Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-июлу № 340
Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө
(КР 2021-жылдын 24-июлундагы № 88 Минисрлер Кабинетинин токтомунун редакциясына ылайык)
Санариптик трансформация боюнча маселелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Укук" мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасы.
2. (КР 2021-жылдын 24-июлундагы № 88 Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык күчүн жоготту).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасында:
- "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы" позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы";
- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"Соцсервис" мамлекеттик ишканасы";
"Укук" мамлекеттик ишканасы".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 187 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасына "Санариптик экономика" бюджеттик программасынын алкагында "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен "субсидиялар" беренеси боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар үчүн 2376800 (жыйырма үч миллион жети жүз алтымыш сегиз миң) сом өлчөмүндө финансылык каражатты Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын, Идентификациялоо бирдиктүү системасынын, Электрондук башкаруу инфраструктурасынын реестринин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестринин иштешин камсыз кылуу үчүн белгиленген тартипте бөлүп берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды юстиция органдарында мамлекеттик каттоону ишке ашырсын;
- "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-система" жана "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканаларын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону ишке ашырсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
4. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Инфо-Система" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инфо-Система" МИ
- расмий тилде: ГП "Инфо-Система".
5. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды сатып алууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары жана башка атрибуткасы бар.
8. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58 "а".
9. Ишкана финансылык сектор, фискалдаштыруу, бажы жана салыктык администрациялоо, соода, техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо, мамлекеттик мүлктү башкаруу, мамлекеттик сатып алуулар, айыл чарба сектору, тамак аш өнөр жайы, отун-энергетикалык сектор, токой чарбасы, суу ресурстары, ветеринардык, фитосанитардык, экологиялык жана техникалык коопсуздук, транспорт жана коммуникациялар, архитектура жана курулуш (мындан ары - мамлекеттик органдар) чөйрөсүндө маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана коштоону жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
10. Ишкананын максаты мамлекеттик органдардын ишин автоматташтыруу процессин башкаруу, ошондой эле маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана коштоо болуп эсептелет.
11. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
- электрондук башкаруу, маалыматтоо, электрондук маалыматтык жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана башка электрондук тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
12. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- электрондук башкаруу тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- документтерди техникалык баалоо жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жумуш аткаруучуларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо жана алар менен подряд келишимдерин түзүү;
- жаңыдан өз алдынча түзүлүүчү жана тандалган подрядчылар тарабынан жүзөгө ашырылуучу маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө иштерди координациялоо жана долбоорду башкаруу;
- мамлекеттик органдардын пайдаланууга берилген маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо;
- техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоо;
- пайдалануучуларды мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын эксплуатациялоого окутуу;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын пайдалануучуларды колдоо боюнча ишти камсыздоо;
- мамлекеттик органдарда маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актылардын жана уюштуруу-тескөө документтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары -МКТ) жаатындагы, анын ичинде МКТ-продуктуларынын жана сервистердин функционалдык шайкештигин камсыз кылуу боюнча улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик органдарга жана башка жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык технологиялар жаатындагы консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка иш-чараларды өткөрүү;
- маалыматтык технологиялар жаатындагы илимий изилдөө, билим берүү жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- коммерциялык уюмдар үчүн рыноктун конъюнктурасына жараша товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, мында монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган аныктаган нарктан төмөн эмес;
- кеңешме, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
- өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк же мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүүгө;
- Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке жактарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарылдыгына жараша эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарылдыгына жараша белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- ыкчам башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка мүлктөрдү юридикалык жана жеке жактарга менчик ээсинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
- белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
14. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоого;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн милдеттерин аныктоо, мөөнөтүн, бюджеттерин баалоо үчүн санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Ишкананын керектүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө жана салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджет жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү сактоого;
- коммерциялык уюмдар үчүн аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
15. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
16. Ишкананы директор башкарат.
17. Директор Ишкананын жетекчиси болуп эсептелет. Директорду электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
18. Ишкананын директору:
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иш жүргүзөт, келишимдерди түзөт;
- ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- каражаттарды тескөө укугу менен пайдаланат;
- белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын кызматкерлерин белгиленген тартипте жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот, эмгектенүүгө дем берүү маселелерин чечет.
19. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
20. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
21. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
22. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
23. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
5. Эсепке алуу, пландаштыруу жана отчет берүү
24. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашылган жылдык иш планынын негизинде же 3 жана андан ашык жылга түзүлгөн узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүзөгө ашырат.
25. Ишкананын иш планынын негизин жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
26. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоодо өз алдынчалыкка ээ.
27. Ишкана өз ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алат жана мамлекеттик статистика жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетту жүргүзөт.
28. Ишкана тескеген мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин отчет берет.
29. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
30. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
31. Ишкананын иши белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде текшерилет.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
32. Ишкана мамлекеттик мүлктү ыкчам башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объектилерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугу эсептелет.
33. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
34. Ишкананын мүлкү төмөнкү булактардан түзүлөт:
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз мүлкүн пайдалануудан алынган пайда.
35. Ишкананын өздүк финансылык-чарбалык ишинен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
36. Ишкананын ыкчам башкаруудагы мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган таза пайдасы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бөлүштүрүлөт.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгуу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
39. Ишкананын иш процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, оперативдүү башкаруу укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Устав Ишкананын уюштуруучу документи болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
4. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Центр электронного взаимодействия "Түндүк" при Государственном комитете информационных технологий и связи Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Enterprise "Tunduk" Electronic Interoperability Center" under the State Committee of Information Technology and Communications of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Түндүк" МИ;
расмий тилде: ГП "Түндүк";
англис тилинде: SЕ "Tunduk".
5. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн өзү каржылоо принцибинде иш жүргүзөт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк, мүлктүк эмес жана жеке укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жазылган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
6. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана чет өлкөлүк банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка көрүп айырмалап таануучу каражаттары бар.
8. Борбор оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга жана аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга милдеттүү.
9. Ишкананын юридикалык дареги: 720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 96.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
10. Ишкананын максаты Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке киргизүүдө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта берүүдө техникалык координациялоону жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
11. Ишкананын милдеттери:
- электрондук башкарууну жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын иштерин техникалык координациялоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды институттук ишке киргизүүнү камсыздоо жана эксплуатациялоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну оптималдаштыруу үчүн, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү процесстерин өзгөртүүгө катышуу;
- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС), Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу жана администрациялоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларын "Түндүк" ЭВӨСкө туташтырууну камсыз кылуу;
- жиберилүүчү маалымат "Түндүк" ЭВӨСкө келип түшкөн учурдан тартып "Түндүк" ЭВӨСкө туташтырылган маалыматтык системага берилгенге чейин аталган маалыматты санкциясыз алуудан, аны бурмалоодон же бөгөт коюудан коргоону камсыз кылуу;
- "Түндүк" ЭВӨСтүн алкагында электрондук башкарууну жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу;
- маалыматтык системаларды иштеп чыгууну жана иштешин камсыз кылуу.
12. Ишкананын негизги функциялары төмөнкүлөр:
1) электрондук башкарууну ишке киргизүүнү техникалык координациялоо боюнча функциялар:
- электрондук башкарууну ишке ашырууда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын иштерин техникалык координациялоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жагындагы талаптарды иштеп чыгууга катышуу;
- электрондук башкаруу архитектурасын методологиялык камсыздоо жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууга өтүүгө даярдыктын деңгээлине баалоо жүргүзүүгө катышуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта аткаруунун сапаты боюнча иштеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана пайдалануу, электрондук башкаруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду башкарууга катышуу;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен уюмдар электрондук башкарууда пайдаланган электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын түзүүдө жана өнүктүрүүдө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын программалык камсыздоосун, баштапкы программалык коддорун (бар болгондо) жана лицензиялуу программалык камсыздоосунун жөнгө салуучу комплексин эсепке алуу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө инвестициялык жана инновациялык активдүүлүккө дем берүүгө катышуу;
- бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык чөйрөнү, маалыматтык ресурстарды, системаларды жана стандарттарды түзүүгө катышуу;
- Евразия экономикалык бирлигине катышкан мамлекеттердин маалыматтык технологиялар жагындагы техникалык стандарттарын иштеп чыгууга катышуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында санариптештирүү процесстерин ишке киргизүүгө катышуу;
- маалыматтык системаларды, анын ичинде Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Электрондук башкаруу инфраструктурасынын реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин жана Улуттук мониторинг системасын иштеп чыгууну жана иштешин камсыз кылуу.
2) "Түндүк" ЭВӨСтү эксплуатациялоо жана администрациялоо боюнча функциялар:
- "Түндүк" ЭВӨС администраторунун функцияларын аткаруу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, юридикалык жана жеке жактардын маалыматтык системаларынын "Түндүк" ЭВӨСтө өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык системаларды "Түндүк" ЭВӨСкө туташтырууну уюштуруу жана координациялоо;
- "Түндүк" ЭВӨСтүн катышуучуларынын маалыматтык системаларынын администраторлоруна методологиялык колдоо көрсөтүү;
- "Түндүк" ЭВӨСтү пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга "Түндүк" ЭВӨСкө байланышкан маселелер боюнча консультацияларды берүү, ошондой эле тиешелүү окууларды өткөрүү;
- "Түндүк" ЭВӨСтүн пайдаланылышына отчет жана статистика жүргүзүү;
- маалыматтык системаларды, ресурстарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда каттоо;
- жарандардын жана уюмдардын расмий билдирүүлөрүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жиберүү мүмкүнчүлүгүн жана жарандардын, уюмдардын мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана кызмат адамдарынан расмий билдирүүлөрдү "Түндүк" ЭВӨС аркылуу электрондук документ формасында алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
3) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын (мындан ары - Портал) ишин камсыз кылуу боюнча функциялар:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты Порталга электрондук формада жайгаштыруу;
- модернизация жана техникалык жумуштар жасалгандан башка учурларда Порталга сутка бою кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- Порталга жайгаштырылган жеке маалыматты уруксатсыз өзгөртүүдөн же жок кылуудан коргоо;
- Порталга кирүү фактылары жөнүндө маалыматтарды жазуу жана сактоо;
- электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасына Портал аркылуу кирүүнү камсыздоо;
4) Идентификациялоо бирдиктүү системасын (мындан ары - ИБС) иштеп чыгууну жана иштешин камсыз кылуу боюнча функциялар:
- электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ИБС пайдаланылуучу идентификация, аутентификация, авторлоштуруу методдорун жана ыкмаларын аныктоого катышуу;
- электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен ИБС түзүү, өнүктүрүү (модернизациялоо) жана иштешин камсыз кылуу;
5) кибер-коопсуздукту камсыз кылуу боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маалыматтык системалардын жана маалыматтык технологиялардын кибер-коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын кибер-коопсуздугун, алардын бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана жашырындыгын камсыз кылуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык технологияларды пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ишкана өз ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өзүнүн маалыматтык базасында мамлекеттик сырга кирген маалыматты камтыган жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын курамына кирбеген мамлекеттик маалыматтык системаларды кошпогондо, "Түндүк" ЭВӨС аркылуу маалымат алмашуу жана электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын башка элементтерин алмашуу, ошондой эле электрондук башкаруунун маселелерин ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга;
- электрондук башкаруу инфраструктурасын түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана ведомстволор арасында өз ара электрондук аракеттенүү процесстерин оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- электрондук колтамга берүү боюнча иш жүргүзүүгө;
- колтамганы текшерүү ачкычынын сертификаттарын берүү боюнча иш жүргүзүүгө;
- электрондук башкаруунун программалык камсыздалышын жана инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларын иштеп чыгууга, ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү коштоого, ошондой эле буга керектүү башка иш-чараларды аткарууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткаруучу маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн программалык продуктуларды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;
- маалыматтык системаларды толуктап иштеп чыгууга жана модернизациялоого;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткаруу үчүн жеке адамдарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин, анын ичинде Ишкананын жетекчилигин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк же мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жооп берүүчү болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктөрдү алууга;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын, маалымат базаларынын коопсуздугун, бүтүндүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана жашырындыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык технологияларды пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- калкка, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактарга өз компетенциясынын чегинде кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес жана накта акчага эсептешүү менен сатып алууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактардан Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта коммерциялык жана башка негизде алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- акы төлөнүүчү башка кызматтарды көрсөтүүгө.
14. Ишкана өз ишинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык функцияларды жана милдеттенмелерди аткарууга.
4. Ишкананы башкаруу
15. Ишкананын кирешелеринин жана сарптоолорунун сметалары электрондук башкаруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
Электрондук башкаруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Ишкананын директорунун сунушу боюнча төмөнкүлөрдү бекитет:
- Ишкананын түзүмүн;
- штаттык санын;
- кызматкерлерди материалдык кызыктыруу жөнүндө жобону.
16. Ишкананын ишин электрондук башкаруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
17. Директордун бир орун басары болот, ал электрондук башкаруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары Ишкананын директору жок учурда Ишкананын директорунун милдетин аткарат.
18. Ишкананын кызматкерлери электрондук башкаруу, электрондук колтамга жана кибер-коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
19. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине маалымат берет;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, баардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде Ишкананын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына контролду уюштурат;
- Ишкананын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонот;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон, ушул Уставда белгиленген башка иштерди аткарат.
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин жыйынтыгынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
5. Ишкананын мүлкү
21. Ишкананын мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
Ишкана мүлктү өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн арналышына ылайык пайдаланууга укуктуу.
22. Ишкананын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган каражаттар;
- гранттык жана кредиттик каражаттар;
- эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары;
- өзүнүн мүлкүн пайдалануудан түшкөн киреше;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен тыюу салынбаган башка кирешелер.
23. Ишкананын финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешенин же башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат.
6. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп уюштуруу
24. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
25. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
26. Ишкананы өзгөртүп уюштурууда же жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамында каралган жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
27. Ишкананын иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".