Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2003-жылдын 14-июлу N 410-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы №460 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Кыргыз-Россия Славян университетинде аскердик кафедранын иштешижөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына -Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызма-тынын Чек ара аскеринин командачысына аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Н.Танаев