Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 07-апрели ПБ №91
(«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын курамы)
«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле аталган комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып:
Кыргыз Республикачынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралдагы № 74 буйругу менен түзүлгөн «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- «Калимбетова Тажикан Борбугуловна – Кыргыз Республикасынын финансы министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары» деген сөздөр «Жапаров Акылбек Үсөнбекович – Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары » деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- «Жапаров Акылбек Үсөнбекович – Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри» деген сөздөр «Калимбетова Тажикан Борбугуловна – Кыргыз Республикасынын финансы министри » деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Республикалык комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Исабеков Кубанычбек Сатинбиевич - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча) |
Балкибеков Сапарбек Эсенович - | Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри |
Бакиров Мамасадык Сабирович - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору |
Жоробекова Шарипа Жоробековна - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти |
Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |