Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 17 токтомуна ылайык КҮЧУН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-июлу № 387
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 387 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган Мыйзамдын долбооруна ылайык мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемесинде иштеген же ВИЧ/СПИД жуктурулган күнү иштеген медициналык кызматкердин күнөөсү боюнча ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелерине 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө акчалай компенсация төлөп берүү каралууда.
Ошол эле учурда, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине ылайык бул ченем ВИЧ/СПИДди жуктуруу күнүнө карата жашы жете элек балдар үчүн 2005-жылдын 23-августунан тартып колдонула тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Сунушталган Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык бүгүнкү күндө республика боюнча ВИЧ/СПИДди парентералдык жол менен жуктурган 381 бала катталган.
Ошентип, сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда медициналык кызматкерлердин күнөөсү боюнча ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелерине 100,0 миң сом өлчөмүндө бир жолку компенсация төлөм берүүгө кошумча муктаждык 38 млн. сомго жакын каражатты түзөт.
Бул сумма республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө орто мөөнөттүү мезгилине каралган эмес.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Бүгүнкү күнгө мамлекеттик бюджеттин олуттуу көлөмдөгү тартыштыгы жана чектелген бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн шартында жогоруда аталган иш-чараларга кошумча бюджеттик каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүп берүү мүмкүн эмес.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун колдонууга киргизүү мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январынан тартып белгилөө мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз. Мында, бир жолку акчалай компенсацияны 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө эмес, 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө кароону сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелерине акчалай компенсация төлөп берүү каралган.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен жуктуруу учурунда бир жолку акчалай компенсация төлөөнү кароо сунушталат.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоору менен сунушталган компенсацияны белгилөөдө кайчы пикирлерди жоюу максатында, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда бир жолку акчалай компенсацияны төлөп берүү боюнча мамлекет тарабынан берилүүчү кепилдиктерди тактоону сунуштайбыз.
3. Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "парентералдык жол менен жуктуруу" терминине аныктама берүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун аткаруу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырмасы берилүүдө.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 1-пунктуна ылайык аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире тургандыгы белгиленген.
Ошентип, эгер талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса, анда мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосунда алар кабыл алынганга чейин укуктук вакуумду болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү узартылууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну мүмкүн эмес деп эсептейт.