Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 26-февралы ПБ № 74
("Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Республикалык комиссия боюнча)
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 7-апрелиндеги ПБ № 91 буйругунун
редакциясына ылайык)
"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) түзүлсүн.
2. Республикалык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Республикалык комиссия "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасынын социалдык-экономикалык абалын жана экологиялык жагдайын иликтесин жана 2008-жылдын 1-октябрына карата "Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясынын жана Программасынын долбоорун кароого киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-февралындагы № 74 буйругу менен бекитилген
|
"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык системасын
туруктуу өнүктүрүү Концепциясын жана Программасын
иштеп чыгуу боюнча Республикалык комиссиянын
КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 7-апрелиндеги ПБ № 91 буйругунун
редакциясына ылайык)
Бекбоев Замир Исакович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орунбасары, комиссиянын төрагасы;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри комиссиянын төрагасынын орунбасары ;
Давлеткельдиев Арстанбек Абдукулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Исаев Кыдыкбек Шайдинович - Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору, комиссиянын төрагасынын орунбасары.
Республикалык комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбетов Марат Авалович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Ногоев Арстанбек Иманкулович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;
Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Конгантиев Молдомуса Ташболотович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Болжурова Ишенкул Садыковна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, экономика, бюджет жана финансы боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жээнбеков Жусупжан Амражанович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жерагрардык маселелер жана экология боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Салымбеков Аскар Мааткабылович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу боюнча Комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Масалиев Исхак Абсаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жолдошев Адамжан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Нарбаев Каныбек Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Курманалиев Капар Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Торстен Хардер - "НАБУ" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча);
Балкибеков Санарбек Эсенович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри;
Бакиров Мамасадык Сабирович - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
Жоробекова Шарипа Жоробековна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.