Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 395
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын:
"12-1) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкроттук чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди карайт;";
2) 18-статьясынын 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын кылмыш, административдик жана граждандык мыйзамына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын граждандык жана жазык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 19-статьясында:
- 1-пунктундагы "жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартууну талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте башка жоопкерчиликке тартууну талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 66-статьясынын 16-пунктундагы "мүлктүк, администрациялык же кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн сотко жана/же укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу" деген сөздөр "жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн сотко жана/же тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|