КР Өкмөтүнүн
2003-жылдын 14-июлундагы №410-б буйругу менен жактырылган Долбоор Кыргыз-Россия Славян университетинде Аскердик кафедранын иштөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Россия Федерациясынын Өкмөтү, Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосунда салт болуп калган ма-даний-билим берүү, экономикалык жана аскердик байланыштарды, аны бардыкчаралар менен өнүктүрүүгө жана чыњдоого болгон өз ара кызыгууну эскеалып, Ташкент шаарында 1992-жылдын 15-майындагы Билим берүү жагындагыкызматташтык жөнүндөгү макулдашууну жетекчиликке алып, ошондой эле Кыр-гыз Республикасы менен Россия Федерациясынын 1992-жылдын 10-июнундагыДостук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишиминин жо-болорун жүзөгө ашыруу максатында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 23-февралындагы токто-мунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 28-сентяб-рындагы "Кыргыз-Россия Славян университетин уюштуруу жөнүндө" Указынынжоболорун өнүктүрүп, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердинШериктештикке кирбеген мамлекеттер менен чек арасын ишенимдүү кайтаруу-ну камсыз кылуу максатында натыйжалуу кызматташууга эки тараптын кызык-кандыгына негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын чек ара кызмат-тары үчүн запастагы офицерлерди даярдоо максатында Кыргыз-Россия Славянуниверситетинде (мындан ары - КРСУ) Аскердик кафедра түзүлсүн. 2-статья. Бул Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт: Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы - мамлекеттик чек араныкайтаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатынкамсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамындагы мамлекеттикбашкаруунун аткаруу органы. "Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Рес-публикасындагы оперативдүү тобу" (мындан ары - РФнын ФЧКнын КРдагы ОТ)- Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Республи-касынын аймагындагы структуралык бөлүмчөсү. "КРСУнун аскердик кафедрасы" - КРСУнун мамлекеттер аралык структу-ралык бөлүмчөсү. "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары" -Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматында кызмат өтөгөн аскер кызматчы-лары. "КРСУнун аскердик кафедрасынын жарандык персоналы" - КРСУнун ас-кердик кафедрасына ыктыярдуу ишке кирген Кыргыз Республикасы менен Рос-сия Федерациясынын жарандары. "КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларынын үй-бүлөмүчөлөрү" - КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларынын үй-бүлөмүчөлөрүнө таандык жактар. "Аскердик кафедранын кыймылсыз мүлкү" - аскердик кафедра ээлеген,анын ичинде ага менчик укугунда таандык жер участкалары, аскердик шаар-чалар, турак жай фонду, башка имарат жана курулмалар. "Аскердик кафедранын кыймылдуу мүлкү" - курал-жарак, ок-дары, ас-кердик техника, анын ичинде транспорт каражаттары, ошондой эле аскердиккафедрага менчик укугунда таандык башка ар кандай материалдык каражат-тар. 3-статья. Тараптар өз ара таламдарды эске алуу менен улуттук мыйзамдарынанегизденип жана келишимдик негизде билим берүү жагындагы маселелер жанаКыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Чек ара кызматтары үчүнзапастагы офицерлерди даярдоо боюнча кызматташат. Аскердик кафедранын билим берүү программасынын мазмуну Кыргыз Рес-публикасы менен Россия Федерациясынын колдонуудагы мамлекеттик билимберүү стандарттарына негизденип, келишим түзгөн Тараптардын тийиштүүталамдарын эске алуу менен аныкталат. Тараптар аскердик кафедранын материалдык-техникалык, окуу-методи-калык базасын түзүүгө катышат. РФнын ФЧКнын КРдагы оперативдүү тобу КРСУнун аскердик кафедрасынабилим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн колдо бар материалдык-техникалыкжана окуу-методикалык базасын берет. 4-статья. Ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар ыйгарымукуктуу органдарын дайындайт. Кыргыз Республикасы тараптан ыйгарым укуктуу орган болуп КыргызРеспубликасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Билим жанамаданият министрлиги саналат. Россия Федерациясы тараптан ыйгарым укуктуу орган болуп Россия Фе-дерациясынын Федералдык чек ара кызматы жана Россия Федерациясынын би-лим берүү министрлиги саналат. 5-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы кызматташтыктөмөнкү формада жүзөгө ашырылат: - КРСУнун аскердик кафедрасынын торолушуна жана иштешинекөмөктөшүү; - запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу планын жана билимберүү программасын биргелешип иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - КРСУнун студенттерине окутууну жана аскердик жыйындардан өтүшүнуюштурууга жардам көрсөтүү; - студенттерди окутууну уюштурууда тажрыйба алмашуу; - КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларын жана жарандыкперсоналынын эс алуусун жана санаториялык-курорттук дарылануусун уюшту-руу. 6-статья. Аскердик кафедра өз ишин КРСУнун аскердик кафедрасы жөнүндөгү жо-бого ылайык жүргүзөт. Аскердик кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жарандык пер-соналдан тышкары Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынынКыргыз Республикасындагы оперативдүү тобунун командачылыгы менен макул-дашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетекчилиги та-рабынан дайындалат. Жарандык персонал КРСУнун жетекчилиги тарабынан дайындалат. КРСУнун аскердик кафедрасынын профессордук окутуучулар курамынынэмгек акысын каржылоо Россия Федерациясынын Билим берүү министрлиги та-рабынан, ал эми коммуналдык жана чарбалык чыгымдар Кыргыз Республикасы-нын Билим жана маданият министрлиги тарабынан Кыргыз-Россия Славян уни-верситетинин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 7-статья. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Чек ара кызматтарыКРСУнун аскердик кафедрасын кадрдык курам менен камсыз кылат жана аскеркызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасы мененРоссия Федерациясынын аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөшүжөнүндөгү жобого ылайык камсыз кылууну гарантиялайт. КРСУ КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчылары менен жаран-дык персоналынын зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүүгө ка-тышат. 8-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары өз ыйгарым укуктарынын че-гинде өз ара кызыкчылык туудурган маалыматтарды өз убагында алмашуунукамсыз кылат. Аталган маалыматты алмашуу акысыз жүргүзүлөт. Маалымат алмашуу үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынынөкүлдөрүнүн жолугушуулары, ишкердик кат алышуу, маалыматтарды берүүнүнтехникалык каражаттары пайдаланылат. Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруунун чегинде алынган ар кандай маа-лымат ал маалымат алынган Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын жазуужүзүндөгү макулдугу болмоюнча үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн эмес. 9-статья. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Россия ФедерациясынынФедералдык чек ара кызматы аскердик кафедрада КРСУнун студенттерин оку-туу маселесин чечүүдө Кыргыз Республикасы менен Россия ФедерациясынынТараптарынын ыйгарым укуктуу органдары пайдаланган почта жана электрбайланышынын атайын түрлөрүн Кыргыз Республикасы менен Россия Федераци-ясынын чектеринде акысыз пайдалануу укугун берет. 10-статья. Кыргыз жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу органдары КРСУнун ас-кердик кафедрасында Кыргыз жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу орган-дары үчүн запастагы офицер кадрлардын макулдашылган санын даярдоонуакысыз жүргүзөт. 11-статья. Аскердик ант берүү, аскердик наамдарды берүү жана тийиштүү доку-менттерди берүү жол-жобосу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерация-сынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлер курамынын аскердик кызмат өтөшүжөнүндөгү жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 12-статья. Тараптар өзүнчө макулдашуунун негизинде бири-бирине материал-дык-техникалык жактан камсыз кылууда, мамлекеттик чек араны кайтаруунунтехникалык каражаттарын иштеп чыгууга, даярдоого, ишке киргизүүгө жанаоњдоого заказдарды жайгаштырууда жардам көрсөтүшөт. 13-статья. Аскердик кафедранын аскер кызматчылары окуу процессин уюштурууга,ошондой эле окуу жыйындарын жана стажировкаларды уюштурууга жана ишкеашырууга катышат. Аскердик кафедранын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Чекара кызматынын ыйгарым укуктуу органдарынын штатынан бөлүнгөн кызматорундарын ээлей алышат. Окуу программасынын толук курсун аяктаган студенттер Кыргыз Рес-публикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобилизаци-ялык планына ылайык анык аскер кызматына Тараптардын ыйгарым укуктууоргандарынын штаттарынан бөлүнгөн кызмат орундарына чакырылышы мүмкүн. 14-статья. КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларына, ошондой элеалардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынынмыйзамдары жана башка ченемдик укук актылары толук көлөмүндө жайылты-лат. 15-статья. КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчыларына, ошондой элеалардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эл аралык укук нормаларына жана Тараптардынулуттук мыйзамдарына ылайык коопсуздук, укуктук жана социалдык жактанкоргоо кепилдик кылынат. 16-статья. КРСУнун аскердик кафедрасынын аскер кызматчылары, ошондой элеалардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактайт,Кыргызстан элинин улуттук салтын жана адаттарын урматтайт. 17-статья. РФнын ФЧКнын КРдагы оперативдүү тобунун аскер кызматчыларына КРСУ-нун аскердик кафедрасында материалдык жоопкерчиликти караган кызматорундарын ээлөөгө тыюу салынат. 18-статья. Бул Макулдашуу үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес жанаөзү катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чык-кан Тараптардын укуктары менен милдеттенмелерине тиешеси жок. 19-статья. Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу маселесинде пикир келишпес-тиктер келип чыккан учурда Тараптар аны консультация жана сүйлөшүүлөржолу менен чечет. 20-статья. Макулдашуунун текстине Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнчаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ички мамлекеттикжол-жоболордон өткөндөн кийин ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болупсаналган өзүнчө протокол менен таризделет. 21-статья. Бул Макулдашуу Тараптар бардык зарыл ички мамлекеттик жол-жоболораткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү соњку билдирүү берилген күндөнбаштап күчүнө кирет. 22-статья. Бул Макулдашуу беш жыл бою колдонулат жана, эгерде Тараптардын би-ри ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндөэкинчи Тарапка 6 (алты) ай мурда жазуу жүзүндө билдирбесе, ал кийинкибеш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат. _________ шаарында 2003-жылдын "__"________ эки нускада, ар бирикыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тењ бирдей юридикалыккүчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн үчүн