Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 токтомуна) |
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 , 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун демилгелөөнүн, тандоонун, даярдоонун, ишке ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жайылтылат.
3. Ушул Жобонун максаты болуп бюджеттик инвестициялардан болушунча максималдуу социалдык жана экономикалык кайтарымды алуу үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоонун жана ишке ашыруунун жогорку сапатын камсыздоо эсептелет.
4. Ушул Жобо техникалык көмөк көрсөтүү долбоорлоруна, ошондой эле шашылыш гуманитардык жардамды, улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган жардамды, Кыргыз Республикасына донорлордон жана эл аралык уюмдардан түшүүчү аскердик жана азык-түлүк жардамын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же кесепеттерин жоюу боюнча чукул чараларды ишке ашыруу менен байланышкан долбоорлорду кошкондо Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирбеген гранттарга карата колдонулбайт.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестицияларын башкаруу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору улуттук, тармактык программалар же стратегиялар сыяктуу тиешелүү документтерде, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программаларын кошкондо, башка документтерде чагылдырылган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык демилгеленет жана бекитилет;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлоруна карата ушул Жободо аныкталуучу бирдиктүү системалаштырылган процесс колдонулат, анын ичинде колдонулуучу документтердин бирдиктүү стандарттарын пайдалануу;
- демилгеленүүчү мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору үчүн натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун өлчөнүүчү индикаторлору аныкталууга тийиш, ал долбоорлорду тандоодо жана бекитүүдө көңүлгө алынат, ошондой эле долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо үчүн колдонулат.
- экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү методикаларга ылайык ишке ашырылып жаткан жана ишке ашырылып бүткөн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун натыйжалуулугу милдеттүү түрдө бааланат;
- тиешелүү кызмат адамдары мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, демилгелөө, ишке ашыруу, аяктоо жана баалоо, анын ичинде долбоорлордун ишке ашырылышына баа берүү үчүн зарыл болгон маалыматтын мониторингин камсыздоо, аны топтоо жана даярдоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун бекитүү жана каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана бюджеттик циклине ылайык ишке ашырылат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын эске алуу менен каржыланат;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, ишке ашыруу, аяктоо жана баалоо процесстери жана натыйжалары ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
- долбоордун активдери - мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн объект же объекттер, кызмат көрсөтүүлөр же башка функционалдык баалуулуктар;
- долбоордун бенефициарлары - мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардан пайда алуучу жеке жана юридикалык жактар;
- бюджеттик инвестициялар - каржылоо же кош каржылоо түрүндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга багытталган республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, тышкы булактардын каражаттары (эки тараптуу жана көп тараптуу донорлордун кредиттери жана гранттары);
- долбоордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине таасири - мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдарынын кыскарышына же көбөйүшүнө тийгизген болжолдуу таасири;
- мамлекеттик ички жол-жоболор - эл аралык келишимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо, кошулуу же бекитүү процесси;
- мамлекеттик инвестициялар - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде тышкы карыз алууларды жана гранттарды эске алуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары;
- займдын грант-элементи - займдын номиналдык суммасы менен Эл аралык валюта фондунун методикасына ылайык эсептелген займдын номиналдык суммасынан пайызда туюнтулган карызды тейлөө боюнча келечектеги дисконттолгон төлөмдөр суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталуучу займдын жеңилдик берилген даражасы;
- донор - мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашырууга кредит же грант берүүчү Кыргыз Республикасынын эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөшү;
- долбоордун натыйжалуулугунун индикаторлору - мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун натыйжаларын өлчөө үчүн колдонулуучу сан жана сапат жагынан финансылык жана финансылык эмес көрсөткүчтөр;
- аткаруучу агенттик - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү жана каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорун демилгелөө, даярдоо жана ишке ашырууга жооптуу болгон мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (макулдашуу боюнча);
- долбоордун координатору - мамлекеттик инвестициялардын белгилүү долбооруна жооптуу болгон аткаруучу агенттиктин өкүлү;
- ишке ашыруунун натыйжаларынын матрицасы - мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун натыйжаларынын индикаторлорун жана ага жетүүнүн мөөнөттөрүн камтыган документ;
- долбоорду ишке ашыруучу бөлүм/топ - аткаруучу же ишке ашыруучу агенттикте убактылуу түзүлгөн бөлүм же топ, ал мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруу милдеттерин жүзөгө ашырат;
- долбоордон кийинки мезгилде долбоорду ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү - мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун таасиринин, пландалган индикаторлорго жетүүнүн, долбоор ишке ашырылгандан кийинки мезгилде анын активдеринин иштешинин натыйжалуулугунун сан жана сапат деңгээлин аныктоого багытталган мониторингдик жана аналитикалык изилдөөлөрдүн комплекси;
- өнүктүрүү сценарийи үчүн долбоорлордун тизмеси - ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдалган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жактырылган, бирок каржыланбаган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоору (мындан ары - долбоор) - так аныкталган максаттары жана натыйжалары менен белгиленген графиктин жана уюштуруу түзүмүнүн алкагында ишке ашырылуучу иш-чаралардын комплекси. Бул Жобонун максаттары үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору деп тышкы карыздарды жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу долбоорлор түшүнүлөт;
- долбоордук өтүнмө - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада мамлекеттик инвестициялардын долбоору тууралуу негизги маалыматты камтыган демилгелөөчү документ;
- алкактуу макулдашуу - кызматташтыктын түрлөрү, багыттары жана шарттары жөнүндө тараптардын принципиалдуу макулдашууларын аныктоочу макулдашуу, ал андан соң мамлекеттик инвестициялардын айрым долбоорлорунда ишке ашырылууга тийиш;
- ишке ашыруучу агенттик - юридикалык жактын статусуна ээ каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга же ишке ашыруу үчүн катышууга жооптуу болгон уюм;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде аныкталган мааниде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялык орган;
- каржылоо жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасы менен донордун ортосунда түзүлүүчү мамлекеттик инвестициялардын долбоору боюнча бардык финансылык, юридикалык жана башка шарттарды камтыган эл аралык жана эл аралык эмес келишим;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты, ошондой эле ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
- экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - макроэкономикалык, инвестициялык, экономикалык жана региондук өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу мамлекеттик орган;
- юридикалык корутунду - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашуунун жактыруу, кол коюу жана ратификациялоо жол-жоболорунан өткөндүгүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эл аралык уюмдардын документтеринин шарттарында жана жоболорунда юридикалык корутундуну берүү макулдашуунун күчүнө кириши үчүн шарттардын бири катары көрсөтүлгөн учурда макулдашуунун жоболорунун юридикалык милдеттүүлүгүн ырастаган юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары - бул эл аралык коомчулуктун алдында турган, туруктуу өнүктүрүүнүн үч негизги аспектисинде: экономикалык өсүү, социалдык интеграция жана айлана-чөйрөнү коргоодо бирдей прогрессти камсыздоого багытталган чараларды билдирген 17 максаттан жана 169 тапшырмадан турган комплекс.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Долбоорлорду демилгелөө, тандоо жана даярдоо тартиби
7. Долбоорлорду демилгелөөдө, тандоодо жана даярдоодо төмөнкүдөй кадамдар камтылган:
1) аткаруучу агенттик тарабынан долбоордук өтүнмөнү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча демилгелөө;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөгө корутунду даярдоо;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөгө корутунду даярдоо;
4) аткаруучу агенттик тарабынан долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо;
5) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге корутунду даярдоо;
6) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге корутунду даярдоо;
7) долбоорду Кеңеште кароо жана демилгеленген долбоор боюнча чечим кабыл алуу.
8. Долбоорду башкаруу үчүн аткаруучу агенттик өзүнүн буйругу менен долбоордун координаторун (мындан ары - координатор) бекитет. Долбоордук өтүнмөнү экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароого киргизүүдө долбоордун координаторун бекитүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү зарыл.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Координаторго аткаруучу агенттик тарабынан долбоордун бардык маселелерин башкарууга ыйгарым укук берилет:
- долбоорду демилгелөө, ишке ашыруу жана аяктоо, ошондой эле долбоор аяктаган мезгилде анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык аткаруучу агенттиктин атынан долбоордун каражаттарын тескөө;
- долбоорго тиешелүү бардык документтерге кол коюу;
- долбоордун каражаттарын алууга укуктуу адамдарга ыйгарым укуктарды берүү;
- каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык долбоорду ишке ашыруу, сатып алуулар планын аткарууну жана аткаруучу агенттиктин жана башка кызыкдар тартаптардын техникалык жана финансылык отчеттуулугун камсыздоону координациялоо кирет;
- каржылоочу тарап, мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү.
10. Координатор уюмдун жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызматта турган аткаруучу агенттиктин өкүлдөрүнүн ичинен дайындалат, анын жоопкерчилик чөйрөсүнө демилгеленген долбоор кирет.
11. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн аткаруучу агенттик көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдардын өкүлдөрүн ишке тартууга, ошондой эле долбоордук өтүнмөнү даярдоого гранттык техникалык жардам үчүн донорлорго кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн аткаруучу агенттикке көмөк көрсөтүү зарыл болгон учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган гранттык техникалык жардамды алуу үчүн донорлорго кайрылат.
13. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн кредиттик каражаттарды алууга жол берилбейт.
14. Долбоорду (долбоордук өтүнмө) даярдоо үчүн гранттык техникалык жардам бөлүү жөнүндө донор тарабынан чечим кабыл алынган учурда аткаруучу агенттик бардык зарыл жол-жоболорду ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Долбоордук өтүнмөнү даярдоодо аткаруучу агенттик аны даярдоого төмөнкүлөрдү тартууга тийиш:
- аткаруучу агенттиктин коомдук кеңешинин өкүлдөрүн (эгерде аткаруучу агенттикте коомдук кеңеш каралган болсо);
- долбоор ишке ашырылуучу (ишке ашырыла турган) аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
16. Долбоордук өтүнмө даярдалгандан кийин аткаруучу агенттик аны баалоо үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жиберет (электрондук жана кагаз түрүндө).
17. Кароого ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн толугу менен толтурулган долбоордук өтүнмөлөр гана кабыл алынат.
18. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айлык мөөнөттө долбоордук өтүнмөнү төмөнкүлөр боюнча баалайт:
- долбоорду республикалык бюджеттин каражаттарынан кош каржылоо мүмкүндүгү;
- мурда алынган кредиттик милдеттенмелер боюнча аткаруучу агенттиктин же ишке ашыруучу агенттиктин мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу.
19. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айлык мөөнөттө долбоордук өтүнмөнүн улуттук стратегиялык документтерге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларына шайкештиги жана долбоордун экономикалык максатка ылайыктуулугу предметине баалайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Төмөнкүлөр бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыгы болушу мүмкүн:
- оң корутунду;
- долбордук өтүнмөнү кайра иштеп чыгууга аткаруучу агенттикке кайтаруу;
- терс корутунду.
21. Долбоордук өтүнмөнү кайра иштеп чыгууга бир же эки ыйгарым укуктуу орган тарабынан тең кайтарылган учурда аткаруучу агенттик кайра иштелип чыккан долбоордук өтүнмөнү ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органдардын кароосуна кайрадан киргизе алат. Долбоордук өтүнмөнү кайра иштеп чыгууга аткаруучу агенттикке үч жолудан ашык кайтарганда, долбоордук өтүнмө демилгеленген долбоор боюнча кайра кароого кабыл алынбайт. Мында долбоордук өтүнмөнүн шайкеш келбегендиги үчүн бардык жоопкерчилик аткаруучу агенттикке жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Бир же эки ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терс корутундусу долбоордун максатка ылайыксыздыгын билдирет жана демилгеленген долбоор боюнча долбоордук өтүнмө кайра кароого кабыл алынбайт.
23. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордук өтүнмөнү жактыруусу Кеңешти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорду жактырууга милдеттендирбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
231. Долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыктары боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оң корутунду чыгарган учурда аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу долбоорду каржылоо үчүн кызматташууга кызыкдарлыгын билдирүү менен донорлорго кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыгы боюнча оң корутунду болгон учурда аткаруучу агенттик долбордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдай баштайт.
25. Аткаруучу агенттик долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени, Кеңеш менен макулдашуу боюнча өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын чөйрөсүнө кирген стратегиялык маанилүү долбоорлордон тышкары даярдайт. Ага көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдардын өкүлдөрүн тартууга, ошондой эле долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого гранттык техникалык жардам үчүн донорлорго кайрылууга укуктуу. Долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн кредиттик каражаттарды алууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714, 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Аткаруучу агенттикке долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн көмөк көрсөтүү зарылдыгы болгон учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү каржылоо алуу үчүн донорлорго кайрылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн тиешелүү каржылоо бөлүү жөнүндө донор тарабынан чечим кабыл алынган учурда аткаруучу агенттик бардык жол-жоболорду ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714, 2023-жылдын 14-августундагы № 405 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Аткаруучу агенттик долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоодо бардык кызыкдар уюмдар жана бенефициарлар менен долбоорду талкуулоого тийиш. Мындай талкуулоонун жыйынтыктары долбоордук документтерде же техникалык-экономикалык негиздемеде чагылдырылышы керек. Аткаруучу агенттик мындай талкуулоону уюштуруу үчүн жооптуу болот.
29. Долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме долбоордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине тийгизүүчү пландалган таасирин баалоону камтууга тийиш.
30. Даярдалган долбоордук документтер же техникалык экономикалык негиздеме баалоо жана тиешелүү корутундуну даярдоо үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
31. Долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик инвестициялардын демилгеленген долбоору тууралуу кыскача маалымат менен коштолот.
32. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдан ашпаган мөөнөттө төмөнкүлөргө ылайык баалоо жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына (грант-элемент);
- республикалык бюджеттин каражаттарынан долбоорду кош каржылоо мүмкүндүгүнө;
- долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме менен кошо берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине тийгизүүчү пландалган таасирин баалоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдан ашпаган мөөнөттө долбоор же техникалык-экономикалык негиздеме боюнча документтердин улуттук стратегиялык документтерге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программаларына шайкештигин жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү методика боюнча экономикалык максатка ылайыктуулугун баалайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган донордун каражаттарынын же республикалык бюджеттин каражаттары болуп эсептелбеген башка булактардын эсебинен долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени көз карандысыз баалоо үчүн эксперттерди, мамлекеттик жана жеке уюмдарды тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Төмөнкүлөр бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени баалоонун жыйынтыктары болушу мүмкүн:
- оң корутунду;
- кайра иштеп чыгуу үчүн долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени аткаруучу агенттикке кайтаруу;
- терс корутунду.
36. Долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме кайра иштеп чыгууга бир же эки ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайтарылган учурда аткаруучу агенттик кайра иштелип чыккан долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени ушул Жобого ылайык ыйгарым укуктуу органдын кароосуна кайрадан киргизе алат.
37. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу алынган учурда аткаруучу агенттик Кеңештин катчылыгына долбоорду Кеңештин кезектеги жыйынында кароо жөнүндө сунуш киргизет.
38. Аткаруучу агенттик Кеңештин долбоорун презентациялоого жооптуу болот.
39. Долбоорду каржылоону же өнүктүрүү сценарийи үчүн долбоорлордун тизмесине кошууну жактыруу боюнча Кеңештин чечими приоритеттүүлүктү талдоонун негизинде киргизилет. Приоритеттүүлүктү талдоо Кеңеш тарабынан каралуучу долбоорлордун наркы коюлган бюджеттик чектөөлөрдөн жана/же тышкы карыз алуулардын көлөмү боюнча чектөөлөрдөн ашкан учурларда зарыл.
40. Приоритеттүүлүктү талдоону экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктер тарабынан берилген артыкчылыктардын, ошондой эле экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген методика менен аныкталган артыкчылыкташтыруу критерийлеринин негизинде даярдайт.
41. Эгерде аткаруучу агенттик Кеңештин кароосуна бир нече долбоорлорду даярдаса, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине Кеңештин жыйынына чейин бир ай мурда приоритеттүүлүк тартибин көрсөтүү менен долбоорлордун тармактык тизмеси жиберилет.
42. Кеңеш долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча түздөн-түз же сырттагы форматта төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
- долбоорду жактыруу;
- долбоорду аткаруучу агенттикке кайра иштеп чыгууга кайтаруу;
- долбоорду четке кагуу;
- Кеңештин регламентине ылайык башка чечимдер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Долбоорду каржылоо мүмкүндүгү жөнүндө донорлор тараптан алдын ала оң чечим болгон учурда аткаруучу агенттик эл аралык келишимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду ишке ашырат.
44. Каржылоо булактарын аныктабастан, Кеңеш тарабынан долбоор жактырылган учурда аталган долбоор өнүктүрүү сценарийлери үчүн долбоорлордун тизмесине киргизилет. Тийиштүү тармактагы өнүктүрүү сценарийлери үчүн долбоорлордун тизмесин жүргүзүү аткаруучу агенттикке жүктөлөт.
4. Каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү тартиби
45. Долбоор Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жактырылгандан кийин аткаруучу агенттик сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мөөнөтүн, ордун жана каржылоо маселесин аныктоо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасы менен донордун ортосундагы сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоорун демилгелейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Аткаруучу агенттикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорун демилгелөөгө ыйгарым укугу болбогондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан тиешелүү тапшырма болгон учурда макулдашуунун долбоорун жактыруу жана аны андан ары ратификациялоо боюнча зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Аткаруучу агенттик документтердин акыркы пакетин жана каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун сүйлөшүүлөрдүн башталган датасына чейин эки жумадан кечиктирбей кароо үчүн делегациянын катышуучуларына берүүгө тийиш.
48. Делегациянын катышуучулары сүйлөшүүлөр башталганга чейин бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу жана позицияларды макулдашуу үчүн кеңешме өткөрүүгө тийиш. Кеңешмени уюштурууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу эсептелет. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча протокол таризделет, ага делегациянын курамына кирген мамлекеттик органдын ар бир өкүлүнүн колу коюлат жана сүйлөшүүлөр башталганга чейин бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Долбоорду каржылоо жөнүндө донордун оң чечими кабыл алынганда аткаруучу агенттик "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү жол-жобосун демилгелейт.
50. Бул үчүн аткаруучу агенттик 10 күндүк мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу буйругунун долбоорун демилгелейт. Аткаруучу агенттик демилгеленген датадан тартып 30 иш күндөн ашпаган мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун белгиленген тартипте макулдашылган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө, аны "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялоо жол-жобосун демилгелейт. Аткаруучу агенттик демилгеленген датадан тартып 30 иш күндөн ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору жөнүндө токтомунун макулдашылган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде, каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирүү үчүн субсидиардык макулдашууну түзүүнү караса, анда аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган учурдан тартып 5 (беш) күндүн ичинде субсидиардык макулдашуунун негизги бөлүгүн даярдоону демилгелейт.
53. Субсидиардык макулдашууда кредит берүү шарттары жана ал боюнча төлөмдөрдүн графиги, мамлекеттик зайымды пайдалануу үчүн пайыздар, каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык башка төлөмдөр, зайымчы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо жана анын жоопкерчилиги, республикалык бюджетке кепилденген төлөмдөрдүн ордун толтуруу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда зайымчынын эсебинен карызды талашсыз тартипте өндүрүүгө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугу көрсөтүлөт. Зайымчы тарабынан мамлекеттик зайымдар боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, бул милдеттенмелерди бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан зайымчынын жүргүзгөн төлөмдөрдүн ордун анда ары толтуруусу менен аткарылат.
54. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлган датадан тартып 3 күндүк мөөнөттө субсидиардык макулдашууну түзүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду демилгелейт жана демилгеленген датадан тартып 15 иш күндөн ашпаган мөөнөттө Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Аткаруучу агенттик субсидиардык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 5 күндүк мөөнөттө:
- юридикалык корутундуну даярдоо үчүн тийиштүү документтердин пакетин юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет;
- юридикалык корутундуну кошкондо, зарыл болгон бардык документтерди англис тилине тиешелүү түрдө которууну камсыздайт.
56. Юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтердин пакетин алган датадан тартып 10 күндүк мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каржылоо жөнүндө макулдашууга юридикалык корутундуну аткаруучу агенттикке жиберет.
57. Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялангандан кийин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү долбоорду каржылоо планын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетке киргизет.
57-1. Эгерде тиешелүү жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү жылдарга мамлекеттик инвестициялардын бюджетине нөл бюджети менен долбоор боюнча сапты киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Долбоорду мобилизациялоо
58. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датага чейин долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдү же топту түзүү, анын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык алдын ала тандоо, долбоорду, алдын ала техникалык тапшырмаларды жана техникалык өзгөчөлүктөрдү ишке ашырууга жооптуу тараптардын биргелешкен иш-аракеттер планын даярдоо боюнча иштерди, ошондой эле долбоорду өз убагында ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
59. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып бир жумалык мөөнөттө:
- тийиштүү функцияларды жана жоопкерчиликти аныктоо менен кызматкерлерин жалдоону кошкондо, долбоорду ишке ашыруучу дү же топту түзүүнү аяктоого тийиш;
- аткаруучу агенттиктин, ишке ашыруучу агенттиктин жана долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдүн/топтун долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын бекитүүгө тийиш. Бул план долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардан тышкары, аткаруучу агенттиктин долбоордун тийиштүү милдеттерин жана компоненттерин ишке ашырууга жооптуу болгон бөлүмдөрүн аныктоого тийиш.
60. Долбоордун координатору долбоордун каражаттарын алууга укуктуу адамдарга ыйгарым укук берет.
61. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан долбоордун ишке ашырылышын координациялоого жооптуу кызматкерди аныктайт жана ал алмашкан же башка өзгөрүүлөр болгон учурда донорго маалымдайт.
62. Каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында ишке ашыруучу агенттиктин долбоорду ишке ашырууга катышуусу каралган учурда, долбоорду ишке ашыруучу бөлүм же топ ишке ашыруучу агенттиктин алдында түзүлөт.
63. Эгерде, каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында атайын эсепти ачуу каралса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык банктардын биринде бир же бир нече атайын эсептерди ачат.
64. Эгерде, каржылоо жөнүндө макулдашууда долбоордун атайын эсептерин ачуу үчүн коммерциялык банктарды тандоону каржылоочу тарап жүргүзөрү каралса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каржылоочу тараптын донору сунуштаган коммерциялык банкта атайын эсепти же эсептерди ачат.
65. Долбоордун ишке ашырылышын контролдоо үчүн каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып эки жумалык мөөнөттө байкоочу кеңеш түзүлөт, ал аткаруучу агенттиктин буйругу же эгерде, мындай бекитүү каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында каралса Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Байкоочу кеңештин милдеттери:
- долбоорду ишке ашыруу пландарын жана аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактыруу;
- долбоордун ишке ашырылышына жана алардын өзүнүн максаттарына жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
- долбоорду ишке ашыруу жана аяктоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо.
67. Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү түрдө аткаруучу агенттиктин жана долбоордун бенефициарларынын өкүлдөрү кирет. Байкоочу кеңештин курамына ошондой эле мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар адамдар киргизилиши мүмкүн. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта ишке ашырышат.
68. Байкоочу кеңешти түзүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечими же буйрук байкоочу кеңеш жөнүндө тийиштүү жобону камтууга тийиш, ал байкоочу кеңештин милдеттерин жана чечимдерин ишке ашыруу жол-жоболорун жана механизмдерин, байкоочу кеңеш тарабынан көзөмөлдү камсыздоону жана башка зарыл болгон жоболорду камтууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Байкоочу кеңештин жыйындары жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин катчылыгы 5 күндүк мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга байкоочу кеңештин жыйынынын кол коюлган протоколун жөнөтөт. Байкоочу кеңештин катчылыгы болуп аткаруучу агенттик эсептелет, ал байкоочу кеңештин жыйындарын уюштурууга жана ишинин протоколдорун жүргүзүүгө жооптуу болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Эгерде, аткаруучу агенттик бир нече долбоорду ишке ашырууга жооптуу болсо, анда алар үчүн бир байкоочу кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
71. Долбоорду башкарууга тартылган аткаруучу, ишке ашыруучу агенттиктердин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдөрдүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда "Инвестициялык долбоорлорду башкаруу" модулу боюнча окуудан өтүүгө тийиш. Окуу графиги жана окууга муктаждыкты талдоо бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
72. Аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктер кызматкерлердин окуусуна акы төлөөгө жооптуу.
6. Аткаруучу агенттик
73. Аткаруучу агенттиктин жоопкерчилик чөйрөсү:
- долбоорду демилгелөө жана даярдоо;
- долбоорду Кеңештин жыйындарында жана башка зарыл болгон учурларда презентациялоо;
- долбоордун бардык пландалган натыйжаларына өз убагында жетүү;
- долбоордун каражаттарын толук жана өз убагында өздөштүрүү;
- ишке ашыруучу агенттиктердин, долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдөрдүн/топтордун ишин координациялоону жана донорлор менен өз ара аракеттенүүнү кошкондо, өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүнө кирүүчү долбоорлордун ишке ашырылышын координациялоо;
- каржылоо жөнүндө макулдашууларда жана башка тийиштүү документтерде каралган программаларды, пландарды, ченемдик укуктук актыларды жана башка кандай болбосун документтерди белгиленген тартипте даярдоо жана макулдашуу;
- долбоорду ишке ашыруунун алкагында сатып алуулар процессин жетектөө жана камсыздоо;
- каржылоо жөнүндө макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тийиштүү финансылык отчетторду жүргүзүү;
- долбоорлор боюнча курулуш үчүн жер бөлүп берүүгө, зарыл болгон уруксаттарды алууга, макулдашууларды жана зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүүгө байланыштуу зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында ишке ашыруу;
- долбоорлорду каржылоо үчүн зарыл болгон документтерди бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү;
- бюджеттердин долбоорлорун жана долбоорлорду ишке ашыруу пландарын даярдоону координациялоо;
- долбоорлор боюнча байкоочу кеңештерди түзүү;
- долбоорлорду ишке ашыруучу бөлүмдөрдү же топторду түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык алардын штаттык расписаниесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо;
- долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылоочу тараптарга долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду, ошондой эле мазмуну формасы жана берүү графиги, ыйгарым укуктуу тараптар менен макулдашылуучу башка маалыматтарды берүү;
- долбоорлорду ишке ашыруу натыйжаларынын матрицасын даярдоо;
- натыйжалардын матрицасы менен аныкталган максаттарга, ошондой эле тармактык стратегиялардын жана программалардын максаттарына жетүүгө карата долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мониторинг боюнча үзгүлтүксүз отчетторду берүү;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүдө долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча донорлор менен үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруу. Бул жолугушууларга бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (макулдашуу боюнча), экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү чакырылат;
- долбоорлордун, ошондой эле тармактык стратегиялардын жана программалардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо үчүн өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүндө маалыматтык жана статистикалык базаны түзүү үчүн тышкы жардамды башкаруунун маалыматтык системасын пайдалануу;
- долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкына жана бенефициарларга маалымдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
- долбоорлордун социалдык жана экономикалык таасирин баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо;
- долбоорлорду аяктоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана тийиштүү тараптарга долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчет берүү;
- долбоордон кийинки мезгилде долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
- өзүнүн веб-сайтына долбоорлордун аяктагандыгы жөнүндө отчетторду жарыялоону кошкондо, долбоорлорду демилгелөө, даярдоо, ишке ашыруу, аяктоо процесстеринин ачык-айкындыгын камсыздоо;
- мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга тиешеси бар башка маселелер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишке ашыруучу агенттик
74. Ишке ашыруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууга, ушул Жобого, аткаруучу агенттиктин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жоопкерчилик тартат.
Ишке ашыруучу агенттиктин жоопкерчилик чөйрөсү:
- долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруучу агенттик менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
- долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан иш-чаралар комплексин практикалык түрдө ишке ашыруу;
- каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тийиштүү финансылык отчетторду жүргүзүү;
- долбоорлордун бардык пландалган натыйжаларына жетүү;
- долбоорлордун каражаттарын толук жана өз убагында өздөштүрүү;
- долбоорлорду ишке ашыруучу бөлүмдөрдү же топторду түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык алардын штаттык расписаниесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорлоо, конкурстук документтерди даярдоо, келишимдерге кол коюу;
- долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында сатып алуулар процессин камсыздоо;
- долбоорлордун компоненттеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
- байкоочу кеңештердин ишин маалыматтык камсыздоо;
- аткаруучу агенттикке, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, каржылоочу тараптарга, үзгүлтүксүз отчетторду, ошондой эле мазмуну, формасы жана берүү графиги каржылоочу тарап жана башка ыйгарым укуктуу тараптар менен макулдашылуучу башка маалыматтарды даярдоо;
- долбоорлордун, ошондой эле тармактык стратегиялардын жана программалардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо үчүн өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүндө маалыматтык жана статистикалык базаны түзүү үчүн тышкы жардамды башкаруунун маалыматтык системасына зарыл болгон бардык маалыматтарды киргизүү;
- кезектеги финансылык жылга долбоорлордун бюджетин даярдоо;
- аткаруучу агенттиктин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржылоочу тараптын долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн текшерүү жана баалоо үчүн долбоорлорду ишке ашырууга тийиштүү объектилерге барууларын уюштуруу;
- долбоорлордун ишинин алкагында кредиттик/гранттык макулдашуунун жана келишимдердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү ишке ашыруу;
- долбоорлордун ишке ашырылышына аудитордук текшерүүлөрдү уюштуруу жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылоочу тараптарга аудитордук отчетторду берүү;
- өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча бардык кызыкдар тараптар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жана кат алышууну камсыздоо;
- долбоорлорду ишке ашыруу аяктагандан кийин алардын туруктуулугун камсыздоо боюнча иш-чаралар комплексин ишке ашыруу;
- долбоорлордун социалдык жана экономикалык таасирин баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо;
- долбоорлорду ишке ашырууга тиешеси бар башка маселелер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүм/топ
75. Зарыл болгон учурда же эгерде ал каржылоо жөнүндө макулдашууда аныкталса, аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдү же топту түзөт. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүм аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин тиешелүү уюштуруу түзүмүнүн жана штаттык санынын эсебинен, же болбосо тийиштүү кызматкерлерди кошумча жалдоо менен түзүлүшү мүмкүн.
76. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдүн кызматкерлерин жалдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык ишке ашырылат.
77. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
77-1. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен контракттар андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен 12 айга түзүлөт. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга контрактты узартуу жөнүндө билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдүн милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт жана милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөйт.
79. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүм долбоорду ишке ашырууга байланышкан иш-чаралар комплексин практикалык аткарат жана төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансылык отчетторду жүргүзүү;
- долбоордук пландарга ылайык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
- долбоордун эсебинин жана финансылык отчеттордун аудитин жүргүзүүнү уюштуруу;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча үзгүлтүктүз отчетторду даярдоо;
- ишке ашырылуучу долбоор боюнча сатып алууларды жүргүзүү;
- техникалык өзгөчөлүктөрдүн жана тендердик документтердин долбоорлорун даярдоо;
- долбоорлоону уюштуруу, сметалык документтерди даярдоо;
- долбоордун ишке ашырылуучу компоненттерине техникалык жана башка көзөмөлдү камсыздоо;
- долбоорлордун, ошондой эле тармактык стратегиялардын жана программалардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо үчүн өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүндө маалыматтык жана статистикалык базаны түзүү үчүн мамлекеттик инвестицияларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасына зарыл болгон бардык маалыматтарды киргизүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдү түзүү аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана жыйынтыгы үчүн жоопкерчилигин азайтууга алып келбейт.
81. Долбоорду ишке ашырууга тийиштүү эмес функцияларды жана милдеттерди долбоорду ишке ашыруучу бөлүмгө жүктөөгө жол берилбейт.
82. Долбоорду ишке ашыруучу бөлүмгө кызматкерлерди тандоо үчүн тендердик комиссиянын курамына милдеттүү түрдө долбоордун координатору, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү киргизилет.
83. Долбоор ишке ашырылгандан кийин аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдүн андан аркы иштөөсүнө карата чечим кабыл алат.
9. Финансылык башкаруу, отчеттуулук жана сатып алуулар
84. Аткаруучу агенттик көз карандысыз аудиторлор тарабынан финансылык отчеттордун мезгил-мезгили менен аудитордук текшерилүүсүн кошкондо, долбоорго байланышкан операцияларды, ресурстарды жана чыгымдарды жетиштүү түрдө чагылдыруучу, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсебинин стандарттарына жана каржылоочу тараптын талаптарына ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылоочу тарапка жөнөтүлүүчү финансылык башкаруу системасын колдонууну жана долбоор боюнча отчетторду даярдоону камсыздайт.
85. Аткаруучу агенттик ишке ашырылуучу долбоорлорду финансылык башкаруу үчүн толук жоопкерчилик тартат. Финансылык башкаруу бухгалтердик эсептин тийиштүү материалдарын жүргүзүүнү жана контролдоонун ички чараларын, эсепке алуу саясатын тандоону жана колдонууну, ошондой эле долбоордун активдерин коргоону камсыздоону камтыйт.
86. Долбоорлордун каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо аткаруучу агенттик тарабынан ишке ашырылат.
87. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык аткаруучу же ишке ашыруучу агенттикке кошо каржылоо каражаттарын берет.
88. Ар бир жылдын 1-декабрынан кеч эмес, долбоорду ишке ашыруунун бүткүл аралыгында аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кийинки календардык жылдын ичинде долбоордун ишине киргизүү үчүн сунушталган иштердин бардык түрүн, ошондой эле пландалган суммаларды жана аларды каржылоо булактарын көрсөтүү менен, бул иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды каржылоонун сунушталган планын камтыган жылдык иш планды жана долбоордун бюджетин берет. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылдык иш пландын жана долбоордун бюджетинин каралышы бир айлык мөөнөттөн ашпоого тийиш.
89. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашпастан аткаруучу агенттиктин жылдык иш планга жана долбоордун бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүсүнө жол берилбейт.
90. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формага ылайык бир айлык финансылык отчетту берет.
91. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формага ылайык кварталдык финансылык отчетту берет.
91-1. Биринчи жарым жылдык үчүн бекитилген жылдык бюджетти иш жүзүндө аткаруунун жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыктын аягына карата бюджет талаптагыдай өздөштүрүлбөгөн учурда (80%дан аз) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетекчилердин, аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин долбоорлорунун координаторлорунун, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө маселени Кеңештин жыйынына алып чыгууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин долбоордун бюджеттик планын аткаруу боюнча бир айлык жана кварталдык отчетторунун негизинде пландалганга салыштырмалуу реалдуу чыгымдарга мониторинг жүргүзөт.
93. Орто аралык финансылык отчеттор каржылоо жөнүндө макулдашууда каралган мөөнөттө жана форматта каржылоочу тарапка берилет.
94. Аткаруучу агенттик ар бир финансылык жыл аяктагандан кийин жана долбоор жабылуучу учурга карата долбоордун финансылык отчетун ар жылдык аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктарын каржылоочу тарапка берет. Аткаруучу агенттик бир айдын ичинде долбоор боюнча аудитордук отчетторду жана долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчетту өзүнүн веб-сайтына жарыялайт.
95. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин суроо-талабы боюнча, каржылоочу тарап макул болгон учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине киргизилген долбоордун чыгымдарын аванстык каржылоосу мүмкүн, кийин бул чыгымдар долбоордун каражаттарынын эсебинен кайтарылат.
95-1. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кандайдыр бир күтүлбөгөн кирешелер келип чыккан учурда келип түшкөн каражаттар толук көлөмдө долбоор аяктаганда республикалык бюджетке которулууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
96. Долбоордун финансылык отчетуна төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- тийиштүү документтер менен ырасталуучу каржылоочу тараптан алынган каражаттар жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана башка булактардан кошо каржылоо жөнүндө маалыматтар;
- долбоордун башкы багыттары жана сарптоолордун негизги категориялары боюнча чыгымдар жөнүндө ведомость;
- жыйынтыктоочу отчеттор жана каражаттарды алууга өтүнмө берүү үчүн негиз катары пайдаланылган чыгымдардын ведомстволору боюнча жыйынды маалымат;
- коммерциялык банктардын тийиштүү документтери менен ырасталуучу бардык атайын эсептердеги абал жөнүндө отчет;
- долбоордун топтолгон каражаттары көрсөтүлгөн баланстык отчет, банктык баланс, эгер болсо долбоордун башка активдери жана пассивдери;
- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча башка маалыматтар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Аткаруучу агенттик квартал сайын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун компоненттерин ишке ашырууну баштоонун жана аяктоонун пландалган жана учурдагы даталарынын ортосундагы айырма көрсөтүлгөн маалыматты, ошондой эле ар бир компонент боюнча иштерди аткаруунун жүрүшү жана тийиштүү мезгилге долбоордун бюджетин өздөштүрүү жөнүндө маалыматты берет.
98. Подрядчылар/консультанттар тарабынан контракттык милдеттенмелер кечиктирилген же үзгүлтүккө учуратылган учурда аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кечиктирүүнүн себептерин жана алардын жоюу жана келечекте жол бербөө үчүн көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен мындай учурлар жөнүндө билдирет.
99. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аудитордук отчетту алгандан кийин 10 күндүн ичинде, ошондой эле каржылоочу тарапка каржылоо жөнүндө макулдашууда айтылган тартипте жана мөөнөттө көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетту жана аудит жөнүндө башка маалыматты берет. Аткаруучу агенттик аларды өз веб-сайтына жарыялоо аркылуу аудиттин жыйынтыктарын ачык көрүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
100. Конкурстук торуктарды өткөрүүнү талап кылган сатып алууларды жүргүзүү үчүн аткаруучу агенттик өзүнүн буйругу менен эгерде, каржылоо жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык конкурстук комиссияларды түзөт.
100-1. Аткаруучу агенттиктин конкурстук комиссиясы өзүнүн жыйынынын протоколу менен тандоо/сатып алуулар методдорун, тандоо жана аларды ранжирлөө критерийлерин көрсөтүү менен сатып алууларды жүргүзүү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө кызматкерлерди жалдоо үчүн донор менен макулдашуу боюнча техникалык тапшырмаларды жана квалификациялык талаптарды бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Конкурстук комиссияларга аткаруучу агенттиктин жана ишке ашыруучу агенттиктин өкүлү милдеттүү түрдө киргизилүүгө тийиш.
102. Конкурстук комиссия бештен кем эмес жана тогуз кишиден көп эмес курамда түзүлөт. Комиссия мүчөлөрүнүн саны так болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
103. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кызматы боюнча дайындалат.
104. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү конкурстук комиссиядагы өз иштеринин натыйжасында алынган маалыматтарды жайылтпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга тийиш.
105. Түзүлгөн конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси конкурстук комиссиялардын ишине катышуу тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Мындай тажрыйбага ээ болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн агенттик конкурстук комиссия түзүлгөндөн кийин 30 күн ичинде сатып алуулардын эрежелерин жана жол-жоболорун окутууну уюштурууга тийиш.
106. Конкурстук комиссиянын мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналган мүчөлөрү конкурстук комиссиянын жыйынына жүйөлүү себепсиз катышпаган учурда аткаруучу агенттик тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуш менен тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчисине кат жиберет.
107. Конкурстук комиссиянын мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган мүчөлөрү конкурстук комиссиянын жыйынына жүйөлүү себепсиз үч жолудан көп катышпаган учурда аткаруучу агенттик аны конкурстук комиссиянын курамынан чыгарат.
108. Сатып алуулардын жактырылган планында каралган иш-чараларды ишке ашыруу 15 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилген учурда аткаруучу агенттик бул жөнүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана бир жумалык мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн жана каржылоочу тараптын тийиштүү кызматкеринин катышуусу менен кеңешме уюштурат. Мындай кеңешмени уюштуруу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жоопкерчилиги долбоордун координаторуна жүктөлөт. Кеңешмеде мындай кечигүүлөрдүн себептери, сатып алуу планын өзгөртүү зарылчылыгы жана графиктен кечиккен сатып алууларды уюштуруу боюнча зарыл чаралар талкууланат.
109. Сатып алуулардын жактырылган планында каралган, кийинкиге жылдырылган иш-чараларды ишке ашыруу 15 күндөн ашык мөөнөткө кайрадан кечиктирилген учурда, мындай кечиктирүүлөр мүмкүн болгон контролдон тышкаркы шарттардан улам пайда болгон учурларды кошпогондо, аткаруучу агенттиктин жетекчиси тийиштүү кызматкерлерге карата тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө билдирет.
110. Сатып алуулар планында каралган иш-чараларды ишке ашыруу пландалган графиктен кечигүүсү жоюлбаган жана кечигүү мөөнөтүү 30 күндөн ашкан учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындай кечиктирүү аткаруучу агенттиктин контролунан тышкары болгон шарттардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, аткаруучу агенттиктин жетекчисине тартиптик жоопкерчилик чарасын көрүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Долбоорду ишке ашыруу мониторинги
111. Долбоорду ишке ашыруу мониторинги аткаруучу агенттиктин компетенциясы болуп саналат жана аткаруучу агенттик аныктаган жана бекиткен методика боюнча объекттердин тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу жана аны ишке ашыруу тартиби менен принциптерин сактоо менен жүргүзүлөт.
112. Ишке ашыруу мониторинги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мониторинг жүргүзүүнүн туура келген аткаруу этабы үчүн пландалган натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу долбоорду иш жүзүндө жактан аткарууну талдоо;
- иш жүзүндөгү жана пландалган төлөмдөр мониторинги;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган техникалык жана экологиялык ченемдерге, коопсуздук ченемдерине шайкеш келүү мониторинги;
- долбоорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга тоскоол болгон проблемаларды талдоо;
- долбоордун тармактык өзгөчөлүгүнө жараша аткаруучу агенттик аныктаган башка аспекттер мониторинги;
- мониторингдин натыйжаларын милдеттүү талдоо жана пайда болгон проблемаларды жоюу жана азайтуу боюнча чечимдерди кабыл алуу.
113. Ишке ашыруу мониторинги бардык долбоорлор үчүн жүргүзүлөт.
114. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн объекттерге тандап чыгууга же бул максатта ишке тартылган көз карандысыз эксперттердин, мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктуу.
115. Аткаруучу агенттик мониторингдин натыйжасында төмөнкүдөй чечим кабыл алууга тийиш:
- проблемаларды жоюу жана долбоорду ишке ашыруу жөнүндө;
- долбоордун этаптарын оңдоп-түзөө жөнүндө (мисалы, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн кыйла эрте мөөнөткө которуу);
- долбоорду ишке ашыруу көрсөткүчтөрүн оңдоп-түзөө жөнүндө (мисалы, каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында күтүлгөн төлөмдөрдүн көлөмүн азайтуу);
- Кеңеш тарабынан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселени кароо боюнча суроо-талапты кеңештин Катчылыгына жиберүү тууралуу.
116. Аткаруучу агенттик квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен долбоорду ишке ашыруу жөнүндө кыска отчетту даярдайт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (электрондук жана кагазга басма түрүндө) берет, анын стандарттык формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген. Долбоордун координатору долбоорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту сапатсыз жана өз убагында эмес бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
116-1. Аткаруучу агенттик тарабынан отчет толук көлөмдө берилбеген учурда отчет берилген жок деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
116-2. Отчет толук көлөмдө берилбеген же отчет 2 жолудан ашык берилбеген учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аткаруучу агенттик, долбоорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына билдирет жана жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик жаза жөнүндө маселени көтөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
117. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин мезгилдүү отчетун изилдейт жана эгерде зарыл болсо изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аткаруучу агенттикке долбоорду ишке ашыруудагы проблемаларды жоюу боюнча сунуштамаларды жиберет жана/же эгер долбоорду ишке ашыруу боюнча Кеңештин чечими зарыл болсо Кеңештин катчылыгына материалдарды берет.
118. Кеңештин катчылыгы аткаруучу агенттиктен жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган материалдарды, эгерде зарыл болсо Кеңештин талкуусуна киргизет. Кеңеш төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн:
- анын компоненттеринин айрымдарын жокко чыгаруу же алардын көлөмдөрүн, ишке ашыруу мөөнөттөрүн өзгөртүү аркылуу долбоорду реструктуризациялоо жөнүндө;
- долбоорду ишке ашырууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө.
11. Долбоорду аяктоо
119. Долбоорду ишке ашыруунун аягында аткаруучу агенттик тарабынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Комиссия башка уюмдардын карамагында болгон активдерди да кошкондо долбоордун бардык активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүгө жооптуу. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык кайсы негизги каражаттар каякка өткөрүлүүгө тийиш экендигин чечүүгө тийиш.
120. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордун коммерциялык банктарда ачылган бардык атайын эсептерин жабат. Долбоордун эсебиндеги каражаттардын калдыктары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине кайтарылат.
121. Долбоор жабылган датадан кийинки 6 айдын ичинде аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылоочу тарапка аудитордук текшерүү менен ырасталган финансылык отчетту берет. Аудитордук текшерүү долбоорду даярдоодо каралууга тийиш болгон каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Долбоордун финансылык отчету аудит жүргүзүүгө лицензиясы бар аудитор тарабынан текшерилүүгө тийиш. Аудит Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
122. Долбоордун натыйжаларын баалоо аткаруучу агенттиктин компетенциясы болуп саналат жана аткаруучу агенттик тарабынан объекттердин тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталган жана бекитилген методика боюнча жүргүзүлөт.
123.Долбоордун натыйжаларын баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоорду аяктоо этабы үчүн пландалган көрсөткүчтөргө салыштырмалуу натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө иш жүзүндө жетишүүнү жана долбоорду физикалык жактан аткарууну талдоо (мисалы, курулуш иштери);
- иштин алгачкы графигине салыштырмалуу аяктоо учурун талдоо;
- долбоорду ишке ашырууга иш жүзүндө жана пландалган чыгымдарды талдоо;
- долбоордун натыйжасында түзүлгөн объект үчүн каралган техникалык жана экологиялык ченемдерге шайкеш келүүнү талдоо;
- долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан проблемаларды жана тобокелчиликтерди талдоо;
- аткаруучу агенттик тарабынан долбоордун тармактык өзгөчөлүгүнө жараша аныкталуучу башка аспекттерди талдоо.
124. Долбоор аяктагандан кийин 3 айдын ичинде аткаруучу агенттик ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык долбоорду аяктоо жөнүндө отчетту даярдайт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
124-1. Координатор долбоордун аякташы жөнүндө отчеттун сапатсыз жана өз убагында эмес берилгендигине жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
125. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү долбоордун натыйжаларын баалоо үчүн объекттерге тандап чыгууга же бул максатта ишке тартылган көз карандысыз эксперттердин, мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктуу.
126. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду аяктоо жөнүндө отчеттун натыйжалары боюнча долбоорду аяктоо жөнүндө отчетту алган учурдан тартып 1 айдан ашпаган мөөнөттө долбоордун натыйжаларын жакшыртуу боюнча сунуштамаларды аткаруу агенттигине жиберет, андан кийин алынган отчетту долбоорду ийгиликтүү аяктоо жөнүндө кыскача корутундуну камтыган коштоочу кат менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
127. Долбоордун иши жөнүндө документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
12. Долбоор аяктагандан кийинки мезгилде долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
128. Таасирди баалоонун милдети долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдер тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана деңгээлин камсыздоо жөнүндө объективдүү маалымат алуу, тармактык (бюджеттик) программалардын индикаторлоруна жетишүүгө долбоордун таасирин аныктоо, продукциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээлин өзгөртүү динамикасын талдоо болуп саналат.
129. Долбоорду долбоор аяктагандан кийинки мезгилде баалоо аткаруучу агенттиктин компетенциясы болуп саналат.
130. Долбоор аяктагандан кийин баалоо эки багыт боюнча жүргүзүлөт:
1) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдердин иштөө процессин баштапкы пландалган индикаторго шайкештигинин мониторинги;
2) социалдык-экономикалык таасир - тармактагы иштин абалынын жана түзүлгөн активдердин ишинин таасиринин өзгөрүшү.
131. Активдердин иштөө процессине мониторинг жана социалдык-экономикалык таасирди баалоо үчүн методика аткаруучу агенттик тарабынан объекттердин тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу жана белгиленген тартипти жана принциптерди сактоо менен аныкталат жана бекитилет.
132. Активдердин иштөө процессине мониторинг акыркы 5 жылда түзүлгөн активдердин баарын кошкондо жыл сайын жүргүзүлөт. Аталган мөөнөттөн мурда түзүлгөн объекттер аткаруучу агенттик тарабынан бекитилген тартипте мониторинг үчүн тандалып алынат.
133. Мониторинг объекттерин тандоонун жыйынтыгы боюнча мониторингдин жылдык план-графиги түзүлөт, анда мониторинг объекттеринин аталышы жана аны өткөрүүнүн пландалган даталары көрсөтүлөт.
134. Мониторинг жүргүзүүнүн алдында аткаруучу агенттик мониторингди жана баалоону жүргүзүүгө техникалык тапшырманы түзөт, ал төмөнкүнү камтууга тийиш:
- мониторинг жүргүзүү милдеттерин, этаптарын, инструменттерин жана мөөнөттөрүн баяндоону;
- мониторинг жана/же баалоо жүргүзүү маселелерин;
- мониторинг жүргүзүүчү адистер тобунун курамын;
- мониторинг жана объектти баалоо үчүн индикаторлорду;
- мониторинг объекти жөнүндө алдын ала маалыматты талдоо (мурдагы мониторингдин натыйжалары, мониторинг объекти жөнүндө контакттык жана техникалык маалымат, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын сунуштары жана даттануулары ж.б.);
- баалоо жүргүзүү мөөнөттөрү.
135. Долбоордун активдеринин иштөө процессине мониторинг жүргүзүү үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн тикелей натыйжалардын көрсөткүчтөрү пайдаланылат, алар:
- долбоордун активдеринин иштешинин байкалаарлык натыйжалары же көрсөтүлгөн кызматтар;
- жумшалган финансы каражаттары;
- өндүрүмдүүлүк (мисалы, чыгаруу жөндөмдүүлүгү; кызмат көрсөтүүлөргө убакыт; эмгек өндүрүмдүүлүгү);
- кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө (мисалы, 10000 калкка медициналык мекемеге визиттердин саны, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнү камтуунун үлүшү);
- кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты (стандарттарга шайкеш келүү, сурамжылоолордун натыйжалары; сапатты контролдоо системасынын болушу);
- мониторинг объектинин профилине жараша башка көрсөткүчтөр.
136. Продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторингдин жана/же социалдык-экономикалык таасирди баалоонун алкагында төмөнкү аспекттерди изилдөөнү кошкондо долбоордун туруктуулугун баалоо жүргүзүлөт:
- техникалык-экономикалык негиздемеде берилген финансылык көрсөткүчтөрдү салыштырма талдоону кошкондо каражаттардын түшүүсүнө жана долбоордун финансылык туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү; иш жүзүндө каржылоонун көрсөткүчтөрүнө жана кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге пландуу (болжолдуу) чоңдуктарга салыштырма талдоо жүргүзүү, ошондой эле финансылык туруктуулуктун коэффициенттерине жана башка финансылык индикаторлорго талдоо жүргүзүү (мисалы - киреше алып келген долбоорлор үчүн рентабелдүүлүк);
- кызмат көрсөтүүлөрдү же продукцияны керектөөчүлөрдүн болушу (түзүмдөгү өзгөртүүлөр);
- объектин ишин камсыздоо үчүн инфраструктуранын абалы жана иштөөсү (логистиканы кошкондо);
- адам ресурстары (кадрлардын келип-кетүүсүн жана квалификациялуу персоналга жетишүүнү кошкондо);
- учурдагы опурталдарды баалоо;
- экологиялык туруктуулук.
137. Социалдык-экономикалык таасирди баалоо аткаруучу агенттик тарабынан долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн бардык активдер үчүн ишке ашырылат. Баалоо долбоор аяктаган учурдан тартып 1, 3 жана 5 жылда активдердин иштөө мезгили үчүн жүргүзүлөт.
138. Социалдык-экономикалык таасирди баалоо үчүн төмөнкүлөр сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдөн коомдук маанилүү натыйжаны мүнөздөгөн акыркы натыйжалардын көрсөткүчтөрү пайдаланылат:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү (кызмат көрсөтүүлөр менен камтуу) (мисалы, 10000 калкка медициналык мекемелердин саны, кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү камтуу үлүшү);
- бенефициарлар тарабынан жашоонун сапатын өзгөрүүсүн баалоо;
- натыйжаны баалоо (акыркы натыйжалардын таасиринен улам узак мөөнөттүү өзгөрүүлөр) - ведомстволук статистиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү (мисалы, жүк агымын көбөйтүү, ооруга чалдыгуу опурталдарын азайтуу).
139. Продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жана/же социалдык-экономикалык таасирди баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча мониторинг жана баалоонун аткаруучусу - аткаруучу агенттиктин адистер тобу же мониторинг жана/же баалоону жүргүзгөн көз карандысыз эксперттик уюм (эксперттер тобу) мониторинг жана/же баалоо аяктагандан кийин эки жуманын ичинде мониторинг жана баалоонун натыйжалары жөнүндө аналитикалык отчет түзөт. Отчеттун формасы аткаруучу агенттик тарабынан төмөнкү бөлүмдөр милдеттүү түрдө болгондо бекитилет:
- мониторинг жана/же баалоо процессинде изилденген маселелердин тизмеси, изилдөө методикасын баяндоо;
- талдоо үчүн тандалган индикаторлор боюнча продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү мониторингинин натыйжалары (индикаторлордун иш жүзүндө жана максаттуу маанилерин салыштырмалуу талдоону жана продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү сурамжылоонун натыйжаларын кошкондо);
- социалдык-экономикалык таасирди баалоо үчүн тандалган индикаторлор боюнча баалоо натыйжалары (индикаторлордун иш жүзүндө жана максаттуу маанилерин салыштырмалуу талдоону жана продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү сурамжылоонун натыйжаларын кошкондо);
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын алардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча канааттануусун баалоо натыйжалары:
- табылган проблемалар (керектөөчүлөрдүн даттанууларын кошкондо);
- продукциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча объекттерде иштеген керектөөчүлөрдүн жана кызматкерлердин сунуштары:
- объектке мониторинг жүргүзүү жана баалоо жыйынтыгы боюнча корутунду;
- табылган проблемаларды жоюу боюнча сунуштамалар.
140. Аткаруучу агенттикке долбоордон кийинки баалоо боюнча отчетторду эсепке алуу жана сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.
141. Мониторинг жана/же баалоо натыйжалары жөнүндө аналитикалык отчетту кароо аны мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун аткаруучусунан алгандан кийин эки жумалык мөөнөттө аткаруучу агенттиктин коллегиялык органы тарабынан жүргүзүлөт. Аналитикалык отчетту кароонун жыйынтыгында аткаруучу агенттик тарабынан төмөнкүдөй чечим кабыл алынууга тийиш:
1) объекттин ишинде проблемаларды жоюу жөнүндө;
2) натыйжалуулук индикаторлорун тактоо/оңдоп-түзөө/өзгөртүү жөнүндө;
3) Кеңеш тарабынан объектти учурдагы бюджеттик каржылоону өзгөртүү, ошондой эле башка зарыл чараларды көрүү маселелерин кароону демилгелөө жөнүндө Кеңештин катчылыгына суроо-талап жиберүү тууралуу.
142. Аткаруучу агенттик долбоордун активдеринин иштөө процессине мониторингдин жана/же социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжаларынын негизинде, аналитикалык отчет каралгандан кийин эки жумалык мөөнөттө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча отчетту даярдайт жана аны (электрондук жана кагазга басылган түрдө) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
142-1. Координатор продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жүргүзүүнүн жана/же долбоордон кийинки мезгилдеги социалдык-экономикалык таасир этүүнү баалоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун сапатсыз жана өз убагында эмес берилгендигине жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
143. Долбоордон кийинки мезгилде мониторинг жана баалоо таасиринин натыйжалары ачык маалымат болуп саналат: аткаруучу агенттиктин веб-ресурстарына жайгаштырылат жана бардык кызыкдар тараптар - мамлекеттик органдар, тийиштүү комиссиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коомдун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча), өнүктүрүү боюнча эксперттер, өнөктөштөр менен талкууланышы мүмкүн. Талкуунун тартиби аткаруучу агенттик тарабынан ар бир конкреттүү учурда аныкталат.
144. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен бирдикте долбоордон кийинки баалоо үчүн объектке тандап чыгууга же бул максаттар үчүн ишке тартылган көз карандысыз эксперттердин, мамлекеттик же жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктуу.
145. Мониторинг жана баалоо натыйжалары жөнүндө отчетту изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, эгерде зарыл болсо экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттикке мониторинг объектиндеги проблеманы жоюу боюнча сунуштаманы жиберет жана/же эгерде объекттин иши боюнча Кеңештин чечими зарыл болсо Кеңештин катчылыгына материалдарды берет.
146. Кеңештин катчылыгы, эгерде зарыл болсо аткаруучу агенттиктен жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган материалдарды Кеңештин талкуусуна киргизет. Кеңеш, эгерде зарыл болсо мониторингдин конкреттүү объекти үчүн төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) объектти учурдагы бюджеттик каржылоону өзгөртүү жөнүндө;
2) ишти токтото туруу же токтотуу, объектти кайра профилдештирүү жөнүндө;
3) аткаруучу агенттиктин, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамаларына ылайык башка чечимдер.
147. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте долбоордон кийинки таасирге мониторинг жана баалоо жөнүндө отчетторду изилдөөнүн негизинде отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү маселелерди (алардын тизмесин чектебестен) чагылдырууга тийиш болгон мамлекеттик инвестициялардын натыйжалуулугу жөнүндө төмөнкүдөй жалпыланган аналитикалык маалыматты даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет:
- долбоорлордун учурдагы портфелине жана аяктаган долбоорлордун таасирине жалпы сереп. Тармактык тенденциялар, бюджеттик инвестициялар жаатындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштердин келечеги;
- аяктаган долбоорлор боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү;
- негизги проблематиканы жана эгерде зарыл болсо долбоордун натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу багыттарына жетишпегендигинин жалпы себептерин баяндоо;
- абалды жакшыртуу боюнча сунуштар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 1-тиркемеси |
Долбоордук өтүнмөнүн формасы жана толтуруу боюнча НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм: Долбоор жөнүндө кыскача маалымат Чечим кабыл алуучу жактар үчүн кыскача маалымат. Бөлүмдү кыйла толук баяндалган башка бөлүмдөрдү (2-4-бөлүмдөр) толтургандан кийин толтуруу туура болот. Толтурулбаган уячаларга жол берилбейт, эгерде кайсы бир бөлүм бул долбоор үчүн актуалдуу болбосо, актуалдуу эмес - "а/э" деген белги коюлат | |||||
1.1. Долбоордун демилгечисинин аталышы |
| ||||
1.2. Долбоордун аталышы |
| ||||
1.3. Донор жана финансылык каражаттарды берүү шарттары |
| ||||
1.4. Аткаруучу агенттиктин аталышы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы |
| ||||
1.5. Долбоордун иш жүзүндө баяндалышы | Долбоорду толук баяндай турган маалымат. Мисалы: [калктуу конуш] менен [калктуу конуштун] ортосундагы эки тилкелүү 10 км автомобиль жолунун курулушу (же реабилитациялоо). Объекттин учурдагы физикалык/техникалык абалы жөнүндө маалымат/баалоо керек | ||||
1.6. Жайгашкан жери | Долбоордун объектисинин географиялык жайгашкан жерин көрсөтүү | ||||
1.7. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы | Долбоорду ишке ашырууга капиталдык чыгымдардын жалпы суммасын көрсөтүү, ага объектти (же долбоорду ишке ашырууну аяктоонун башка формасын) эксплуатацияга киргизүү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдардын беренелери кирет | ||||
1.8. Долбоорду баштоонун болжолдонгон датасы (ай/жыл) |
| ||||
1.9. Бүткөрүлгөн объектти (долбоордун натыйжасында түзүлгөн активдерди) эксплуатациялоону баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) | Долбоордун натыйжасында түзүлгөн активдерди тейлөөнүн башталышы жана/же бул активдер менен продукциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшүн баштоо күтүлгөн дата | ||||
2-бөлүм: Долбоордун негиздемеси | |||||
2.1. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгы (чечүүгө тийиш болгон проблемадан/маселеден алып караганда) | Долбоордун жардамы менен чечүү болжолдонгон проблемалардын маңызын жана масштабын жана бул проблема кантип чечиле тургандыгын максималдуу толук баяндоо. Бул проблема башка ыкмалар менен чечилиши мүмкүн болбой турган себепти талдоо керек. Проблеманы чечүүнүн натыйжалуу жана иштиктүү альтернативаларынын жоктугун же башка уюмдар тарабынан (анын ичинде жеке менчик) өндүрүлүүчү алмаштыруучу продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жетиштүү көлөмдө жоктугун түшүндүрүү | ||||
2.2. Учурдагы окшош же ишке ашырылган долбоорлор | Акыркы 5 жылда ишке ашырылган окшош долбоорлорду санап өтүү жана баяндоо. Алар канчалык ийгиликтүү экендигин түшүнүү үчүн жетиштүү долбоордун натыйжаларын сөзсүз кыскача баяндоо. Аягына чейин ишке ашырылган гана эмес, ишке ашыруу процессинде токтотулган же баш тартылган долбоорлор да алардын токтотулган же баш тартылган себебин көрсөтүү менен көрсөтүлөт | ||||
2.3. Эгерде сунушталган долбоор ишке ашырылбаса, анын кесепеттери | Эгерде долбоор ишке ашырылбаса, эмне болорун жана кесепеттерин баяндоо. Кесепеттери тез арада болобу, кесепеттери орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте болобу. Алар кандай болорун түшүндүрүү | ||||
2.4. Долбоордун максаты жана милдеттери | Максаттары жана милдеттери төмөнкүдөй болууга тийиш: - максималдуу конкреттештирилген жана проблемаларды чечүүгө багытталган (2.1-пункт); - өлчөнүүчү | ||||
2.5. Долбоордун максаттуу бенефициары | Төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: - аймакка таандыгын көрсөтүү менен (эгерде колдонулса) долбоордун негизги жана кыйыр (эгерде мындайлар болсо) бенефициарлары; - өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдө алар кандай конкреттүү пайда ала тургандыгын баяндоо. Мүмкүн болушунча өлчөнүүчү (баалануучу) пайда статистикалык отчеттун категорияларына дал келүүгө тийиш. Динамиканы демонстрациялоо үчүн пайдаланылуучу тарыхый маалыматтар, эгерде алар жеткиликтүү болсо, долбоордук өтүнмөнү баалоодо артыкчылык катары каралат. Келтирилген маалыматтар долбоордун түз жана кыйыр бенефициарларынын жана объекттин долбоордук кубаттуулугун пайдалануунун долбоорлонгон (ченемдик) деңгээлин камсыздоо үчүн жетиштүү санда долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн болушу жөнүндө ишенимдүү күбөлөндүрүүгө тийиш | ||||
2.6. Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары | Долбоордун негизги күтүлгөн жыйынтыктарын жана натыйжаларын санап өтүү. Түз натыйжалар (мисал катары) белгилүү бир датага карата алынган жаңы жолдун километринин санын же мектеп орундарынын же ооруканалардагы койкалардын санын камтышы мүмкүн. Акыркы натыйжалар түз жыйынтыктардын натыйжасы чагылдырууга тийиш жана долбоорду ишке ашыруунун эсебинен проблемаларды (2.1-п.) чечүүгө кирет жана долбоордун ийгиликтүүлүк деңгээлин өлчөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, жолдорду реабилитациялоонун натыйжалары жаңы участокту пайдаланууга берген биринчи жылы кырсыктарды 50%га кыскартуусу мүмкүн. Бейтапкана куруу үчүн бул аймакта медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн (муктаждарды камтуу) жогорулатуу ийгиликтүү натыйжа болушу мүмкүн. Натыйжанын көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилери жок дегенде орто мөөнөттүү мезгилге (үч жыл) эсептелүүгө тийиш | ||||
2.7. Программалардын же улуттук деңгээлде стратегиялардын максаттарына долбоордун шайкештиги | Максаттарына жетүүгө долбоор өбөлгө болуучу улуттук деңгээлдеги программаларга жана стратегияларга түз шилтемелерди келтирүү. Долбоор кирген программалардын же стратегиялардын конкреттүү пункттарын жана натыйжаларын көрсөтүү | ||||
2.8. Долбоор тармактык программалардын жана стратегиялардын максаттарына жетүүгө өбөлгө болот | Долбоор байланышта болгон тармактык программалардын жана стратегиялардын бөлүмдөрүнө жана күтүлүүчү натыйжаларына түз шилтеме келтирүү менен тармактык программалардын жана стратегиялардын максаттарына жетүү үчүн долбоордун маанилүүлүгүн көрсөтүү. Бюджеттик программалар жана чаралар үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун кайсы максаттуу маанилери долбоор ишке ашырылгандан кийин өзгөрө тургандыгын көрсөтүү | ||||
2.9. Долбоордун аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары менен байланышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле долбоор ишке ашырыла турган аймактардын райондук администрациялары тарабынан иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттарына жетүү үчүн долбоордун маанилүүлүгүн көрсөтүү | ||||
2.10. Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына шайкештиги | Кыргыз Республикасындагы Улуттук ыктыярдуу серепти туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү боюнча индикаторлорго түз шилтемелерди келтирүү | ||||
3-бөлүм: Финансылык маалымат Бул бөлүмдө долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык капиталдык, операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын болжолдуу көлөмү көрсөтүлөт | |||||
3.1. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжолдуу жалпы (капиталдык же башка түз) чыгымдар (сом) | Чыгымдар курулушка чыгымдардан башка курулуш башталганга чейинки техникалык-экономикалык негиздемелерге, архитектуралык жана инженердик долбоорлоого, жерлерди сатып алууга чыгымдар жана долбоорду аяктоо үчүн зарыл болгон бардык материалдарга, жабдууларга жана кызмат көрсөтүүлөргө (консультанттарга чыгымдарды кошкондо) чыгымдар сыяктуу чыгымдарды камтууга тийиш. Капиталдык чыгымдар төмөнкүдөй бааланууга жана көрсөтүлүүгө тийиш: капиталдык чыгымдар жүргүзүлүүчү ар бир тиешелүү жылга [х сумма] сом. Бул баалардын булактары же негиздери көрсөтүлүүгө же айрым документтер түрүндө тиркелүүгө тийиш | ||||
3.2. Долбоордун каражаттарын жылдар боюнча өздөштүрүүнүн алдын ала планы (сом) (жалпы сумма 3.1-пунктта көрсөтүлгөн сумма менен бирдей болууга тийиш) | Каражат бөлүп берүүнүн башталышы күтүлгөн жылдан баштап чыгымдарды, эгерде ал техникалык-экономикалык негиздеме үчүн акы төлөө болсо дагы көрсөтүү. Таблицада долбоор ишке ашырылуучу мезгилдин ичинде жылдар боюнча каражаттарды бөлүүнүн болжолдуу суммалары көрсөтүлөт | ||||
Чыгымдардын негизги беренелери/жыл | 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | БАРДЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
|
|
|
3.3. Долбоорду ишке ашыруу боюнча чыгымдарды каржылоо булактары (сом, %) | Төмөндө келтирилген таблицада долбоор боюнча чыгымдарды каржылоонун (кош каржылоо) бардык булактары сом менен, ошондой эле чыгымдардын жалпы көлөмүнүн пайыздары менен көрсөтүлгөн | ||||
Каржылоонун тиби | Сумма (сом) | Салыштырма салмак (%) |
| ||
Республикалык бюджет |
|
|
| ||
Жергиликтүү бюджет |
|
|
| ||
Тышкы кредит |
|
|
| ||
Тышкы грант |
|
|
| ||
|
|
|
| ||
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
| ||
4. Ишке ашыруу Бул бөлүмдө долбоорду ишке ашыруунун баалоо планы келтирилүүгө тийиш. Ал долбоорду ишке ашырууга, ошондой эле долбоордун алкагында кызыкдар тараптар менен өз ара мамилелерди кароого байланышкан тобокелдиктерди ишке ашыруу жана баалоо графигин камтууга тийиш. Сунушталган түзүм жана чечимдерди кабыл алуу процесси функцияларды жана милдеттерди так көрсөтүү менен түшүндүрүлүүгө тийиш, алар кайсы кызмат адамы долбоорго акыркы жоопкерчиликти тартарын аныктоого тийиш | |||||
4.1. Долбоор боюнча пландалган мөөнөттү баяндоо | Бул этаптардын ар бирин аткаруу үчүн пландалган мөөнөттөрдү таблицада көрсөтүү менен долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун бардык маанилүү этаптарын санап өтүү | ||||
Этап | Мөөнөттөрү |
| |||
Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону аяктоо |
|
| |||
Сатып алуулар жөнүндө билдирүү |
|
| |||
Контрактты ыйгаруу |
|
| |||
Иштердин башталышы |
|
| |||
Компоненттерди ишке ашыруу |
|
| |||
Иштерди аяктоо |
|
| |||
Долбоор эксплуатациялоо үчүн жеткиликтүү |
|
| |||
4.2. Долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана тобокелдиктерди башкаруу | Долбоорду пландалган ишке ашырууга коркунуч алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо жана баяндоо. Таблицада келтирилген тобокелдиктердин ар бири үчүн тобокелди башкаруу, жеңилдетүү же азайтуу кандай жол менен ишке ашырыларын көрсөтүү керек. Тобокелдиктердин көп санын киргизүү долбоордук сунуштун начардыгынын белгиси катары каралууга тийиш эмес. Тескерисинче, каралып жаткан өтүнмөдө табылган тобокелдиктердин көп саны кылдат ойлонулган сунуштун белгиси деп эсептелери толук ыктымал | ||||
Тобокелдиктер | Тобокелдиктерди башкаруу | ||||
|
| ||||
|
| ||||
|
| ||||
4.3. Байланыш маалыматы | |||||
Аткаруучу агенттиктин байланышы | Дареги, жумуш телефондордун номерлери, сайты, электрондук почтасы | ||||
Долбоордун координаторунун байланышы | Аты-жөнү, кызмат орду, жумуш жана/же уюлдук телефондордун номерлери, электрондук почтасы | ||||
Аткаруучу агенттиктин жооптуу кызматкеринин байланышы | Аты-жөнү, кызмат орду, жумуш жана/же уюлдук телефондордун номерлери, электрондук почтасы | ||||
|
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 2-тиркемеси |
Долбоор боюнча документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге кыскача маалыматтын ФОРМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
Аткаруучу агенттиктин аталышы |
| |
Долбоордун аталышы |
| |
Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы | Эгерде долбоорду ишке ашырууга катышкан өз алдынча юридикалык жактын статусуна ээ институттук бирдик каралса, көрсөтүлөт | |
Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордун номери долбоордук өтүнмөнү алдын ала ийгиликтүү тандоодо ыйгарылат | |
Долбоордук өтүнмөнү жактыруу датасы |
| |
Долбоордун максаты | Эки же үчтөн ашпаган сүйлөм менен туюнтулган бир негизги коомдук-пайдалуу максат көрсөтүлүүгө тийиш | |
Долбоорду физикалык баяндоо | Долбоордун физикалык мүнөздөмөсүн бир-эки сүйлөм менен баяндоо, мисалы: [у] айылында балдарды [саны] жайгаштыруу үчүн [х]м2 аянттагы мектептин жаңы имараты. Эгер болсо долбоордун компоненттерин санап өтүү | |
Жайгашкан жери | Долбоордук объекттин так географиялык абалы жана/же почта дареги. Эгерде ал бир нече жерде жайгашса, мисалы жол долбоору сыяктуу, баштапкы жана акыркы дареги же картадагы координаттары көрсөтүлөт жана басып өткөн маршрут баяндалат | |
Долбоордун болжолдуу капиталдык наркы (сом) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмө формасында көрсөтүлгөн болжолдуу жалпы (капиталдык) чыгымдар |
Учурдагы | Болжолдуу жалпы (капиталдык) сарптоолор, алар ушул учурга карата техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн | |
Каржылоо булактары (капиталдык) (сом, %) | Долбоорду тең каржылоо булактарын санап өтүү, мисалы: республикалык бюджеттин каражаттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (так көрсөтүү) каражаттарынын эсебинен, алардын ар биринин каржылоо көлөмүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү менен | |
Болжолдонгон кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар (түзүлгөн активдердин иштөөсүнүн биринчи толук финансылык жылы үчүн) (сом) | Баштапкы | Аткаруучу агенттиктин учурдагы чыгымдарынын бюджетинин максималдуу суммасына кошумча болуп эсептелген долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн болжолдуу жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар |
Учурдагы | Болжолдуу жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар, алар ушул учурга карата техникалык-экономикалык негиздемеде чагылдырылат | |
Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын булактары (сом, %) | Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдардын булактары көрсөтүлөт. Мисалы: мамлекеттик бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (кайсылар, так көрсөтүү), жеке сектор же алардын комбинациясы (алардын ар биринин каржылоо көлөмүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү) | |
Долбоорду баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн баштоо датасы. Бул дата техникалык-экономикалык негиздемени аткаруу датасы болууга тийиш |
Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн ушул учурга карата долбоорду баштоо датасы | |
Аяктаган долбоордун ишин баштоонун болжолдуу датасы (ай/жыл) (зарылдыгына жараша толтурулат) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн долбоор аяктагандан кийин объекттин ишин баштоонун болжолдонгон датасы |
Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн ушул учурга карата объекттин ишин баштоо датасы | |
Фискалдык таасирди талдоо | Фискалдык таасир - Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелерине жана чыгымдарына ишке ашырылган долбоордун натыйжаларынын таасири. Негизги көрсөткүч катары убакыттын кандайдыр бир мезгилиндеги таасир кабыл алынат, ал инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринин көбөйүшүндө жана/же чыгымдарынын азайышында чагылдырылат | |
Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына, программалардын же улуттук деңгээлдеги стратегиялардын максаттарына долбоордун шайкештиги |
| |
Тиркемелердин тизмеси | ТЭН боюнча бөлүмдөн бардык негизги пункттарды жана тиркемелерди санап өтүү | |
| ||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу |
Долбоор даярдалды | Аткаруучу агенттиктин жумушчу тобунун мүчөлөрү |
|
Дата |
|
|
Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам |
|
|
Телефон № |
|
|
Эл. почта |
|
|
|
| "Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 3-тиркемеси |
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө ар кварталдык кыскача отчеттун формасы жана толтуруу боюнча НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
Донор |
|
Кредиттин/гранттын номери (макулдашуу боюнча) |
|
Сектор |
|
Каржылоонун жалпы суммасы | АКШ доллары |
Кредиттин суммасы | АКШ доллары |
Гранттын суммасы | АКШ доллары |
Тех. жардамдын суммасы | АКШ доллары |
Кыргыз Республикасынын салымы (кошо каржылоо): | АКШ доллары |
Кредиттин шарттары: | Кредиттин мөөнөтү (анын ичинен жеңилдетилген мезгил), пайыздык ставка, грант-элемент |
Географиялык камтуу (облустар): |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйналышын өткөрүүнүн датасы | Протоколдун №, датасы |
Донордун директорлорунун кеңешинин жыйналышын өткөрүүнүн датасы | Датасы |
Сүйлөшүүлөрдүн датасы (тескеменин №, датасы): |
|
Кол коюу датасы (тескеменин №, датасы): |
|
Ратификациянын датасы (мыйзамдын №, датасы): |
|
Долбоордун күчүнө кирген датасы: |
|
Аткаруучу агенттик: |
|
Ишке ашыруучу агенттик: |
|
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: |
|
Долбоорду жабуу датасы: |
|
Долбоорду каржылоону жабуу датасы: |
|
Долбоордун узартылышы (даталары): |
|
Тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо долбоордун башынан бери өсүүчү жыйынтык менен): | Кредит: АКШ доллары Грант: АКШ доллары |
Учурдагы жыл үчүн тышкы каржылоо боюнча каражаттардын өздөштүрүлүшү: | Кредит: АКШ доллары Грант: АКШ доллары |
Ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо долбоордун башынан бери өсүүчү жыйынтык менен): | КР салымынын суммасы: АКШ доллары |
Ушул жылга ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү: | КР салымынын суммасы: АКШ доллары |
Долбоордун максаты:
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:
1-компонент:
2-компонент:
3-компонент:
4-компонент:
5-компонент:
Долбоорду ишке ашыруунун статусу
1-компонент:
2-компонент:
3-компонент:
4-компонент:
5-компонент:
Долбоор боюнча көйгөйлөр:
Көйгөйлөрдү чечүү жолдору:
Форма |
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 4-тиркемеси |
Долбоорду аяктоо жөнүндө отчет жана аны толтуруу НУСКАМАСЫ
Аткаруучу агенттиктин аталышы: |
| |
Отчет берилүүчү мамлекеттик органдардын аталышы | Мисалы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | |
Долбоорду баштоонун датасы |
| |
Долбоорду аяктоонун датасы |
| |
Түзүлгөн объекттин ишин баштоонун болжолдонгон датасы (ай/жыл) | Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн объекттин ишин баштоонун болжолдонгон датасы | |
I. Долбоорду кыскача баяндоо | ||
Долбоордун максаты | Долбоордун максаты техникалык-экономикалык негиздемеде белгиленгендей көрсөтүлөт | |
Долбоордун натыйжасы боюнча түзүлгөн объекттин аталышы | Объекттин так аталышы; объекттин профили көрсөтүлөт (көрсөтүлүүчү кызматтардын/өндүрүлүүчү продукциянын түрлөрү), объекттин жери көрсөтүлөт | |
Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы |
| |
Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордук өтүнмөнү ийгиликтүү алдын ала тандоодо берилген номер | |
Долбоорду баяндоо: | Объекттин физикалык мүнөздөмөсү, анын профили (көрсөтүлүүчү кызматтардын/өндүрүлүүчү продукциянын түрлөрү) жана жери көрсөтүлөт. Бир нече сүйлөм менен баяндалат, мисалы: [аталышы] облусунун, районунун, айылында балдарды [саны] жайгаштыруу үчүн [саны]м2 аянттагы мектептин имараты | |
Объекттин иш жүзүндөгү наркы | Каржылоо булактары боюнча долбоорду ишке ашыруунун жалпы иш жүзүндөгү наркы көрсөтүлөт | |
II. Долбоорду ишке ашыруу |
| |
Долбоорду ишке ашыруунун пландалган этаптарына шайкештигин талдоо | Долбоордун негизги көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун) пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөндөй) жана иш жүзүндөгү маанилерин салыштырмалуу талдоо. Бул четтөөлөрдү пайда кылган четтөөлөрдүн жана проблемалардын себептерин талдоо. Долбоорду ишке ашыруунун пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөндөй) жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрүн салыштырмалуу талдоо. Четтөөлөрдүн себептерин талдоо | |
Долбоордун планына (дизайнына) киргизилген өзгөртүүлөр | Ишке ашыруунун жүрүшүндө долбоордун планына (дизайн) киргизилген өзгөртүүлөр баяндалат. Өзгөртүүлөрдү киргизүү себептери көрсөтүлөт | |
III. Долбоордун каражаттарын өздөштүрүү | ||
Долбоордун каражаттарын өздөштүрүүнүн өз убактылуулугун жана толуктугун талдоо | Долбоорду каржылоонун пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөндөй) жана иш жүзүндөгү көлөмдөрүн салыштырмалуу талдоо | |
Проблематиканы баяндоо жана проблемаларды чечүү жолдору | Четтөөлөрдүн, каражаттарды ашыкча чыгымдоо же үнөмдөө себептери баяндалат | |
IV. Долбоордун максаттарына жетүү, милдеттерин аткаруу жөнүндө жалпы корутундулар | ||
| ||
IV. Долбоорду ишке ашырууда алынган сабактар | ||
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон проблемалар жана тобокелдиктер, ошондой эле аларды чечүү жолдору баяндалат. Бул сыяктуу долбоорлорду пландоодо эске алынууга зарыл болгон рекомендациялар келтирилет | ||
V. Кошумча маалымат | ||
Мисалы, объекттин техникалык жана экологиялык ченемдерге шайкештиги жөнүндө маалымат | ||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу |
Отчет бекитилген | Аткаруучу агенттиктин жетекчиси |
|
Бекитилген дата |
| |
Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам |
| |
Телефон № |
| |
Эл. почта |
| |
Форма |
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобонун 5-тиркемеси |
Продукцияны өндүрүү/кызматтарды көрсөтүү процессине мониторингдин жана/же долбоордон кийинки мезгилдеги социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары жөнүндө отчет жана аны толтуруу НУСКАМАСЫ
Аткаруучу агенттиктин аталышы: |
| ||
Отчет берилүүчү мамлекеттик органдардын аталышы | Мисалы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | ||
Мониторингдин датасы | Объекттин мониторингинин датасы көрсөтүлөт (башталган жана аякталган) | ||
Мониторинг жана баалоо жүргүзүлгөн объекттин иштөө мезгили | Объекттин иш жүргүзгөн, мониторинг процессинде изилденген отчеттук мезгили | ||
I. Объектти кыскача баяндоо | |||
Мониторинг жүргүзүлгөн объекттин аталышы | Төмөнкүлөр көрсөтүлөт: объекттин так аталышы; мониторинг жүргүзүлгөн объекттин профили (көрсөтүлгөн кызматтардын/өндүрүлгөн продукциянын түрлөрү); объекттин жайгашкан жери | ||
Объекттин мониторингин түздөн-түз башкарган уюмдун/администрациянын аталышы |
| ||
Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордук өтүнмөнү ийгиликтүү алдын ала тандоодо берилген номер | ||
Долбоордун баяндалышы: | Бир-эки сүйлөм менен долбоордун физикалык мүнөздөмөсүн баяндоо, мисалы: [у] айылында балдарды [саны] жайгаштыруу үчүн [х]м2 аянттагы мектептин имараты; Объект түзүлгөн мезгил көрсөтүлөт. Объекттин иштөөсүн камсыздоочу персоналдын саны көрсөтүлөт | ||
Объекттин иш жүзүндөгү наркы | Каржылоо булактары боюнча долбоорду ишке ашыруунун жалпы иш жүзүндөгү наркы көрсөтүлөт | ||
Чыгымдардын негизги беренелери боюнча объектти учурдагы каржылоонун иш жүзүндөгү көлөмү (жылда) |
| ||
Объекттин долбоорду иштеп чыгууда пландалган учурдагы каржылоо көлөмү (ТЭН) | "Болжолдонгон кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгымдар (биринчи толук финансылык жылга түзүлгөн активдердин иштеши) (учурдагы) бөлүмүндө "Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине карата долбоор жөнүндө жалпы маалымат" формасынан алынган сумма көрсөтүлөт. Эгерде объектти иш жүзүндө каржылоо көлөмү (жылына) менен олуттуу айырмачылыктар болсо, анда мындай айырмалардын себептери көрсөтүлөт | ||
II. Продукцияны өндүрүү/кызматтарды көрсөтүү процессине мониторингдин натыйжалары Продукцияны өндүрүү/кызматтарды көрсөтүү процессине мониторингдин натыйжалары боюнча отчеттор үчүн толтурулат | |||
Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүнү талдоо | Объект үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун тизмеси (мисалы, долбоордук кубаттуулук, ага жетүү мезгилине карата) жана иш жүзүндөгү мааниси менен индикаторлордун максаттуу (пландык) маанилерин салыштырмалуу талдоо келтирилет. Эгерде параметрлердин көп саны талап кылынса, төмөнкү таблица өзгөрүшү мүмкүн | ||
Индикатор | (мезгил) Пландык маани | (мезгил) Иш жүзүндөгү маани | Четтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Проблематиканы жана проблемаларды чечүү жолдорун баяндоо | Индикаторлордун максаттуу маанисинен олуттуу четтөө болгон учурда проблемалар баяндалат жана аларды чечүү жолдору сунушталат | ||
III. Социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары Социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары боюнча отчеттор үчүн толтурулат | |||
Натыйжалуулук индикаторлоруна жетүүнү талдоо | Объект үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун тизмеси (кызмат көрсөтүүгө болгон керектөөдөн кызмат алуучуларды камтуу үлүшү) жана иш жүзүндөгү мааниси менен индикаторлордун максаттуу (пландык) маанилерин салыштырмалуу талдоо келтирилет. Эгерде параметрлердин көп саны талап кылынса, төмөнкү таблица өзгөрүшү мүмкүн | ||
Индикатор | (мезгил) Пландык маани | (мезгил) Иш жүзүндөгү маани | Четтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Проблематиканы жана проблемаларды чечүү жолдорун баяндоо | Индикаторлордун максаттуу маанисинен олуттуу четтөө болгон учурда проблемалар баяндалат жана аларды чечүү жолдору сунушталат | ||
IV. Долбоордун туруктуулугу жөнүндө маалымат | |||
Долбоордун финансылык туруктуулугу | ТЭНде көрсөтүлгөн финансылык көрсөткүчтөрдү салыштырмалуу талдоо | ||
Иш жүзүндөгү каржылоо көрсөткүчтөрүн жана кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге пландык (болжолдуу) чоңдуктарды салыштырмалуу талдоо | |||
Финансылык туруктуулук коэффициенттерин жана башка финансылык индикаторлорду талдоо (мисалы - киреше алып келүүчү долбоорлор үчүн рентабелдүүлүк) | |||
Кызмат көрсөтүүлөрдү же продукцияларды керектөөчүлөр (жана түзүмдөгү өзгөрүүлөр) |
| ||
Объекттин ишин камсыздоо үчүн инфраструктуранын абалы жана иштөөсү (логистиканы кошкондо) |
| ||
Адам ресурстары (кадрлардын алмашып туруусун жана квалификациялуу персоналдын жеткиликтүүлүгүн кошкондо) |
| ||
Учурдагы тобокелдиктерди талдоо | Объекттин кадыресе иштешине таасир берүүчү учурдагы тобокелдиктер баяндалат жана тобокелдиктердин таасирин азайтуу жолдору сунушталат | ||
Экологиялык туруктуулук |
| ||
V. Корутундулар | |||
Жетишкендиктер, социалдык-экономикалык таасир, проблемалар жана аларды чечүү жолдору жөнүндө кыскача маалымат | |||
VI. Аткаруучу агенттиктин коллегиясынын кароо жыйынтыктары | |||
Кеңештин катчылыгына суроо-талаптар жөнүндө чечимдерди кошкондо объекттин мониторингине карата кабыл алынган чечимдерди кыскача баяндоо | |||
| Аты-жөнү, кызматы | Колу | |
Отчет бекитилген | Аткаруучу агенттиктин жетекчиси |
| |
Бекитилген дата |
| ||
Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам |
| ||
Телефон № |
| ||
Эл. почта |
| ||