Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июлу № 349
Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Асыл таштарды Евразия экономикалык союзунун бажылык аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык союзунун аймагынан ташып чыгуу тууралуу жобону ишке ашыруу максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына кошулууга Кыргыз Республикасынын берген макулдугу билдирилсин.
2. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Кембирли процессинин сертификациялоо схемасынын Төрагасына дипломатиялык каналдар боюнча билдирсин.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |