Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-июнундагы № 245
буйругу менен бекитилген Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО 1. Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган ки-решелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери бо-юнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) терроризмдифинансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдашты-рууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТФ/КАК) чөйрөсүндөталамдаш мамлекеттердин макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу макса-тында түзүлгөн туруктуу иштөөчү координациялык орган болуп саналат. 2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын жанамыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буй-руктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйрукта-рын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнөкирген эларалык макулдашууларды (мындан ары - эларалык макулдашуулар),Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобо-ну жетекчиликке алат. 3. Комиссиянын ишинин максаты ТФ/КАК чөйрөсүндө Кыргыз Республика-сынын мамлекеттик органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн уюшту-руу жана ишин координациялоо, жарандардын, коомдун жана мамлекеттинукуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу болуп сана-лат. 4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - ТФ/КАК боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана турмушка ашы-руу боюнча сунуштарды даярдоо; - ТФ/КАКтын айрым багыттары боюнча мамлекеттик органдардын өзарааракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык камсыз кылуу; - ТФ/КАК чөйрөсүндө эларалык кызматташтык маселелери боюнча макул-дашылган өњүттү иштеп чыгуу; - ТФ/КАК системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо 5. Өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерди аткаруу максатында Комис-сия: - ТФ/КАК чөйрөсүндө таламдаш мамлекеттик органдардын өзара аракет-тенүүсүн уюштурууну, координациялоону камсыз кылуу жана өркүндөтүү үчүнзарыл болгон чечимдерди кабыл алат: - ТФ/КАК маселелери боюнча сунуштарды өз учурунда даярдоо үчүн жу-мушчу топторду түзөт жана бул топтордун курамын (таламдаш мамлекеттикоргандардын сунушу боюнча), милдеттерин жана ишинин тартибин аныктайт; - Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча таламдашмамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдукбирикмелер жана башка уюмдар менен өзара аракеттенүүнү уюштурат, аныничинде алардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маа-лыматты белгиленген тартипте суратат жана бул органдардын, бирикмелер-дин жана уюмдардын кызмат адамдарын (алардын жетекчилери менен макулда-шуу боюнча) Комиссиянын ишине катышуу үчүн чакырат; - ТФ/КАКтын натыйжалуулугунун учурдагы мониторинги максатында маа-лыматтык-талдоо, методикалык материалдарды жана болжолдорду даярдоонууюштурат; - зарылчылык болгон учурда таламдаш мамлекеттик органдардын жанаКомиссиянын курамына кирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу мененкењейтилген жыйналыштарды өткөрөт, ошондой эле тажрыйба жана зарыл маа-лымат алмашуу максатында ведомстволор аралык атайын семинарларды жанакењешмелерди уюштурат; - Комиссиянын компетенциясына кирген, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды белгиленгентартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана Комиссиянын компетенциясынынчектеринде Комиссиянын чечимдерин турмушка ашыруунун мониторингинжүзөгө ашырат. 6. Комиссия төмөнкүдөй органдардын өкүлдөрүнүн (жетекчилердин жежетекчилердин орунбасарларынын дењгээлинде) түзүлөт: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы; Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-кеттик комитети; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-циясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-циясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жанаотчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгонукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга контролдук кылуу боюнчаагенттиги. 7. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасыкызматы боюнча Комиссиянын төрагасы болуп саналат. Комиссиянын төрагасы: - Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Комиссиягажүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп берет; - Комиссиянын жыйналыштарына жетекчилик кылат; - таламдаш мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Комиссиянын жу-мушчу топторунун курамдарын бекитет: - Комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашуу боюнча Комиссиянын иштери-нин пландарын жана жыйналыштарынын күн тартибин бекитет. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жооптуу катчысын Кыргыз Республи-касынын Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлеринин ичинен дайын-дайт. 8. Комиссиянын жооптуу катчысы: - Комиссиянын жыйналыштарын даярдоону уюштурат; - Комиссиянын ишинин планынын долбоорун, анын жыйналыштарынын күнтартибинин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат, Комиссиянын жыйналышта-рына материалдарды жана чечимдерди даярдоону уюштурат; - Комиссиянын мүчөлөрүнө Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы,орду жана убактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинекиргизилген маселелер жөнүндө Комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүнө че-йин 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө маалымдоону камсыз кылат; - Комиссиянын жыйналышын даярдоо үчүн зарыл болгон, күн тартибининмаселелери компетенциясына кирген таламдаш мамлекеттик органдар Комис-сияга бере турган материалдарды Комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүнөчейин 5 күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө расмий бланкта тиешелүү ми-нистрдин же анын орунбасарынын, кызматтык жетекчисинин же анын орунба-сарынын колтамгасы коюлуу менен алат; - Комиссиянын Төрагасынын же анын орунбасарынын тапшырмасы боюнчабашка милдеттерди аткарат. 9. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну Кыр-гыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы жүзөгө ашырат. 10. Комиссиянын персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин буйругу менен бекитилет. 11. Комиссиянын мүчөлөрү: - Комиссиянын ишинин планы, Комиссиянын жыйналыштарынын күн тарти-би жана Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди талкуулоонун тартибибоюнча сунуштарды Комиссиянын төрагасына киргизет; - Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды, ошондой эле Комиссия-нын чечимдеринин долбоорлорун даярдоого катышат; - Комиссиянын жыйналыштарына катышат жана каралып жаткан маселе-лерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат: - Комиссиянын жыйналышына катышуу мүмкүн болбогон учурда булжөнүндө Комиссиянын жооптуу катчысына күн мурунтан билдирет. - зарылчылык болгон учурда Комиссиянын жыйналышынын күн тартибининмаселелери боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө Комиссиянын жооптуу катчысы-на жөнөшөт. 12. Комиссиянын жыйналыштары таламдаш мамлекеттик органдардын су-нуштарынын негизинде Комиссиянын төрагасы беките турган анын ишининпланына ылайык, бирок 2 айда кеминде бир жолу өткөрүлөт жана, эгердеаларга Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, чечим кабыл алу-уга укуктуу деп эсептелет. Таламдаш мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана Комиссиянынтөрагасынын чечими боюнча Комиссиянын кезексиз жыйналыштары өткөрүлүшүмүмкүн. Комиссиянын жыйналыштарын - Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жоктоКомиссиянын төрагасынын орунбасары өткөрөт. 13. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышка катышып олтурганмүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу ка-был алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењ болгон учурда жыйналыштатөрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Комиссиянын чечими протокол менен толтурулат, ага Комиссиянынтөрагасы же анын орунбасары жыйналышта төрагалык кылган адам жана Ко-миссиянын жооптуу катчысы кол коет. 14. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү (про-токолдорунан үзүндүлөр) он күндүк мөөнөттө Комиссиянын мүчөлөрүнүн,таламдаш мамлекеттик органдардын дарегине жөнөтүлөт. 15. Таламдаш мамлекеттик органдардын жана Комиссиянын курамынакирбеген уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кењейтилген жыйналыштар-ды өткөрүү учурунда Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы, орду жанаубактысы жөнүндө жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине киргизил-ген маселелер жөнүндө маалымат тиешелүү таламдаш мамлекеттик органдаргажана уюмдарга Комиссиянын төрагасынын же анын Орунбасарынын колтамгасыкоюулуу менен жазуу жүзүндө жеткирилет.