Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-июнундагы ПБ № 245
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Министрликтер менен ведомстволордун ишин координациялоо, укук колдонуу
практикасын өркүндөтүү, ошондой эле терроризмди финансылоого жана кылмыштуу
дол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракетте
нүү маселелери боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
максатында:
1. Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган киреше
-лерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча
ведомстволор аралык комиссиия түзүлсүн.
2. Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган киреше-
лерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча
ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы аталган
Ведомстволор аралык комиссиянын аткаруучу органы болуп санала тургандыгы
жана анын ишин, анын ичинде жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин
камсыз кыла тургандыгы белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Респуб-
ликасынын Коопсуздук кењешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев