жогорку окуу жайынын кафедрасынан аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик (аскердик эмес) кызматтан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Анык аскердик кызматты, альтернативдик аскердик эмес кызматты милдеттүү түрдө өтөө жана запастагы офицер наамына ээ болуу жөнүндө талаптар аялдарга карата колдонулбайт.
Финансы полициясына кызматка алууда конкурстун негизинде жүзөгө ашырылат. Конкурс тестирлөө жана маектешүү жолу менен Финансы полициясында өткөрүлөт.
Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүлөт.
Финансы полициясына кызматка башка укук коргоо органдарында жана аскер түзүмдөрүндө, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта турган же мурда турган, тиешелүү аскердик, атайын наамдары, класстык чендери жана атайын класстык чендери бар, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик тажрыйбага ээ болгон 35 жаштан жогору жарандар конкурстук негизде кабыл алынат.
Финансы полициясынын кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин, Антты сактоо, ички иш тартибин жана ушул Жобонун талаптарын аткарат. Анкеталык маалыматтар өзгөрүлгөндө кызматкерлер 10 иш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кадр бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.
Финансы полициясына кызматка кабыл алууда жарандар милдеттүү түрдө атайын текшерүүдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын системасынын аскер-дарыгерлик комиссияларында медициналык ырастоодон, ошондой эле талапкерлердин жеке даярдыгын эске алуу менен кызмат өтөө үчүн жарактуулугу аныкталган шартта жүргүзүлөт.
Финансы полициясынын катардагы жана кенже башкаруучу курамына кызматка жалпы орто, орто жана жогорку кесиптик билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансы полициясынын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамындагы кызмат ордуна төмөнкүдөй тийиштүү жогорку билими бар жарандар кабыл алынат:
- юридикалык - тергөө бөлүмүнө;
- экономикалык же юридикалык - ыкчам бөлүмүнө;
- юридикалык, экономикалык жана аскердик - нөөмөт бөлүмүнүн инспектордук курамына жана атайын багыттагы ыкчам бөлүмгө;
- юридикалык же экономикалык - кадрдык жана штаб бөлүмдөрүнүн инспектордук курамына;
- юридикалык же экономикалык, журналистикалык жана/же филологиялык - басма сөз кызматы бөлүмүнө;
- ички аудит жөнүндө мыйзамдарга ылайык - ички аудит бөлүмүнө;
- юридикалык же экономикалык жана/же "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча - эл аралык мамилелер маселелерин тейлеген бөлүмгө;
- филологиялык (кыргыз тили жана адабияты) - мамлекеттик тил маселелерин тейлеген бөлүмгө;
- кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык жогорку билим - материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин тейлеген бөлүмгө;
- юридикалык - алгачкы текшерүү боюнча бөлүм.
Аскерге милдеттүү Финансы полициясынын катардагы жана башкаруучу курамына кызматка дайындалган адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана атайын каттоого коюлат.
Финансы полициясынын кызматкерин кызматка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык конкурстун жыйынтыгы боюнча Финансы полициянын төрагасынын буйругу менен таризделет.
Буйрук Финансы полициясынын кызматкерине колун койдуруу менен билдирилет.
Финансы полициясына кызматка кабыл алынган жарандар ушул Жободо белгиленген тартипте Ант берет.
Финансы полициясына кызматка биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдарга, 3 айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү кызматка биринчи атайын наамын ыйгаруусу менен дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы бекитилет.
Финансы полициясынын кызматкери экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда белгиленген укукка ээ.
Жетекчи кызматкердин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган укугун ишке ашырууну камсыздоого милдеттүү.
Финансы полициясынын кызматкери экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда белгиленген милдеттерди аткарат.
Жетекчи мыйзамдарга каршы келген буйрук чыгарса, кызматкер экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансы полициясына кызматка төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар болсо, кылмыш жоопкерчилигинен реабилитацияланбаган негиздер боюнча бошотулса;
- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо;
- укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан терс жактары боюнча иштен бошотулса.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар, байке-инилер, эже-сиңдилер, уул-кыздар, ошондой эле жубайлардын бир тууган байке-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) болгон Финансы полициясынын кызматкерлерине эгерде алардын кызматы бири-бирине түздөн-түз баш ийүү же бири-бирин контролдоо менен байланышса, Финансы полициясынын бир эле органында кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
Финансы полициясынын кызматкерине экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр коюлат.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөр сакталбаган фактынын аныкталышы ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Катардагы кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансы полициясынын төрагасы тарабынан аныкталат.
Финансы полициясына кызматка кабыл алынган катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдарга, кызматка дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин Финансы полициясынын төрагасы тарабынан атайын наам ыйгарылат.
Кызматтык зарылчылык тартибинде кызматы боюнча убактылуу ордунда жок кызматкердин милдеттерин аткарууну штаттык орун басар болбогон башка кызматкерге убактылуу ордунда жок кызматкердин айлык маянасынан 30 пайыз өлчөмүндө кошумча маяна төлөө менен жүктөөгө мүмкүндүк берилет. Убактылуу алмаштыруу узактыгы 3 айдан ашпоосу керек.
Милдетин аткаруучу кызматкерди ваканттык кызмат боюнча дайындоого жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 746 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Финансы полициясына кызматка кабыл алууда кызматкерлер төмөнкү мазмуунда Ант беришет:
"Мен, (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарына кызматка киришип жатып Кыргызстандын элине берилгендигимди билдирип, салтанаттуу Ант берем:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын бекем сактоого;
жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мамлекетти кылмыштуу жана мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого, начальниктердин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга;
мыйзамды сактоого, чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекенимдин экономикалык таламдарын коргоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;
кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниет аткарууга;
иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө.
Антымды бузсам мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген катуу жаза колдонулсун".
Ант берүүчү Анттын текстине кол коет жана Ант берген убагын көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин жеке көктөмөсүндө сакталат.
Ант берүүнүн тартибин Төрага аныктайт.
9. Финансы полициясынын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;
б) теңдеш кызматка:
- иш тажрыйбасын эске алуу менен, кыйла максатка ылайык пайдалануу үчүн;
- кызматтын кызыкчылыктарында кызматкерди башка жерге которууга - ротацияга байланыштуу. Коррупцияны азайтуу максатында жүргүзүлгөн ротация 2 жылда бирден көп эмес жолу өткөрүлөт;
- кызматкердин ден-соолугуна, жашына жана үй-бүлөлүк муктаждыгына байланыштуу жеке өтүнүчү боюнча.
Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамына тең атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча тең кызматтык маяна каралган болсо, ал тең болуп саналат.
Ротация мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
в) төмөн турган кызматка:
- Финансы полициясынын штаттык саны кыскарганда же кайра уюштурулганда бул адамдарды теңдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо;
- аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде ден-соолугунун абалы боюнча;
- жеке өтүнүчү боюнча (кызматкердин билдирүүсүнүн негизинде);
- кызматкердин ишин баалоонун негизинде;
- Тартиптик уставка ылайык тартиптик жаза катары (кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде);
г) мамлекеттик бийлик органдарына жана башкармалыгына иш сапарына жиберилген тартипте.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыка шайланган Финансы полициясынын кызматкерлери, өздөрүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөттөрүндө Финансы полициясы кадрларында калтырылат.
Финансы полициясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Финансы полициясынын кадрларында калтырылуу менен мындан аркы кызматын өтөө үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыка шайланган кызматкерлер же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мындан аркы кызматын өтөө үчүн жөнөтүлгөндөр Финансы полициясынын кадрларында калтырылып, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, акчалай каржылоо (эмгек акысынан) кайсы жака кызмат өтөө үчүн жиберилген болсо, аталган мамлекеттик органдарда белгиленчү эрежелер жана ченемдер боюнча камсыздалат.
Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкерлер Финансы полициясынын кадрларынын карамагына келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыка шайланганга чейин же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыка шайланган же Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат өтөө үчүн жөнөтүлгөн кызматкерлерге кезектеги атайын наам Финансы полициясынын кадрларында калтырылуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгарылат.
Финансы полициясы кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардык учурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.
Төмөн турган кызматка жылдырылган Финансы полициясынын кызматкери кийин анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке сапаттарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору турган кызматка жылдырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кызматкерлер Финансы полициясынын кадрларынын карамагына төмөнкүдөй учурларда төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет:
1) кайра уюштуруу, жоюу, ылайыкташтыруу же штаттык санды кыскартуу менен байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чараларды жүргүзгөндө;
2) тартиптик жаза чарасына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганда;
3) мурда бул кызматты ээлеп турган кызматкер бала багуу өргүүсүнөн чыкканда;
4) бул кызматты мурда ээлеп турган кызматкерди башка кызматка дайындоого мүмкүн болбогондуктан, өз ордуна кабыл алууда;
5) Финансы полициясынын кызматкери соттун чечими менен ырасталып, дайынсыз жок болсо;
6) кайрадан даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүүдө.
Кызматкерлерди жеке мүнөздөгү жүйө боюнча берилген билдирменин негизинде кадрлардын карамагына киргизүүгө уруксат берилет.
Аталган убакыттын ичинде Финансы полициясы кызматкерге мурдагы кызматына барабар бош кызмат ордун бир жолу сунуштоого милдеттүү. Бош кызмат орду жок болсо, бош кызмат орду пайда болгон сайын сунушталат, мындай учурларда кадрлардын карамагында болуу убактысы узартылат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кадрлардын карамагына киргизилип жаткан жана ушул жыл үчүн кезектеги жыл сайын алуучу өргүүсүн пайдалана элек кызматкерге кадрлардын карамагына киргизилгенден кийин өргүү берилиши керек. Кийин өргүү берилбейт.
Кызматкердин кадрлардын карамагында болгон мөөнөтүнө убактылуу ишке жарамсыздык мезгили, өргүүдө болгон убакыты, бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди аткарган убакыты, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу камакта болгон мөөнөтү, ошондой эле эгерде актоо негиздери боюнча кылмыш иши жана/же жорук жөнүндө иш токтотулса же болбосо сот тарабынан актоочу өкүм чыгарылса, камакка алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейинки мөөнөттөр эсептелбейт.
Кадрлардын карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук менен кызматкер кол коюп таанышат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же келбей койгон учурда тийиштүү акт түзүлүп, анын жашаган жерине билдирүү жөнөтүлөт.
Кадрлардын карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук Финансы полициясында кызматы токтотулду дегенди билдирбейт.
Кызматкер кадрлардын карамагында төрт ай болгондон кийин сунушталган бош кызмат ордунан, анын ичинде төмөн турган кызмат ордунан баш тартса, ал Финансы полициясы органдарынан бошотулууга тийиш.
Кадрлардын карамагына киргизилген Финансы полициясынын кызматкерлерине кадрлардын карамагына киргизилген учурдан тартып төмөнкүдөй тартипте акчалай акы төлөнөт:
- биринчи эки айга - акыркы ээлеген кызматы боюнча кызматтык акынын, атайын наамы боюнча акынын жана иштеген жылдары үчүн ар бир айга пайыздык үстөк акынын өлчөмүндө;
- үчүнчү айга - атайын наамы боюнча акынын жана иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмүндө;
- төртүнчү ай үчүн акчалай акы төлөнбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10-1. Финансы полициясынын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот органдары кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө чечимин чыгарса;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө - териштирүүнүн бардык мезгилинде.
Кызматкер ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсе, анын эмгек акысы сакталып калат. Калган учурларда эмгек акы сакталбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Финансы полициясынын кызматкерин башка жерлерге кызмат өтөөгө которууга анын өтүнүчү боюнча Финансы полициясынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн начальнигинин макулдугу боюнча жол берилет.
12. Финансы полициясынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин окуу жайларында ведомстволор аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Окууга жөнөтүлгөн кызматкерлер жана бул максатта тандалып алынган жарандар кадрлардын карамагына киргизилет жана окууну бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө ишке орноштурулууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Финансы полициясынын катардагы, орто жана жогорку жетекчилик курамынын ишмердигин баалоо экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Финансы полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (ажыратуу) тартиби
14. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы полициясы органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
а) кенже жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын катардагы кызматкеринен баштап прапорщиги кошо кирет;
б) орто жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын кенже лейтенант кызматкеринен баштап капитаны кошо кирет;
в) улук жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын майор кызматкеринен баштап полковниги кошо кирет;
г) жогорку жетекчилик курамдын атайын наамдары - финансы полициясынын генерал-майор кызматкеринен баштап генерал-лейтенанты кошо кирет.
Финансы полициясынын кызматкерлерине атайын наамдар алардын квалификациясын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун эске алуу менен ырааттуу, жекече ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наамындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо катарында Финансы полициясынын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Финансы полициясында атайын жогорку наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Финансы полициясында улук башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына дайындалган кызматкерине Финансы полициясынын подполковнигинен жогору эмес атайын наам запас боюнча кыйла жогорку аскердик наамы болбогон учурда ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам Финансы полициясынын кызматкерлерине ушул Жободо каралган учурлардан тышкары, ырааттуу түрдө кезектеги наамга ордун алмаштыруучу штаттык кызмат боюнча каралган наамга туура келгенде жана мурдагы наамындагы өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансы полициясына кызматка алынган запастагы офицерлердин аскердик жана атайын наамдарындагы өтөгөн жылдарынын мөөнөтү алардын Финансы полициясына кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик, атайын наамдары, атайын класстык чендери жана класстык чендери бар, Финансы полициясына кызматка алынган, башка укук коргоо органдарынын мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине жана аскер түзүмдөрүнүн аскер кызматчыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине атайын наамдар алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын, атайын класстык чендерин жана класстык чендерин эске алуу менен ыйгарылат.
Эгерде жумушка кабыл алууда кадрдык бөлүмгө бул адамдын аскердик, атайын наамы, атайын класстык чени жана класстык чени бар экендиги жөнүндө маалым болбосо, ошондой эле тийиштүү ырастоолор берилбесе, мындай учурларда мурда ыйгарылган наам же чен жөнүндө буйруктун көчүрмөсү келген учурдан тартып наам ыйгарылат.
Финансы полициясына кызматка дайындалгандан кийин аталган адамдарга кезектеги атайын наамдар алган наамына иштеген жылдарынын жана наамына иштеген жылдарынын мөөнөттөрүн суммалык эсептөө боюнча ыйгарылат.
Мөөнөтүнөн мурда атайын наамын ыйгаруу ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган ыйгарымдуу тийиштүү атайын наам жана мурдагы наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн кеминде жарымы бүткөндө ыйгарылат.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору болгон кезектеги атайын наам, мурдагы наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка жогору жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансы полициясында кызмат өтөө жылдарынын бүткүл мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт. Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жыл жана андан ашык иштеген, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестациядан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган чектик наамга карабастан курагы же оорусу боюнча аларды кызматтан бошотуу менен бир эле учурда Финансы полициясынын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курамдагы кызматка дайындалган Финансы полициясынын кызматкерлери ошол наамында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан, орто башкаруучу курамдын алгачкы атайын биринчи наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
Кезектеги атайын наам Финансы полициясынын кызматкерлерине кызматка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрдык резервинде турган учурда, алып салына элек тартиптик айып болгондо, реабилитациялоочу негиз боюнча кылмыш-жаза иши жана/же жорук жөнүндө иш токтотулганча, кызматтык териштирүү (бирок бир айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансы полициясынын бөлүмдөрүнүн жетекчиси өзүнө баш ийген кызматкерине кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечеңдеткендиги үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)16. Финансы полициясынын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
Финансы полициясынын кенже сержантынын наамында - бир жыл;
Финансы полициясынын сержантынын наамында - бир жыл;
Финансы полициясынын улук сержантынын наамында - эки жыл;
Финансы полициясынын старшинасы наамында - төрт жыл;
Финансы полициясынын кенже лейтенанты наамында - бир жыл;
Финансы полициясынын лейтенанты наамында - эки жыл;
Финансы полициясынын улук лейтенанты наамында - үч жыл;
Финансы полициясынын капитаны наамында - төрт жыл;
Финансы полициясынын майору наамында - беш жыл;
Финансы полициясынын подполковниги наамында - алты жыл;
Финансы полициясынын катардагы, прапорщиги, полковниги, генерал-майору атайын наамдарында иштөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Финансы полициясындагы кызмат тартиби
17. Финансы полициясындагы кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Антта, Финансы полициясынын тартиптик уставында, ошондой эле Финансы полициясынын төрагасынын буйруктарында жана ушул Жободо белгиленген ченемдерди жана эрежелерди кызматкерлердин сактоосун билдирет.
18. Финансы полициясынын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси ага баш ийгендердин арасында кызмат тартибинин абалына жеке жоопкерчилик тартат.
Жетекчи:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын урматтайт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнө, Финансы полициясынын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин сындоо боюнча баш ийгендерди кысымга алууга бөгөт коет.
19. Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансы полициясынын кызматкерлерине Финансы полициясынын Тартиптик уставына ылайык сыйлоо каралат.
Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансы полициясынын кызматкерлерине Финансы полициясынын Тартиптик уставына ылайык жаза чаралары колдонулушу мүмкүн.
Сыйлоолор жана тартиптик жаза берүүлөр Финансы полициясынын төрагасынын буйруктары менен жарыяланат. Айып салынган адамга кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансы полициясынын кадр бөлүмү же бөлүмдүн түздөн-түз жетекчиси тарабынан билдирилет.
Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук менен танышуудан баш тартуу учурлары Финансы полициясынын кадр бөлүмү тарабынан акт түзүү жолу менен таризделет.
Сыйлоо тартиби Финансы полициясынын жетекчиси тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансы полициясынын кызматкерлерине тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Финансы полициясынын Тартиптик уставына ылайык колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Финансы полициясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сыйлоо жана тартиптик жаза колдонуу боюнча укуктары Финансы полициянын Тартиптик уставына ылайык белгиленет.
4. Финансы полициясында кызмат өтөөнүн шарттары
21. Финансы полициясынын ички иш тартибин, Финансы полициясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен белгилейт.
Зарыл болгон учурда Финансы полициясынын кызматкерлери белгиленген убакыттан ашыкча, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш күнү жана майрам күндөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, компенсация же болбосо бир айдын ичинде кошумча эс алуу мүмкүнчүлүк берүү менен кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.
5. Финансы полициясынын кызматкерлеринин өргүүлөрү жана социалдык кепилдиктери
22. Финансы полициясынын кызматкерлерине өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
- ар жылдык төлөнүүчү;
- кыска мөөнөттөгү;
- кошумча (иштеген жылдары үчүн);
- социалдык (кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, бала бакканына байланыштуу);
- окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өргүүлөрдүн башка түрлөрү, анын ичинде эмгек акысы сакталбастан.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо эске алынбайт.
Финансы полициясынын кызматкерлерине ар жылдык өргүү 30 календардык күн узактыгында берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) өргүү ар жылдык өргүүлөрдүн графигине ылайык Финансы полициясынын ар бир кызматкерине календардык жыл ичинде бир жолу берилиши керек.
Ар жылдык өргүү (анын бөлүгү) өргүү мезгилинде кызматкердин убактылуу ишке жарамсыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же узартылат.
Кезектеги өргүүдөн кызматкерлерди чакырып алууга Финансы полициясынын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык зарылдык учурунда жол берилет. Кезектеги өргүүдөн чакырып алууда анын пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылда же кийинки жылдын биринчи чейрегинде акчалай үлүшүн сактоо менен берилет.
Кызматкер иши боюнча жылдырылса, ага чейин колдонулбаган кезектеги өргүүсү жаңы иштеген жери боюнча берилет.
Узактыгы 45 календардык күн болгон кезектеги өргүү иштеген жылдарына карабастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору) кызмат өтөгөн, аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамдагы жеңилдетилген шарттарда пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 календардык күндүк кезектеги өргүү алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)23. Кечиктирилгис социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн, ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансы полициясынын кызматкерине бир жылдын ичинде узактыгы 5 күнгө чейин кыска мөөнөттүү өргүү (акы төлөнүүчү) берилиши мүмкүн, ал кезектеги өргүүнүн эсебине эсептелбейт.
24. Узакка ооруган катардагы жана жетекчилик курамдын адамдары, эгерде ишке жарамсыздык күндөрү он эки айдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыл ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө, Финансы полициянын кадр бөлүмү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо максатында аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык текшерүүсүнө жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же майыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөн мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылоо бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кошулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кошумча ар жылдык төлөнүүчү жана социалдык өргүүлөр.
Финансы полициясынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардык эсептөөдө) акы төлөнө турган төмөнкүдөй өргүү берилет:
а) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күнгө;
б) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күнгө;
в) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күнгө.
Финансы полициясынын кызматкерлерине боюнда бар жана төрөө боюнча өргүү ошондой эле жашы үч айга чейинки бала асырап алгандыгы үчүн өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында аныкталат.
Кызматкер бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилде анын ордуна башка кызматкерлерге же бул кызмат ордунун квалификациялык талаптарына туура келген башка адамдарга убактылуу иштөөгө уруксат берилет. Кызмат ордуна убактылуу дайындалган адамдарга атайын наамдар ыйгарылбайт, ыкчам-кызматтык ишке жана жашыруун иш кагаздары менен иштөөгө уруксат берилбейт.
Социалдык жана окуу өргүүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Мындай өргүүлөрдүн узактыгы Финансы полициясынын кызматкеринин кезектеги ар жылдык өргүүсүнө кошулбайт.
Бала багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкердин ордун, кызматында атайын наам берүүсүз, оперативдик-кызматтык иштери жана жашыруун иш кагаздары менен иштөө талап кылынбаган башка кызматкер менен алмаштырууга уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Финансы полициясынын кызматкерлеринин акчалай үлүшү ээлеген штаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча маянаны, иштеген жылдары, иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн үстөк акылар жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.
Кезектеги эмгек өргүүсүнө чыккан учурда кызматкерлерге ден-соолугун чыңдоого жөлөкпул эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө төлөнөт.
Календардык жылдын аягында Финансы полициясынын кызматкерлерине он үчүнчү айлык акысы төлөнөт.
Финансы полициясынын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемде жана тартип боюнча жүргүзүлөт.
6. Жеңилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар
27. Аттестацияланган адамдардын курамына, иштеген жылдары боюнча пенсияга укугу барлар, бирок белгиленген тартипте таризделбеген жана жумушун улантып жаткандарга, төлөө учурунда берилүүчү пенсиянын суммасынан 50 пайыз өлчөмдө кошумча төлөм жүргүзүлөт.
Финансы полициясы органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө компенсация төлөнөт.
Финансы полициясынын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, өздүк жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Финансы полициясында кызмат өтөөнүн токтотулушу
28. Финансы полициядагы кызмат өтөөнүн токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
а) Финансы полициясы органдарынан кызматтан бошоо;
б) Финансы полициясынын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондорду жана белгисиз себептер менен келбегендерди сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
в) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
г) Финансы полициясынын кызматкери каза (курман) болгондо, Финансы полициясынын кызматкерлери атайын наамынан соттун чечими менен ажыратылышы мүмкүн.
Атайын наамдарынан ажыратылган кызматкерлер Финансы полициядан Финансы полициясынын катардагы кызматкери катары бошотулушат. Иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга, пенсиялары Финансы полициясынын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген шарттар жана ченемдер боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна Финансы полициянын катардагы кызматкеринин атайын наамына жараша эсепке алынат.
29. Финансы полициясынын кызматкерлери Финансы полиция органдарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 30-пунктунда белгиленген, чектелген куракка жетиши боюнча;
в) пенсияга чыгууга укук берген, кызматтын мөөнөтүндө иштеген жылдары боюнча;
г) Финансы полициясы органы жоюлганда же кайра түзүлгөндө Финансы полициясынын кызматкерин кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
д) ооруганга байланыштуу - Финансы полициясында иштөөгө жарамсыздыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин ден-соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн эместиги жана кызматы боюнча башка жерлерге барып ден-соолугун эске алуу менен кызматтык милдеттерди аткара алуусу кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү жок экендиги тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
ж) аттестациялык тартип боюнча, кызматына ылайык келбестиги;
з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузушу;
и) Финансы полициясынын кызматкеринин жеке сапатында көрсөтүлүүчү талаптар менен туура келбеген жасалган жоосундарына карата;
к) ребилитацияланбагандыгынын негизи боюнча жазык куугунтугунун токтотулушуна байланыштуу;
л) белгиленген тартипте башка мамлекеттик анын ичинде укук коргоо же контролдоо органдарына которулуусу менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган кызматкерлерден тышкары;
м) кадрдын карамагында болуунун мөөнөттө бүтүшү боюнча;
н) ротация иретинде которуудан баш тартканда;
о) соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
п) эмгек келишиминде каралгандай, кызматтык мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча;
р) эмгек келишиминин шарттарын бузгандыгына байланыштуу;
с) төмөнкүдөй негиздер менен ишеним көрсөтүлбөсө:
- кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди тараптын өз убагында көрбөгөндүгү;
- ишкердик иштин кандай болбосун түрү менен алектенүү;
- Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкача каралбаган учурда башкаруу органдарынын, көзөмөлдөөчү же байкоо жүргүзүүчү кеңештердин, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүү;
- кызматтык териштирүүнүн корутундусуна ылайык Финансы полициясынын кызматкери тарабынан Кесиптик этика кодексинин талаптарын, анын ичинде иш убактысынан сырткары да, бир нече жолу жана/же одоно бузуу;
- кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө декларацияны бербей коюу же көз көрүнөө такталбаган же толук эмес маалыматтарды берүү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыруу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө көз көрүнөө жалган маалыматты берүү.
Финансы полициясынын кызматкерлерин "б", "д", "е" пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бошотуу кызматкердин демилгеси боюнча жана дагы жетекчиликтин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн, Финансы полициясынын кызматкеринин демилгеси боюнча "в" пунктчасы боюнча.
Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
а) кызматкердин кызматтык милдеттерди аткарбоосу;
б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон башка учурларда);
в) кызматкердин ишке чыкпашы (күн сайынкы белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык себепсиз иште жок болушу);
г) кызматкердин ишке алкоголдук, наркотиктик же токсикалык мас абалда келиши. Мындай абалды медициналык корутундусунун тактоосунда, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же акты менен ырасталат;
д) кызматкерлер үчүн ушул Жобонун белгиленген чектөөлөрдү сактабагандык;
е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаргандык;
ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
30. Катардагы, кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы атайын наамдары бар кызматкерлер финансы полициясы органдарында төмөнкү жашка жеткенге чейин кызмат өтөй алышат жана 55 жашта кызматтан бошотулууга тийиш;
Финансы полициясы органдарында кызмат өтөө жашынын чеги төмөнкүлөр болуп саналат:
- финансы полициясынын кенже лейтенантынан капитанына чейин - 55 жаш;
- финансы полициясынын майорунан полковнигине чейин - 55 жаш;
- жогорку жетекчилик курамдагы адамдар үчүн - 55 жаш.
Катардагы, кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы атайын наамдары бар кызматкерлер өз каалоолору менен 45 жашында иштеген жылдары боюнча кызматтан бошоно алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Финансы полициясынын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финансы полициянын төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.
32. Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан бошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок деп табылган Финансы полициясынын кызматкерлери Финансы полициясынын кызматкерлеринин тизмесинен төраганын буйругу менен чыгарылат.
33. Финансы полициясынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана норма боюнча ишке ашырылат.
34. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган же ден-соолугунун абалына же органдын жоюлушуна, штаттык бирдиктердин кыскартылышына байланыштуу бошотулган Финансы полициясынын кызматкерлерине төмөнкүдөй өлчөмдө бир жолку жөлөкпул кызматтын жалпы узактыгында төлөнөт:
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 айлык маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 12 айлык маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан 25 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 айлык маянасы өлчөмүндө;
25 жылдан 30 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 18 айлык маянасы өлчөмүндө;
30 жана андан ашык жылда - акчалай күтүүнүн 20 айлык маянасы өлчөмүндө.
- Кызматтан башка себептер боюнча бошотулган жана иштеген жылдары аз Финансы полициясынын кызматкерлерине акчалай күтүүнүн 2 айлык маяна өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.
8. Финансы полициясындагы кызматтардын, атайын наамдарын жана кызматын калыбына келтирүү
35. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган, же болбосо төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамынан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансы полициясы органдарынан мыйзамсыз бошотулган деп белгиленген тартипте табылган Финансы полициясынын кызматкерлерине Финансы полициясында тиешелүү түрдө кызмат орду атайын наамы, кызматы калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансы полициясында кызматтардын атайын наамын, кызматын калыбына келтирүүнүн негиздери болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жана кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду саналат.
36. Кызматтан жылдыруу, кызматтан бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансы полициясынан иштен кетирүү жөнүндө чечимдерге Финансы полициянын кызматкери макул болбосо кызматтан жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансы полициясынан иштен кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөн тартып же болбосо Финансы полициясында кызматын, атайын наамын калыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга укуктуу.
Финансы полициясында кызматтардын атайын наамын, кызматын калыбына келтирүү жөнүндө соттун чечими, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиш.
Финансы полициясында кызматын калыбына келтирүү иштен бошогон Финансы полициясынын кызматкерин мурдагысына же ага тең кызмат ордуна дайындоо аркылуу ишке ашырылат.
37. Финансы полициясында кызматы калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык үстөк төлөө жана пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына алардын кызматтан бошогон учурдан баштап кызматын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки убакыт кошулат.
9. Корутунду жоболор
38. Финансы полициясынын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансы полициясында кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого жеке жоопкерчилик тартышат.
Кызматтагы адамдар тарабынан жасалган Финансы полициясынын кызматкерине карата мыйзамсыз иш-аракеттери кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүгө тийиш, ал эми мындай тартип бузууларда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
39. Финансы полициясына кызматка өткөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, ички иштер органдарынын, бажы кызматынын, прокуратура жана сот, юстиция органдарынын аскерлештирилген министрликтердин жана ведомстволорунун кызматкерлеринин Финансы полициясына кызматка өткөндөрүнө мурдагы иштеген мөөнөтүн эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет.
Финансы полициясынын кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
40. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман (каза) болгон же кызмат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жаракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон Финансы полициясынын кызматкерлеринин сөөгүн коюу Финансы полициясы органдарынын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан уюштурулат.
Кызматкер каза болгон учурда анын ар айлык кошумча акчалай үлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүн кызматтык маянасы каза болгон күнүнө чейин алынбаган (анын ичинде кызматкер каза болгон ай үчүн толук) аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан каза болгон кызматкердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга каза болгон кызматкердин көзү бар учурда укугу пайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансы полициясынын кызматкери пайдаланбаган өргүүсү үчүн компенсация да төлөнөт.
Финансы полициясынын каза болгон кызматкеринин сөөгүн коюу расымдарынын тартиби Финансы полициясынын төрагасы тарабынан аныкталат.