Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 31-июлу ПБ № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташ-тыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европа Союзу Комиссиясы тарабы-нан берилген тышкы донордук жардамды координациялоо максатында: 1. Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Рес-публикасынан Улуттук координатору болуп кызмат орду боюнча Кыргыз Рес-публикасынан Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнүн башчысы аныкталсын. 2. Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Рес-публикасынан Улуттук координатору жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ыла-йык келтирсин. 4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев