КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 7-июлундагы ПЖ № 247 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентин алдыда турган мөөнөтүнөн мурдашайлоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефереыдумөткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын торагасынын кайрылуусун эскеалып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасына, мүчөлөрүнө жанааппаратынын кызматкерлерине алардын кызматтык милдеттерин аткарышынатоскоол болууга же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мыйзамменен тыюу салууну жана аларга карата зомбулук аракеттерди жасоогожана мазактоого жол бербөө максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын өзүнчөадминистрациялык имаратка көчкөндүгүнө байланыштуу: - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясынын Бишкек шаары, Биринчи май району, Раззаковкөчөсү, 59 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратынын жанаага жамаатгаш аймактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчикезектеги иш-чараларды көрсүн; - бул администрациялык имаратты Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин кайтаруусуна өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордуккомиссиясынын администрациялык имаратын кайтарууда белгиленгентартипте өткөрүү режимин жүргүзсүн. 3. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлооаяктаганга чейин колдонула тургандыгы аныкталсын. 4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана укуккоргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн. 5. Бул буйрук кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев