Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июлу № 368
"2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколго жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда аталган протоколдор Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялангандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 368 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколго жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол кол коюлганга чейин тийиштүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 269 буйругу менен жактырылган.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол армян тарап 2018-жылдын 9-апрелинен тартып Армения Республикасы парламенттик башкаруу формасына өткөндүгү тууралуу маалымдагандыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгы тарабынан иштелип чыккан. Армения Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык Куралдуу Күчтөрү Өкмөткө баш иет. Кечиктирилгис зарылчылык болгон учурда Куралдуу Күчтөрдү колдонуу жөнүндө токтомду Премьер-министр чыгарат, ал Коопсуздук кеңешин жетектейт жана согуш убагында Армения Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Командачысы болуп саналат.
Жогоруда аталган протоколдор ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлганга чейин ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 23-майындагы, ЖККУнун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин 2018-жылдын 24-майындагы жана ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 2018-жылдын 11-июнундагы жыйындарында жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставынын 26-беренесине жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 11-беренесине ылайык бул протоколдор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
Протоколдорду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, ошондой эле социалдык, гендердик, коррупциялык кесепеттерге жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоого алып келбейт.