Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18 октябры № 557
“2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын З-июлундагы №388 токтомуна озгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын З-июлундагы № 388 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериштигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы” деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |