Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-августу ПБ № 165
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Европалык Шериктештик менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы
өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 9-февралындагы Макул-
дашуунун алкагында Кыргызстанда Европалык университетти түзүү жөнүндө
долбоордук сунушту даярдоо максатында, ошондой эле Болонья процессинин
алкагында жогорку билим берүү жагынан интеграциялык процесстерди
өнүктүрүүгө Европалык Комиссиянын таламдаштыгын эске алып:
1. Кыргызстанда Европалык университетти түзүү боюнча долбоордук
сунушту даярдоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы,
Кимсанбаевич жумушчу топтун жетекчиси;
Осмоналиев Каныбек - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
Осмоналиевич министри, жумушчу топтун жетекчисинин орунба-
сары;
Абдиева Марипа - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Төлөмүшовна нистрациясынын экономикалык жана социалдык
саясат бөлүмүнүн социалдык жана гендердик са-
ясат секторунун башчысы;
Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Жокенович билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн
башчысы;
Ибраимов Эрмек - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри-
Султанович нин орунбасары;
Рыскулуева Фарида - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
Имашевна министрлигинин стратегиялык жана аналитикалык
иштер бөлүмүнүн начальниги;
Адамкулова Чынара - Жусуп Баласаган атындагы Кыргыз Улуттук уни-
Үсөнбековна верситетинин Кыргыз-Европалык факультетинин
деканы.
2. Европалык Комиссиянын делегациясынан өкүл (макулдашуу боюнча)
киргизилсин.
3. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргызстанда Европалык Универси-
тетти түзүү жана жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын жана укуктук, фи-
нансылык жана билим берүү аспекттерин эске алуу менен долбоордук сунуш-
ту даярдасын.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев