Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 232
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карыздардын жана гранттардын эсебинен толук же жарым-жартылай ишке ашырылуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аныктоонун, тандоонун, ишке ашыруунун, контролдоонун жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 30, 35, 62 жана 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аныктоодо, тандоодо, ишке ашырууда, контролдоодо жана баалоодо ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жобону жетекчиликке алышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнундагы N 52 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |