Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 токтомуна |
Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуунун ушул эрежеси (мындан ары - Эреже) "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Асыл таштарды Евразия экономикалык союзунун бажылык аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык союзунун бажылык аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (№ 13 тиркеме) ылайык иштелип чыккан.
2. Иштетилбеген табигый алмаздар санкциясыз ачуудан корголгон контейнерлерде ташылып келет жана ташылып чыгат.
3. Кимберли процессинин катчылыгы менен маалымат алмашуу электрондук билдирүү аркылуу ишке ашырылат.
4. Иштетилбеген табигый алмаздарды Кимберли процессине катышкан өлкөлөрдөн гана ташып келүүгө жана ташып чыгууга жол берилет.
5. Ушул Эрежеде пайдаланылган негизги түшүнүктөр:
- иштетилбеген табигый алмаздарды сертификациялоонун эл аралык схемасынын сертификаты (мындан ары Кимберли процессинин сертификаты) - иштетилбеген табигый алмаздын партиясын сертификациялоо схемасынын тиешелүү талаптары катары идентификациялаган, белгиленген формадагы документ;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын коргоого жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларга байланышкан маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;
- иштетилбеген табигый алмаздарды экспертизалоо (идентификация) - ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштетилбеген табигый алмаздардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык сапаттарын аныктоо;
- арыз берүүчү - табигый алмаздарды казуучу, бриллианттарды, иштетилбеген табигый алмаздардан продукцияларды жана буюмдарды жасоочу субъекттер, ошондой эле иштетилбеген табигый алмаздар менен операцияларды ишке ашыруу укугу бар жана жогоруда аталган субъекттер менен комиссиялык келишимдер жана агенттик макулдашуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебинде турган юридикалык жактар;
- табигый алмаздарды казуучу субъекттер - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин резиденти болуп саналган, анын аймагында табигый алмаздарды казуучу уюмдар;
- бриллианттарды өндүрүүчү субъекттер - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин резиденти болуп саналган, анын аймагында бриллианттарды даярдоо максатында иштетилбеген табигый алмаздарды иштетүү укугу бар уюмдар жана жеке ишкерлер;
- иштетилбеген табигый алмаздардан продукция жана буюмдарды жасоочу субъекттер - ЕАЭБге мүчө мамлекеттин резиденти болуп саналган жана анын аймагында өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукция, ошондой эле тиричилик жана зер буюмдарды жасоо максатында иштетилбеген табигый алмаздарды иштетүүгө же пайдаланууга укугу бар уюмдар жана жеке ишкерлер.
2-глава. Иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартиби
6. Иштетилбеген табигый алмаздарды Кимберли процессинин сертификациялоо схемасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө (мындан ары ташып келүү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кимберли процессинин сертификаты тууралуу маалымат берилет (сертификаттын номерин, берилген датасын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен).
7. Аталган маалыматтар берилбеген же Кимберли процессинин сертификатынын жарактуулук мөөнөтү бүткөн учурда иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берилбейт.
8. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып кирүүдө бажылык декларациялоого байланышкан бажы операциялары жасалганга чейин баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү жана жүгүртүү жаатында контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштетилбеген табигый алмаздарга экспертиза (идентификация) жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган адистештирилген бажы посттору аркылуу ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып келүүдө арыз берүүчү (арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына төмөнкү документтерди берет:
- тышкы соодалык контракттын көчүрмөсү (келишим, макулдашуу), алардын тиркемелери жана (же) толуктоолору, ал эми тышкы соодалык келишими (контракты) жок болсо - тараптардын ниеттерин ырастоочу башка документтин көчүрмөсү. Эгер тышкы соодалык келишими (контракты) мамлекеттик жана/же расмий тилдерде эмес болсо, анда келишимдин (контракттын) көчүрмөсүнө арыз берүүчү тарабынан тастыкталган котормосу тиркелет (арыз берүүчүнүн кызмат ордун, датасын көрсөтүп, колу жана мөөрүн коюу менен);
- экспорттоочу мамлекеттин иштетилбеген табигый алмаздарды сертификациялоонун эл аралык схемасынын талаптарына ылайык таризделген Кимберли процессинин сертификаты.
11. Мамлекеттик контролдоо актысы документтерди алган учурдан тартып бир иш күндүн ичинде таризделет жана арыз ээсине берилет.
12. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып келүүдө арыз берүүчү (анын ыйгарым укуктуу өкүлү) мамлекеттик контролдон өтүп жана мамлекеттик контролдоо актысын алгандан кийин Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштетилбеген табигый алмаздарды декларациялоого байланышкан бажылык операцияларды жүргүзөт.
3-глава. Иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу тартиби
13. Иштетилбеген табигый алмаздарды Кимберли процессинин сертификациялоо схемасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда (мындан ары - ташып чыгуу) бажылык декларациялоого байланыштуу бажылык операциялар жасалганга чейин ыйгарым укуктуу орган иштетилбеген табигый алмаздарга экспертиза (идентификация) жасайт.
14. Мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган адистештирилген бажы посттору аркылуу ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгууда арыз берүүчү (арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына төмөнкү документтерди берет:
- тышкы соодалык келишимдин (контракттын) көчүрмөсү, анын мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги тиркемелери, ал эми тышкы соодалык келишими (контракты) жок болсо - тараптардын ниеттерин ырастоочу башка документтин көчүрмөсү. Эгер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде түзүлгөн тышкы соодалык келишими (контракты) жок болсо, анда келишимдин (контракттын) көчүрмөсүнө арыз берүүчү тарабынан тастыкталган котормосу тиркелет (арыз берүүчүнүн кызмат ордун, датасын көрсөтүп, колу жана мөөрүн коюу менен).
16. Мамлекеттик контролдоо актысы документтерди алган учурдан тартып бир иш күндүн ичинде таризделет жана арыз ээсине (арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө) берилет.
17. Мамлекеттик контролдоону ишке ашырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик контролдоо актысы менен кошо ушул Эреженин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Кимберли процессинин сертификатын тариздейт жана берет.
18. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгууда арыз берүүчү (анын ыйгарым укуктуу өкүлү) мамлекеттик контролдон өтүп жана мамлекеттик контролдоо актысын алгандан кийин Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштетилбеген табигый алмаздарды декларациялоого байланышкан бажылык операцияларды жүргүзөт.
19. Кимберли процессинин сертификациялоо схемасы боюнча иштетилбеген табигый алмаздарды экспорттоо жана импорттоо тууралуу статистикалык маалыматтар ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча квартал сайын түзүлөт.
|
| Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежесине 1-тиркеме |
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежесине 2-тиркеме |
Кимберли процессинин алкагында Кыргыз Республикасынын иштетилбеген табигый алмаздарын экспорттоо жана импорттоо статистикасы 20___-жылдын ___________ кварталы үчүн
ӨЛКӨЛӨР | ЭКСПОРТ | ИМПОРТ | ||||
Сертификат | Карат | Доллар | Сертификат | Карат | Доллар | |
|
|
|
|
|
|
|