Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 токтомуна) |
Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алуу, сактоо жана жок кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алуу, сактоо жана жок кылуу тартибин белгилейт.
2. Жободо "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген маанидеги негизги терминдер жана алардын аныктамалары пайдаланылат.
3. Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирген товардык кампалар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын алышат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын товардык кампага кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде берет. Кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кол коюшат.
5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктары тыкыр отчёттук бланк болуп саналат. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн даярдоодо сапаты жагынан оңой тааныла турган, А4 форматындагы суу белгилери бар кагаз колдонулат. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоонун наркы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланкы төмөнкүдөй коргоо даражаларына ээ болушу керек:
1) бардык периметри боюнча эни 10 мм таза тилке;
2) коргоочу касиеттери бар атайын типографиялык боёктор;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу технологиялык, полиграфиялык жана физикалык-химиялык коргоо элементтери;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилөөгө укуктуу болгон башка коргоо даражалары.
7. Ар бир бланкта типографиялык ыкма менен түшүрүлгөн сериясы жана номери болушу керек. Мында, кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүндө тең сериясы жана номери бирдей болушу керек.
8. Жөнөкөй кампа күбөлүгү жана кош кампа күбөлүгү товардык кампа тарабынан продукцияны сактоого кабыл алгандыгын тастыктоо катары аны кабыл алган күнү берилет.
9. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү продукциянын менчик ээсинин талабы боюнча продукциянын ар бир өзүнчө партиясына берилиши мүмкүн. Продукциянын менчик ээсинин талабы боюнча товардык кампа "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда тиешелүү күбөлүктүн кармоочусунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде биринчи берилген күбөлүктүн ордуна жаңы жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүүгө милдеттүү.
10. Милдеттүү реквизиттери толтурулгандан кийин жөнөкөй жана/же кош кампа күбөлүгү товардык кампанын кампа күбөлүктөрүнүн реестрине (мындан ары - Реестр) ушул Реестр боюнча учурдагы номер ыйгаруу менен катталат, андан соң продукциянын менчик ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет.
11. Жөнөкөй жана/же кош кампа күбөлүгүн берүүдө товардык кампа тарабынан Реестрге төмөнкүлөр киргизилет:
1) берилип жаткан жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн Реестр боюнча учурдагы номери;
2) тиешелүү кампа күбөлүгүнүн бланкынын сериясы жана номери;
3) жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн берген датасы жана жабуу датасы;
4) берилген кампа күбөлүгүнүн түрү - жөнөкөй же кош жана тиешелүү кампа күбөлүгүн алган адамдын кол тамгасы;
5) сактоого кабыл алынган продукциянын тиешелүү кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөндөй сүрөттөлүшү жана мүнөздөмөсү;
6) жөнөкөй кампа күбөлүгүн же кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн) кармоочу жөнүндө маалыматтар: жеке адамдар үчүн - аты-жөнү, паспортунун номери, сериясы, датасы жана паспортту берген органдын аталышы, жашаган жери, ПИН; юридикалык жактар үчүн -уюмдун аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), ИН;
7) жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү (анын айрым бөлүктөрү) менен болгон операциялардын түрлөрү;
8) кампада сактоо боюнча түзүлгөн келишимдин номери жана датасы.
12. Реестрде жазуулар берилген ар бир кампа күбөлүгү боюнча өзүнчө жазылат. Мында Реестр көктөлөт, ар бир барагына номер коюлат, товардык кампанын мөөрү жана жетекчисинин колу менен бекитилет. Реестрдеги жазуулар так, оңдоолорсуз толтурулат.
13. Жөнөкөй кампа күбөлүгү, кош кампа күбөлүгү жана анын айрым бөлүктөрү боюнча укуктун өткөрүп берилиши товардык кампа тарабынан Реестрге акты түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде катталышы керек.
14. Реестрде камтылган маалымат жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочунун арызынын негизинде товардык кампа тарабынан берилиши мүмкүн.
15. Товардык кампанын жетекчиси кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын сактоого жана тариздөөгө жооптуу жана Реестрге жазуу киргизүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерди аныктайт.
16. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктары күйбөөчү сейфтерде же күйбөөчү атайын шкафтарда сакталууга тийиш.
17. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланктарын жок кылуу жөнүндө маалымат алардын серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
18. Кампа күбөлүктөрүнүн жараксыз жана бузулган бланктарын жок кылуу жөнүндө акт эки нускада түзүлөт, товардык кампанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары коюлат жана товардык кампанын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Товардык кампанын бланктарын жок кылуу жөнүндө акттын бир нускасы ал түзүлгөн күндөн тартып беш иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш.
19. Кампа күбөлүктөрүнүн жараксыз жана бузулган бланктары комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өрттөө же кескилөө жолу менен жок кылынат.