Загрузка документа…
КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары1998-жылдын 31-октябры N 139 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Антидемпинг жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Мамлекеттик антидемпингдик контрол III бөлүм. Антидемпингдик териштирүү IV бөлүм. Демпингдин бар экендигин аныктоонун тартиби V бөлүм. Зыяндын бар экендигин аныктоо VI бөлүм. Антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби VII бөлүм. Антидемпингдик териштирүүнү аяктоо VIII бөлүм. Баалар боюнча милдеттемелер IX бөлүм. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-нын негизги түшүнүктөрүн жана принциптерин, демпингди жана зыянды бел-гилөө боюнча териштирүүнүн тартибин, ошондой эле антидемпингдик чара-ларды киргизүүнүн жана жоюунун шарттарын аныктайт. I бөлүм Жалпы жоболор 1-статья. Терминдер жана аныктамалар Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: Антидемпингдик териштирүү - эгер сатуу ушул сыяктуу товарларды чы-гаруучу ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирсе же зыян келтирүү кор-кунучун туудурса, анын кадимкидей наркынан төмөн баа боюнча сатыла тур-ган товарды тапшыруучуга карата териштирүү. Антидемпингдик чаралар - өзүнүн кадимки наркынан төмөн баа боюнчаимпорттук товарды сатуу менен келтирилген зыянды четтетүү үчүн убакты-луу антидемпингдик чаралар жана антидемпингдик алымдар таризинде ыйга-рым укуктуу орган колдоно турган атайын чаралар. Антидемпингдик алымдар - экспорттун өлкөсүндө жана/же экспорттунучурунда, эгерде мындай экспорттук тапшыруулар бул сыяктуу товарлардыната мекендик өндүрүүчүлөрүнө зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо,экспортту же өндүрүштү өлкөдө керектөө үчүн бул сыяктуу товарларга са-лыштырма баалардан төмөн баа боюнча товарларды Кыргыз Республикасынынбажы аймагында импорттук тапшыруулардын учурунда колдонула турган алым-дар. Өз ара көз каранды жактар/тараптар - демпингдин болжолдуу нерсесиболуп саналган тапшыруучулар менен байланыштуу же өздөрү товар тапшыру-учулар болуп саналган өндүрүүчүлөр же сатып алуучулар (бүтүмдүн катышу-учулары). Өз ара көз карандылар катары өз ара байланыштуу бүтүмдүн ка-тышуучулары таанылат, эгерде: - жактардын бири директор же экинчи жактын башкармасынын же конт-ролдук органынын мүчөсү болуп саналса; - директор, болбосо бир жактын башкармасынын, болбосо контролдукорганынын мүчөсү бир эле убакта директор, же башка жактын башкармасынынмүчөсү же контролдук органынын мүчөсү болуп саналса; - алар шериктештер болуп саналса; - жактардын бири экинчисинин иш берүүчүсү болуп саналса; - жактардын бири бардык добуштардын кеминде 5 процентин же экинчижактын уставдык капиталынын 5 процентин түзүүчү уставдык капиталдатүздөн-түз же кыйыр түрдө пайдалуу добуш укугуна ээ болсо же карамагын-да болсо; - эки жак үчүнчү жактын түздөн-түз же кыйыр түрдө контролу астындаболсо; - эки жак үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр түрдө биргелешип конт-ролдосо; - алар тууган-туушкан болуп саналса. Зыян - демпингдик баалар боюнча товарларды тапшыруунун натыйжасын-да ата мекендик өндүрүүчүлөр тарткан материалдык зыян. Убактылуу антидемпингдик чаралар - антидемпингдик териштирүүжол-жобосу башталгандан кийин убактылуу алымдар, күрөөлүк милдеттенме-лер же депозитке акча суммаларын берүү таризинде демпингдик товардытапшыруучуга карата ыйгарым укуктуу орган колдоно турган алдын ала ан-тидемпингдик чаралар. Демпинг (демпингдик товарды ташып келүү) - товарды анын өзүнүн ка-димки наркынан төмөн Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына ташыпкелүү боюнча тапшыруучунун карасанатай аракеттери. Таламдаш тараптар (жактар) - антидемпингдик териштирүүнүн буюмзатыболуп саналган чет өлкөлүк экспорттоочу, өндүрүүчү, товарды импорттоочуже мүчөлөрүнүн көпчүлүгү өндүрүүчүлөр болгон соода же өнөр жай ассоциа-циясы, мындай товарды чет өлкөлүк экспорттоочулар же импорттоочулар,экспорттоочу өлкөнүн өкмөтү, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Рес-публикасында ушундай товарды өндүрүүчү же мүчөлөрүнүн көпчүлүгү КыргызРеспубликасында ушундай товарды чыгарган соода же өнөр жай ассоциация-сы. Кадимки нарк - экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөдө тапшыруусуантидемпингдик териштирүүнүн буюмзаты болуп саналган ушул сыяктуу то-варды сатууда кадимки соода операцияларынын жүрүшүндө төлөнгөн жетөлөнүүгө тийиш болгон баага негизделген нарк. Ата мекендик өндүрүүчүлөр - антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүүүчүн жетиштүү деп табылган өндүрүштүн жыйынды көлөмүндөгү Кыргыз Рес-публикасында ушундай товарларды чыгаруучулар. Өлкөнүн расмий органдары - териштирүүгө тартылган башка өлкөлөрдүнэлчилиги, консулдугу, соода өкүлчүлүгү же башка органдары. Ушундай товарлар - окшош же бир тектүү товарлар: окшош товарлар-бардык жагынан окшош товарлар; бир тектүү товарлар-бардык жагынан бирдей болуп саналбаган , бирококшош мүнөздөгү жана окшош компоненттерден турган товарлар. Тапшыруучу - демпингдик товардын чет өлкөлүк өндүрүүчүсү же им-порттоочусу, экспорттоочусу. Региондук өндүрүүчүлөр - төмөндөгүдөй шарттарга жооп берип, реги-ондук рынокто ушундай товарларды өндүрүүчүлөрдүн жыйындысы: - өндүрүүчүлөр ошол рыноктун ичинде өзүнүн товарынын баарын жекөпчүлүк бөлүгүн сатышкан болсо; - Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген өндүрүүчүлөрбул регионго ушундай товарларды тапшырбаса. Угуулар - таламдаш тараптар талаш маселелерди карап чыгуумүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн антидем-пингдик териштирүү жол-жоболорунун бири. Бажылык тариздөө - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын та-лаптарына жана жоболоруна ылайык белгилүү бажылык режим астында товар-ларды жайгаштыруу жана бул режимди аяктоо максатында аракеттерди жасоо. Ыйгарым укуктуу орган - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн арызы боюнчаже өзүнүн демилгеси боюнча антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүүчү Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органы. Экспорттук баа - териштирүү жүргүзүп жаткан товар үчүн чынындатөлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа. 2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуунун чөйрөсү Ушул Мыйзам менен: товарларды кадимки наркынан төмөн баа боюнча сатуу үчүн КыргызРеспубликасынын бажылык аймагына ташып келүү аркылуу ата мекендикөндүрүүчүлөргө зыян келтирүү коркунучуна байланыштуу келип чыккан; ыйгарым укуктуу орган менен таламдаш тараптардын ортосунда, ошон-дой эле ар түрдүү таламдаш тараптардын ортосунда келип чыккан мамилелержөнгө салынат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын антидемпинг жөнүндө мыйзамдарынын максаттары жана принциптери 1. Кыргыз Республикасынын антидемпинг жөнүндө мыйзамдарынын мак-саттары бул сыяктуу товарларды тапшыруучулар тарабынан карасанатай ата-андаштыктан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана Кыргыз Республика-сынын экономикасы үчүн зыяндын кесепеттерин жоюу болуп саналат. 2. Антидемпингдик чаралар тапшыруучулардын соода практикасы кара-санатай атаандаштыкка алып келген жагдайларда гана колдонулат. 3. Ушул Мыйзамда каралган антидемпингдик чаралар антидемпингдиктериштирүү Кыргыз Республикасынын антидемпингдик мыйзамдарына ылайыкжүргүзүлгөн шартта колдонулат. 4-статья. Кыргыз Республикасынын антидемпинг жөнүндө мыйзамдары 1. Антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары КыргызРеспубликасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жанаКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. 2. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белги-ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде ушулМыйзамда камтылгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдинже макулдашуунун эрежеси колдонулат. (КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II бөлүм Мамлекеттик антидемпингдик контрол 5-статья. Мамлекеттик антидемпингдик контролду уюштуруу 1. Демпингдик товарды тапшыруучулардын соода практикасына мамле-кеттик антидемпингдик контролдоого жалпы жетекчиликти антидемпингдикмыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. 2. Антидемпингдик териштирүүнү контролдоо жана жүргүзүү боюнчатүздөн түз иш аракетти Өкмөт аныктоочу же Кыргыз Республикасынын Прези-денти белгилеген тартипте түзүлүүчү ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашы-рат. 6-статья. Ыйгарым укуктуу орган 1. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзам ага берген ыйгарым укуктардынчектеринде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизин-де аракеттенет. 2. (КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жогот-ту) 3. Антидемпингдик алымдарды киргизүү ыйгарым укуктуу органдын су-нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүзөгө ашыры-лат. 4. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн милдеттерин аткарууда башкаөлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын расмий органдары менен өз ара ара-кеттенет. (КР2010-жылдын 4-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III бөлүм Антидемпингдик териштирүү 7-статья. Антидемпингдик териштирүүнүн предмети Антидемпингдик териштирүүнүн предмети ата мекендик өндүрүүчүлөргөзыян алып келген же зыян алып келүү коркунучун туудурган товарларды ка-димки наркынан төмөн баалар боюнча эркин жүгүртүү үчүн Кыргыз Республи-касынын бажылык аймагына аларды тапшыруу болуп саналат. 8-статья. Демпингдин жана зыяндын бар фактысын текшерүү жөнүндө арыз 1. Демпингдин жана зыяндын бар фактысын текшерүү тууралу арыз атамекендик өндүрүүчүлөр тарабынан же алардын атынан кат жүзүндө ыйгарымукуктуу органга берилет. 2. Арыз төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: - арыз берүүчүнүн, арыз берүүчүлөрдүн (мындан ары - арыз берүүчү)аты, арыз берүүчүнүн товар чыгарышы жөнүндө маалыматтар (көлөмү жанабаасы), ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан арыз берүүчүгөбелгилүү ушул сыяктуу товарды өндүрүп жаткандыгы тууралу маалыматтар; - товардын сүрөттөлүшү, экспорттолгон же келип чыккан өлкөнүн аты,Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына бул товарды белгилүү четөлкөлүк экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, ошол товар-дын сапаттык мүнөздөмөлөрү тууралу маалыматтар; - экспорттолгон же келип чыккан өлкөлөрдүн рынокторунда ошол товарсатылып жаткан баалар, экспорттук баалар тууралуу, ошондой эле бул сы-яктуу товарга ички рыноктогу баалар тууралу; - демпингдик товарды тапшыруунун көлөмүнүн динамикасы, ички рынок-то мындай товарлардын баасына анын таасири жана мындай товарды тапшыру-унун зыяндуу кесепеттери жөнүндө. 3. Эгерде ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө кат жүзүндө билди-рип, андагы берилген маалыматтардын жетиштүү экендигин тааныса, арызкабыл алынды деп эсептелинет. Териштирүү жүргүзүү башталганга чейин ый-гарым укуктуу орган экспорттоочу өлкөнүн өкмөтүн кабарландырууга тийиш. Эгерде ыйгарым укуктуу орган маалымат жетишсиз деп эсептесе, албул жөнүндө арыз берүүчүгө 10 күндүк мөөнөттө билдирүүгө жана агаөзүнүн арызын өзгөртүүгө же толуктоого мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Эгерде арыз берүүчү өзүнүн арызын өзгөртсө же толуктаса, арыздыкароонун мөөнөтү толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү алган күндөн тартыпбашталат. 9-статья. Арыз боюнча антидемпингдик териштирүүнүн жол-жобосунун башталышы үчүн милдеттүү шарттар Ыйгарым укуктуу орган арыз боюнча антидемпингдик териштирүүнүнжол-жобосунун башталышы үчүн төмөндөгүдөй шарттардын сакталышын камсызкылууга тийиш: а) демпингдин жана зыяндын бардыгын текшерүү жөнүндө өтүнүч берил-ген товарды ата мекендик өндүрүштө арыз берүүчүнүн үлүшүн аныктоо аркы-луу ал боюнча ата мекендик жалпы өндүрүүчүлөрдүн пикирлерин карап чыгу-унун объективдүүлүгү жана максималдуу эске алынышы. Бул үчүн ыйгарымукуктуу орган бул сыяктуу товар чыгарган башка өндүрүүчүлөрдөн жана бултоварды керектөөчүлөрдөн арыз жөнүндө пикирин суроого укуктуу; б) арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан ата мекендикөндүрүүчүлөрдүн атынан берилген катары каралат жана эгерде аны колдо-гондордун үлүшүнө бул боюнча өздөрүнүн пикирин билдирген ата мекендикөндүрүүчүлөрдүн ушул сыяктуу же түздөн-түз атаандаш товарларды чыгаруу-нун көлөмүнүн 50 проценттен ашууну туура келсе, арыз каралат жана албоюнча антидемпингдик териштирүү башталат. Бул пикирге "каршы", аны"жактаган" да болушу, ошондой эле өзүнүн так мамилесин билдирбешимүмкүн. Мында арызды колдогон ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн үлүшү булсыяктуу товарлардын ата мекендик өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 25 процен-тинен кем болбоого тийиш. 10-статья. Ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча антидемпинг- дик териштирүүнүн башталышы Демпингдик товарды тапшыруу менен демпингдин жана зыяндын барэкендигине жетиштүү далилдер болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, өзүнүн демилгеси боюнчаантидемпингдик териштирүүнүн башталышы жөнүндө чечим кабыл алууга укук-туу. 11-статья. Антидемпингдик териштирүү жол-жобосун баштоодон баш тартуу үчүн негиздер Ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган арыз боюнча антидемпингдик те-риштирүү жол-жобосунун башталышынан төмөндөгүлөр белгиленген учурда баштартат: а) демпингдин чоњдугу өтө аз болсо, б.а. демпингдик айырмачылыкэкспорттук баанын 2 проценттен кемин түзсө, болбосо; б) демпингдик товарды тапшыруунун көлөмү жана анын зыяны анчалыкболбосо, башкача айтканда, арыз берилген өлкөдөн демпингдик товардытапшыруунун көлөмү бул сыяктуу бардык товарларды Кыргыз Республикасынатапшыруунун жалпы көлөмүнүн 3 проценттен азын, жана БСУга мүчө болгонөлкөлөрдөн бул сыяктуу антидемпингдик товарга товарларды тапшыруунунжыйынды көлөмү - алардын мындай товарды тапшыруудагы жекече үлүшү Кыр-гыз Республикасына мындай товарды тапшыруунун жалпы көлөмүнөн 3 про-центтен азды, бул сыяктуу товарды Кыргыз Республикасына тапшыруунунжалпы көлөмүнүн 7 проценттен ашпаганын түзгөндөн башка шартта. 12-статья. Демпингдин жана зыяндын бар фактысын текшерүү тууралу арызды кайра чакырып алуу Арыз антидемпингдик териштирүү башталганга чейин жана анынжүрүшүндө арыз берүүчү тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн. Арызантидемпингдик териштирүү башталганга чейин кайра чакыртылып алынса, аларыз берилген эмес деп эсептелинет. Эгерде арыз антидемпингдик териш-тирүүнүн жүрүшүндө кайра чакыртылып алынса, ыйгарым укуктуу орган анти-демпингдик териштирүүнү улантууга же чаралар көрбөстөн, аны токтотуугаукуктуу. 13-статья. Антидемпингдик териштирүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө чечим Антидемпингдик териштирүү жол-жобосунун башталышында, анын башта-лышы же баш тартылышы жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган арызды ка-был алган учурдан тартып 60 күндүн ичинде кабыл алат. Антидемпингдик териштирүүнүн жол-жобосун баштоо же баш тартуужөнүндө чечим бардык берилген маалыматтарды изилдөөнүн негизинде, ушулМыйзамдын 9, 11-статьяларынын шарттарын сактоо менен кабыл алынат. Кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу орган бардык таламдаштараптарга билдирүүгө, ал эми баш тарткан учурда кабыл алынган чечимдинсебептерин көрсөтүүгө милдеттүү. 14-статья. Антидемпингдик териштирүү жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө кабарлоо 1. Антидемпингдик териштирүүнүн жол-жобосу башталгандыгы тууралучечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу орган: а) антидемпингдик териштирүүнүн жол-жобосу башталгандыгы тууралубардык таламдаш тараптарды кабарлайт; б) кабарлоо расмий басма сөзгө жарыялайт. 2. Антидемпингдик териштирүү жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндөкабарлоо төмөндөгүдөй маалыматты камтууга тийиш: а) экспорттоочу өлкөнүн же өлкөлөрдүн аты, антидемпингдик териш-тирүүнүн предмети болгон товардын аты; б) антидмепингдик териштирүүнүн башталган күнү; в) антидепингдик териштирүүнүн негизи болуп саналган товардын са-паттык мүнөздөмөлөрүнө баа берүүнү кошкондо, демпингдин бар экендигинырастаган далилдердин баяндамасы; г) зыяндын келтирилгендиги жөнүндө ырастоо негизделген далилдердинкыскача баяндамасы; д) иш менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн жана ишти угуу жөнүндө өзүнүнпикирин жана өтүнүчүн жарыялоого мүмкүнчүлүк алуу үчүн өздөрүнүн арыз-дарын берүүгө тийиш болгон таламдаш тараптардын чектүү мөөнөттөрү. 15-статья. Демпингдин жана зыяндын бар фактысын текшерүү тууралу арыз менен тааныштыруу 1. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүү башталганданкийин белгилүү экспорттоочуларга жана экспорттоочу өлкөнүн өкмөтүнө 30күндүн ичинде башка бардык таламдаш тараптарга алардын өтүнүчү боюнчаарыздын толук текстин берүүгө милдеттүү, мында маалыматтын жашыруундуу-лугу жарыяланууга тийиш эмес. 2. Эгерде антидемпингдик териштирүүгө көп сандагы адамдар тартыл-са, ыйгарым укуктуу орган экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөнүн жеөлкөлөрдүн расмий бийлик органдарына же тийиштүү соода ассоциациялары-на/бирикмелерине гана арыздын текстин бере алат. IV бөлүм Демпингдин бар экендигин аныктоонун тартиби 16-статья. Демпингдик товар Кыргыз Республикасына товардын кадимки наркынан төмөн баа боюнчабашка өлкөдөн тапшырылган товар, эгерде бул товардын экспорттук баасыэкспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөгө керектөө үчүн арналган бул сыяк-туу товарга адеттеги соода операцияларынын процессинде белгиленген баа-дан төмөн болсо, ал эми товардын сапаты ата мекендик өндүрүүчүлөр чы-гарган товардын сапатына ылайык келсе, демпингдик товар катары каралат. 17-статья. Товардын кадимки наркын аныктоо 1. Өз ара көз каранды сатып алуучулардын ортосунда сатуу адеттегисоода операцияларынын чектеринде жүргүзүлгөн катары каралбайт жана көзкарандылыктын фактысы товардын наркына таасирин тийгизбегендигинин да-лилдери болгон учурдан тышкары, кадимки наркты аныктоодо көњүлгө алын-байт. 2. Товарлар Кыргыз Республикасына алар чыккан өлкөдөн эмес, башкаэкспорттоочу өлкөдөн тапшырылган учурда, ыйгарым укуктуу орган, адетте,ошол экспорттоочу өлкөдө (мындан ары "экспорттун өлкөсү") төлөнгөн жетөлөнүүгө тийиш болгон баанын негизинде кадимки наркты белгилейт. Кадимки нарк товар чыккан өлкөдөгү баа боюнча төмөндөгүдөй учур-ларда белгиленет: - эгер товарлар экспорт өлкөсү аркылуу жөнөтүлгөн (ташылган) ганаболсо; - эгер окшош товарлар экспорт өлкөсүндө чыгарылбаса; - эгер экспорт өлкөсүндө аларга салыштырма баа жок болсо. 3. Экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөнүн ички рыногундагы баалар-га негизденип, товардын кадимки наркын аныктоо мүмкүн болбогон учурда(анда окшош товарды сатуу жок болгондуктун же мындай сатуулар өзгөчөрыноктук жагдайдын натыйжасында же экспорттоочу жана/же өндүрүүчүөлкөнүн ички рыногунда сатуунун кичинекей көлөмүнүн натыйжасында), ый-гарым укуктуу орган демпингдик айырмачылыкты салыштыруу жолу менентөмөндөгүдөй аныктайт: а) белгилүү товарды сатуу жетиштүү сандарда жүзөгө ашырылган шарт-та үчүнчү өлкөгө экспорттолуучу окшош сапаттагы окшош товарга салыштыр-ма баа менен; б) өндүрүш жана сатуу боюнча чыгымды, ошондой эле ушул Мыйзамдын18-статьясына ылайык аныкталган пайданы камтыган эсептик нарк менен. 4. Окшош сапаттагы окшош товарды сатуу, ыйгарым укуктуу орган та-рабынан, кадимки наркты аныктоо үчүн, эгерде экспорттоочу жана/жеөндүрүүчү өлкөнүн ички рыногунда керектөө үчүн арналган алардын көлөмүКыргыз Республикасында ошол товарды сатуулардын көлөмүнүн кеминде 5процентин түзгөн учурда, жетиштүү санда жүзөгө ашырылган катары каралы-шы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу орган сатуулардын кыйла арбын көлөмүнүн да-лили болгондо, тийиштүү салыштыруу үчүн сатуунун кыйла төмөнкү процент-тик көрсөткүчүн колдоно алат. 18-статья. Өндүрүштүн чыгымын жана пайдасын эсептөө 1. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жат-кан тапшыруучунун бухгалтердик документтеринин негизинде, мындай доку-менттер экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөдө жалпы кабыл алынган эсеп-тин принциптерине жана стандарттарына ылайык келген жана ошол товардычыгарууга жана сатууга байланыштуу чыгымдары жетиштүү так чагылдырганшартта өндүрүштүн зыяндарын эсептейт. 2. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндөтапшыруучу берген чыгымдардын туура бөлүштүрүлүшүнүн бардык колдо бол-гон далилдерин мындай бөлүштүрүү адетте тапшыруучу тарабынан, атап айт-канда, аммортизациянын тийиштүү мөөнөттөрүн жана нормаларын, капиталдыкчыгымдарды жана өндүрүштү өнүктүрүүгө кеткен башка чыгашаларды белгилөөүчүн карап чыгат. 3. Ыйгарым укуктуу орган өндүрүштү өнүктүрүүгө же өндүрүштүн ка-лыптанышынын мезгилинде чыгашалардын кайталанбаган статьяларын эскеалуу менен чыгымга түзөтүү киргизет. Өндүрүштүн калыптанышынын мезги-линдеги түзөтүүлөр бул мезгилдин акырындагы чыгымдарды эске алат.Өндүрүштүн калыптанышынын бул мезгили маалымат текшерилген мезгилдинубагынын чегинен чыгып кеткен учурда ыйгарым укуктуу орган көњүлгө алы-шы мүмкүн болгон акыркы чыгашалар эске алынат. 4. Чыгымдардын жана пайданын суммалары антидемпингдик териштирүүжүргүзүлүп жаткан тапшыруучу берген кадимки соода операцияларынын про-цессинде окшош товарды чыгаруу жана сатуу жөнүндө чыныгы маалыматтарганегизделет. Эгер мындай сумма бул негизде аныкталышы мүмкүн болбосо,алар төмөндөгүлөрдүн негизинде аныкталат: а) экспорттун жана/же товар чыккан өлкөнүн ички рыногунда окшоштоварды чыгарууга жана сатууга байланыштуу ошол же башка тапшыруучутөлөгөн же алган чыныгы суммалардын негизинде; б) экспорттун жана/же товар чыккан өлкөнүн ички рыногунда бирдейсапаттагы бир тектүү товарды чыгарууга жана сатууга байланыштуу анти-демпингдик териштирүү жүргүзүлүп жаткан башка тапшыруучулар төлөгөн жа-на алган орточо салмакталган чыныгы суммалардын негизинде. 5. Эгерде бул ыкмалардын бири да колдонулушу мүмкүн болбосо, андаыйгарым укуктуу орган ар кандай башка негизделген ыкманы мындай ыкмаменен белгиленген пайданын суммасы экспорттун жана/же товар чыкканөлкөнүн ички рыногунда ошол эле категориядагы окшош товарларды сатуудабашка тапшыруучулар алган пайдадан ашпаган шартта пайдаланууга укуктуу. 19-статья. Экспорттук бааны эсептөө 1. Экспорттук баа ачыктан ачык жок болгон учурда, болбосо экспорт-тук баа антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүп жаткан ыйгарым укуктуу ор-ганда экспорттоочу жана импорттоочу же үчүнчү жактын ортосунда байла-ныштын же компенсациялык келишимдин бар экендигине ишеним туудурбаганучурда, экспорттук баа тапшырылуучу товарлар тапшыруучуга же сатуучугакөз каранды эмес сатып алуучуга биринчи жолу кайра сатылуучу баалар бо-юнча же ыйгарым укуктуу орган аныктаган башка негизде эсептелишимүмкүн. 2. Ыйгарым укуктуу орган ушул статьянын 1-пунктунда каралган кыр-даалдарда экспорттук бааны эсептөөдө өз ара көз каранды тараптардын ор-тосундагы бардык бүтүмдөрдү көњүлгө албай коюуга укуктуу. 20-статья. Экспорттук бааны кадимки нарк менен салыштыруу 1. Ыйгарым укуктуу орган товардын экспорттук баасы менен кадимкинаркынын ортосунда салыштыруу жүргүзөт. Мындай салыштыруу соода опера-цияларынын бирдей эле стадиясында, адетте товар жасалган заводдонжөнөтүү стадиясында жана мүмкүн болушунча бир эле убакта жүзөгө ашырыл-ган сатууларга карата жүргүзүлүүгө тийиш. Ар бир учурда тапшыруунун,салык салуунун шарттарындагы, соода операциясынын стадиясындагы, санда-рындагы, чыныгы мүнөздөмөлөрү жагынан шарттардагы айырмачылыктарды,ошондой эле таламдаш тараптарга карата салыштыруу бааларына алардын та-асиринин далилдери келтирилген ар кандай башка айырмачылыктарды кошупалганда, баалардын салыштырмалуулугун козгогон айырмачылыктарды эскеалган зарыл түзөтүүлөр жасалууга тийиш. 2. 19-статьяда каралган учурларда жана ушул Мыйзамдын 18-статьясы-на ылайык тапшыруунун жана кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөналымдарды жана салыктарды, ошондой эле товарларды сатуудан жана кайрабөлүштүрүүдөн алынган пайданын чоњдугун кошуп алганда, чыгымдаргатүзөтүүлөрдү киргизүү да керек. Мындай учурларда, баалардын салыштырма-луулугун козгосо, ыйгарым укуктуу орган экспорттук баа эсептелгенгеылайыктуу стадияга эквиваленттүү cоода операциясынын стадиясындагы ка-димки бааны аныктайт же ушул статья менен уруксат берилген зарылтүзөтүүлөрдү жасайт. 3. Ыйгарым укуктуу орган таламдаш тараптардан салыштыруу үчүн за-рыл болгон маалыматты талап кылууга укуктуу. Ар бир конкреттүү учурда,ыйгарым укуктуу орган ар бир таламдаш тарапка далилдерди берүүнүн зарылтартибин белгилейт. 21-статья. Демпингдик айырмачылыкты эсептөө 1. Демпингдин айырмачылыктын бар экендиги орточо таразаланган ка-димки нарк менен бардык салыштырмалуу экспорттук бүтүмдөрдүн орточо ба-асы менен салыштыруунун негизинде же конкреттүү бүтүмдөр боюнча кадимкинаркты экспорттук баалар менен салыштыруу жолу менен белгиленет. 2. Орточо салмактык негизде белгиленген кадимки нарк, эгерде, ый-гарым укуктуу орган экспорттук баалар ар түрдүү сатып алуучулардын ор-тосунда, ошондой эле региондор же убакыттын мезгили боюнча олуттууайырмалангандыгын аныктаса, конкреттүү экспорттук бүтүмдөрдүн бааларыменен салышытырылышы мүмкүн. Мындай кырдаалдарда, ыйгарым укуктуу органэмне үчүн мындай айырмачылыктар орточо салмакташтырылган чоњдуктарды жеконкреттүү бүтүмдөрдүн бааларын салыштырууну жүргүзүүдө көњүлгө алынышымүмкүн эместигин таламдаш тараптарга түшүндүрүп берет. Бултүшүндүрмөнүн кыскача баяндамасы, ошондой эле убактылуу антидемпингдикчараларды же антидмепингдик алымды колдонуу жөнүндө кабарландырууда бо-лушу керек. 22-статья. Демпингдик айырмачылыкты белгилөөнүн тартиби 1. Ыйгарым укуктуу орган товарды тапшыруучунун антидемпингдик те-риштирүүсүнө ар бир тартылгандар үчүн жекече демпингдик айырмачылыктыаныктайт. 2. Антидемпингдик териштирүүгө тартылган тапшыруучулардын же то-варлардын типтеринин көпчүлүк бөлүгү ар бири үчүн демпингдин жекечечоњдугун аныктоо, чындыгында мүмкүн болбогон учурларда, ыйгарым укуктууорган тандап алуу учурунда ээ болгон маалыматтын базасында тапшыруучу-ларды же товарлардын типтерин бир кыйла маанилүү тандап алууну же анти-демпингдик териштирүүгө тартылган өлкөдөн экспорттун көлөмүнүн үлүш жа-гынан көбүрөөк процентин пайдалануу жолу менен изилдөөнү чектей алат. 3. Ыйгарым укуктуу орган, ушул статьяда каралгандай, өзүнүн кароо-сун чектеген учурларда, тапшыруучунун тандоосуна адегенде киргизилбегенмаалыматтар да берилиши мүмкүн. Ыйгарым укуктуу орган, эгерде ал зарылмаалыматты мөөнөтүндө берсе, адегенде тандоого киргизилбеген ар кандайтапшыруучу үчүн демпингдин жекече чоњдугун аныктайт, анда мындай маалы-мат антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө эске алынат, буга тапшыруу-чулардын көпчүлүк бөлүгү жекече кароодо антидемпингдик териштирүүнүнмөөнөтүн көбөйткөн жана иштин өз убагында бүтүшүнө тоскоолдук кылганучурлар кирбейт. 23-статья. Өндүрүштүн жана сатуулардын чыгымдарынын дењгээлинен төмөн баалар боюнча сатуу 1. Ыйгарым укуктуу орган антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жат-кан товардын экспорттоочу жана/же өндүрүүчү өлкөнүн ички рыногунда са-тылышын же продукциянын бирдигине өндүрүштүн жана сатуулардын чыгымда-рынын дењгээлинен төмөн баалар боюнча үчүнчү өлкөгө сатууну, ошондойэле кадимки соода операцияларынын процессинде жүзөгө ашырылган сатуу-ларды карабайт, баанын төмөндөшүнүн себеби боюнча эгерде сатуулартөмөндөгүдөй учурларда жүзөгө ашырылганда кадимки наркты аныктоодо булсатуулар көњүлгө алынбайт: а) узак убактын ичинде (бир жылга чейин, бирок алты айдан кем эмесмөөнөт менен); б) бир кыйла санда; в) зарыл убакыттын акылга сыярлык чектеринде бардык чыгымдарды жа-бууну камсыз кылгыдай баалар боюнча. 2. Продукциянын бирдигине чыгымдын дењгээлинен төмөн баа боюнчасатуулар эгерде ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүнү белгилесе, бир кыйласанда жүзөгө ашырылган деп эсептелинет: а) кадимкидей наркты аныктоо үчүн эске алынган бүтүмдөрдө орточосалмакталган сатуу баасы продукциянын бирдигине өндүрүштүн орточо сал-макталган чыгымдарынан төмөн болсо; б) продукциянын бирдигине өндүрүштүн чыгымынан төмөн баалар боюнчасатуулардын көлөмү кадимки наркты аныктоодо эске алынган бүтүмдөрдөгүсатуулардын көлөмүнөн кеминде 20 процентти түзсө. 3. Сатуунун учурунда продукциянын бирдигине өндүрүштүн зыянынантөмөн баалар териштирүүнүн мезгилинде өндүрүштүн орточо салмакталганчыгымынан ашып кетсе, ыйгарым укуктуу орган мындай бааларды акылга сы-ярлык зарыл убактынын чектеринде бардык чыгымдарды жабууга камсыз кыл-ган баалар катары карайт. 24-статья. Демпингди аныктоодо валюталарга кайра эсептөө Эгерде экспорттук бааны жана кадимки наркты салыштыруу бир валюта-дан экинчи валютага кайра эсептөөнү талап кылса, мындай кайра эсептөөобъективдүү негизделген алмашуу курсун пайдалануу менен ыйгарым укуктууорган тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш, адетте сатуунун күнү катарыкандай документ сатуунун шартын аныктай тургандыгына жараша контракт-тын, сатып алууга заказдын, заказды же эсепти ырастоонун күнү эсепте-лет. Эгерде экспорттук тапшыруу бул тапшырууга төлөө катары алган четөлкөлүк валютаны шашылыш валюталык рыноктордо тапшыруучунун сатуусунатүздөн-түз байланыштуу болсо, анда ыйгарым укуктуу орган тийиштүүмөөнөткө жогоруда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк валютаны тапшыруучунун сатыпалышында пайдаланылган алмашуу курсун көњүлгө алышы керек. Ыйгарым укуктуу орган валюталык курстардын кыска убакыткаөзгөрүшүн көњүлгө албайт жана антидемпингдик териштирүүнүн мезгилиндетапшыруучуларга изилденип жаткан мезгилде валюталык курстардынөзгөрүшүнүн тенденциясын эске алуу менен өзүнүн экспорттук бааларынатүзөтүү киргизүү үчүн кеминде 60 күн берилет. V бөлүм Зыяндын бар экендигин аныктоо 25-статья. Зыянды аныктоонун принциптери Зыянды аныктоо далилдерге таянат жана товардын демпингдик тапшыры-лышынын көлөмүн, сапатын жана анын ички рыноктун окшош товарларынын ба-асына таасирин жана бул товарлардын ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн мын-дай тапшыруулардын кесепеттерин изилдөөнү камтыйт. 26-статья. Зыяндын жыйынды баасы Эгерде бирден ашуун өлкөдөн товарды тапшыруу бир эле убактажүргүзүлүп жаткан антидемпингдик териштирүүнүн предмети болуп саналса,ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүлөр болгон учурда гана мындай тапшыруу-лардын жыйынды таасирин аныктай алат: ар бир өлкөдөн тапшырууларга карата демпингдик айырмачылык азыракчоњдуктан ашып кетсе, ал эми ар бир өлкөдөн тапшыруулардын көлөмү ушулМыйзамдын 11-статьясында аныкталгандай, анча көп болуп саналбаса жанатапшыруулардын таасиринин жыйынды баасы тапшырылган товарлардын орто-сундагы атаандаштыкта, ошондой эле тапшырылган товарлар менен ата ме-кендик өндүрүштүн окшош товарларынын ортосундагы атаандаштыкта экономи-калык жактан негиздүү болуп саналса. 27-статья. Демпингдик товарды тапшыруунун көлөмүн жана баасын изилдөө 1. Демпингдик товарды тапшыруулардын көлөмүн изилдөөдө ыйгарымукуктуу орган демпингдик товар абсолюттук түрдө, болбосо Кыргыз Респуб-ликасында өндүрүшкө же керектөөгө карата демпингдик товарды тапшыруубир кыйла көбөйгөндүгүн аныктайт. 2. Демпингдик товарларды тапшыруунун бааларга таасирин изилдөөдөыйгарым укуктуу орган мындай товарды тапшырууда Кыргыз Республикасынынокшош товарынын баасы менен салыштырганда баанын төмөндөшүнүн даража-сын, болбосо демпингдик товарды тапшыруунун кандай даражада баанынтөмөндөшүнө таасир көрсөтөөрүн же башкача болгон учурда, алардын жого-рулашынын мүмкүндүгүнө бөгөт болорунун даражасын аныктайт. 28-статья. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыру- унун таасирине баа берүү 1. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыруунун таа-сирин изилдөө ошол өндүрүштүн абалына таасирин тийгизгидей экономикалыкфакторлорду жана көрсөткүчтөрдүн ишине таандык болгондордун баары ыйга-рым укуктуу органдын баалоосуна киргизилет, анын ичинде: - сатуулардын, пайданын, продукциянын чыгарылышынын рыноктогуүлүшүнүн, өндүрүмдүүлүгүнүн, инвестициялардын натыйжалуулугунун же ку-баттуулуктардын пайдаланылышынын чыныгы жана потенциалдык кыскарышы; - товардын сапаттык мүнөздөмөлөрүн кошкондо, ички рыноктун баала-рына таасир тийгизүүчү факторлор; - демпингдик айырмачылыктын чоњдугу; - акча агымдарынын кыймылына, товардык запастарга, эмгек мененкамсыз болууга, эмгек акыга, өсүштүн темпине, капиталдын же инвестиция-лардын тартылышынын мүмкүнчүлүгүнө чыныгы жана потенциалдык таасири. Бул тизме акыркы болуп саналбайт жана ыйгарым укуктуу орган бел-гилүү өндүрүштүн абалына таасирин тийгизүүчү башка экономикалык фактор-лор менен көрсөткүчтөрдү баалай алат. 2. Демпингдик товарды чыгаруунун жана Кыргыз Республикасында окшоштоварды чыгаруунун шарттарын салыштырууну камсыз кылуу, ошондой эледемпингдик тапшыруулар менен шартталбаган башка факторлордун таасиринжокко чыгаруу максатында ыйгарым укуктуу орган анын өндүрүштүк-техноло-гиялык процессин, окшош товарды ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сатышынжана андан алынган пайданы изилдөөнүн негизинде окшош товардын ата ме-кендик өндүрүшүн изилдөөнү жүргүзөт. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын ата мекендик өндүрүштүн окшош то-варларынын тобу боюнча зарыл маалыматы болбосо, анда демпингдик товардытапшыруунун таасири зарыл маалымат камсыз болушу мүмкүн болгон окшоштоварлардын тобуна кирген бир кыйла кууш номенклатурадагы товарлардыната мекендик өндүрүлүшүн изилдөө жолу менен бааланууга тийиш. 29-статья. Зыяндын бар экендигин далилдөө 1. Ыйгарым укуктуу орган иш жүзүндөгү маалыматтардын негизиндедемпингдик товарды тапшыруу демпингдин таасири астында ата мекендикөндүрүүчүлөргө зыян келтире тургандыгын далилдөөгө тийиш. Демпингдиктоварды тапшыруу менен ата мекендик өндүрүүчүлөргө келтирилген зыяндынортосундагы себептик байланыштарды далилдөө үчүн ыйгарым укуктуу органбул иште таламдаш тараптар берген ар кандай фактылык маалыматтарды пай-даланат. 2. Ыйгарым укуктуу орган изилденип жаткан мезгилде аракеттенгенжана ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтирген башка белгилүү фактор-лордун (демпингдик товарды тапшыруудан тышкаркы) таасирин изилдейт.Мында аныкталган зыян демпингдик товарды тапшыруунун натыйжасында келипчыкты деп эсептелүүгө тийиш эмес. Бул факторлор, атап айтканда, дем-пингдик баалар боюнча сатылбаган тапшырылган товарлардын көлөмүн жанабаасын, керектөө структурасындагы суроо-талаптын кыскарышын жеөзгөрүшүн, чет өлкөлүк жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагычектөө соода практикасын жана атаандаштыкты, технологиялык жетишкендик-терди, ошондой эле ата мекендик өнөр жайдын экспортунун жанаөндүрүмдүүлүгүнүн натыйжаларын камтыйт. 30-статья. Региондук өндүрүүчүлөргө келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын айрым региондук рыногуна демпингдик товардытапшыруу топтолгон учурда, бул тапшыруулар региондук өндүрүүчүлөргө зы-ян тартууга алып келгенде, ыйгарым укуктуу орган ушул регионго колдо-нулгудай ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык антидемпингдик териштирүүнүжүргүзүүгө укуктуу. 31-статья. Зыяндын коркунучу Зыяндын коркунучу божомолдорго же алыскы келечектерге эмес, факты-ларга негизделүүгө тийиш жана так болжолдонууга жана сөзсүз болууга ти-йиш. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө демпингдик товарды тапшыруудан зыяндынкоркунучу төмөндөгүдөй факторлорду талдоонун негизинде ыйгарым укуктууорган тарабынан негизделүүгө тийиш: а) тапшыруулардын андан ары көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн көрсөткөн ичкирынокко демпингди товарды тапшыруунун өсүшүнүн кыйла темптери; б) Кыргыз Республикасына демпингдик товарды тапшыруунун бир кыйлаандан ары көбөйүшүнүн мүмкүндүгүн көрсөткөн жетиштүү экспорттукмүмкүнчүлүктөрдүн тапшыруучуда болушу же сөзсүз, бир кыйла көбөйүшү.Мында башка экспорттук рыноктордун кошумча тапшыруулардын болжолдонгонкөлөмүн сињирип алуу мүмкүнчүлүгү эске алынат; в) ички рыноктун бааларынын бир кыйла төмөндөшүнө же басылышынажана кошумча тапшырууларга суроо-талаптын жогорулашына таасир көрсөтүшүмүмкүн болгон баалар боюнча тапшыруулар; г) антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жаткан экспорттун жана жеөндүрүштүн өлкөсүндөгү товардын запастары. VI бөлүм Антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби 32-статья. Антидемпингдик териштирүүнүн мөөнөттөрү Демпингдин жана зыяндын бар экендигинин фактылары боюнча антидем-пингдик териштирүүнүн мөөнөтү алты айга чейин белгиленет. Бөтөнчө учур-ларда ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча антидемпингдик териштирүүалты айга узартылышы мүмкүн. 33-статья. Антидемпингдик териштирүү боюнча маалыматтар 1. Антидемпингдик териштирүү башталгандан кийин ыйгарым укуктууорган таламдаш тараптарга суроо-талаптарды жиберет. Таламдаш тараптарга суроо-талапка жооп берүүгө даярдануу үчүн 30күн берилет. Бул мөөнөттү ыйгарым укуктуу орган 30 күндөн ашпаган уба-кытка узарта алат. Суроо-талап почта менен жөнөтүлгөндөн же таламдаштараптын өкүлүнө берилгенден кийин 7 күн өткөндө алынды деп эсептели-нет. Антидемпингдик териштирүүнүн жүргүзүлүшү ыйгарым укуктуу органмөөнөтүн белгилөө менен таламдаш тараптардан кошумча маалымат талап кы-ла алат, бул мөөнөткө чейин жообу берилүүгө тийиш. 2. Ар бир таламдаш тарап өзү зарыл деп эсептеген ар кандай башкадалилдерди кат жүзүндө берүүгө укуктуу. Кат жүзүндөгү далилдерди кабылалуу ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган угуулардан кийин 10 күнөткөндө токтотулат. 34-статья. Антидемпингдик териштирүү маалыматтардын жашыруундуулу- гу 1. Антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органгажашыруун катары берилген маалымат аны берген тараптын кат жүзүндөгүуруксаты болмоюнча эч кандай жарыяланууга тийиш эмес. 2. Жашыруун маалыматты берген тарап бул маалымат боюнча жашыруун-дуулук мүнөзү жок түшүндүрмө кат берүүгө тийиш. Түшүндүрүү каты маалыматтын мањызын түшүнүү үчүн жетиштүү толукболууга же бир кыйла толугураак жашыруун эмес маалыматты берүү эмнеүчүн мүмкүн эместигинин себебин түшүндүрүүгө тийиш. 3. Эгер ыйгарым укуктуу орган жашыруундуулук жөнүндө талап негиз-сиз болуп саналгандыгын белгиленсе, же маалымат келип түшкөн тарап маа-лыматты жарыялагысы келбесе, же анын жарыяланышына уруксат бербесе, ый-гарым укуктуу орган мындай маалыматты көњүлгө албай кое алат, буга маа-лымат ишенимдүү болуп саналгандыгы далилденген учурлар кирбейт. 4. Жашыруун маалыматтын жарыяланышы үчүн күнөлүү адам Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат. 35-статья. Антидемпингдик териштирүүнүн процедураларына ылайык бе- рилген маалыматтарды текшерүү 1. Маалымттын тууралыгын текшерүү же кошумча малыматтарды алуумаксатында тийиштүү экспорттоочулардын жана/же өндүрүүчүлөрдүн макулду-гу менен жана алардын өлкөлөрүнүн расмий органдарынын каршылыгы жокболгондо, ыйгарым укуктуу орган бул өлкөлөрдүн аймагында антидмепингдиктериштирүүнү жүргүзө алат. Соода Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин ай-магында антидемпингдик териштирүү анын белгилеген жол-жоболоруна ылайыкжүзөгө ашырылат. 2. Демпингдин бар экендиги жөнүндө маалыматты текшерүү үчүн ыйга-рым укуктуу орган антидемпингдик териштирүү башталган күндөн мурункуалты айдан тартып бир жылга чейинки мезгилди тандап алат, ал эми зыян-дын бар экендиги жөнүндө маалымат төрт жылга чейинки мезгилдин ичиндетекшерилиши мүмкүн. 36-статья. Антидемпингдик териштирүү боюнча болгон маалыматтын же- тиштүүлүгү Эгерде кандай бир таламдаш тарап ыйгарым укуктуу орган белгилегенмөөнөттө зарыл маалыматтарды бербесе же кандайдыр бир түрдө антидме-пингдик териштирүүнү кыйындатса, ыйгарым укуктуу орган колдо болгон ма-алыматтардын негизинде чечим чыгарууга укуктуу. 37-статья. Ишти жүргүзүүнүн тартиби 1. Ыйгарым укуктуу орган ар бир антидемпингдик териштирүү боюнчаөзү белгилеген тартипте көктөмө жүргүзөт. Көктөмөдө конкреттүү антидем-пингдик териштирүүгө тийиштүү бардык талап кылынган документтер сакта-лууга тийиш, аларды сактоонун мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган белгилейт. 2. Көктөмөдөгү материалдар антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндөалардын өтүнүчү боюнча таанышуу жана ишти кайра карап чыгуу үчүн талам-даш тараптарга берилет. 38-статья. Угуулар 1. Таламдаш тараптар иштин материалдары жана экинчи тараптынжүйөөлөрү менен таанышуу максатында иш боюнча угууларды жүргүзүүжөнүндө ыйгарым укуктуу органга өтүнүч берүүгө укуктуу. 2. Угуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын төрагалыгы ме-нен жашыруундуулуктун сакталышын камсыз кылуу аркылуу өтөт. Угууларгаыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана тараптардын күбөлөрү катышуугатийиш, булар жөнүндө таламдаш тарап мурдатан кабарлайт. Ар бир тарапбир угуулууга укуктуу. 3. Угуулар аяктагандан кийин таламдаш тараптар 10 күндүн ичиндеыйгарым укуктуу органга кошумча маалыматтарды берүүгө укуктуу. 4. Кошумча угууларды жүргүзүү таламдаш тараптардын кошумча угууларжөнүндө өтүнүчү негиздүү болгон учурда мүмкүн. 5. Ыйгарым укуктуу орган угууларды жүргүзүүдө протокол алып барат.Таламдаш тараптар угуулардын убагында кошумча маалымат берүүгө укуктуу.Ооз эки маалымат кат жүзүндө ырасталгандан кийин гана ыйгарым укуктууорган тарабынан карап чыгууга кабыл алынат. 39-статья. Алдын ала ырастап аныктоо Антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө алынган чыныгы маалыматтар-дын негизинде ыйгарым укуктуу орган демпингдин бар экендиги жана алар-дын ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыян келтиргендиги жөнүндө алдын алаырастаган аныктоо чыгарат. 40-статья. Убактылуу антидемпингдик чаралар жана аларды колдонуу- нун тартиби 1. Ыйгарым укуктуу орган демпингдин жана зыяндын бар экендигижөнүндө алдын ала ырастап аныктама чыгаргандан кийин убактылуу антидем-пингдик чараларды колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө кабарлоону бардыкталамдаш жактарга жана алардын өлкөлөрүнүн расмий органдарына жиберет.Кабарлоодон кийин 10 күндүн ичинде териштирүүгө тартылган жактар анти-демпингдик убактылуу чараларды колдонуунун негиздери жагынан катжүзүндөгү сын пикирлерин берүүгө укуктуу. 2. Убактылуу антидемпингдик чараларды киргизүү жөнүндө чечимди ый-гарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ка-был алат. Убактылуу алымдар, акча депозити же күрөөлүк милдеттенмелертаризинде убактылуу антидемпингдик чаралар алдын ала ырастап аныктамачыгаргандан кийин гана, бирок териштирүү башталган учурдан тартып 60күн өткөндөн мурда эмес, тапшыруучуга белгилениши мүмкүн. Убактылуу ча-ралар демпингдин убактылуу белгиленген чоњдугунан көбүрөөк болууга ти-йиш эмес. 3. Убактылуу антидмепингдик чаралар Кыргыз Республикасынын бажыоргандары тарабынан аларды колдонуу жөнүндө өкмөттүк чечим расмий жары-ялангандан кийин анын бажылык аймагына эркин жүгүртүүгө чыгарылган то-варлар үчүн гана колдонулат. Убактылуу чаралар демпингдин убактылуубелгиленген чоњдугунан көп болууга тийиш эмес. 41-статья. Убактылуу антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө че- чимди жарыялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн антидемпингдик чараларды киргизүүжөнүндө чечими расмий басма сөздө жарыяланууга жана төмөндөгү маалымат-тарды камтууга тийиш: - товар келген тапшыруучулардын же өлкөлөрдүн аты; - сапаттык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен товардын кењирисүрөттөлүшү (бажылык максаттар үчүн жетиштүү); - демпингдин белгиленген чоњдугу жана эсептешүүнүн ыкмасын колдо-нуунун себептерин толук түшүндүрүү; - убактылуу антидемпингдик алымдардын ставкасы акчалай депозиттинже күрөө милдеттенмелеринин өлчөмү жана аларды колдонуунун мөөнөттөрү; - зыянды баалоонун критерийлери; - убактылуу чараларды колдонуунун негизги жүйөөлөрү; - иш жүзүндөгү жана укуктук аспектилерди түшүнүү үчүн зарыл болгонбашка маалыматтар. Жарыялоодо жашыруун маалыматтар камтылууга тийиш эмес. 42-статья. Убактылуу антидемпингдик чаралардын аракетинин мөөнөтү Убактылуу антидемпингдик чаралар алты айдан ашпаган мөөнөткө кол-донулушу мүмкүн, убактылуу антидемпингдик алымдардын чоњдугу демпингдинчоњдугунан төмөн болгон учурда, алардын аракет мөөнөтү тогуз айдытүзүшү мүмкүн. VII бөлүм Антидемпингдик териштирүүнү аяктоо 43-статья. Антидемпингдик териштирүүнү аяктоо 1. Ыйгарым укуктуу орган акыркы чечимди чыгарганга чейин бир айданкечиктирбестен, негизинде акыркы чечим кабыл алына турган негизги фак-тылар менен бардык таламдаш тараптарды кат жүзүндө тааныштырууга тийиш. Таламдаш тараптарга жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча өзүнүнсын пикирлерин ыйгарым укуктуу органга киргизиши үчүн 15 күн берилет. 2. Демпингдин, зыяндын жана алардын байланышынын бар экендигинаныктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзгөн антидемпингдик териш-тирүү төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алуу менен аяктайт: - чараларды колдонбостон, антидемпингдик териштирүүнү токтотуу; - экспорттоочунун жана/же өндүрүүчүнүн баалар боюнча милдеттеме-лерди алышы; - антидемпингдик алымдарды киргизүү. 44-статья. Чараларды колдонбостон антидемпингдик териштирүүнү ток- тотуунун негиздери Антидемпингдик териштирүү, эгер төмөндөгүлөр аныкталса, чаралардыколдонбостон токтотулат: а) демпингдин же зыяндын жетиштүү далилдери жок болсо; б) ушул Мыйзамдын 11-статьясында жоболоруна ылайык демпингдинчоњдугу же өтө кичине болсо же демпингдик импорттун (иш жүзүндөгү жепотенциалдык) көлөмү кичине болсо, же болбосо зыяндын өлчөмү анчалыкэмес болуп саналса. 45-статья. Антидемпингдик алымдардын өлчөмүн аныктоо 1. Антидмепингдик алымдар демпинг келтирген зыянды четтетүү үчүнжетиштүү өлчөмдө белгиленүүгө тийиш. Антидемпингдик алымдын чоњдугудемпингдик айырмачылыктан ашпоого тийиш. 2. Убактылуу антидемпингдик чараларды киргизүүгө байланыштуутөлөнгөн суммалар демпингдик айырмачылыктан ашып кеткен учурда, тапшы-руучу ашып кеткен сумманы кайтартып алууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу ор-ган тапшыруучудан кайтарып алуу жөнүндө жүйөөлүү суроо-талаптын неги-зинде демпингдик айырмачылыктан ашык төлөнгөн сумманы кайтаруу жөнүндөчечим кабыл алууга тийиш. Кайтаруу жөнүндө чечим адетте 30 күндө кабылалынууга тийиш. Кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, ашыктөлөнгөн суммалар 90 күндүн ичинде кайтарылууга тийиш. 46-статья. Антидемпингдик алымдарды киргизүү 1. Антидемпингдик алымдарды киргизүү жана алардын ставкасы жөнүндөчечим ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешибекитип жана расмий басма сөзгө кабарлоо жарыяланган күндөн тартып кү-чүнө кирет. Жарыялоо ушул Мыйзамдын 41-статьясына ылайык маалыматтарды,ошондой эле тапшыруучулардын жүйөөлөрүн же талаптарын кабыл алуунун жечетке кагуунун себептерин камтууга тийиш. 2. Антидемпингдик алымды киргизүү тууралу Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын бажы органдарыантидемпигдик териштирүү жүргүзүлгөн бардык ташылып келинген товардананы өндүрүп алышат, буга баалар боюнча мидеттенмелер алынган тапшыруу-чулардын товары кирбейт. (КР 2010-жылдын 4-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 47-статья. Үчүнчү жактарга карата антидемпингдик териштирүү 1. Эгерде антидемпингдик алымдар салынган товардын башка тапшыруу-чулар менен байланышпаган үчүнчү жак антидемпингдик териштирүү аякта-гандан кийин, окшош товарды тапшырууну баштаса, анда ага карата анти-демпингдик териштирүү 30 күндүн ичинде башталууга жана андан арыз алганкүндөн тартып 12 айдан кечиктирбестен бүтүрүлүүгө тийиш. 2. Антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө ошол үчүнчү жакка каратаантидемпингдик алымдар өндүрүлбөөгө тийиш, бирок ыйгарым укуктуу органубактылуу антидмепингдик чараларды киргизүүгө укуктуу. 48-статья. Антидемпингдик алымдарды колдонуунун башталышынынын мөөнөттөрү 1. Антидемпингдик териштирүү башталган күнгө чейин эркинжүгүртүүгө чыгарылган товарларга антидемпингдик алымдар салышыны мүмкүнэмес. 2. Убактылуу антидемпингдик чаралар жана антидемпингдик алымдарушул статьянын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурлардан башка убак-та бул чаралар менен алымдарды киргизүү тууралу чечимдер жарыяланганданжана күчүнө киргизилгенден кийин эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларгагана колдонулат. 3. Антидемпингдик алымдар убактылуу антидемпингдик чаралар кирги-зилген күндөн тартып, эгерде бул чаралар ошол товарга колдонулса жанаыйгарым укуктуу орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө зыяндын же зыяндынкоркунучунун бар экендиги жөнүндө алдын ала ырастоо менен аныктама чы-гарган учурларда гана салынышы мүмкүн. 4. Антидемпингдик алым убактылуу чаралар киргизилген күндөн тартып90 күн мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган товарларга салынат, буга эгер-де антидемпингдик териштирүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр белгиленсе, ошолмөөнөттүн ичинде бирок баалар боюнча милдеттемелерди бузулганга чейинташылып келинген товарлар кирбейт: а) өткөндө зыян алып келген демпингке орун берилсе; б) кыска убакыттын ичинде демпингдик товарды көп тапшыруу алыпкелген зыян киргизилген антидемпингдик алымдын коргонуу натыйжасынолуттуу үзгүлтүккө учуратууга жөндөмдүү болсо. 5. Ушул статьянын 4-пунктунун "а" жана "б" кошумча пункттарындакөрсөтүлгөн фактылардын далилдери болгон учурда, ыйгарым укуктуу органантидмепингдик териштирүүнү токтотот жана антидемпингдик алымдарды кир-гизүү тууралуу ырастоочу корутундуну чыгарат. 49-статья. Антидемпингдик алымдардын аракетинин мөөнөтү Антидемпингдик алымдардын аракетинин мөөнөтү ал киргизилген күндөнже акыркы кайра карап чыгуу күнүнөн тартып 5 жылдан ашпоого тийиш. Ан-тидемпингдик алымды кайра карап чыгууну ыйгарым укуктуу орган өзүнүндемилгеси боюнча же ата мекендик өндүрүүчү берген же анын атынан берил-ген арыздын негизинде аракетинин мөөнөтүнүн жакындап келаткан токтоту-лушу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган кабарландырылган учурдан тыртып 45күндүн ичинде жүзөгө ашырат. Эгерде алымдардын аракетин токтотуу зыян-дын башталышына же анын улантылышына алып келе тургандыгы аныкталганучурда ыйгарым укуктуу орган мурда киргизилген антидемпингдик алымдар-дын аракетинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн алдына өтүнүч кылат. VIII бөлүм Баалар боюнча милдеттенмелер 50-статья. Баалар боюнча милдеттенмелер 1. Антидемпингдик териштирүү демпингдин зыяндуу кесепеттерин чет-тетүү максатында, антидемпингдик териштирүү жүргүзүлүп жаткан товардындемпингдик баалары боюнча бааларды кайра карап чыгуу же Кыргыз Респуб-ликасына ташып келүүнү токтотуу жөнүндө ыктыярдуу милдеттенмени анти-демпингдик териштирүүгө тартылган тапшыруучудан алгандан кийин антидем-пингдик убактылуу чараларды же антидемпингдик алымдарды колдонбостонэле токтотулушу же жабылышы мүмкүн. 2. Ыйгарым укуктуу орган мындай милдеттенмелер боюнча баалардынжогорулашы демпингдик айырмачылык белгилеген баадан көп болушун талапкылууга укугу жок. Эгерде ыйгарым укуктуу орган мындай жогорулатуу зы-янды четтетүү үчүн жетиштүү экендигин аныктаса баанын жогорулатылышыдемпингдик айырмачылыктан аз болушу мүмкүн. 3. Баалар боюнча милдеттенмелер ыйгарым укуктуу орган тарабынансунуш кылынышы мүмкүн, бирок тапшыруучу өзүнө мындай милдеттенмелердиалууга мажбурлабоого тийиш. 51-статья. Баалар боюнча милдеттенмелерди алуунун шарттары 1. Баалар боюнча милдеттенме демпинг келтирген зыянга жана дем-пингдин бар экендигине карата ушул Мыйзамдын 39-статьясына ылайык алдынала ырастап аныктама чыгарылгандан кийин гана ыйгарым укуктуу орган та-рабынан кабыл алынышы мүмкүн. 2. Эгерде ыйгарым укуктуу орган тапшыруучулардын көп санда болушу-нун натыйжасында, болбосо ыйгарым укуктуу орган тапшыруучуга билдирүүгөтийиш болгон башка себептер боюнча иш жүзүндө аны кабыл алуу мүмкүнэмес деп эсептесе, баалар боюнча милдеттенме кабыл алынышы мүмкүн эмес. 52-статья. Баалар боюнча милдеттенмелердин сакталышын контролдоо Ыйгарым укуктуу орган баалар боюнча милдеттенмеси кабыл алынгантапшыруучудан баалар боюнча кабыл алынган милдеттенмелеринин аткарыл-гандыгы жөнүндө маалыматтарды беришин талап кылууга, ошондой эле берил-ген маалыматтардын тууралыгын текшерүүгө укуктуу. Тапшыруучу баалар боюнча кабыл алган милдеттенмелерин бузган учур-да ыйгарым укуктуу орган дароо эле убактылуу чараларды колдонууга укук-туу. 53-статья. Баалар боюнча милдеттенмелердин аракети 1. Ыйгарым укуктуу орган баалар боюнча кабыл алынган милдеттенме-лерин тапшыруучулар ак ниеттүү аткарган учурда териштирүүнү токтотуугаукуктуу. 2. Ыйгарым укуктуу орган баалар боюнча өзүнө милдеттенме алгантапшыруучу талап кылганда же өзүнүн демилгеси боюнча демпингдин жаназыяндын бар экендигин аныктоо үчүн баалар боюнча милдеттемелер кабылалынгандан кийин антидемпингдик териштирүүнү улантат. 3. Эгерде демпингдин же зыяндын жоктугу баалар боюнча кабыл алын-ган милдеттенмелердин натыйжасы болгон учурдан башка убакта демпингдинже зыяндын жоктугунун фактысы аныкталганда баалар боюнча милдеттенмеыйгарым укуктуу орган тарабынан алынып салынат. 4. Баалар боюнча милдеттеме зыян келтирип жаткан демпингке каршыаракеттенүү үчүн зарыл мезгилдин ичинде жана өлчөмдө күчүндө калаберүүгө тийиш. 54-статья. Баалар боюнча милдеттенмелерди кабыл алуу жөнүндө ка- барландыруу Баалар боюнча милдеттенмелер кабыл алынгандан кийин ыйгарым укук-туу орган ушул Мыйзамдын 41-статьясынын шарттарын сактоо менен булжөнүндө бардык таламдаш тараптарга кабарландыруу жиберет. Баалар боюнча милдеттенме почто менен кабарландыруу жөнөтүлгөндөнде аны таламдаш тараптын өкүлүнө тапшыргандан кийин 7 күн өткөндөкүчүнө кирет. IX бөлүм Корутунду жоболор 55-статья. Убактылуу антидемпингдик чараларды алып салуунун шарт- тары жана тартиби 1. Эгерде колдонуудагы убактылуу антидемпингдик чаралардын чоњдугусалынган антидемпингдик алымдан аз болсо, айырмачылык өндүрүлүп алынуу-га тийиш эмес, эгерде көп болсо тапшыруунун каалоосу боюнча айырмачылыкага бир эле убакта кайтарылып берилет, же болбосо антидемпингдик алым-дын өлчөмүн эсептөөдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан эске алынат. 2. Ыйгарым укуктуу орган зыяндын коркунучун аныктаганда, антидем-пингдик алым зыяндын коркунучу бар экендиги жөнүндө ырастаган аныктамачыгарылган күндөн тартып гана колдонулушу мүмкүн жана күчүндө турганубактылуу антидемпингдик чаралар алынып салынууга тийиш, ал эми убакты-луу антидемпингдик чараларды колдонуунун убагында киргизилген акча де-позити кайтарылып берилүүгө тийиш жана тапшыруучунун ар кандай акчалаймилдеттемеси жокко чыгарылууга тийиш. 3. Эгерде антидмепингдик териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктууорган демпингдин жана зыяндын жоктугун аныктаса, бардык убактылуу анти-демпингдик чаралар 10 күндүн ичинде алынып салынууга тийиш, ал эмиөндүрүлүп алынган суммалар 30 күндүн ичинде белгиленген тартипте кайта-рылып берилүүгө тийиш. 56-статья. Антидемпингдик чараларды жоюу же өзгөртүү Ыйгарым укуктуу орган ар кандай убакта өзүнүн демилгеси боюнча жеталамдаш жактардын демилгеси боюнча мурда таанылган демпингдик товаранын кадимкидей наркына жакын же бирдей баа боюнча тапшырылып жатканды-гынын маалыматтары болгондо, анда демпингдик айырмачылыктын же зыяндынөлчөмү четтетилгенде же азайтылганда, чараларды колдонууну улантуунунже аларды өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүгүнүн максатка ылайыктуулугун карап чы-га алат. Колдонулуп жаткан антидемпингдик чаралар өзүн актабай тургандыгыбелгиленген учурда, ыйгарым укуктуу орган аны жоюу же өлчөмүн өзгөртүүжөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет. 57-статья. Бажылык документтерди түзүү Антидемпингдик териштирүүнү жүргүзүү товарлардын бажылык документ-терин түзүүгө бөгөттөр үчүн негиз болуп саналбайт. 58-статья. Чечимдерге даттануунун тартиби Ыйгарым укуктуу органдын кабыл алган чечимдери ушул Мыйзамга ыла-йык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте таламдашжактар тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн. 59-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 1998-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган