Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 365
"2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда аталган Экинчи протокол Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялангандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 365 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол (мындан ары - Экинчи протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген ченемдерге карама-каршы келбейт.
Экинчи протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 267 буйругу менен жактырылган.
Экинчи протокол Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгы жайгашкан өлкөнүн жарандары болуп эсептелбеген Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын 1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык катташтар жөнүндө Вена конвенциясынын негизинде дипломатиялык агент статусун ыйгаруу максатында иштелип чыккан, анда бир эле мезгилде терминдерди Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставынын кабыл алынган редакциясына ылайык келтирүү каралган.
Экинчи протокол Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Мамлекет башчылары тарабынан кол коюлганга чейин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 23-майындагы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин 2018-жылдын 24-майындагы жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 11-июнундагы жыйындарында жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун 46-беренесине ылайык Экинчи протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
Экинчи протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоого алып келбейт.