Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 719
Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү маселелерин жөнгө салуу максатында, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-декабрында N 127 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 719 токтому менен бекитилген |
Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) телерадиоуюмдарына жана телерадиоберүү операторлоруна колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат (мындан ары - уруксат) берүү, кайра тариздөө, баш тартуу, токтото туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана кайра калыбына келтирүү тартибин аныктайт.
2. Телерадиоканалдарды түзүү, комплекттөө жана жайылтуу боюнча иштөөнү каалаган жактар уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" жана "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат алууга милдеттүү.
3. Уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти (мындан ары - лицензиар) тарабынан берилет.
4. Уруксат Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоканалдарды түзүү, комплектөө жана жайылтуу боюнча ишти жүргүзүшкөн телерадиоуюмдарына жана/же телерадиоберүү операторлоруна (мындан ары - лицензиат) берилет.
5. Уруксат берүү жол-жобосу "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган принциптерде ишке ашырылат.
6. Уруксат ажыратылгыс, мөөнөтсүз жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат. Уруксатты үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
2-глава. Уруксат алуу үчүн зарыл болгон документтер
7. Уруксат алуу үчүн лицензиарга төмөнкү документтерди берүү зарыл:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча уруксат алууга арыз;
2) жеке жак үчүн - ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү;
3) юридикалык жак үчүн - уюштуруу документтеринин көчүрмөсү, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
4) телерадиоуюмдар үчүн - телерадиоканалдын массалык маалымдоо каражаты катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
5) телерадиоберүү операторлору үчүн - лицензиялык талаптарга телерадиоканалдарды жайылтуу кирген электр байланыш жаатындагы лицензиянын көчүрмөсү;
6) лицензиарга уруксат алуу үчүн документти берүүгө ыйгарым укуктуу адамга берилген телерадио уюмдун жана/же телерадиоберүү операторунун ишеним кагазы;
7) телерадиоуюмдар үчүн - ата мекендик өндүрүштөгү телерадиоберүүлөрдүн жана телерадиопрограммалардын, Кыргыз Республикасынын авторлорунун же аткаруучуларынын аудиовизуалдык жана/же музыкалык жана башка чыгармаларынын көлөмүн, чет элдик өндүрүштөгү телерадиоберүүлөрдүн жана телерадиопрограммалардын көлөмүн жана программаларды жана берүүлөрдү ретрансляциялоону, жанрдык бөлүштүрүүнү, коомду позитивдүү физикалык, акыл-эс жана моралдык жактан өнүктүрүүгө эсептелген программаларды жана берүүлөрдү жайылтуу саясатын аныктоочу телерадиоканалдын программалык концепциясынын көчүрмөсү;
8) телерадиоберүүнүн операторлору үчүн - телерадиоканалдын негизги тематикалык багыты (даректүү, жаңылык, коомдук-маалыматтык, маалыматтык-аналитикалык, маалыматтык-көңүл-ачуучу, музыкалык-көңүл ачуучу, спорттук, балдар-өспүрүмдөр, маданий-агартуучу, илимий-билим берүүчү жана башкалар) жөнүндө маалыматтар;
9) арызды кароо жана уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
10) Кыргыз Республикасында чет элдик телерадиоканалдын берүүгө (ретрансляциялоого) лицензиялык келишиминин көчүрмөсү же телерадиоканалдын ретрансляциялоо үчүн ачык жетүүсү жөнүндө түшүндүрмө кат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда аталган документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
3-глава. Уруксаттын мазмуну
9. Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уруксатты берген лицензиардын аталышы;
2) телеканалдын толук жана кыскартылган (эгер болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы;
3) лицензиаттын аталышы:
- юридикалык жак үчүн - уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүктүн номери;
- жеке жак үчүн - аты-жөнү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматы;
- жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;
4) уруксаттын колдонуу мөөнөтү;
5) уруксатты колдонуу аймагы;
6) уруксат берилген дата жана каттоо номери;
7) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
8) сигналды жеткирүү ыкмасы(-лары) (башкы станцияга чейин, керектөөчүгө чейин);
9) берүүнүн түрү(-лөрү) (ачык жана/же код коюлган түрдө);
10) чет өлкөлүк телерадиоканалдардын ретрансляциялоосунун көлөмү (толук, жарым-жартылай).
10. Уруксаттын бланктары типографиялык ыкма менен дайындалат, эсеп сериясы жана номери бар жана так отчеттуулук документи болуп эсептелет. Уруксаттын бланктарын даярдоо, эсепке алуу сактоо лицензиар тарабынан ишке ашырылат.
11. Уруксаттын бланкы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
12. Уруксат жоголгон, бузулган учурда лицензиат уруксаттын дубликатын алууга укуктуу.
4-глава. Уруксаттардын реестри
13. Лицензиар берилген уруксаттардын реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзөт, ал берилген, кайра таризделген, токтото турулган, калыбына келтирилген, токтотулган жана жокко чыгарылган уруксаттардын болушун, ошондой эле алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз расмий булак болуп эсептелет.
14. Реестр лицензиардын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектелген маалыматтардан тышкары, кызыктар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуулары үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп эсептелинет.
5-глава. Арыздарды кароонун, уруксатты берүүнүн жана кайра тариздөөнүн тартиби жана мөөнөтү
15. Лицензияр арызды алган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбей уруксатты берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Лицензиар уруксатты берүү үчүн белгиленген мөөнөттө уруксатты берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
17. Уруксатты берүү кагаз жүзүндө жана электрондук форматта ишке ашырылат.
18. Уруксатты берүү жөнүндө чечим лицензиярдын буйругу менен таризделет.
19. Уруксат расмий түрдө берилди деп бул жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып саналат. Лицензиар уруксат берилген күнү реестрге маалыматтарды киргизет.
20. Уруксат акы төлөнүүчү негизде берилет. Уруксатты берүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Уруксатты берүү үчүн алынган мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине түшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Уруксатты кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жак кайра уюштурулганда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) жеке жактын - жеке ишкердин аты-жөнү өзгөргөндө;
4) жалпыга маалымдоо каражатынын аталышы өзгөргөндө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Уруксатты кайра тариздөөгө негиз келип чыккан учурда лицензиат лицензиарга уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз менен кайрылат.
23. Уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз кайра тариздөө үчүн негизди жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен жаңы маалыматтарды көрсөтүп, лицензият тарабынан уруксатты кайра тариздөө үчүн негиз келип чыккан күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
24. Уруксатты кайра тариздөө лицензиар арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат. Уруксатты кайра тариздөөдө лицензиар реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
25. Укук ээлеринин же башка адамдардын арызы боюнча, ошондой эле лицензиар тарабынан автордук укуктар жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы аныкталган учурда, лицензиар тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чараларды көрүү үчүн кайрылат.
6-глава. Уруксат берүүдөн баш тартуу
26. Уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензиат үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө мыйзамдарда каралган тыюу салуу болгондо;
2) арыз ээсинин иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болгондо;
3) арыз ээси анык эмес же толук эмес маалыматты бергенде;
4) арыз ээси берген документтер "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга туура келбегенде;
5) арызды кароого жана уруксатты берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастаган документ жок учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Лицензиар баш тартуунун негизин жана себебин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу.
28. Уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине уруксатты берүү үчүн белгиленген мөөнөттө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет.
29. Уруксатты берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер четтетилген учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында, арызды кароо жана уруксатты берүү мөөнөтү кайра кароого арыз берилген күндөн тартып эсептелет.
Арыз ээсинин мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.
30. Арыз ээси лицензиярдын уруксат берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
7-глава. Уруксаттын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана жокко чыгаруу
31. Уруксаттын колдонулушу лицензиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиар тарабынан мурда лицензиат эскертүү алган жана айып төлөгөн уруксат талаптары бузулган учурда, токтото туруунун себептерин көрсөтүү менен үч айга чейинки мөөнөткө токтотулат.
Уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө маалымат чечим чыгарылган күнү Уруксаттардын реестрине киргизилет.
Лицензиат уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде уруксаттын колдонулушу токтото турулган мезгилде ишин токтотот.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
31-1. Уруксаттын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлардын четтетилгенин ырастаган далилдер менен уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлардын четтетилгени жөнүндө лицензиаттын арызы же уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген жагдайлар четтетилгенин ырастоо менен жүргүзүлгөн лицензиялык текшерүү жөнүндө акт саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Уруксаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке жак жеке ишкер катары ишин токтоткондо;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) лицензиат (лицензияттын укук улантуучусу) иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүүнү ыктыярдуу түрдө токтотуп арыз бергенде;
4) иш процессинде уруксаттардын тизмесинен иш-аракеттердин айрым түрү алып салынганда;
5) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) жеке жак каза болгондо.
33. Телерадиоканал отуз календарлык күндөн ашык мөөнөткө берүүсүн токтотуусу же телерадиоуюмдар же телерадиоберүү операторлору телерадиоканалын(-дарын) аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде уруксат алган күндөн тартып бир жылдан ичинде жайгаштырбоосу тиешелүү уруксатты мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарууга негиз болот.
34. Уруксаттын колдонулушу токтотулган учурда лицензиар реестрге уруксаттын колдонулушунун токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты киргизет. Уруксат реестрге маалыматтар киргизилген датадан тартып өзүнүн колдонулушун токтотту деп таанылат.
35. Лицензияттагы кагаз жүзүндөгү уруксат реестрге уруксаттын колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар киргизилген датадан тартып жараксыз деп саналат.
36. Уруксаттын колдонулушу токтото турулган мезгилде лицензиат уруксаттын колдонулушун токтото туруунун себептерин четтетет. Уруксаттын колдонулушун токтото туруунун себептери четтетилбеген учурда, лицензиар уруксатты жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына берет. Соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин уруксаттын колдонулуу мөөнөтү токтотулуп турат деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Уруксаттын колдонулушун калыбына келтирүү
37. Уруксаттын колдонулушу ушул Жободо көрсөтүлгөн уруксаттын талаптарын бузуулар арыз ээси тарабынан четтетилген шартта уруксаттын колдонулушу токтото турулган мөөнөт бүткөн күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо арыз ээси талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда четтеткен учурда уруксаттын колдонулушун токтото туруунун белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин лицензиар тарабынан калыбына келтирилет.
38. Аныкталган уруксаттын талаптарын бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда арыз ээси лицензиарга бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
39. Уруксаттын колдонулушу калыбына келтирилди деп бул жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып саналат.
40. Арыз ээси лицензиардын уруксаттын колдонулушун калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
9-глава. Телерадиоберүү операторлоруна жана телерадиоуюмдарына карата уруксат талаптары
41. Телерадиоберүү оператору лицензиар тарабынан берилген уруксаты бар телерадиоканалдардын өзүнүн берүү пакетин/тармагын түзүүгө милдеттүү.
42. Телерадиоберүү оператору ретрансляциялануучу телерадиоканалдардын берүү сеткасына кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизген учурда, жарнаманы кошкондо, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадиоуюм катары каттоодон өтүүгө милдеттүү.
43. Телерадиоберүү оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган жана мурда лицензияр тарабынан берилген уруксаты бар телерадиоканалдарды жайылтууда уруксат алуудан бошотулат.
44. Телерадиоберүү оператору ар бир календарлык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен өзүнүн телерадиоканалдарынын тармагынан трансляцияланган/ретрансляцияланган тизмени лицензиярга берүүгө милдеттүү, ал эми мындай тизмеге өзгөртүүлөр киргизилген учурда - өзгөртүүлөр киргизилген датадан тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө лицензиярга маалымдоого тийиш.
45. Телерадиоуюмдары жана телерадиоберүү операторлору жетекчиси, юридикалык дареги, жайгашкан жеринин дареги жана байланыш телефондору өзгөргөн учурда, мындай өзгөрүүлөр болгон датадан тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен зарыл болгон ырастоочу документтерди тиркөө менен лицензиярга жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
46. Телерадиоуюмдары трансляциялануучу телерадиопрограммаларга, телерадиоберүүлөргө карата (жарнаманы кошпогондо) ар бир телерадиоканалдын 7.00дон 00.00го чейинки мезгилдеги ар бир күндүк берүү сеткасынын жалпы көлөмүндө төмөнкү шарттарды жана пропорцияларды сактоосу керек:
1) телерадиопрограммалардын жана телерадиоберүүлөрдүн 50 пайызынан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү телерадиопрограммалардан жана телерадиоберүүлөрдөн туруусу керек, анын ичинде 7.00дон 10.00го чейинки жана 18.00дон 23.00го чейинки мезгилде;
2) берүүлөрдүн 50 пайызынан кем эмеси мамлекеттик тилде берилиши керек, анын ичинде 7.00дон 10.00го чейинки жана 18.00дон 23.00го чейинки мезгилде;
47. Эгерде фильмдин жана/же башка телерадиопрограмманын жана/же телерадиоберүүнүн түп нускасы (кайталоосу) мамлекеттик же расмий тилде болбосо, мындай фильмдер жана/же башка телерадиопрограммалар жана/же телерадиоберүүлөр аларды мамлекеттик же расмий тилде кайталоо шарты менен трансляцияланат.
48. Эгерде берүү мультиүн опциясын пайдалануу менен ишке ашырылса, анда берүү тилинин бири мамлекеттик болушу керек.
49. Телерадиоуюмдары жана/же телерадиоберүү операторлору толук ретрансляциялай алышат. Бул учурда аларга карата "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн колдонулушу жайылтылбайт.
50. Телерадиоуюмдары уруксаты болгон учурда "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо менен жарым-жартылай ретрансляциялай алышат. Ретрансляциялоонун максималдуу көлөмдөрү жана телерадиоканалдарды, телерадиопрограммаларын, телерадиоберүүлөрдү ретрансляциялоого каралган тизме (жанрлар боюнча) телерадиоканалдын берүүсүнүн программалык концепциясы менен аныкталат.
51. Толук же жарым-жартылай ретрансляциялоочу жана өндүрүүчүдөн буга тиешелүү укуктарды алышкан телерадиоуюмдар жана/же телерадиоберүү операторлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
52. Телерадиоуюму жана/же телерадиоберүү чөйрөсүндөгү оператор уруксат алган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен телерадиоканалды аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинен жайгаштырат. Мындай жайгаштыруунун башталышы жөнүндө алар он күндүк мөөнөттө лицензиярга кабарлоого милдеттүү.
53. Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик телерадиоканалдарын толук же жарым-жартылай ретрансляциялоочу телерадиоуюмдарына жана/же телерадиоберүү операторлоруна төмөнкү учурлардан тышкары, жарнаманы жайгаштырууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде телеканалдардын социалдык пакетинин алкагында чет элдик телеканалдардын санариптик берүүсүн толук ретрансляциялоо. Мында, жарнаманы жайгаштырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген телеканалдардын социалдык пакетинин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында телеканалдарды жайгаштырууга кеткен чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктаган көлөмдөрдө жол берилет.
2) телерадиоуюмдары тарабынан "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн жана ушул Жобонун 46-пунктунун талаптарын сактоо менен бул телеканалдын ар бир күндүк эфиринде чет элдик телеканалдардын берүүлөрүнүн жарым-жартылай ретрансляцияланышы.
54. Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактабаган телерадиоканалдарда жарнамага тыюу салынат.
55. Телерадиоуюму жана/же телерадиоберүү оператору жарнамада уруксаттын номерин жана уруксат берген органдын аталышын көрсөтүүгө милдеттүү.
10-глава. Лицензиялык контролдоо
56. Лицензияр ушул Жободо, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген уруксат талаптарынын (мындан ары - талаптар) лицензиат тарабынан сакталышын текшерүү максатында лицензиялык контролдоо жүргүзөт.
57. Лицензиялык контролдоо лицензияр бекиткен планга ылайык лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.
58. Лицензиялык контролдоо планына киргизүүгө төмөнкүлөр негиз болот:
- уруксат берилген датадан тартып бир жыл өткөндүгү;
- мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензият тарабынан жоюлгандыгын текшерүү.
Пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жылына бир жолудан ашпайт.
59. Лицензиар тарабынан пландан тышкаркы текшерүүгө негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- лицензиар тарабынан талаптардын бузулушунун аныкталышы;
- лицензиаттын текшерүү жүргүзүү тууралуу кайрылуусу;
- уруксат талаптары бузулган фактылар боюнча мындай бузууларды ырастаган документтерди тиркөө менен жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусу.
60. Лицензиялык контролдоонун предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Жободо, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптардын лицензиат тарабынан аткарылышын текшерүү;
2) мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензиат тарабынан жоюлушун текшерүү.
61. Иштин лицензиялануучу түрүнө жеринде барып жүргүзүлүүчү ар бир лицензиялык контролдоонун мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоосу керек
62. Лицензиялык контролдоону жүргүзгөн лицензиярдын адистеринин жүйөлүү сунуштарынын негизинде татаал жана (же) узакка созулган изилдөө, сыноо жана атайын экспертизаларды жүргүзүү зарылдыгына байланышкан учурларда, лицензиялык контролдоонун мөөнөтү лицензияр тарабынан 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
63. Лицензиялык контролдоо лицензиардын лицензиялык контролдоо жөнүндө буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
64. Лицензиялык контролдоо жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) лицензиярдын адистеринин, ишке тартылган көз карандысыз эксперттердин же адистердин (зарылдыгына жараша лицензияр аныктай турган) аты-жөнү, кызматы;
2) текшерүү жүргүзүлүүчү лицензияттын аталышы;
3) юридикалык дареги жана (же) лицензиялануучу иш иш жүзүндө жүргүзүлгөн дарек;
4) лицензиялык контролдоонун предмети;
5) лицензиялык контролдоо башталган жана аяктаган дата;
65. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукка лицензиярдын жетекчиси кол коёт.
66. Лицензиялык контролдоо белгиленген күнү лицензиярдын адистери лицензиялык иштин материалдарында көрсөтүлгөн дарек боюнча лицензия алуучуга барышат.
67. Лицензиярдын адистери лицензиялык контролдоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) талаптарды бузуунун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу максатында лицензиялык контролдоого;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, арыз ээлеринин жана лицензиялык контроль жүргүзүлүп жаткан лицензияттардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) лицензиярдын лицензиялык контролдоо жөнүндө чечиминин негизинде жана ага, ошондой эле ушул Жобого ылайык лицензиялык контролдоого;
4) кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда гана лицензиялык контролдоого;
5) ушул Жободо белгиленген лицензиялык контролдоо мөөнөтүн сактоого;
6) берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган документтерди жана башка маалыматтарды лицензияттан талап кылбоого;
7) ушул пункттун 8-пунктчасында каралган учурлардан сырткары, талаптарды аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүлөрдү даярдоого;
8) талаптарды бузууга байланышкан административдик мыйзам бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө.
68. Лицензиярдын адистери лицензиялык контролдоодо төмөнкүлөргө укуксуз:
1) лицензияттан же анын кызмат адамынан ушул Жободо көрсөтүлгөн уруксат талаптарына тийишсиз документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, лицензиялык контроль жүргүзүүнүн натыйжасында алынган жана мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык, мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматты ачыкка чыгарууга жана жайылтууга;
3) лицензияттардын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен лицензиялык контролдоого.
69. Лицензиялык контролдоодо лицензияттар лицензиярдын лицензиялык контроль жүргүзгөн адистерине текшерүү маселелери боюнча документтерди жана башка материалдарды берүүгө милдеттүү.
70. Лицензиялык контроль жүргүзүүдө лицензияттар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Лицензиярдын адистеринен лицензиялык контролдоонун предметине тийиштүү маалыматты алууга;
2) лицензиялык контролдоонун жыйынтыктары менен таанышууга жана лицензиялык контролдоо актысында (мындан ары - акты) лицензиялык контролдоонун жыйынтыгы менен таанышкандыгы жөнүндө көрсөтүүгө, лицензиялык контролдун жыйынтыгына, ошондой эле лицензиялык контроль жүргүзгөн лицензия берүүчүнүн адистеринин айрым иш-аракеттерине макулдугун жана макул эместигин билдирүүгө;
3) Лицензиярдын адистеринин лицензиялык контролдоодо лицензияттардын укуктарын бузууга алып келген аракеттерин жана аракетсиздигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга.
71. Лицензиялык контролдоонун жыйынтыгы боюнча лицензиярдын лицензиялык контролдоого ыйгарым укуктуу адиси инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китебине жүргүзүлгөн лицензиялык контролдоо жөнүндө жазат. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензияр бекиткен форма боюнча эки нускада акт түзүлөт, буга лицензия суралган даректе болбогон учурлар кирбейт.
72. Актыга лицензиярдын лицензиялык контролдоо жүргүзгөн адиси жана лицензияттын жооптуу адамдары кол коюшат. Акты ага тиркелген документтер менен бирге лицензиярдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана лицензияттын лицензиялык ишине тиркелет.
73. Лицензиялык контролдоо мөөнөтү аяктаган дата болуп лицензиятка же анын жооптуу адамдарына акты тапшырылган дата же лицензиярдын буйругунда көрсөтүлгөн лицензиялык контролдоо аяктаган дата эсептелет, эгер ушул датага чейин акт тапшырылбаса.
74. Актыда лицензиярдын лицензиялык контролдоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адистери жана лицензият же анын жооптуу адамдары менен сүйлөшүлгөн жана алардын колдору менен күбөлөндүрүлгөн оңдоолордон сырткары, өчүрүү жана башка оңдоолорго жол берилбейт.
75. Акты лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө бузуулар аныкталбаган учурда да түзүлөт.
76. Лицензият же анын жооптуу адамдары жок болгон учурда, ошондой эле лицензият актыны алуудан, акты менен таанышкандыгы тууралуу кол коюудан баш тарткан учурда, аталган акты ал түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу лицензияттын дарегине жиберилет, ал лицензиярда кала турган лицензиялык контролдоо актысына тиркелет.
77. Лицензият же лицензияттын жооптуу адамдары актыда жазылган фактыларга, тыянактарга, сунуштарга макул болбосо, алар актыны алган датадан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде лицензиярга аталган документке жалпы же анын айрым жоболоруна каршы пикирин кат жүзүндө билдирүүгө, бул каршы пикирлердин негиздүүлүгүн ырастаган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө укуктуу.
78. Каршы пикирлер алынганда текшерүү актысында тиешелүү белги коюлат.
79. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө бузуулар аныкталган учурда лицензиярдын эскертүүсү актыга даттанууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин таризделет. Аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө эскертүүгө ал берилген учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде даттанууга болот.
80. Эскертүүлөрдү аткаруу мөөнөтү беш календардык күндөн ашпоосу керек. Эскертүү анда көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаса, лицензияттын ырастоочу документтери менен кошо берилген негиздүү өтүнүчү боюнча жазма буйрукту же эскертүүнү аткаруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок бир жолудан ашык эмес.
81. Лицензиат тарабынан бузуулар аныкталган учурда, лицензиялык талаптарды бузуу жөнүндө протокол лицензиардын адистери тарабынан түзүлөт.
82. Уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим уруксатты токтото турууга алып келген жагдайлар аныкталган учурдан тартып он беш жумуш күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
83. Уруксаттын жарактуулугу лицензият талаптарды бузууларды жойгон шартта, уруксаттын жарактуулугу токтото турулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо лицензият талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда, уруксаттын жарактуулугун токтото туруунун белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин лицензияр тарабынан калыбына келтирилет.
Аныкталган талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензиат бул тууралуу лицензиарга кат жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
Лицензиар лицензиаттын бузууларды мөөнөтүнөн мурда жойгондугу жөнүндө кабарлоосун алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен лицензиялык текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиатка лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө же болбосо тийиштүү негиз менен аны калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин кат жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.
84. Уруксаттын жарактуулугу калыбына келтирилди деп бул жөнүндө реестрге маалыматтар киргизилген датадан тартып саналат.
85. Лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксаттын жарактуулугун калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимине даттанууга укуктуу.
86. Лицензиярдын адистери тарабынан лицензиялык контролдоонун жыйынтыгында лицензияттын эскертүүнү аткарбагандыгы аныкталса, ага карата Кыргыз Республикасынын бузуулар жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында каралган айып түрүндөгү таасир этүү чаралары колдонулат. Текшерүү боюнча материалдар чечим кабыл алуу үчүн лицензиярдын жетекчилигине берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 351 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө талаптардын буга чейинки бузулушу аныкталган учурдан тартып бир жылдын аралыгында ошол эле талаптардын сакталбагандыгы түрүндө талаптардын эки жолку бузулушунун аныкталышы айып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат.
11-глава. Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик
88. Уруксат берүүдөн негизсиз баш тартуунун же жеке жана (же) юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузуунун натыйжасында жеке жана (же) юридикалык жак тарткан зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
89. Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды уруксатсыз жайгаштыруу боюнча ишти жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
90. Телерадиоканалды жайгаштырууга уруксатты токтото туруу, жокко чыгаруу жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин берүү улантылса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияттын жетекчиси жоопкерчилик тартат.
|
| Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти |
АРЫЗ
Иш процессинде иштин төмөнкү түрүнө уруксат берүүңүздү суранам: колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга, атап айтканда:
1. Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде
____________________________________________________________________________________
(аталышы) телеканалды/радиоканалды жайгаштырууга уруксат
____________________________________________________________________________________
2. Арыз ээси жөнүндө маалымат:
Юридикалык жак үчүн | |
Уюмдун толук аталышы |
|
Кыскартылган аталышы (эгерде болсо) |
|
Телеканалдын фирмалык аталышы (эгер болсо) |
|
Юридикалык дареги жана жайгашкан жери |
|
Уюштуруу-укуктук формасы |
|
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү: | |
Сериясы, номери, берген орган |
|
ИНН |
|
|
|
Жеке жак үчүн | |
Фамилиясы |
|
Аты |
|
Атасынын аты |
|
Жашаган жери |
|
Паспорттогу маалыматтары |
|
Номери, ким тарабынан жана качан берилген |
|
Жеке ишкер үчүн: Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү: | |
Сериясы, номери, берген орган |
|
ИНН |
|
Сигналды жеткирүү ыкмасы(лары): (башкы станцияга чейин, керектөөчүгө чейин)
_____________________________________________________________________
Берүүнүн түрү(лөрү):
Ачык түрдө □
Код коюлган түрдө □
Чет элдик телерадиоканалдарынын ретрансляцияланышынын көлөмү (керектүүсүн белгилөө, бирди гана тандоо)
Толук □ | Жарым-жартылай □ | Жок □ |
Ушуну менен арыз ээсинин берилген документтеринин жана маалыматтарынын аныктыгын ырастайм, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгууга арыз ээсинин макулдугун билдирем.
Тиркеме:
________________________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
Күнү: Колу ___________________
|
| Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти __________________________________________________________________ (лицензиярдын толук аталышы)
Аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга УРУКСАТ
Уруксаттардын реестри боюнча каттоо номери ______________________________________________________
20___-жылдын "____" _____________________
Берилди ______________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы же жарандын аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________________
(телеканалдын толук жана кыскартылган (эгер болсо) аталышы, анын ичинен фирмалык аталышы)
Дареги: _______________________________________________________________________________________
(өлкө, район, калктуу конуш, көчөсү, үйү, батири, үй жана кызматтык телефону)
Мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк ____________________________________________________
(сериясы, номери) берилди _______________________________________________________________________
(берилген дата, берүүчү орган)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: _______________________________________________________
Аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде ___________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
телеканалды/радиоканалды жайгаштырууга уруксат
_______________________________________________________________________________________________
Уруксаттын жарактуу мөөнөтү: мөөнөтсүз
Уруксат жарактуу аймак: Кыргыз Республикасы
Уруксат ажыратылгыс болуп эсептелет.
Сигналды жеткирүү ыкмасы(лары): (башкы станцияга чейин, керектөөчүгө чейин)
______________________________________________________________________________________________
Берүүнүн түрү(лөрү): Ачык түрдө/код коюлган түрдө □
Чет элдик телерадиоканалдардын ретрансляцияланышынын көлөмү: толук/жарым-жартылай/жок
Мөөр
Уруксатты берген адамдын кызматы, колу ______________________________
№ __________________ Бланктын сериясы _____________________________