Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу № 352
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы "1-23-2" деген цифралар "1-23-3" деген цифралар менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "24-тиркемеге" деген сөздөр "24-24-4-тиркемелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацындагы "24-тиркемесинде" деген сөздөр "24 жана 24-4-тиркемелеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемесине ылайык редакцияда 23-3 жана 24-4-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдары бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде жүргүзүлө турганы белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом) |
1 | Директор | 19000 |
2 | Директордун орун басары | 18000 |
3 | Башкы инженер, бөлүмдүн начальниги | 17000 |
4 | Прораб | 16500 |
5 | Башкы: - бухгалтер; - механик; - мастер | 16000 |
6 | Бухгалтер | 14500 |
7 | Адис, инспектор, юрист | 14000 |
8 | Механизаторлор: - экскаватордун; - бульдозердин; - автогрейдердин; - виброкатоктун | 12000 |
9 | Экскаваторщиктин жардамчысы, стропальщик, мотор оңдоочу, газоэлектрширетүүчү, электрик, токарь | 10000 |
10 | Гараж жана кампа башчысы | 14000 |
11 | Диспетчер, ыкчам кезметчи | 11000 |
12 | Айдоочулар: - Камаз автомобилинин; - отургучтуу сүйрөгүчтүн; - траллдын; - автожүктөгүчтүн; - автокранщиктин | 19000 |
13 | Айдоочулар: - самосвалдын; - борттуу автомобилдин | 17000 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун техникалык жана тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом) |
1 | Спринтердин, портердин айдоочусу, слесарь | 9000 |
2 | Жеңил автомашинанын айдоочусу | 8000 |
3 | Күзөтчү, кызматтык жайларды тазалоочу | 3000 |