Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав Ишкананын уюштуруучу документи болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
4. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Соцсервис" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Соцсервис" МИ;
- орус тилинде: ГП "Соцсервис".
5. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикалары бар.
8. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Үметалиев көч., 41.
9. Ишкана саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөк пул, жеңилдиктер , пенсиялар жана миграция чөйрөсүндө маалыматтык системаларды иштеп чыгат жана аларды коштоп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ишкананын максаты, милдети жана функциялары
10. Ишкананын максаты болуп ишти автоматташтыруу процессин башкаруу, анын ичинде маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү, эксплуатациялоо, тейлөө жана өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоону камсыздоо боюнча иштерди аткаруу саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- программалык камсыздоо продукттарын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу,
- электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук маалыматтык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
12. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- документтерди техникалык баалоо жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүчүлөрүн тандоо жана алар менен подряд келишимдерин түзүү;
- өз алдынча жана тандап алынган подрядчылар тарабынан жаңы түзүлгөн маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө жумуштарды координациялоо жана долбоорду башкаруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке киргизилген маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын интеграциялоо;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын эксплуатациялоодо колдонуучуларды окутуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын колдонуучуларды колдоо боюнча жумуштарды камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана уюштуруучу-тескеме документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары - МКТ) жаатындагы, анын ичинде МКТ-продукттарынын жана сервистеринин функционалдык дал келүүчүлүгүн камсыз кылуу боюнча улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар жаатындагы консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тартуулоо;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана Ишкананын компетенциясына таандык маселелер боюнча башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- маалыматтык технологиялар жаатындагы илимий изилдөө, билим берүүчү жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана ушул Уставда белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алууга;
- рыноктун конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, мында анын наркы монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган аныктаган наркынан ылдый болбойт;
- кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга, өзүн атынан мүлктүк же жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- жеке жактарды Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- зарылдыгына жараша Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарылдыгына жараша белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- ыкчам башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууну, транспорттук каражаттарды, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
- талдоо жүргүзүү жана мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана юридикалык жактарга маалыматтык системаларды, программалык камсыздоолорду, ошондой эле техникалык жабдууларды (компьютердик техника, сервердик жабдуу, тармактык жабдуу ж.б.) иштеп чыгуу, коштоо жана жоюу чөйрөсүндө рекомендацияларды берүү;
- жарнама берүүчү болууга;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу, өзүнүн максаттарына жетүү үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана жумуштарын аткарган жана кызматын көрсөткөн мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык камсыз кылууга;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн милдеттерин, мөөнөтүн баалоо, бюджеттерин аныктоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышуу;
- Ишкананын жумушчулары үчүн коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын жумушчуларына социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүн камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө жана салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
- монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныктаган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга, буга коммерциялык уюмдар үчүн аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы кирбейт.
15. Ишкананын жумушчулары кызматтык милдеттерин аткарууда алган мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананы директор башкарат.
17. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкананын директору:
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт;
- ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- каражаттарды тескөө укугун пайдаланат;
- белгиленген тартипте Ишкананын бардык жумушчулары үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын жумушчуларын белгиленген тартипте ишке кабыл алат жана иштен бошотот, эмгекке дем берүү маселелерин чечет.
19. Ишкананын директору жүктөлгөн иш милдеттерин талаптагыдай аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
20. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басарлары электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
22. Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Ишкананын директорунун сунушу боюнча электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Башка уюмдар, жалданма жумушчулар, жарандар менен чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү ишкананын мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
5. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
24. Ишкана өз ишин электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жылдык иш пландын же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш пландын негизинде жүргүзөт.
25. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
26. Ишкана келишимдин предметин өз эрки менен тандайт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбачылык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын, милдеттерин өзү аныктайт.
27. Ишкана өз ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
28. Ишкана тейлөөчү мамлекеттик органга финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын уюштуруу үчүн зарыл маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
30. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
31. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан, алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
6. Ишкананын мүлкү жана финансылары
32. Ишкана мамлекеттик мүлктү ыкчам башкаруу укугуна негизделген жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз катары мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугу саналат.
33. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
34. Ишкананын мүлкүн төмөнкү булактар түзөт:
- чарбалык иштин натыйжасында алган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз мүлкүн пайдалануудан алган пайда.
35. Ишкананын өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин эсебинен же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат.
36. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
38. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
39. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.