Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-августунун №158 «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралу" Мыйзамы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2004-жылдын 19-августу № 158 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу 2004-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалганадамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-сы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин. 1. 7 -статьяда: статья төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: " - Кыргыз Республикасынын Бањги заттарды контролдоо боюнча агент-ствосунун шек туудургандарды убактылуу кармоо изоляторлору."; эскертүү "финансы полициясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Рес-публикасынын Бањги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөрменен толукталсын. 2. 9-статьяда: биринчи бөлүк "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөрдөн ки-йин ", Кыргыз Республикасынын Бањги заттарды контролдоо боюнча агент-ствосу" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Бањги заттарды контролдоо боюнча агент-ствосунун убактылуу кармоо изоляторлору Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун сметасы боюнча республикалыкбюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү, кайра түзүүжана жоюу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Бањги заттарды конт-ролдоо боюнча агентствосу белгилеген тартипте кабыл алынат.". 3. 12-статьянын биринчи бөлүгү "Юстиция министрлигинин жазык-атка-руу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин ", Бањги заттарды контролдоо боюн-ча агентствосунун" деген сөздөр менен толукталсын. 4. 31-статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы абзацы "Кыргыз Респуб-ликасынын Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөрдөн кийин ", Бањгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун" деген сөздөр менен толуктал-сын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев