Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июлу № 338
2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде тиркелген: 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябры № 557 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-июлундагы N 57 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |