Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 351
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 719 "Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 719 "Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2-пункту жана 3-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 9-пунктчасындагы "жыйымдын" деген сөз "мамлекеттик алымдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун биринчи абзацындагы "жыйымдын" деген сөз "мамлекеттик алымдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун экинчи абзацындагы, 26-пунктунун 5-пунктчасындагы "жыйым" деген сөз "мамлекеттик алым" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:
"4) жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы өзгөргөндө.";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Уруксаттын колдонулушу лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиар тарабынан мурда лицензиат эскертүү алган жана айып төлөгөн уруксат талаптары бузулган учурда, токтото туруунун себептерин көрсөтүү менен үч айга чейинки мөөнөткө токтотулат.
Уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө маалымат чечим чыгарылган күнү Уруксаттардын реестрине киргизилет.
Лицензиат уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде уруксаттын колдонулушу токтото турулган мезгилде ишин токтотот.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын:
"31-1. Уруксаттын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлардын четтетилгенин ырастаган далилдер менен уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлардын четтетилгени жөнүндө лицензиаттын арызы же уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлар четтетилгенин ырастоо менен жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүү жөнүндө акт саналат.";
- 36-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Уруксаттын колдонулушу токтото турулган мезгилде лицензиат уруксаттын колдонулушун токтото туруунун себептерин четтетет. Уруксаттын колдонулушун токтото туруунун себептери четтетилбеген учурда, лицензиар уруксатты жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына берет. Соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин уруксаттын колдонулуу мөөнөтү токтотулуп турат деп эсептелет.";
- 86-пунктундагы "ушул Жободо каралган чаралар колдонулат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында каралган айып түрүндөгү таасир этүү чаралары колдонулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |