Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 399 токтомуна) |
Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын (мындан ары - Координациялык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык комиссия өзүнүн ишин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
- мыйзамдуулук;
- ачык-айкындуулук жана коомдук ой-пикирдин эсепке алынышы;
- коллегиялуулук.
2. Координациялык комиссиянын максаттары жана милдеттери
4. Координациялык комиссиянын негизги максаты жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты натыйжалуу ишке ашырууну жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын макулдашылган аракеттеринин негизинде өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүдө жашыл экономика ыкмаларын киргизүүнү камсыздоо болуп саналат.
5. Комиссия ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттердин аткарылышын камсыздайт:
1) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты практикалык ишке ашырууну координациялоо;
2) жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо;
3) ведомстволор аралык координациялык топтун ар жылдык аналитикалык баяндамаларынын, коомчулуктун жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнүн альтернативдик баяндамаларынын негизинде жашыл экономика боюнча саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоо.
6. Координациялык комиссиянын негизги функциялары:
1) жашыл экономика чөйрөсүндө аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар болгон жактардын ишин координациялоо;
2) Координациялык комиссиянын жыйынында жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясаты ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо;
3) жашыл экономика боюнча иш-чаралар планын аткарууну талкуулоо;
4) жашыл экономика боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагындагы максаттуу багыттардын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
5) жашыл экономика боюнча маселелерди ишке ашыруунун иш-чаралар планын талкуулоо жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
6) жашыл экономика боюнча маселелерди ишке ашыруу менен байланышкан маанилүү проблемаларды чечүү боюнча жол карталарын бекитүү;
7) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү.
7. Координациялык комиссия өзүнүн иши жөнүндө кызыкдар болгон тараптарга жана коомчулукка маалымат берүүнү камсыз кылат.
8. Координациялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилеринен зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын отчётторун өзүнүн жыйындарында кароого жана талкуулоого;
3) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө;
4) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча Координациялык комиссиянын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча Координациялык комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин белгиленген тартипте аткарылышын координациялоого;
6) Координациялык комиссиянын жыйынына жарандык коомдун, жеке секторлордун, донордук уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди чакырууга, жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарын угууга;
7) Координациялык комиссия зарылдыгына жараша Координациялык комиссиянын компетенциясына кирген айрым маселелерди карап чыгуу үчүн эксперттик комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомдун, жеке секторлордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
3. Координациялык комиссиянын ишин уюштуруу
9. Координациялык комиссияны анын төрагасы жетектейт.
10. Координациялык комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
11. Координациялык комиссиянын төрагасы:
- жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты аткарууну уюштурат жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн маалымдайт;
- Координациялык комиссиянын ишине таандык болгон билдирүүлөрдү берет;
- Координациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
12. Координациялык комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
13. Координациялык комиссиянын чечимдери жыйындын күн тартибиндеги маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Координациялык комиссиянын чечимдери жыйынга катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Координациялык комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар бирдей болуп калган учурда, жыйындын төрагасы акыркы чечимди кабыл алат. Координациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес добушу кворумду түзөт.
14. Координациялык комиссия өзүнүн компетенциясына ылайык кабыл алган чечимдер анын иш тармагынын чөйрөсүндө иштеген аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдары, ошондой эле ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн сунуш түрүндө болуп саналат.
15. Координациялык комиссиянын жыйындарына катчылык менен алдын ала макулдашуу боюнча чакырылгандар катары мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү добуш берүү укугусуз катыша алышат.
4. Координациялык комиссиянын катчылыгы
16. Координациялык комиссиянын иши анын катчылыгы - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан камсыздалат, анын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Координациялык комиссиянын уюштуруучулук жана аналитикалык иштерин камсыздоо;
2) Координациялык комиссиянын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Координациялык комиссиянын чечимдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процесстерин координациялоо;
4) жашыл экономика саясатынын ишке ашырылышын контролдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) жашыл экономика чөйрөсүндөгү иш-чараларга жана маселелерге мониторинг жана баалоо жүргүзүү методологиясы жана жол-жоболору жөнүндө маалыматтарды берүү.
17. Катчылык пландалган жыйынга чакыруу жөнөтөт жана ал башталганга чейин 7 күн мурун Координациялык комиссиянын мүчөлөрү үчүн зарыл болгон материалдарды даярдайт (эгерде, жыйын шашылыш өткөрүлсө, 2 жумуш күндөн мурун) жана чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Координациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан алышын камсыздайт.
18. Координациялык комиссиянын катчылыгы кезектеги жыйын өткөрүлгөндөн кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен Координациялык комиссиянын жыйынынын протоколун көбөйтүп жиберүүнү камсыз кылат.
5. Ведомстволор аралык координациялык топ
19. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чечими менен ведомстволор аралык координациялоо деңгээлинде жашыл экономика боюнча ведомстволор аралык координациялык топ түзүлөт, ал жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана ишин уюштуруу үчүн жооптуу болот.
20. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин жашыл экономика маселесин тейлеген орун басары ведомстволор аралык координациялык топтун төрагасы болуп саналат. Ведомстволор аралык координациялык топтун мүчөлөрү жашыл экономика боюнча саясатты ишке ашыруу процессине түздөн-түз тартылган мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү боло алышат.
21. Ведомстволор аралык координациялык топтун жыйындары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аянтында кварталына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
22. Ведомстволор аралык координациялык топтун негизги милдеттери:
1) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу процессинин үзгүлтүксүздүгүн, улантылышын жана толуктугун камсыздоо;
2) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясаттын максаттарына жетүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү максатында бардык кызыкдар болгон тараптар менен коммуникацияны, ошондой эле кайра байланышты камсыздоо.
23. Ведомстволор аралык координациялык топтун негизги функциялары:
1) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу процессин ведомстволор аралык координациялоону жана башкарууну камсыздоо;
2) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызыкдар болгон тараптардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
3) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
4) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизилген иш-чараларды аткарбоонун себептерин изилдөө жана талдоо;
5) жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды талкуулоо жана Координациялык комиссиянын кароосуна киргизүү.