Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 161
буйругу менен бекитилген Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатору жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Негизги милдеттери III. Негизги укуктары IV. Ишмердигин камсыз кылуу I. Жалпы жоболор 1. Европа Союзу Комиссиясы менен кызматташтык боюнча Кыргыз Рес-публикасынан Улуттук координатордун (мындан ары-Улуттук координатор)кызмат ордунун негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Европа Союзу-нун (мындан ары - ЕС) ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгөжана ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды координациялоого кө-мөк көрсөтүү болуп саналат. 2. Улуттук координатор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынананыкталат. 3. Улуттук координатор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конститу-циясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыкта-ры менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору мененбуйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,ошондой эле ушул Жобо жетекчиликке алат. II. Негизги милдеттери 4. Улуттук координатордун негизги милдеттери болуп белгиленгентартипте төмөнкүлөр саналат: - ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды Кыргыз Республика-сынын атынан координациялоо, - ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды тартуу жана пайда-лануу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарынын ишине контролдукту камсыз кылуу, - Европа Союзунун жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасындажүзөгө ашырылып жаткан ЕСтин Комиссиясынын долбоорлору менен программа-ларынын ишине контролдук кылуу процессинде ЕСтин Комиссиясынынөкүлчүлүгүнө жана кызматтарына көмөк көрсөтүү; - Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин Комиссиясынын региондук стра-тегиялык документтерин (өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы, улуттук жана мам-лекеттик программалар ж.б.) жана Кыргыз Республикасынын стратегиялыкдокументтеринде негизделген Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык доку-менттерин андан аркы индикативдик программаларды иштеп чыгуу үчүн негизкатары иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын атынан катышуу; - Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин Комиссиясынын региондук стра-тегиялык документтеринин, Кыргызстан үчүн ЕСтин Комиссиясынын стратеги-ялык документтеринин, финансылык макулдашуулардын, индикативдик прог-раммалардын, аракеттенүү программаларынын долбоорлору боюнча КыргызРеспубликасынын атынан талкуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана белги-ленген тартипте аларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу; - мамлекеттик органдардын жана репрезентациялык топтордун (жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишкердиктин, НПОлордун өкүлдөрү жб) пикирлерин эске алуу менен программага чейинки документтерди жанадолбоордук арыздарды даярдоо жана ал документтерди ЕСтин КомиссиясынынӨкүлчүлүгүнө тапшыруу; - аракеттенүү программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республи-касынын атынан талкууга жана сүйлөшүүлөргө катышуу, анын ичинде Комис-сия менен талкуулоо үчүн долбоордук сунуштарды аныктоо, алдын ала тан-дап алуу, кол коюу жана кароого сунуш кылуу, ошондой эле аракеттенүүпрограммалары боюнча макулдашууларга кол коюу; - ЕСтин Комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынөнүктүрүүгө байланышкан бардык башка функцияларды аткаруу. III. Негизги укуктары 5. Улуттук координатор өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясы-нын чектеринде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу: - ЕСтин Комиссиясы тарабынан берилген жардамды координациялоо ма-селеси боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары чыгууга, - республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан за-рыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга; - мамлекеттик органдардын маалыматтар банкынан пайдаланууга; - мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялыкжана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кыз-маттык кат алышууга; - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, мамлекеттик мекемелер-дин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен ма-кулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, илимпоздорун жана адистерин,башка уюмдардын өкүлдөрүн Улуттук координатордун карамагында турган ма-селелерди чечүүгө катышууга тартууга, анын ичинде келишимдик негиздетартууга. IV. Ишмердигин камсыз кылуу 6. Улуттук координатордун иши Улуттук координациялык бюро тарабы-нан камсыз кылынат, анын функциясын Кыргыз Республикасынын Президенти-нин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмү атка-рат. 7. Улуттук координатор жок болгон учурда анын функцияларын КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана со-циалдык саясат бөлүмүнүн орунбасары - Улуттук координациялык бюронундиректору аткарат.