Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомуна) |
Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби аныкталган (мындан ары - Реестр).
2. Реестр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).
3. Реестр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш жана электрондук форматта жүргүзүлөт.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби
4. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) кампа күбөлүгүн чыгарган (берген) товардык кампанын юридикалык жак катары толук аталышы, анын иш жүзүндөгү дареги;
2) товардык кампанын ишин жүргүзгөн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымат (ОКПО коду, ИСН, юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо датасы, анын уюштуруучулук-укуктук формасы);
3) Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде товардык кампаларды каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген датасы;
4) товардык кампалардын кампа күбөлүктөрүнүн реестрине ылайык жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн (анын айрым бөлүктөрүнүн) учурдагы номери;
5) кампа күбөлүгүнүн бланкынын сериясы жана номери;
6) кампага сактоо келишимин түзүү датасы жана номери;
7) товардык кампа чыгарган (берген) кампа күбөлүгүнүн түрлөрү, ошондой эле кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн айыл чарба продукциясынын же кайра иштетилген продукциянын аталышы;
8) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүү датасы жана жоюу датасы;
9) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү (анын айрым бөлүктөрү) менен операциялардын түрлөрү (чыгаруу (берүү), өткөрүп берүү, чектөө, чектөөнү алып салуу, алмаштыруу, жоюу жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка операциялар);
10) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн (анын айрым бөлүктөрүн) кармоочу жөнүндө маалыматтар: жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун номери, сериясы, датасы жана аны берген органдын аталышы, жашаган жери, ПИН; юридикалык жактар үчүн - уюмдун аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери) ИСН.
5. Реестрге маалымат киргизүү үчүн негиз болуп товардык кампанын жана/же жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн (анын айрым бөлүктөрүн) кармоочусунун ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык операциялар, анын ичинде тиешелүү кампа күбөлүгүнүн кармоочусунун, ошондой эле кампа күбөлүгүнүн түрүнүн өзгөргөндүгү тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсү саналат. Реестрге "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кампа күбөлүгү менен болгон бардык операциялар киргизилет.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн кармоочусу, кош кампа күбөлүгүнүн (анын айрым бөлүктөрүнүн) кармоочусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кош кампа күбөлүгүндө индоссамент жүргүзүлгөндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде же жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берген күндөн тартып жөнөкөй кампа күбөлүгүн же кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн) өткөрүп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге кампа күбөлүктөрү менен болгон операциялар жөнүндө маалыматты тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизүүгө тийиш.
7. Кампа күбөлүгү эскиргенде, жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрү (анын айрым бөлүктөрү) жоголгондо, уурдалганда, олуттуу жабыркаганда (белгилери жоголгондо), кош кампа күбөлүгүндө индоссамент жүргүзүүгө бош орун жок болгон учурда жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүн (анын айрым бөлүктөрүн) кармоочу товардык кампаны тез арада (кечиктирүүсүз) жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, товардык кампа анын ордуна жаңы кампа күбөлүгүн берет. Товардык кампа тез арада Реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабар берет (жоголушуна, уурдалышына, эскиришине ж.б. байланыштуу).
8. Ар бир кызыкдар болгон жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтардан (жеке маалыматтардан) сырткары, Реестрде камтылган маалыматтарды, алууга укуктуу.