Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу № 399
Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө
Жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорунда жашыл экономиканын ыкмаларын киргизүү боюнча негиздерди түзүү аркылуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын негизги жоболорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Координациялык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Жашыл экономика боюнча координациялык комиссиянын КУРАМЫ
Финансы-экономикалык блокту жана инвестицияларды тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Туруктуу өнүктүрүү альянсы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).