КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 5-февралы ПБ № 53
К.К.Орузбаев жөнүндө
Анык аскер кызматында болуунун чектелген курагына жеткен Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орунбасары генерал-майор Орузбаев Кубанычбек Кудашевич "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-статьясына ылайык чектелген курактан тышкары анык аскер кызматында 1 (бир) жылга калтырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |