Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 4-майындагы УӨ № 64-а, 2010-жылдын 27 майындагы УӨ № 103-а буйругунун
редакциясына ылайык)
2010-жылдын 22-апрели УӨ № 24-А
Кыргыз Республикасында 2010-жылы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүдө күйүүчү-майлоочу материалдар менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, ошондой эле "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен (мындан ары - "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы) алдын ала макулдашууларды эске алып жана Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн дизель отуну менен оперативдүү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер мамлекеттик фонду:
- "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын автомай куюучу станцияларынын тармагы аркылуу же автомай куюучу станциялар жок райондор үчүн нефтебазалардан талондор боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө бир литрин 24 сомдон тиркемеге ылайык өлчөмдө сатуу үчүн 4650 куб.м өлчөмүндөгү дизель отунун кайтарып берүү шарты менен алуу жөнүндө келишимди "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы менен белгиленген тартипте түзсүн;
- дизель отунун жеткирүү жана сатуу боюнча эсептелген чыгымдарды жана сатуу салыгын жабуучу өлчөмдөрүн эске алуу менен дизелдик отун Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары келишине жараша жогоруда аталган өлчөмдөгү дизель отунун "Газпром нефть Азия" ЖЧКсына кайтарып берсин;
- дизель отунун сатуудан түшкөн каражаттарды республикалык бюджетке которсун.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-майындагы УӨ № 64-а, 2010-жылдын 27 майындагы УӨ № 103-а буйругунун редакциясына ылайык)
2. "Газпром нефть Азия" ЖЧКсына айылдык товар өндүрүүчүлөргө дизель отунун сатууну ушул буйруктун 1-пунктунда аталган өлчөмдө жүргүзүү сунуш кылынсын.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрация башчылары жогоруда аталган өлчөмдөгү дизель отунун айыл округдары боюнча жүргүзүлүүчү айыл чарба иштеринин көлөмүнө жараша айылдык товар өндүрүүчүлөргө бөлүштүрүүнү жана 2010-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө аны тандоону уюштурууну камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги дизель отунун ачык бөлүштүрүүгө координация жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына 2010-жылдын 10-июнуна чейин маалымат берсин.
5. Облустук, райондук мамлекеттик администрация жана айыл округдарынын башчылары дизель отунун бөлүштүрүү жана берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда келип түшкөн каражаттарды республикалык бюджеттин тиешелүү бөлүктөрүндө эсепке алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна келип түшкөн дизель отунун кийин "Газпром нефть Азия" ЖЧКга өткөрүп берүүдө бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылыш пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-апрелиндеги № 24-А тескемесине тиркеме |
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 4-майындагы УӨ № 64-а, 2010-жылдын 27 майындагы УӨ № 103-а буйругунун
редакциясына ылайык)
┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐
│ Облустардын аталышы │ Көлөмү, куб.м │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Баткен │ 113 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Жалал-Абад │ 350 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Ысык-Көл │ 1412 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Нарын │ 987 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Ош │ 413 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Талас │ 1002 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Чүй │ 373 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Жыйынтыгы: │ 4650 │
└────────────────────────────────────────────┴────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |